Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 5-февралы № 44
"Акылдуу шаар" долбоорунун "Коопсуз шаар" компонентин андан ары ишке ашыруу маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 23-декабрындагы № 778 токтомунун редакциясына ылайык)
"Акылдуу шаар" долбоорунун "Коопсуз шаар" компонентин ишке ашырууну өркүндөтүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2018-жылдын 4-декабрындагы № 563 "Акылдуу шаар" долбоорунун "Коопсуз шаар" компонентинин катышуучуларынын ведомстволор аралык өз ара байланышта иштешүүсүнүн регламентин бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген "Акылдуу шаар" долбоорунун "Коопсуз шаар" компонентинин катышуучуларынын ведомстволор аралык өз ара байланышта иштешүүсүнүн регламентинде:
- 3-пункттун 5-пунктчасында "АИСтин ээси аныктоочу," деген сөздөр алып салынсын;
- 5-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"5. Регламенттин милдети мамлекеттик органдар, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан муниципалитеттердин тийиштүү аймактарында жана муниципалитеттерден тышкары аймактарда ишке ашырылуучу "Акылдуу шаар" долбоорунун "Коопсуз шаар" компонентин ишке ашыруунун алкагында өз ара иштешүүнүн катышуучуларынын конкреттүү иш-аракеттерин аныктоо болуп саналат.";
- 6-пункт күчүн жоготту деп таанылсын;
- 10-пункттун биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"10. "Коопсуз шаар" АИСти пайдалануучу АИСтин ээсине ар бир жеке пайдалануучу үчүн ал жүзөгө ашыруучу төмөнкү функцияларга ылайык "Коопсуз шаар" АИСти пайдаланууга укук берүү жөнүндө жазуу жүзүндөгү суроо-талап менен электрондук документ жүгүртүү системасы аркылуу кайрылат:".
2. (КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 23-декабрындагы № 778 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
3. Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, шаарлардын мэриялары:
1) "Акылдуу шаар" долбоорунун "Коопсуз шаар" компонентин ишке ашыруунун алкагында адистештирилген техникалык каражаттарды колдонуу менен фиксацияланган транспорт агымы, видеобайкоо маалыматтары жана Жол кыймылынын эрежелерин бузуулар жөнүндө комплекстүү маалыматты күнү-түнү, автоматтык, үзгүлтүксүз түрдө берүү боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууга конкурс жарыялоо үчүн белгиленген тартипте мамлекеттик сатып алуулар жол-жоболорун жүргүзсүн;
2) "Акылдуу шаар" долбоорунун "Коопсуз шаар" компонентин ишке ашыруунун алкагында адистештирилген техникалык каражаттарды колдонуу менен фиксацияланган транспорт агымы, видеобайкоо маалыматтары жана Жол кыймылынын эрежелерин бузуулар жөнүндө комплекстүү маалыматты күнү-түнү, автоматтык, үзгүлтүксүз түрдө берүү боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууга техникалык тапшырманы иштеп чыгууда "Коопсуз шаар" автоматташтырылган маалыматтык системасы менен аппараттык-программалык комплекстерден маалымат берүү үчүн колдонулуучу автоматташтырылган маалыматтык системаларды интеграциялоонун техникалык мүмкүнчүлүгүн карасын.
4. Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлиги, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги "Акылдуу шаар" долбоорунун "Коопсуз шаар" компонентин ишке ашырууда ушул токтомдун 3-пунктунда көрсөтүлгөн аткаруу бийлигинин органдарына консультациялык жардам көрсөтсүн.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
6. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У. Жапаров |