Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 5-февралы № 43
Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад областынын Аксы районунда 2002-жылдын 17-18-мартындагы болгон окуяларда курман болгондордун үй-бүлө мүчөлөрүнө жана жабыр тарткандарга кошумча социалдык жөлөкпул дайындоонун жана төлөөнүн тартибин бекитүү жөнүндө
"Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад областынын Аксы районунда 2002-жылдын 17-18-мартындагы болгон окуяларда курман болгондордун үй-бүлө мүчөлөрүнө жана жабыр тарткандарга мамлекеттик социалдык жардам берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасымын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад областынын Аксы районунда 2002-жылдын 17-18-мартындагы болгон окуяларда курман болгондордун үй-бүлө мүчөлөрүнө жана жабыр тарткандарга кошумча социалдык жөлөкпул дайындоонун жана төлөөнүн тартиби тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги 2023-жылдын 1-сентябрынан тартып бекитилген бюджеттин чегинде кошумча социалдык жөлөкпулду кайра эсептөөнү жана төлөөнү жүргүзсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
4. Бул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2023-жылдын 1-сентябрынан тартып күчүнө кирет.
Эркин Тоо газетасынын 2024-жылдын 9-февралындагы № 11 (3564) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У.Жапаров |