Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2002-жылдын 16-октябры № 143
Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад областынын Аксы районунда 2002-жылдын 17-18-мартындагы болгон окуяларда курман болгондордун үй-бүлө мүчөлөрүнө жана жабыр тарткандарга мамлекеттик социалдык жардам берүү жөнүндө
(КР 2004-жылдын 3-августундагы № 104, 2005-жылдын 23-декабрындагы № 187, 2012-жылдын 21-декабрындагы № 202, 2015-жылдын 13-августундагы № 224, 2023-жылдын 4-августундагы № 162 Мыйзамдарынын редакциясына ылайык)
1-статья.
Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад областынын Аксы районунда 2002-жылдын 17-18-мартындагы болгон окуяларда курман болгондордун үй-бүлө мүчөлөрүнө төмөнкүдөй кошумча социалдык жөлөкпул дайындалсын:
- балдарга - алар он алты жашка толгонго чейин; билим берүү мекемелеринин окуучуларына - алар он сегиз жашка толгонго чейин; башталгыч кесиптик окуу жайларынын окуучуларына, орто жана жогорку кесиптик окуу жайларынын студенттерине окутуу формасына карабастан алар жыйырма бир жашка толгонго чейин;
- ата-энелерине (атасына, энесине) - өмүр бою;
- иштебеген жана экинчи жолу никеге турбаган жесирлерге - өмүр бою айлык керектөөнүн гарантияланган төмөнкү чегинин деңгээлинин өлчөмүндө.
Кошумча социалдык жөлөкпулдун өлчөмү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
(КР 2004-жылдын 3-августундагы № 104, 2005-жылдын 23-декабрындагы № 187, 2012-жылдын 21-декабрындагы № 202, 2015-жылдын 13-августундагы № 224, 2023-жылдын 4-августундагы № 162 Мыйзамдарынын редакциясына ылайык)
Караңыз:
КР Президентинин 2007-жылдын 3-декабрындагы ПЖ № 528 "Кыргыз Республикасынын жарандарына кошумча социалдык колдоо көрсөтүү чаралары жөнүндө" Жарлыгы
2-статья.
Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад областынын Аксы районунда 2002-жылдын 17-18-мартындагы болгон окуяларда жаракат алып, майып деп таанылган адамдарга алардын ишке жөндөмдүүлүгү калыбына келгенге чейин же өмүр бою кошумча социалдык жөлөкпул дайындалсын.
Кошумча социалдык жөлөкпулдун өлчөмү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
(КР 2004-жылдын 3-августундагы № 104, 2005-жылдын 23-декабрындагы № 187, 2012-жылдын 21-декабрындагы № 202, 2015-жылдын 13-августундагы № 224, 2023-жылдын 4-августундагы № 162 Мыйзамдарынын редакциясына ылайык)
3-статья.
Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад областынын Аксы районунда 2002-жылдын 17-18-мартындагы болгон окуяларда жаракат алып, майып болгон адамдар акысыз дарылануу менен камсыз кылынсын.
3-1-статья.
Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад областынын Аксы районунда 2002-жылдын 17-18-мартындагы болгон окуяларда курман болгондордун балдарына төмөнкүлөр кепилденет:
- мамлекеттик мектепке чейинки билим берүү уюмдарында, дарылоо жана санатордук типтердеги мамлекеттик адистештирилген балдар мекемелеринде, мамлекеттик ден соолукту чыңдоочу лагерлерде жана башка ден соолукту чыңдоочу мамлекеттик мекемелерде орундар менен кезексиз жана акысыз камсыз кылуу;
- башталгыч, орто жана жогорку кесиптик билим берүү уюмдарынын бюджеттик бөлүмдөрүнө кирүү үчүн квоталарды берүү;
- алар он сегиз жашка чыкканга чейин Кыргыз Республикасынын жарандарын медициналык-санитардык жардам менен камсыз кылуу боюнча Мамлекеттик кепилдиктердин программасына ылайык акысыз кароо жана медициналык жардам көрсөтүү;
- жеке турак жай куруу үчүн жер участокторун (бир жолу) мыйзамдарда белгиленген тартипте биринчи кезекте алуу.
Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад областынын Аксы районунда 2002-жылдын 17-18-мартындагы болгон окуяларда жаракат алып, майып деп таанылган адамдарга төмөнкүлөр кепилденет:
- Кыргыз Республикасынын жарандарын медициналык-санитардык жардам менен камсыз кылуу боюнча Мамлекеттик кепилдиктердин программасынын алкагында медициналык жактан тейлөө жана дары-дармектер менен жеңилдетилген камсыз кылуу;
- биринчи деңгээлдеги дарылоо-алдын алуу уюмдарында артыкчылыктуу тейлөө жана стационарларга кезексиз жаткыруу;
- медициналык корутундуларга ылайык протездик-ортопедиялык буюмдар менен акысыз камсыз кылуу;
- санаторийлерге, профилакторийлерге жана эс алуу үйлөрүнө жолдомолор менен иштеген жери боюнча камсыз кылууга артыкчылыктуу укук;
- "Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген тартипте аскердик кызматтан бошотуу;
- жеке турак жай куруу үчүн жер участокторун (бир жолу) мыйзамдарда белгиленген тартипте биринчи кезекте алуу;
- чөп чабуу үчүн участокторду жана мал жаюу үчүн жайыттарды мыйзамдарда белгиленген тартипте биринчи кезекте алуу;
- мамлекеттик жана муниципалдык турак жай фондунун алар ээлеген турак жайларын мыйзамдарда белгиленген тартипте жеке менчикке бекер өткөрүп берүү;
- улгайгандардын жана ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын интернат үйлөрүнө кезексиз кабыл алынуу, ошондой эле социалдык коргоо органдары тарабынан үйүндө кезексиз тейленүү укугу.
(КР 2015-жылдын 13-августундагы № 224 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
3-2-статья.
Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, ишканалар, мекемелер жана уюмдар, профсоюздук бирикмелер өздөрүнүн ыйгарым укуктарынын чектеринде Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад областынын Аксы районунда 2002-жылдын 17-18-мартындагы болгон окуяларда курман болгондордун үй-бүлө мүчөлөрүн, ошондой эле жаракат алып, майып деп таанылган адамдарды тамак-аш азыктары, отун менен камсыз кылуу, турак жай-тиричилик шарттарын жакшыртуу, жеке же кооперативдик курулушка пайызсыз ссуда берүү, медициналык, соода жана транспорттук тейлөө боюнча кошумча чараларды көрө алышат.
(КР 2015-жылдын 13-августундагы № 224 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
4-статья.
Ушул Мыйзамда белгиленген төлөөлөрдү каржылоо республикалык бюджеттин каражаттарынан жүргүзүлөт.
Кошумча социалдык жөлөкпулдарды дайындоо жана төлөө кирешесине жана башка социалдык төлөмдөрүнө (пенсиясына, социалдык жана камсыздандыруу жөлөкпулдарына) карабастан "Кыргыз Республикасында мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген тартипте, көрсөтүлгөн Мыйзамдын 15-статьясын эске албоо менен жүргүзүлөт.
(КР 2015-жылдын 13-августундагы №224, 2023-жылдын 4-августундагы № 162 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
5-статья.
Ушул Мыйзам кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Акаев |