Загрузка документа…
| Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин 2024-ж.04-мартындагы № 1-п Буйругу менен бекитилген
|
| Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинде коррупциянын тобокелдиги болгон учурлардын жана кырдаалдардын тизмеси
|
|
№ | Мамлекеттик органдын/жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын функциясы (ыйгарым укуктары) | Коррупциянын келип чыгуу тобокелдиги бар учурлар жана кырдаалдар | Коррупциялык тобокелдиктин категориясы: системалуу (реалдуу), потенциалдуу, кырдаалдык | Коррупциялык тобокелдиктин деңгээли (төмөн, орто, жогорку) | Түзүмдүк бөлүмдүн (борбордук аппараттын, аймактык же ведомстволук бөлүмдүн, мекеменин) аталышы | Коррупциялык тобокелдикке кабылган кызмат орундары | Башка мамлекеттик органдарда/жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында коррупциялык тобокелдиктин пайда болушу мүмкүнбү (ооба болсо, кайсы экенин көрсөтүңүз) |
1. | КР ТИМдин консулдук департаментинин жана КР ТИМнин ОЖБ облустарындагы Ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн кызматкерлери тарабынан көрсөтүлүүчү консулдук кызматтар: - КР визаларын тариздөө жана берүү; - КР визасын узартуу; -документтерди консулдук мыйзамдаштыруу (легализация); - КР жарандарын консулдук каттоодон чыгаруу; -КРдин жарандары тарабынан виза алуу үчүн Кыргыз Республикасындагы чет мамлекеттин дипломатиялык өкүлчүлүгүнө КРдин ТИМнин ноталарын тариздөө. | Арыздарды кабыл алууда, материалдарды тариздөөдө. Кызматкерлер менен түздөн-түз байланышта болуу | Кырдаалдык
| Төмөн | Консулдук департамент жана КРдин ТИМнин ОЖБ облустарындагы Ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү | Консулдук департаменттин жана КРдин ТИМнин ОЖБ облустарындагы Ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн кызматкерлери | жок |
2. | КРдин ТИМнин ДА кабыл алуу кампаниясын уюштуруу | Студенттердин катарына киргизүү үчүн тандоо турларына катышуу үчүн абитуриенттерден арыздарды кабыл алууда | Кырдаалдык
| Төмөн | К.Дикамбаев атындагы КРдин ТИМнин Дипломатиялык академиясы
| Комиссиянын мүчөлөрү (комиссиянын курамы 1 жылга бекитилет) | жок |
3. | Академиянын программаларынын айрым дисциплиналары боюнча студенттерден окутуунун натыйжалары боюнча бааларды жогорулатуу /төмөндөтүү | "Учурдагы көзөмөл", "аралык көзөмөл" жана "жыйынтыктоочу аттестация"категориялары боюнча студенттерге балл коюуда бааларды жогорулатуу | Кырдаалдык
| Төмөн | К.Дикамбаев атындагы КРдин ТИМнин Дипломатиялык академиясы
| КРдин ТИМнин Дипломатиялык академиясынын профессордук-окутуучулук кафедраларынын курамы | жок |
4. | Мамлекеттик сатып алууларды уюштуруу | Жол берилгис кызыкчылыктардын кагылышуусу: сатып алуу процессине катышкан адамдар айрым сатуучуларга карата жеке же каржылык кызыкчылыктарга ээ болушу мүмкүн, бул бир тараптуу чечим кабыл алууга алып келиши мүмкүн. | Кырдаалдык
| Төмөн | К.Дикамбаев атындагы КРдин ТИМнин Дипломатиялык академиясы
| КРдин ТИМнин Дипломатиялык академиясынын Мамлекеттик сатып алуулар бөлүмү | жок |
5. | Товардык-материалдык баалуулуктарды бөлүштүрүү (ТМБ) | ТМБты түзүмдүк бөлүмдөр боюнча бөлүштүрүүдө | Кырдаалдык
| Төмөн | КРдин ТИМнин Административдик бөлүмү | АБ кызматкерлери | жок |
6. | Кыргыз Республикасынын жарандарынын ыйгарым укуктуу органга, ыйгарым укуктуу органдын алдындагы органга же ыйгарым укуктуу органдын өкүлчүлүгүнө тандоо боюнча иштерди уюштуруу | Жумушка кабыл алууда КР жарандарынан документтерди кабыл алуу | Кырдаалдык | Төмөн | Кадр саясаты бөлүмү | Кадр саясаты бөлүмүнүн кызматкерлери | жок |
7. | Дипломатиялык кызматтын кадрлар резервине киргизүү боюнча ишти уюштуруу | Комиссиянын мүчөлөрүнүн чечим кабыл алууда өзүнүн кызматтык ыйгарым укуктарын пайдалануусу жана конкурсантка же кызматкерге карата бир жактуу мамилеси | Кырдаалдык | Төмөн | Кадр саясаты бөлүмү | Кадр саясаты бөлүмүнүн кызматкерлери | жок |
8. | Дипломатиялык кызматтарга дайындоо, дипломатиялык кызматты өтөө | Кызматтык (эмгектик) ыйгарым укуктардан ашкан же ага тиешеси жок тескөөчү мүнөздөгү аракеттер | Кырдаалдык | Төмөн | Кадр саясаты бөлүмү | Кадр саясаты бөлүмүнүн кызматкерлери | жок |
9. | Кадрлар менен иштөө | Кызматкерлерди жетишсиз окутуу жана карьерасын пландоо. Узак мөөнөттүү чет өлкөгө иш сапарларга жиберилүүчү кызматкерлердин кесиптик компетентсиздиги | Кырдаалдык | Төмөн | Кадр саясаты бөлүмү | Кадр саясаты бөлүмүнүн кызматкерлери | жок |
10. | Бюджеттик жана атайын каражаттардын пайдаланылышын көзөмөлдөө | Финансылык каражаттарды бөлүштүрүүдө өзүнүн кызматтык ыйгарым укуктарын пайдалануу | Кырдаалдык | Төмөн | Валюта-финансы департаменти | ВФД кызматкерлери | жок |
11. | КРдин чет өлкөлүк мекемелеринин кызматкерлери тарабынан көрсөтүлүүчү консулдук кызматтар | Арыздарды кабыл алууда, материалдарды тариздөөдө. Кызматкерлер менен түздөн-түз байланышта болуу. | Кырдаалдык | Төмөн | КРдин чет өлкөлүк мекемелери | КРдин чет өлкөлүк мекемелеринин кызматкерлери | жок |