Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ТЫШКЫ ИШТЕР МИНИСТРЛИГИ
БУЙРУК
2024-жылдын 04-марты № 1-п
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинде коррупциянын тобокелдиги болгон учурлардын жана
кырдаалдардын тизмесин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинде коррупциянын пайда болуу тобокелдигин минималдаштыруу максатында, "Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 20-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин, 2023-жылдын 3-мартындагы № 115 токтомуна, "мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" "Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу боюнча айрым чаралар тууралуу" Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 31-майындагы № 293 токтомуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги буйрук кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинде коррупциянын тобокелдиги болгон учурлардын жана кырдаалдардын тизмеси (мындан ары – тизме) тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Борбордук аппараттын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилери, чет өлкөлөрдөгү мекемелердин, КР ТИМнин ОЖБ облустардагы Ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн жана КРдин ТИМнин Дипломатиялык академиясынын башчылары тизмеге ылайык аларды жоюу жана минималдаштыруу максатында зарыл иш-чараларды туруктуу негизде жүргүзүшсүн.
3. Министрдин орун басарлары тейлеген түзүмдүк бөлүмдөр тарабынан ушул буйруктун аткарылышын көзөмөлгө алсын.
4. Коррупциянын алдын алуу маселелери боюнча ыйгарым укуктууга:
- Басма сөз-кызматы менен биргеликте бул буйрукту Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин расмий сайтында жарыяланышын камсыздасын;
- расмий жарыяланган күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде
буйруктун көчүрмөсүн Кыргыз Республикасынын ченемдик актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн;
- буйруктун көчүрмөсүн күчүнө кирген күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына жиберсин.
5. Бул буйруктун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.
6. Бул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Министр | Ж.М. Кулубаев |