КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2023-жылдын 29-ноябры № 1641-VII
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишине текшерүү жүргүзүүгө укугу бар ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын тизмектерин бекитүү жөнүндө
(КР Жогорку Кеңешинин 2025-жылдын 18-сентябрындагы № 3432-VII, 2026-жылдын 5-мартындагы № 260-VIII токтомдорунун редакцияларына ылайык)
"Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
1. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин пландуу жана пландан тышкары текшерүү, контролдук текшерүү жана кайра текшерүү жүргүзүүгө укугу бар ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын тизмеги 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишине пландан тышкары текшерүү, контролдук текшерүү жана кайра текшерүү жүргүзүүгө укугу бар ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын тизмеги 2-тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин текшерүүлөрдү жүргүзүүгө укугу бар ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын тизмектерин бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2017-жылдын 25-майындагы № 1618-VI токтому күчүн жоготту деп таанылсын.
4. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төраганын орун басары | Н.А.Азыгалиев |
|
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2023-жылдын 29-ноябрындагы № 1641-VII токтомуна 1-тиркеме |
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишине пландагы жана пландан тышкары текшерүү, контролдук текшерүү жана кайра текшерүү жүргүзүүгө укугу бар ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын ТИЗМЕГИ
(КР Жогорку Кеңешинин 2025-жылдын 18-сентябрындагы № 3432-VII токтомунун редакциясына ылайык)
1. Кыргыз Республикасынын прокуратура органдары.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жеке маалыматтарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттик.
3. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Жерди жана сууну көзөмөлдөө боюнча кызмат.
4. Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы.
5. Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Эмгек мыйзамдарын контролдоо жана көзөмөлдөө боюнча кызмат.
6. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Өрттү көзөмөлдөө боюнча кызмат.
7. Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине караштуу Энергетикалык көзөмөл боюнча кызмат.
|
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2023-жылдын 29-ноябрындагы № 1641-VII токтомуна 2-тиркеме |
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин пландан тышкаркы текшерүүгө, контролдук текшерүүгө жана кайра текшерүүгө укугу бар ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын ТИЗМЕГИ
(КР Жогорку Кеңешинин 2026-жылдын 5-мартындагы № 260-VIII токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти.
2. Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл кызматы.