Загрузка документа…
КР Жогорку Кеңешинин 2023-жылдын 29-ноябрындагы № 1641-VII токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 25-майы № 1618-VI
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин текшерүүлөрдү жүргүзүүгө укугу бар ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын тизмектерин бекитүү жөнүндө
"Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинин 5-пунктуна жана 28-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишине пландагы жана пландан тышкары текшерүү, контролдук текшерүү жана кайра текшерүү жүргүзүүгө укугу бар ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын тизмеги 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишине пландан тышкары текшерүү, контролдук текшерүү жана кайра текшерүү жүргүзүүгө укугу бар ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын тизмеги 2-тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары |
| Д.Төлөнов |
|
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2017-жылдын 25-майындагы № 1618-VI токтомуна 1-тиркеме |
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишине пландагы, пландан тышкары текшерүү, контролдук текшерүү жана кайра текшерүү жүргүзүүгө укугу бар ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын ТИЗМЕГИ
1. Кыргыз Республикасынын прокуратура органдары.
2. Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду жана анын аймактык органдары.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция жана анын түзүмдүк, ошондой эле аймактык бөлүкчөлөрү.
|
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2017-жылдын 25-майындагы № 1618-VI токтомуна 2-тиркеме |
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишине пландан тышкары текшерүү, контролдук текшерүү жана кайра текшерүү жүргүзүүгө укугу бар ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын ТИЗМЕГИ
1. Кыргыз Республикасынын прокуратура органдары.
2. Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду жана анын аймактык органдары.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция жана анын түзүмдүк, ошондой эле аймактык бөлүкчөлөрү.
4. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл боюнча департаменти жана анын түзүмдүк бөлүмчөлөрү, ошондой эле аймактык борборлору.