Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН Төрагасынын тескемеси
2024-жылдын 14-марты № 146
"Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 27-беренесине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары З.Д.Мамасадыков, Н.А.Нарматова, Н.К.Кадырбеков, Н.Я.Алимжанова, Б.К.Чойбеков, Р.Ш.Жакышов, М.К.Сарбагышсв, Н.А.Ражабалиев демилгелеген "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тиркелген корутундусу жактырылсын.
2. Бул тескеме Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.Жапаров |
|
| Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын 2024-жылдын 14-мартындагы № 146 тескемеси менен жактырылган |
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары З.Д.Мамасадыков, Н.А.Нарматова, Н.К.Кадырбеков, Н.Я.Алимжанова, Б.К.Чойбеков, Р.Ш.Жакышов, М.К.Сарбагышев, Н.А.Ражабалиев демилгелеген "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин КОРУТУНДУСУ
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары З.Д.Мамасадыков, Н.А.Нарматова, Н.К.Кадырбеков, Н.Я.Алимжанова, Б.К.Чойбеков, Р.Ш.Жакышов, М.К.Сарбагышев, Н.А.Ражабалиев демилгелеген "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун (мындан ары - Мыйзамдын долбоору) карап чыгып, төмөнкүдөй корутундуга келди.
1. Мыйзамдын долбоорунун 1-беренесинин 1-пунктунун төртүнчү абзацында "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын (мындан ары - Мыйзам) 27-беренесинин 1-бөлүгүнүн 6-пунктунда көрсөтүлгөн жергиликтүү маанидеги маселелердин тизмесин калктуу конуштарда тротуарларды камсыз кылуу маселеси менен толуктоо сунушталууда.
Мыйзамдын 27-беренесинин 1-бөлүгүнүн 6-пунктунун колдонуудагы редакциясына ылайык жергиликтүү маанидеги маселелердин бири калктуу конуштардагы муниципалдык жолдордун иштешин камсыз кылуу болуп саналат.
Ошол эле учурда "Кыргыз Республикасындагы жол кыймылы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2-беренесине ылайык жол-транспорт каражаттарынын жүрүшү үчүн жасалган же ыңгайлаштырылган жер тилкеси же жасалма курулуштун үстүнкү бети. Жол бир же бир нече жүрүүгө арналган бөлүктөрдү, ошондой эле жанжолду (тротуар), жол четин, автомобиль жолдорунун жээгинде жайгашкан жана аны бойлоп өтүүчү жол четиндеги жер тилкелерин, бак-дарактарды, газондорду, арыктарды жана башка сугат тармактарын жана (эгер бар болсо) бөлүштүргүч тилкелерди өз ичине камтыйт.
Ошентип, "жол" түшүнүгү өзүнө "тротуарларды" камтыгандыгын эске алып, бул өзгөртүүнү алып салууну сунуштайбыз.
2. Ошондой эле Мыйзамдын долбоорунун беренесинде Мыйзамдын 27-беренесинин 1-бөлүгүнүн 23-пунктун күчүн жоготту деп таануу сунушталат, ага ылайык жергиликтүү маанидеги маселелердин бири соттолгондорду кайра социалдаштырууга багытталган жазык-укуктук таасир этүүнүн эркиндигинен ажыратуу жана мажбурлоо чарасы менен байланышпаган жазаларды уюштуруу жана аткаруу жана аларга жазык-аткаруу мыйзамдарына ылайык социалдык жардам көрсөтүү болуп саналат.
Ошону менен бирге Кыргыз Республикасынын Жаза аткаруу кодексинин 44-беренесинин 1-бөлүгүндө, 61-беренесинин 4-бөлүгүндө, 165-беренесинин 4-бөлүгүндө коомдук иштер түрүндөгү жаза Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген тартипте пробация органдары менен макулдашуу боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан аныкталуучу объекттерде соттолгондун жашаган жери боюнча пробация органдары тарабынан аткарылат деп каралган. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары пробация органдарына эмгектик жана турмуш-тиричиликтик жайгашууга көмөк көрсөтүүгө милдеттүү. Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, коомдук бирикмелер жана башка уюмдар пробация органы тарабынан иштелип чыккан жеке программага ылайык пробациялык көзөмөл белгиленген адамга социалдык-укуктук жана башка жардам көрсөтөт.
Белгилей кетсек, ушундай эле ченем Кыргыз Республикасынын "Пробация жөнүндө" Мыйзамынын 33-беренесинин 1-бөлүгүндө камтылган, ага ылайык жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары пробация органдарына актуалдуу маселелерди чечүүдө жана конкреттүү иш-чараларды жүргүзүүдө өз ара аракеттенет жана көмөктөшөт.
Ушул Мыйзамдын 3-беренесине ылайык жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары пробация системасына киргизилет.
Жогоруда айтылгандардын негизинде мыйзам долбоорунун 1-беренесинин 1-пунктунун алтынчы абзацындагы "23" деген цифраларды алып салууну сунуштайбыз.
3. Ошондой эле Мыйзамдын долбоорунун 1-беренесинин 2-пунктундагы "катуу-тиричилик калдыктарын жок кылууга" деген сөздөрдү "катуу-тиричилик калдыктарын көмүүгө" деген сөздөр менен алмаштырууну сунуштайбыз, анткени "Өндүрүш жана керектөө калдыктары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2-беренесинин 8-пунктуна ылайык калдыктарды көмүү - булгоочу заттардын айлана-чөйрөгө киришинин алдын алууга багытталган жана бул калдыктарды андан ары пайдалануу мүмкүнчүлүгүн жокко чыгарган атайын сактоочу жайларда калдыктарды изоляциялоо болуп саналат.
4. Жылуулук менен жабдуу ишин камсыз кылуу үчүн тарифтерди бекитүү бөлүгүндө Мыйзамдын долбоорунда сунушталган өзгөртүүлөргө карата белгилей кетүүчү нерсе, "Энергетика жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-статьясына ылайык отун-энергетикалык комплексинде бирдиктүү мамлекеттик саясатты жүргүзүү жана отун-энергетикалык комплексинин продукциясына жалпы баа саясатын аныктоо Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин функциялары болуп саналат, аларды ишке ашырууну Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине караштуу Отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча департамент жүргүзөт. Алсак, аталган Департамент лицензиялоо жана электр, жылуулук энергиясына жана жаратылыш газына тарифтерди белгилөө аркылуу отун-энергетикалык комплексинин субъекттеринин ишин мамлекеттик жөнгө салууну ишке ашырат.
"Кыргыз Республикасындагы табигый монополиялар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык аталган Департамент отун-энергетикалык комплекси жаатындагы ыйгарым укуктуу монополияга каршы орган болуп саналат. Ошол эле учурда, ушул Мыйзамга ылайык жылуулук энергиясына жана жаратылыш газына тарифтерди белгилөө маселелери жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын компетенциясына киргизилген эмес.
"Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4-беренесинин 1-бөлүгүнүн он биринчи абзацына ылайык жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынын токтомдору - өздөрүнөн жогору юридикалык күчкө ээ болгон ченемдик укуктук актылардын негизинде жана аларды аткаруу үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдары тарабынан өз компетенциясынын чегинде, жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү максатында кабыл алынуучу жана тиешелүү аймакта милдеттүү юридикалык күчкө ээ болуучу ченемдик укуктук актылар.
Ушуга байланыштуу, 34-берененин 2-пунктунун 11-пунктчасын төмөнкүдөй редакцияда баяндоону сунуштайбыз:
"11) агынды сууларды канализацияга жана тазалоочу курулмаларга кабыл алуу, катуу тиричилик калдыктарын чогултуу, ташуу жана көмүү, калктуу конуштун ичинде коомдук транспортто жүрүү үчүн тарифтерди бекитүү, калктуу конуштун ичинде сугат сууга тарифтерди бекитүү.".
Ошону менен бирге Мыйзамдын долбоорунун негиздеме-маалымкатын киргизилип жаткан өзгөртүүлөрдүн себептери жөнүндө маалымат менен толуктоону сунуштайбыз.
5. "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 65-беренесинин 1-бөлүгүнө жана 66-беренесинин 2 жана 4-бөлүктөрүнө ылайык жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жергиликтүү маанидеги маселелерди натыйжалуу жана ыкчам чечүүнү камсыз кылуу жана өз аймагынын чегинде экономикалык өнүгүүгө дем берүү максатында муниципалдык ишканаларды жана коммерциялык эмес уюмдарды түзүүгө, ошондой эле акционердик коомдорго катышууга укуктуу. Муниципалдык заказ жеке жана юридикалык жактар тарабынан аткарылышы мүмкүн. Калкка монополиялык кызмат катары көрсөтүлүүчү кызматтарга (суу менен жабдуу, канализация, жылытуу жана башка кызматтар) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарифтерге жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын контролу сакталган шартта муниципалдык ишканаларга, ошондой эле башка жеке жана юридикалык жактарга айрым ыйгарым укуктарды өткөрүп берүүгө укуктуу.
Ошону менен бирге, Мыйзамдын долбоорунда муниципалдык заказ муниципалдык ишканалар же мекемелер болуп саналбаган жеке жана юридикалык жактар тарабынан аткарылышы мүмкүн, ошондой эле суу менен жабдуу, канализация, жылытуу жана башка кызматтарды көрсөтүү боюнча белгилүү бир ыйгарым укуктар өткөрүлүп берилиши мүмкүн болгон субъекттердин ичинен муниципалдык ишканаларды жокко чыгаруу сунушталууда.
Сунушталып жаткан ченем жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин чектөөгө алып келерин белгилей кетүү керек. Мындан тышкары, Мыйзамдын долбоорунун негиздеме-маалымкатында жогоруда аталган Мыйзамдын 65 жана 66-беренелерине өзгөртүүлөрдү киргизүүнүн зарылдыгын негиздеген маалымат да чагылдырылган эмес.
Ушуга байланыштуу жогоруда белгиленген Мыйзамдын 65 жана 66-беренелеринин колдонуудагы редакцияларын өзгөртүүсүз калтыруу максатка ылайыктуу деп эсептейбиз.
6. Мыйзамдын долбоорунун 2-беренесинин 1-бөлүгүндө ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирерин белгилөө сунушталат. Ошону менен бирге, "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 28 жана 30-беренелерине ылайык ченемдик укуктук актыларды расмий жарыялоо жана Ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү алардын юридикалык күчүнө киришинин милдеттүү шарты болуп саналат. Ошол эле учурда ченемдик укуктук актылар расмий жарыяланган күндөн тартып 7 жумуш күндүн ичинде Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизилет.
Ушуга байланыштуу долбоордун 2-беренесинин 1-бөлүгүн төмөнкүдөй редакцияда баяндоону сунуштайбыз:
"1. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.".
7. Мыйзамдын долбоорунун 2-беренесинин 2-пунктунда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине үч айлык мөөнөттө өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирүүнү тапшыруу сунушталууда.
Ушуга байланыштуу Мыйзамдын долбоорунун негиздеме-маалымкатында сунушталган Мыйзамдын долбоору кабыл алынган учурда кайра каралууга тийиш болгон укуктук ченемдик актылар жөнүндө маалымат жок экендигин белгилейбиз.
8. Жалпысынан Мыйзамдын долбоорун жана негиздеме-маалымкатты "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 22, 25-беренелеринин талаптарына жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 26-июнундагы № 5389-V токтому менен бекитилген Мыйзам чыгаруу техникасы боюнча нускаманын 38, 78-пункттарына ылайык келтирүү зарыл. Мисалы, Мыйзамдын долбоорунун негиздеме-маалымкатында аны жайгаштыруу датасын жана келип түшкөн сунуштарды жана сын пикирлерди эске алуу жана/же эске албоо жөнүндө жыйынтыктоочу маалыматты көрсөтүү зарыл.
Ошол эле учурда салыштырма таблицада көрсөтүлгөн өзгөртүүлөр Мыйзамдын долбоорунда сунушталган өзгөртүүлөргө ылайык келбегендигине көңүл бурабыз.
Жогоруда баяндалгандардын негизинде Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети Мыйзамдын долбоорун сунушталган редакцияда кабыл алууну максатка ылайыксыз деп эсептейт.