Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2008-жылдын 20-ноябры № 244
2008-жылдын 23-октябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган
Бишкек шаарында 2008-жылдын 21-июнунда кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Швейцариянын Врачтар чек арасыз (ВЧА) гуманитардык уюмунун ортосундагы Кыргыз Республикасындагы Швейцариянын Врачтар чек арасыз гуманитардык уюмунун статусу жана артыкчылыктары жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу
1-берене.
Бишкек шаарында 2008-жылдын 21-июнунда кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Швейцариянын Врачтар чек арасыз (ВЧА) гуманитардык уюмунун ортосундагы Кыргыз Республикасындагы Швейцариянын Врачтар чек арасыз гуманитардык уюмунун статусу жана артыкчылыктары жөнүндө Макулдашуу ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги көрсөтүлгөн Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл мамлекеттик ички жол-жоболорду Кыргыз Республикасынын аткаргандыгы жөнүндө Швейцариянын Врачтар чек арасыз гуманитардык уюмуна кат жүзүндө билдирсин.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев