Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Швейцариянын Чегарасыз дарыгерлер Гуманитардык уюмунун ортосундагы Швейцариянын Чегарасыз дарыгерлер гуманитардык уюмунун Кыргыз Республикасындагы статусу жана артыкча укуктары жөнүндө МАКУЛДАШУУ
Мындан ары Тараптар деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү (мындан ары - Өкмөт) жана Швейцариянын Чегарасыз дарыгерлер Гуманитардык уюму (мындан ары - ЧД-Швейцария),
ЧД-Швейцариянын кыйын абалдагы улуттук таандыгына, жынысына, динине, философиялык жана саясий ишенимине карабастан медициналык гуманитардык жардам көрсөтүү боюнча ишин эске алып,
Кыргыз Республикасынын таламдарын жана ЧД-Швейцариянын Кыргыз Республикасынын пенитенциардык тутумунда медициналык колдоо боюнча тийиштүү долбоорлорду ишке ашырууну каалоосун эске алып,
төмөндөгүлөр тууралуу макулдашты:
1-берене. ЧД-Швейцариянын статусу
Кыргыз Республикасында ЧД-Швейцария ушул Макулдашууда баяндалган артыкчылыктарды, ыйгарым укуктарды жана жеңилдиктерди пайдаланат.
2-берене. Укуктук субъект болуу
ЧД-Швейцария юридикалык жак укугуна ээ. Өкмөт ЧД-Швейцария келишимдер боюнча өзүнө милдеттенме алууга, сотторго кайрылууга жана укуктарга ээ болууга, ошондой эле козголмо жана кыймылсыз мүлк сатып алууга жана аны башкарууга укуктуу экенин тааныйт.
3-берене. Байланыш каражаттары
1. ЧД-Швейцария Женевадагы штаб-квартирасы менен, башка эл аралык мекемелер, өкмөттүк түзүмдөр, ошондой юридикалык жактар жана жеке адамдар менен байланыш түзүү үчүн ылайык көргөн байланыштын каалаган каражаттарын, радиожыштык спектрин пайдаланган байланыш каражаттарынан башкасын, расмий максатта жана эч бир кийлигишүүсүз эркин пайдалана алат.
2. ЧД-Швейцария байланыш тармагын жөнгө салуучу орган тарабынан тиешелүү тартипте берилген уруксаты болгон учурда өз имараттарында радиобайланыш жабдуусун орнотууга жана көчмө жабдууну мамлекеттин аймагынын чегинде пайдаланууга укуктуу.
ЧД-Швейцария Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлигинин ыйгарым укуктуу органдары тарабынан ушул максатта ыйгарылган жыштыктарды пайдаланат.
3. Расмий байланыштарга тийиштүү бардыгында ЧД-Швейцария приоритеттер, тарифтер жана салыктар жагынан өкмөттөр аралык уюмдарга берилчүдөн ыңгайлуу режимде пайдаланат.
4-берене. ЧД-Швейцария отчетторунун, корреспонденциясынын жана башка байланыш каражаттарынын жашырындыгы
Өкмөт ЧД-Швейцариянын отчетторунун, корреспонденциясынын жана башка каражаттарынын жашырындыгын сактоого милдеттенет. Бул алардын мазмунун белгиленген алуучулардан башка адамдарга жана/же уюмдарга таратпоону, жана аларды ЧД-Швейцариянын жазуу түрүндөгү алдын ала уруксатысыз сот өндүрүшүнүн жүрүшүндө колдонбоону өзүнө камтыйт.
5-берене. ЧД-Швейцариянын финансы ресурстары
1. ЧД-Швейцария валюталарды алмаштырууну жана ушуга байланыштуу башка маселелерди жөнгө салган мыйзамдар жана эрежелер менен чектелбестен улуттук же чет элдик валютага же башка финансы активдерине ээ болууга, ошондой эле каалаган валютада эсептерди кармоого укуктуу.
2. ЧД-Швейцария өлкөгө, өлкөдөн жана өлкөнүн ичинде улуттук же чет элдик валютадагы каражаттарды эркин которууга, ошондой эле мындай активдерди башка валютага эркин айландырууга укуктуу.
6-берене. Салыктардан бошотуу
1. ЧД-Швейцария, расмий пайдаланууга арналган анын активдери, кирешелери жана мүлкү кызматтардын конкреттүү түрлөрү үчүн жыйымдардан башка бардык тике салыктардан бошотулат.
2. ЧД-Швейцария Кыргыз Республикасында жардам көрсөтүү боюнча ЧД-Швейцариянын программалары үчүн кызматтык пайдаланууга арналган же башка мамлекет үчүн арналган импорттолгон жана жергиликтүү сатып алынган бардык сатып алууларга жана материалдарга, фармацевттик продуктуларга, медициналык жабдууга жана транспортко кошумча нарк салыгынан бошотулат. Өкмөт мындай салыктан бошотуу же анын ордун толтуруу боюнча зарыл чараларды көрөт.
7-берене. Бажы төлөмдөрүнөн бошотуу
1. ЧД-Швейцария бажы төлөмдөрүнөн, салымдардан, бажыдан өтүүгө байланыштуу чыгымдардан жана башка жыйымдардан, ошондой эле кызматтык пайдаланууга арналган буюмдарга, жана Кыргыз Республикасында же башка мамлекетте жардам көрсөтүү боюнча ЧД-Швейцариянын программаларына арналган буюмдарга карата Кыргыз Республикасынын аймагындагы импорттук, экспорттук же транзиттик чектөөлөрдөн жана тыюу салуулардан бошотулат.
2. ЧД-Швейцария табигый кырсыктарда, кыйроолордо, аварияларда, өзгөчө жана элдин өмүрүнө жана саламаттыгына коркунуч туудурган куралдуу жаңжал сыяктуу башка жагдайларда Кыргыз Республикасында же башка өлкөлөрдө гуманитардык жардам көрсөтүү үчүн аба транспорту менен жүктөрдү ташууда аэронавигациялык тейлөө (абадагы кыймылды тейлөө, авиациялык электробайланыш, метеорологиялык жана аэронавигациялык маалыматтар, издөөчү куткаруучу күчтөр жана каражаттар менен камсыздоо) үчүн жыйымдардан бошотулат.
8-берене. Колдонулушу
1. Кызматтык колдонууга жана ЧД-Швейцариянын Кыргыз Республикасында жардам берүү боюнча программаларына арналып, бажы жыйымдарынан, алымдарынан жана салыктардан бошотулган сырттан сатып алынган буюмдар жана материалдар, дары-дармектер, медициналык жабдуулар жана унаалар акысыз өткөрүлүп берилет.
2. Ушул берененин 1-пунктунда көрсөтүлгөн товарлар сатылса, анда Тараптардын улуттук мамлекеттеринин мыйзамдарында белгиленген жоболор колдонулат.
9-берене. Чет өлкөлүк кызматкерлерди салыктардан бошотуу
Кыргыз Республикасынын жараны болуп эсептелбеген, же Кыргыз Республикасында туруктуу жашабаган ЧД-Швейцария эл аралык персоналынын мүчөлөрү эмгек акыга жана акынын башка түрлөрүнө салыктын бардык түрлөрүнөн миссиянын бүткүл мезгилинде бошотулат.
10-берене. Өкүлчүлүк мүчөлөрүнүн статусу
Ички тополоңдор жана куралдуу жаңжал учурунда алар кетүүнү кааласа ЧД-Швейцария эл аралык персоналынын мүчөлөрү үчүн жана алардын үй-бүлө мүчөлөрү үчүн алар коопсуз жана тез деп эсептеген жол менен өлкөдөн чыгып кетүү үчүн зарыл шарттар түзүлөт.
11-берене. Чечмелөө
Бул Макулдашуу ЧД-Швейцарияга өз милдеттенмелерин жана функцияларын толук өлчөмдө жана натыйжалуу аткарууга жана өз программаларын ишке ашырууга мүмкүндүк берүү үчүн анын негизги максаттары жагдайында чечмеленет.
12-берене. Талаш-тартыштарды сүйлөшүүлөр жолу менен жөнгө салуу
1. Ушул Макулдашуунун Тараптары ортосунда Макулдашуунун чечмелөөгө же колдонууга байланыштуу бардык талаш-тартышты жөнгө салуу Тараптар ортосунда сүйлөшүүлөр жолу менен ишке ашырылат.
2. Тараптар Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызыкчылыктарын жана ишмердигине байланыштуу ЧД-Швейцариянын кызыкчылыктарын эске алышат. Алар талаштарды жөнгө салуу Тараптар ортосунда жакшы мамилелерди сактоо үчүн зарыл болгон ыктыярдуулук жана тең укуктуулук духунда, ошондой эле акылга салуу негизинде болушу үчүн мүмкүн болгондун баарын жасашат.
13-берене. Бул Макулдашууга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү
Тараптардын макулдугу боюнча ушул Макулдашуунун текстине өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилиши мүмкүн, алар ушул Макулдашуунун ажырагыс бөлүгү болуп саналган жана ушул Макулдашуунун 14-15-беренесинде көрсөтүлгөн тартипте күчүнө кирүүчү жана колдонулуучу Протоколдор менен таризделет.
14-берене. Күчүнө кирүү
Бул Макулдашуу кол коюлган күндөн баштап убактылуу колдонулат жана Кыргыз Республикасынын Өкмөт анын күчүнө кириши үчүн керектүү мамлекет ичиндеги жол-жоболорду аткарганы тууралуу ЧД-Швейцарияга жазуу түрүндө билдирген күндөн баштап күчүнө кирет.
Салыктардан жана бажы төлөмдөрүнөн бошотуу ратификацияланган учурдан баштап колдонулат.
15-берене. Макулдашууну колдонуу жана аны токтотуу тартиби
Бул Макулдашуу беш жыл бою күчүндө болот жана эгерде Тараптардын бири 6 айдан кем эмес убакыт мурдатан Макулдашуунун күчүн токтотуу тууралуу кат түрүндө билдирүү жолу менен анын күчүн токтотпосо,. кийинки беш жылдык мөөнөттөргө өзүнөн өзү узарылат.
Бишкек шаарында 2008-жылдын 21-июнунда ар бири кыргыз, орус жана англис тилдериндеги эки түп нускада түзүлдү жана бардык тексттер бирдей күчкө ээ. Бул Макулдашуунун жоболорун чечмелөөдө айырмачылыктар келип чыкса орус тилиндеги текст артыкчылыктуу күчкө ээ.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үчүн |
| "Чегарасыз Дарыгерлер Швейцария" үчүн |