КӨК-МОЙНОК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИНИН ТОКТОМУ
Көк-Мойнок айыл аймагынын айылдык Кеӊешинин депутаттарынын VII чакырылышы
2023-жылдын 25-сентябры № 44
Көк- Мойнок айыл аймагынын жергиликтүү Курултайын өткөрүүнү уюштуруу жөнүндө
Мамлекеттик башкаруунун ачыктыгын, айкындуулугун жана эл менен байланышын чыңдоо максатында, КР Президентинин 2023-жылдын 29-августундагы “Элдик Курултайды өткөрүү жөнүндө” №215 Жарлыгына жана Элдик курултайды өткөрүү жана делегаттарды шайлоо боюнча ишти координациялоо боюнча уюштуруу комитетинин жыйналышынын 2023-жылдын 6-сентябрындагы “Элдик Курултайды өткөрүү жөнүндө” Протоколунун чечимине ылайык маселени карап жана талкуулап чыгып, Көк- Мойнок айыл аймагынын айылдык кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Көк- Мойнок айыл аймагынын жергиликтүү Курултайы 2023-жылдын 18-ноябрында саат 10:00го чакырылсын.
2. Көк- Мойнок айыл аймагынын жергиликтүү Курултайынын курамы калктын санына ылайык -20 делегаттан тураары белгиленсин.
3. Көк- Мойнок айыл аймагынын жергиликтүү Курултайын уюштуруу жана өткөрүү боюнча жумушчу топтун курамы -14 адамдан бекитилсин (№1-тиркеме)
4. Жергиликтүү калк арасында делегат шайлоо боюнча жыйындар 16-октябрдан 18-октябрга чейин графикке ылайык өткөрүлсүн. (№2тиркеме) жана өкүлчүлүктүн нормалары калктын санына жараша бөлүнөөрү эскертилсин.
5. Көк-Мойнок айы өкмөтүнүн башчысы Курултайды уюштурууга, жумушчу топко ар тараптуу көмөк көрсөтүүгө жана белгиленген мөөнөттө графикке ылайык жыйындарга калктын келүүсүн, жыйын өтүүчү жайды тиешелүү аппараттар менен камсыздоого милдеттендирилсин.
6. Бул токтом мамлекеттик реестрге киргизүү жана каттоо үчүн Ысык-Көл областтык юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
7. Токтом кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
8. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы төраганын орун басары Н. Абдылдаевага жүктөлсүн.
Төрага |
| С. Д. Байбосунов |
|
| Тиркеме №1 Көк- Мойнок айыл кеңешинин кезексиз сессиясы № 44 токтом “25” сентябры 2023-жыл |
Көк- Мойнок айыл аймагында жергиликтүү Курултайын уюштуруу жана өткөрүү боюнча жумушчу топтун курамы
№ | Ф.А.А. | Кызматы |
|
1 | Байбосунов Сыртбай Догдурбаевич | Төрага |
|
2 | Самудинова Жазгүл Абдулдаевна | катчысы |
|
3 | Ажыбеков Эрмек Ажыбекович | мүчөсү |
|
4 | Абдыкадырова Лира Асылбековна | мүчөсү |
|
5 | Кыдырмаева Арчагүл Сагындыковна | мүчөсү |
|
6 | Абдрахманова Гүлзат Темирбековна | мүчөсү |
|
7 | Сабырбек уулу Бактыбек | мүчөсү |
|
8 | Мамытбаев Келдибек Аскарбекович | мүчөсү |
|
9 | Сасыков Жекшеналы Табалдиевич | мүчөсү |
|
10 | Элалов Бактыбек Элалович | мүчөсү |
|
11 | Абдылдаева Нуркүмүш Султангазиевна | мүчөсү |
|
12 | Рыскелдиев Каныбек Зарылыкович | мүчөсү |
|
13 | Мураталиев Мирлан Айтбекович | мүчөсү |
|
14 | Салакунова Светлана Ургазиевна | мүчөсү |
|
|
|
| |
|
|
| |
|
|
| |
| Катчы | Ж. А. Самудинова | |
|
|
| |
|
| Тиркеме №2 Көк- Мойнок айыл кеңешинин кезексиз сессиясы №44 токтом “25” сентябры 2023-жыл |
Көк- Мойнок айыл аймагында жергиликтүү Курултайына делегаттарды көрсөтүү боюнча өткөрүлүүчү чогулуштардын (жыйындардын)
ГРАФИГИ | |||||||
№ | Өткөрүлүүчү орду | Убактысы | Калктын саны | Делегат тардын саны | Жооптуулар |
| |
Күнү | сааты |
| |||||
1 | Ак-Өлөң айылы
| 17.10.23 | 10:00 | 2152 | 10
| Байбосунов Сыртбай Догдурбаевич, Самудинова Жазгүл Абдулдаевна, Ажыбеков Эрмек Ажыбекович, Абдыкадырова Лира Асылбековна, Кыдырмаева Арчагүл Сагындыковна, Абдраманова Гүлзат Темирбековна |
|
2 | Көк-Мойнок-1 айылы | 16.10.23 | 10:00 | 1014 | 5 | Сабырбек уулу Бактыбек, Мамытбаев Келдибек Аскарбекович, Сасыков Жекшеналы Табалдиевич, Элалов Бактыбек Элалович |
|
3 | Көк-Мойнок-2 айылы | 18.10.23 | 10:00 | 630 | 5 | Абдылдаева Нуркүмүш Султангазиевна, Рыскелдиев Каныбек Зарылыкович, Мураталиев Мирлан Айтбекович, Салакунова Светлана Ургазиевна
|
|
|
|
|
|
|
|
| |
|
|
|
|
|
|
| |
| Катчы |
|
|
|
| Ж.А. Самудинова
| |