Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 22-февралы № 78
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агенттиктин маселелери жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 25-сентябрындагы № 240 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агенттикти түзүү жөнүндө" Жарлыгын ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
1) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агенттик жөнүндө жобо 1-тиркемеге ылайык;
2) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агенттиктин башкаруу схемасы 2-тиркемеге ылайык.
2. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги автомектептерди лицензиялоо функцияларын Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агенттиктин карамагына өткөрүп берсин.
3. Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу "Инфоком" мамлекеттик ишканасы төмөнкү функцияларды Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агенттиктин карамагына өткөрүп берсин:
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик каттоочу номердик белгилерин даярдоо;
- автотранспорт каражаттарына мамлекеттик каттоочу ысымдуу номердик белгилерин сатуу;
- автотранспорт каражаттарына мамлекеттик каттоочу цифралардын жана/же тамгалардын өзгөчө айкалышындагы номердик белгилерин сатуу.
4. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агенттик Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги менен бирдикте:
1) ушул токтомду ишке ашыруу менен байланышкан уюштуруу иш-чараларын жүргүзүү боюнча комиссияларды түзсүн, тиешелүү жол-жоболорду жүргүзүүнү уюштурсун жана өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин;
2) бир айлык мөөнөттө:
- түзүмдөрүн жана штаттык расписаниелерин ушул токтомго ылайык келтирсин;
- ушул токтомдон келип чыгуучу ченемдик укуктук жана башка актылардын долбоорлорун Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин кароосуна киргизсин;
3) жеке жана юридикалык жактарга мамлекеттик кызматтарды үзгүлтүксүз көрсөтүүнү, тиешелүү мамлекеттик органга жүктөлгөн башка функцияларды аткарууну камсыз кылсын;
4) ушул токтомдон келип чыгуучу башка чараларды көрсүн.
5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 29-майындагы № 350 "Кыргыз Республикасынын персонификациялаштырылган документтеринин Мамлекеттик реестри жөнүндө Жобону жана Кыргыз Республикасында колдонуудагы мамлекеттик маанидеги документтердин жана атайын мамлекеттик бланктардын тизмесин бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасында колдонулуудагы мамлекеттик маанидеги документтердин жана атайын мамлекеттик бланктардын тизмесинде:
- 23-пункттагы "Транспорттук каражатты каттоо тууралуу күбөлүк" деген сөздөр алып салынсын;
- төмөнкүдөй мазмундагы 58-пункт менен толукталсын:
"
58 | Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агенттик | Кызматтык күбөлүк Агенттик лицензиялоочу иштин түрү менен иштөө укугуна лицензиялар Транспорт каражатын каттоо жөнүндө күбөлүк |
".
6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 10-апрелиндеги № 205 "Автоунаа каражаттары үчүн мамлекеттик каттоочу цифралардын жана/же тамгалардын өзгөчө айкалышындагы номердик белгилерин сатуу жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 2-пункттагы "Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу "Инфоком" мамлекеттик ишканасынын атынан чыгуучу Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлиги" деген сөздөр "Министрлер Кабинетине караштуу Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агенттик" деген сөздөргө алмаштырылсын;
2) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Автоунаа каражаттары үчүн мамлекеттик каттоочу цифралардын жана/же тамгалардын өзгөчө айкалышындагы номердик белгилерин сатуу жөнүндө жободо:
- 4-пункттун сегизинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"ыйгарым укуктуу орган - Министрлер Кабинетине караштуу Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агенттик;";
- 23-пункттагы "Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигине караштуу "Унаа" мамлекеттик мекемесине" деген сөздөр "ыйгарым укуктуу органга" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 24-пункттагы "Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигине караштуу "Унаа" мамлекеттик мекемеси", "Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигине караштуу "Унаа" мамлекеттик мекемесинде" деген сөздөр тиешелүү түрдө "Ыйгарым укуктуу орган", "ыйгарым укуктуу органда" деген сөздөргө алмаштырылсын.
7. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 11-апрелиндеги № 210 "Автоунаа каражаттарына мамлекеттик каттоочу ысымдуу номердик белгилерди сатуу жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Автоунаа каражаттарына мамлекеттик каттоочу ысымдуу номердик белгилерди сатуу жөнүндө жободо:
- 2-пункттун алтынчы абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"ыйгарым укуктуу орган - Министрлер Кабинетине караштуу Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агенттик.";
- 6-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"6. Тастыктама алгандан кийин адам үч жумуш күндүн ичинде Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тарабынан аныкталган тартипте ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүмдөрүнө ысымдуу номердик белгини алуу жана транспорт каражатын каттоо жөнүндө күбөлүккө белги койдуруу үчүн кайрылат.".
8. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 9-ноябрындагы № 734 "Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин ишин уюштуруунун айрым маселелери жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы жөнүндө жободо:
- 1-пункттагы ", транспорт каражаттарынын айдоочуларын окутууну (кайра окутууну) жүзөгө ашырган автомектептердин ишин лицензиялоо боюнча функцияларды" деген сөздөр алып салынсын;
- 3-пункттагы "Өкмөтүнүн" деген сөз "Министрлер Кабинетинин" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 6-пункттун 29-пунктчасы күчүн жоготту деп таанылсын.
9. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 264 "Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын жана Кыргыз Республикасынын башка мамлекеттик органдарынын, анын ичинде техникалык жана тейлөөчү персоналынын штаттык санынын чеги жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) жогоруда аталган токтомдун 1-тиркемесинде:
-төмөнкүдөй мазмундагы 195-пункт менен толукталсын:
"
195 | Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агенттик | 3 | - |
| Борбордук аппарат | 3 |
|
- жогоруда аталган тиркеменин эскертүүсүндө:
1-пункттун 1-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агенттик, жетекчилик курамды кошпогондо;";
2) жогоруда аталган токтомдун 5-тиркемесинде:
- төмөнкүдөй мазмундагы 212-пункт менен толукталсын:
"
212 | Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агенттик | 2 |
".
10. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 14-декабрындагы № 678 "Иштин айрым түрлөрүн лицензиялоо маселелери жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Иштин айрым түрлөрүн лицензиялоо жөнүндө жободо:
- 381-пункттагы "жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу" деген сөздөр "транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо" деген сөздөргө алмаштырылсын.
11. Ушул токтомдун 3-пунктунда каралган функциялар Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агенттикте зарыл материалдык-техникалык база түзүлгөнгө чейин Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу "Инфоком" мамлекеттик ишканасы тарабынан ишке ашырылат деп белгиленсин.
12. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги 2024-жылга жана келерки жылдарга республикалык бюджетте Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агенттиктин мамлекеттик жарандык кызматчыларынын 3 штаттык бирдигин күтүүгө каражаттарды карасын, анын ичинде "Кыргыз Республикасынын 2024-жылга жана 2025-2026-жылдардын пландык мезгилине республикалык бюджети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына белгиленген тартипте өзгөртүүлөрдү киргизсин.
13. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
14. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.У.Жапаров |
|
| 2-тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агенттиктин башкаруу СХЕМАСЫ
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
2025-жылдын 27-ноябрындагы № 760
токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 22-февралы № 78
Кыргыз Республикасынын Министрлер
Кабинетине караштуу Транспорт каражаттарын
жана айдоочулук курамды каттоо боюнча
мамлекеттик агенттиктин маселелери жөнүндө

| А.У. Жапаров |
|
| 2-тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу
Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо
боюнча мамлекеттик агенттиктин башкаруу схемасы