Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
2025-жылдын 27-ноябрындагы № 760
токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
|
| 1-тиркеме |
|
|
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 22-февралындагы № 78 токтому менен бекитилди) |
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу
Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо
боюнча мамлекеттик агенттик жөнүндө жобо
1-глава. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агенттик (мындан ары - Агенттик) автомототранспорт каражаттарын, өзү жүрүүчү технологиялык машиналарды, тракторлорду, стационардык технологиялык түзүлүштөрдү жана жабдууларды (мындан ары - транспорт каражаттары) каттоо, кайра каттоо, квалификациялык экзамендерди өткөрүү жана кабыл алуу, транспорт каражаттарын башкаруу укугуна айдоочулук күбөлүктөрдү жана өзү жүрүүчү технологиялык машиналарды башкаруу укугуна тракторист-машинисттин күбөлүктөрүн берүү, Кыргыз Республикасынын айдоочулук күбөлүктөрүн жекелештирүү, транспорт каражаттарынын айдоочуларын даярдоо жана кайра даярдоо боюнча окутуу уюмдарынын (автомектептердин) ишин лицензиялоо, транспорт каражаттары үчүн мамлекеттик каттоочу номердик белгилерин жасоо жана мамлекеттик каттоочу цифралардын же/жана тамгалардын өзгөчө айкалышындагы номердик белгилерин, ошондой эле автотранспорт каражаттарынын ысымдуу номердик белгилерин сатуу чөйрөлөрдө мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу жана жүзөгө ашыруу боюнча функцияларды жүзөгө ашыруучу аткаруу бийлигинин ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы болуп саналат.
2. Агенттик өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын кодекстерин жана мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарын жана тескемелерин, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомдорун жана тескемелерин, эл аралык укук ченемдерин, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерди, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат.
3. Агенттик мекеменин уюштуруу-укуктук формасындагы юридикалык жак болуп саналат, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү түшүрүлгөн, мамлекеттик жана расмий тилдерде өзүнүн аталышы жазылган мөөрү, ошондой эле башка мөөрлөрү, штамптары, белгиленген үлгүдөгү бланктары, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин казыналык системасындагы атайын жана башка эсептери бар жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жаңы эсептерди ачууга укуктуу.
Агенттик Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин "Унаа" мамлекеттик мекемесинин укук улантуучусу болуп саналат.
4. Агенттиктин түзүмүндө аймактык бөлүмдөр бар.
5. Агенттиктин толук аталышы:
- мамлекеттик тилде: "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агенттик";
- расмий тилде: "Государственное агентство по регистрации транспортных средств и водительского состава при Кабинете Министров Кыргызской Республики".
Кыскартылган аталышы:
- мамлекеттик тилде: "ТКАКК МА";
- расмий тилде: "ГА РТСВС".
6. Агенттиктин юридикалык дареги: 720048, Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Чокан Валиханов көчөсү, 2а.
7. Агенттик өз ишин башка мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, коомдук бирикмелер, илимий жана башка уюмдар, ишканалар, мекемелер менен өз ара аракеттенүүдө жүзөгө ашырат.
8. Агенттик өз атынан жарандык-укуктук жана башка мамилелерди түзөт, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын алкагында жарандык-укуктук жана башка мамилелердин тарабы катары чыгууга укуктуу.
2-глава. Агенттиктин ишинин максаттары
9. Агенттиктин ишинин максаты транспорт каражаттарын каттоо, кайра каттоо, айдоочулук күбөлүктөрдү, тракторист-машинисттин күбөлүктөрүн берүү жана айдоочуларга транспорт каражаттарын башкарууга уруксат берүү, Кыргыз Республикасынын айдоочулук күбөлүктөрүн жекелештирүү чөйрөсүндө заманбап маалыматтык системаларды колдонуу менен мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдей жеткиликтүүлүгүн жана сапатын жакшыртууну камсыз кылуу, транспорт каражаттары үчүн мамлекеттик каттоочу номердик белгилери менен сапаттуу жана үзгүлтүксүз камсыз кылуу, транспорт каражаттарынын айдоочуларын даярдоо жана кайра даярдоо боюнча окутуу уюмдарынын (автомектептердин) ишин лицензиялоо болуп эсептелет.
3-глава. Агенттиктин милдеттери
10. Агенттиктин милдеттери болуп төмөнкүлөр эсептелет:
1) транспорт каражаттарын, транспорт каражаттарына укуктарды жана чектөөлөрдү жана айдоочулук курамды каттоо, кайра каттоо системасын уюштуруу;
2) Агенттиктин компетенциясынын чегинде маалыматтык ресурстарды түзүү, каттоо, калыптандыруу жана тейлөө;
3) жеке мүнөздөгү маалымат чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жеке маалыматтарды коргоону камсыз кылуу;
4) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Агенттикке жүктөлгөн башка милдеттерди жүзөгө ашыруу.
4-глава. Агенттиктин функциялары
11. Агенттик алдына коюлган милдеттерди ишке ашыруу үчүн төмөнкү функцияларды жүзөгө ашырат:
1) тармактык саясатты ишке ашыруу функциялары:
- Агенттиктин ишинин белгиленген чөйрөсүнө тиешелүү маселелер боюнча ченемдик укуктук актылардын жана башка документтердин долбоорлорун иштеп чыгат;
- улуттук мыйзамдарды колдонуу практикасын талдайт жана жалпылайт жана транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо, кайра каттоо чөйрөсүндө ченемдик укуктук актыларды өркүндөтүү жөнүндө сунуштарды Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине белгиленген тартипте киргизет;
- Агенттиктин компетенциясына тиешелүү маселелер боюнча эл аралык келишимдерди түзүү жөнүндө сунуштарды белгиленген тартипте иштеп чыгат, эл аралык келишимдерди белгиленген тартипте түзөт жана ушул келишимдер боюнча кыргыз тарабынын милдеттенмелерин аткарууну камсыз кылат;
- айдоочулук күбөлүктөрдүн, тракторист-машинисттин күбөлүктөрүнүн бланктарынын, транспорт каражаттарынын каттоо документтеринин, мамлекеттик каттоо белгилеринин жана транспорт каражаттарына жана айдоочуларга жол кыймылына катышууга уруксат берүү үчүн зарыл болгон башка атайын продукциянын үлгүлөрүн жана техникалык өзгөчөлүктөрүн иштеп чыгат жана бекитет;
- өз компетенциясынын чегинде мамлекеттик кызмат көрсөтүү стандарттарын иштеп чыгат;
- Агенттиктин компетенциясына кирген маселелер боюнча координациялык жана башка комиссиялардын, жумушчу топтордун ишине катышат;
- айдоочуларды даярдоо, кайра даярдоо программаларын иштеп чыгууга катышат;
- транспорт каражаттарын каттоону, кайра каттоону, каттоо документтерин берүүнү, транспорт каражаттарын кароону, номерлеринин түйүндөрүн жана агрегаттарын алардын эсептик маалыматтарына салыштырууну, түйүндөрдөн жана агрегаттардан кайра жабдылган жана чогултулган машиналарды жана жабдууларды техникалык күбөлөндүрүүнү жүзөгө ашырат;
- транспорт каражаттарынын пайдаланылган жана жокко чыгарылган мамлекеттик каттоо номердик белгилерин (түстүү металлдардын сыныктары) конкурстук негизде (аукциондо) сатат;
- айдоочулук күбөлүктү, тракторист-машинисттин күбөлүгүн алууга квалификациялык экзамендерди кабыл алууга адамдардын кирүүсүнө уруксат берүүнү жана өткөрүүнү, квалификациялык экзамендерди кабыл алууну жүзөгө ашырат;
- Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, транспорт каражаттарын, айдоочулук курамды каттоо, кайра каттоо чөйрөсүндөгү эл аралык келишимдерден келип чыгуучу Кыргыз Республикасынын милдеттенмелерин аткарууга багытталган иш-чараларды уюштурат;
- эгер суралган маалымат Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык органдын компетенциясына жана ыйгарым укуктарына кирсе, катталган транспорт каражаттары жана алардын ээлери жөнүндө, айдоочулук күбөлүк алган адамдар жөнүндө маалыматтарды берүү бөлүгүндө укук коргоо органдары жана башка мамлекеттик органдар менен өз ара аракеттенет;
- транспорт каражаттарынын айдоочуларын даярдоону жана кайра даярдоону жүзөгө ашыруучу автомектептердин ишин лицензиялоо боюнча функцияларды жүзөгө ашырат;
2) координациялоо жана контролдоо функциялары:
- транспорт каражаттарына болгон чектөөлөрдүн белгиленген тартипте эсебин жүргүзөт;
- айдоочулук күбөлүктөрдүн, тракторист-машинисттин күбөлүктөрүнүн бланктарынын, транспорт каражаттарынын каттоо документтеринин, транспорт каражаттарына мамлекеттик каттоо белгилеринин жана транспорт каражаттарына жана айдоочуларга жол кыймылына катышууга уруксат берүү үчүн зарыл болгон башка атайын продукциянын белгиленген тартипте эсебин жүргүзөт;
- автомототранспорт каражаттарынын айдоочуларын даярдоо жана кайра даярдоо боюнча окутуу уюмдарынын (автомектептердин) электрондук маалыматтар базасын түзөт;
- автомототранспорт каражаттарынын айдоочуларын даярдоо жана кайра даярдоо боюнча окутуу уюмдарынын (автомектептердин) ишин көзөмөлдөйт жана контролдойт;
- укук бузуулар жөнүндө иштерди карайт;
- Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинде каралган жазаларды салат;
- Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинде каралган учурларда укук бузуулар жөнүндө протоколдорду түзүүгө жала токтомдорду чыгарууга, жазаларды салууга ыйгарым укук берилген кызмат адамдардын тизмегин аныктайт;
- укук бузуулар жөнүндө иштерди кароого ыйгарым укук берилген, туруктуу иштөөчү комиссияларды түзөт;
- укук бузуулар боюнча комиссия жөнүндө жобону, анын сандык жана персоналдык курамын бекитет;
3) мамлекеттик кызматтарды көрсөтүү функциялары;
-транспорт каражаттарын башкаруу укугуна айдоочулук күбөлүктү берет;
- өзү жүрүүчү технологиялык машиналарды башкаруу укугуна тракторист-машинисттин күбөлүгүн берет;
- укук күбөлөндүрүүчү документтерди, каттоо номердик белгилерин берүү менен автомототранспорт каражаттарына менчик укугун каттоону (кайра каттоону) жүргүзөт;
- укук күбөлөндүрүүчү документтерди, каттоо номердик белгилерин берүү менен тракторго, трактордук чиркегичтерге, өзү жүрүүчү технологиялык машиналарга, ичинен күйүүчү кыймылдаткычка ээ стационардык технологиялык түзүлүштөргө (кооптуу өндүрүш объекттеринде колдонулуучу техникалык түзүлүштөрдөн башка) менчик укугун каттоону (кайра каттоону) жүргүзөт;
- транспорт каражаттары жана айдоочулук күбөлүктөр тууралуу маалыматтарга ырастоо берет;
- транспорт каражатын ээликтен ажыратууга чектөөлөрдү салат (камакка алуу, күрөөгө коюу);
- тракторист-машинисттин квалификациялык экзамендерин кабыл алат;
4) колдоо функциялары:
- Агенттиктин карамагындагы мамлекеттик маалыматтык ресурстардын, маалыматтык системалардын жана түйүндөрдүн коопсуздугун жана коргоону камсыз кылат;
- Агенттиктин компетенциясынын чегинде финансылык болжолдоону жана пландоону жүзөгө ашырат;
- кирешелердин, чыгашалардын сметаларын иштеп чыгат жана бекитет, Агенттикти каржылоо бөлүгүндө республикалык бюджеттин аткарылышын уюштурат;
- Агенттиктин аймактык бөлүмдөрүнүн кызматкерлерин ээлеген кызмат орундарына ылайыктыгы, кесиптик даярдыгынын деңгээли, ошондой эле карьералык өсүшүнүн келечеги боюнча аттестациялоону жүргүзөт;
- Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган эл аралык келишимдерге ылайык чет мамлекеттердин транспорт каражаттарын, айдоочулук курамды каттоо, кайра каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдары менен тажрыйба алмашууну жүзөгө ашырат;
- жарандардын жана уюмдардын Агенттиктин маалыматтык ресурстарын пайдалануу укуктарын жүзөгө ашырууну камсыз кылат;
- Агенттиктин аймактык бөлүмдөрүнүн ишине мониторинг жүргүзөт;
- транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарындагы өзгөртүүлөр тууралуу жарандарга маалымдайт;
5) өндүрүштүк ишти камсыздоо функциялары:
- транспорт каражаттары үчүн мамлекеттик каттоо номердик белгилерин даярдайт;
- автотранспорт каражаттарына цифралардын жана/же тамгалардын өзгөчө айкалышындагы мамлекеттик каттоо номердик белгилерин, ошондой эле ысымдуу номердик белгилерин сатат;
- Кыргыз Республикасынын улуттук үлгүдөгү айдоочулук күбөлүктөрүн жекелештирүүнү жүзөгө ашырат.
12. Агенттик Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген, Агенттиктин компетенциясына кирген башка функцияларды жүзөгө ашырат.
5-глава. Агенттиктин укуктары
13. Агенттик өзүнүн функцияларын жүзөгө ашыруу максатында төмөнкүлөргө укуктуу:
1) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине Агенттиктин компетенциясына кирген маселелерди кароо жөнүндө сунуштарды белгиленген тартипте киргизүүгө;
2) транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо, кайра каттоо жаатындагы эл аралык келишимдерди түзүү жөнүндө сунуштарды мыйзамда белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине киргизүүгө, өзүнүн компетенциясынын чегинде чет мамлекеттердин тийиштүү эл аралык уюмдары менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө;
3) чет мамлекеттер жана эл аралык уюмдар менен эл аралык келишимдердин, макулдашуулардын жана башка документтердин долбоорлорун иштеп чыгууга жана кол коюуга белгиленген тартипте катышууга;
4) өзүнүн компетенциясынын чегинде Агенттиктин максаттарын жана милдеттерин жүзөгө ашыруу чөйрөсүндө аткарууга милдеттүү болуп эсептелген, ошондой эле Агенттиктин ички ишин уюштуруу маселелери боюнча эрежелерди, жоболорду, регламенттерди, методикаларды, тартиптерди, колдонмолорду, буйруктарды, тескемелерди, нускамаларды, жол-жоболорду, реестрлердин формаларын иштеп чыгууга жана бекитүүгө;
5) тармактык программалардын жана ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун белгиленген тартипте иштеп чыгууга жана киргизүүгө;
6) чет мамлекеттердин мамлекеттик бийлик органдары, эл аралык уюмдар жана башка мекемелер менен белгиленген тартипте өз ара аракеттенүүгө;
7) Агенттикти өнүктүрүүнүн негизги багыттарын аныктоого жана жүзөгө ашырууга;
8) Агенттиктин компетенциясына кирген маселелер боюнча керектүү маалыматтарды жана документтерди мамлекеттик органдардан, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан, башка юридикалык жана жеке жактардан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте суроого жана алууга;
9) монополияга каршы жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган менен макулдашуу боюнча транспорт каражаттарын каттоо, кайра каттоо үчүн жыйымдардын, ошондой эле тийиштүү тармакта мамлекеттик кызматтарды көрсөтүү үчүн тарифтердин өлчөмдөрүн бекитүүгө;
10) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык уруксаттарды, лицензияларды, күбөлүктөрдү берүүгө, ошондой эле берилген документтердин шарттарынын жана талаптарынын сакталышын контролдоого, көзөмөлдөөгө;
11) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өзүнүн компетенциясынын чегинде автотранспорт каражаттарынын айдоочуларын даярдоо жана кайра даярдоо боюнча окутуу уюмдарын текшерүүгө;
12) Агенттиктин компетенциясына кирген маселелер боюнча мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, коомдук бирикмелердин, жалпыга маалымдоо каражаттарынын, юридикалык жана жеке жактардын кайрылууларын мыйзамдарда белгиленген тартипте кароого;
13) Агенттиктин компетенциясына кирген маселелерди иштеп чыгуу үчүн келишимдик негизде илимий жана башка уюмдарды, окумуштууларды жана адистерди белгиленген тартипте тартууга;
14) өзүнүн компетенциясынын чегинде маселелерди кароо үчүн жумушчу топторду, комиссияларды белгиленген тартипте түзүүгө;
15) юридикалык жана жеке жактар менен жарандык-укуктук бүтүмдөрдү белгиленген тартипте түзүүгө;
16) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык укук бузууларга жол берген адамдарды жоопкерчиликке тартуу жөнүндө маселелерди кароо үчүн материалдарды көзөмөлдөөчү, сот жана укук коргоо органдарына өткөрүп берүүгө;
17) өзүнүн компетенциясынын чегинде эл аралык уюмдардын жана мекемелердин каражаттарын, донор-өлкөлөрдүн гранттарын белгиленген тартипте тартууга;
18) товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү белгиленген тартипте сатып алууну жүзөгө ашырууга;
19) Агенттиктин грамоталарын, төш белгилерин жана башка сыйлыктарын белгиленген тартипте уюштурууга, мамлекеттик сыйлыктар менен сыйлоо жөнүндө өтүнүч жолдоого;
20) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык атайын эсептерди ачууга;
21) Агенттикке караштуу аймактык бөлүмдөрдү түзүү;
22) сот органдарында жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарында жана башка уюмдарда Агенттиктин кызыкчылыктарын билдирүүгө;
23) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка укуктарды жүзөгө ашырууга.
6-глава. Агенттиктин ишин уюштуруу
14. Агенттикти директор жетектейт, ал Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат.
15. Агенттикте директордун орун басарларынын кызмат орундары каралган, алар Агенттиктин директорунун сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан кызмат орундарына дайындалат.
Директордун орун басарлары Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын демилгеси боюнча же Агенттиктин директорунун сунушу боюнча ээлеген кызмат орундарынан бошотулушу мүмкүн.
Директордун орун басарлары түздөн-түз Агенттиктин директоруна баш иет жана өз ишин аларга жүктөлгөн милдеттердин чегинде жүзөгө ашырат.
16. Директорду жана анын орун басарларын кошпогондо, Агенттиктин кызматкерлери мамлекеттик кызматчылар болуп саналбайт жана алардын иши Агенттиктин атайын эсебинде топтолгон каражаттардын эсебинен каржыланат.
17. Агенттиктин директору:
- Агенттиктин, анын борбордук аппаратынын, аймактык бөлүмдөрүнүн ишине жалпы жетекчилик кылат жана Агенттикке жүктөлгөн милдеттердин аткарылышы үчүн жеке жоопкерчилик тартат;
- эл аралык уюмдар, Кыргыз Республикасынын жана чет мамлекеттердин мамлекеттик бийлик органдары, Кыргыз Республикасынын жана чет мамлекеттердин ишканалары, мекемелери жана уюмдары менен болгон мамилелерде Агенттиктин атынан чыгат, өзүнүн ыйгарым укуктарынын чегинде сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте Агенттиктин компетенциясына кирген маселелер боюнча эл аралык келишимдерге кол коёт;
- директордун орун басарларынын милдеттерин аныктайт, Агенттиктин башка кызмат адамдарынын оперативдик, уюштуруучулук, кадрдык, финансылык, өндүрүштүк-чарбалык жана Агенттиктин компетенциясына кирген башка маселелерди чечүү боюнча ыйгарым укуктарын белгилейт;
- Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына ылайык Агенттиктин борбордук аппаратынын жана аймактык бөлүмдөрүнүн кызматкерлерин кызмат ордуна дайындайт жана кызмат ордунан бошотот;
- Агенттиктин борбордук аппаратынын, аймактык бөлүмдөрүнүн түзүмүн, штаттык санын, штаттык ырааттамасын, аларды күтүүгө кеткен чыгымдардын сметасын бекитет, Агенттиктин бюджеттик жана атайын каражаттарын тескейт, ошондой эле алардын аткарылышын контролдойт.
Ошол эле учурда директорду дайындоо Агенттиктин түзүмүн өзгөртүү үчүн негиз болуп саналбайт.
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ушул Жобого ылайык Агенттиктин системасында аткарууга милдеттүү болгон буйруктарды, жоболорду, нускамаларды, эрежелерди жана башка ведомстволук актыларды чыгарат;
- Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына ылайык Агенттиктин ички эмгек тартибин жана Агенттиктин кызматкерлеринин кызматтык милдеттерин аныктайт;
- Агенттиктин түзүмдүк жана аймактык бөлүмдөрү жөнүндө жоболорду бекитет;
- Агенттиктин өзгөчө айырмаланган кызматкерлерин мамлекеттик сыйлыктар менен сыйлоого жана ардактуу наамдарды ыйгарууга белгиленген тартипте сунуштайт;
- Агенттиктин кызматкерлерине карата Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарында белгиленген сыйлоо жана тартиптик жоопкерчилик чараларын колдонот;
- бөлүнгөн материалдык ресурстарды, бюджеттик жана атайын каражаттарды максаттуу жана натыйжалуу пайдаланууну камсыз кылат;
- Агенттиктин кызматкерлеринин өкүлчүлүк органы менен жамааттык келишимге кол коёт;
- Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына, жамааттык келишимге ылайык Агенттиктин, аймактык бөлүмдөрүнүн кызматкерлерине эмгекке дем берүү жөнүндө чечим кабыл алат;
- Агенттиктин алдына коюлган милдеттерди аткаруу үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Агенттиктин мүлкүн, финансылык каражаттарын башкаруу боюнча чечимдерди кабыл алат, ишеним каттарды берет, финансылык жана эмгек тартибинин сакталышын камсыз кылат;
- белгилүү иштерди аткаруу жөнүндө мөөнөттүү эмгек келишимдерин түзөт.
18. Директор транспорт каражаттарын, түзүлүштөрдү жана жабдууларды каттоо, кайра каттоо чөйрөсүндө юридикалык жактар менен келишимдерди түзүү бөлүгүндө өзүнүн ыйгарым укуктарын Агенттиктин аймактык бөлүмдөрүнүн жетекчилерине өткөрүп берүүгө укуктуу.
19. Агенттиктин директору жок учурда (иш сапар, өргүү, убактылуу эмгекке жарамсыздык) Агенттиктин ишине Агенттиктин директорунун тиешелүү буйругу менен аныкталуучу директордун орун басарларынын бири жетекчилик кылат.
20. Директордун орун басарлары директор тарабынан алардын карамагына берилген маселелер боюнча өз алдынча чечимдерди кабыл алат, иштин тейлеген багыттары боюнча иштерди уюштурат.
21. Агенттиктин кызматкерлерин укуктук жана социалдык коргоо Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.
22. Агенттик финансылык каражаттардын белгиленген тартипте эсебин жүргүзөт, статистикалык, бухгалтердик жана башка отчеттуулуктун маалыматтарын даярдоону жана тийиштүү органдарга берүүнү камсыз кылат.
23. Агенттикте 7 адамдан турган коллегия уюштурулат. Кызмат орду боюнча Агенттиктин директору (коллегиянын төрагасы) жана директордун орун басарлары коллегиянын мүчөлөрү болуп саналат. Коллегиянын курамына милдеттүү түрдө Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын бир өкүлү кирет. Коллегиянын мүчөлөрүнүн жеке курамы Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын тейлеген түзүмдүк бөлүмү менен макулдашуу боюнча Агенттиктин директору тарабынан бекитилет.
Коллегиянын курамына Агенттиктин түзүмдүк жана ведомстволук бөлүмдөрүнүн жетекчилери, ошондой эле жарандык коомдун институттарынын өкүлдөрү кириши мүмкүн.
Коллегиянын иши Агенттиктин директорунун буйругу менен бекитилүүчү Коллегия жөнүндө жобо менен аныкталат.
7-глава. Корутунду жоболор
24. Агенттикти каржылоо республикалык бюджеттин каражаттарынын, мамлекеттик кызматтарды көрсөтүүдөн түшкөн каражаттардын, атайын каражаттардын, гранттардын, юридикалык жана жеке жактардын ыктыярдуу төгүмдөрүнүн, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка булактардын эсебинен жүзөгө ашырылат.
25. Каражаттарды чыгымдоо Агенттиктин директору бекиткен сметалардын негизинде, ошондой эле учурдагы финансылык жылга каралган каражаттардын чегинде жамааттык келишимдин шарттарына ылайык жүргүзүлөт.
26. Агенттикти жоюу жана кайра уюштуруу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.
27. Агенттиктин иши токтотулган учурда аньш документтери "Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык колдонулат жана сакталат.