Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 27-ноябры № 760
Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына
караштуу Транспорт каражаттарын жана айдоочулук
курамды каттоо боюнча мамлекеттик борбордун
ишинин маселелери жөнүндө
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 5-июнундагы № 393 токтомунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 15-сентябрындагы № 259 “Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик борбор жөнүндө” Жарлыгынын 3, 4-пункттарын ишке ашыруу максатында, “Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2-беренесине, Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 92–94-статьяларына, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агенттик Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик борбор деп кайра аталсын.
2. Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик борбордун өткөрүп берүү актысын бекитсин.
3. Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик борборго транспорт каражаттарынын айдоочуларын даярдоо жана кайра даярдоо боюнча билим берүү ишин (автомектептерди) лицензиялоо функциясын жүзөгө ашырууга ыйгарым укук берилсин.
4. Төмөнкүлөр бекитилсин:
– Транспорт каражаттарын, түзүлүштөрдү жана жабдууларды, ошондой эле аларга карата менчик укуктарын мамлекеттик каттоо, кайра каттоо эрежелери 1-тиркемеге ылайык;
– Катталган транспорт каражаттарынын жана айдоочулук курамдын электрондук маалыматтар базасын уюштуруу жана жүргүзүү тартиби 2-тиркемеге ылайык;
– Катталган транспорт каражаттарынын жана айдоочулук курамдын электрондук маалыматтар базасына ыкчам кирүү укугу бар Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана кызмат адамдарынын тизмеги 3-тиркемеге ылайык;
– Транспорт каражаттарынын электрондук паспортторун (транспорт каражаттарынын шассисинин паспортторун) жана өзү жүрүүчү машиналардын жана техниканын башка түрлөрүнүн электрондук паспортторун тариздөө тартиби 4-тиркемеге ылайык;
– Квалификациялык экзамендерди кабыл алуу жана айдоочулук күбөлүктөрдү берүү эрежелери 5-тиркемеге ылайык;
– Квалификациялык экзамендерди кабыл алуу жана тракторист-машинисттин күбөлүктөрүн берүү эрежелери 6-тиркемеге ылайык;
– Транспорт каражаттарынын алдынкы эшиктеринин каптал айнектерин күңүрттөөгө жыйымдарды төлөө жана уруксатты каттоо тартиби 7-тиркемеге ылайык;
– Автотранспорт каражаттарына өзгөчө айкалыштагы цифралар жана/же тамгалар менен мамлекеттик каттоочу номердик белгилерди сатуу жөнүндө жобо 8-тиркемеге ылайык;
– Автотранспорт каражаттарына энчилүү мамлекеттик каттоочу номердик белгилерди сатуу жөнүндө жобо 9-тиркемеге ылайык;
– Транспорт каражаттарынын мамлекеттик каттоочу номердик белгилеринде колдонулган Кыргыз Республикасынын Бишкек, Ош шаарларынын жана облустарынын цифралык коддорунун тизмеги 10-тиркемеге ылайык.
5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерине 11-тиркемеге ылайык өзгөртүүлөр киргизилсин.
6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдери 12-тиркемеге ылайык күчүн жоготту деп таанылсын.
7. Төмөнкүлөр аныкталсын:
1) Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик борбор Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги менен биргеликте:
– Евразия экономикалык комиссиясынын жана Евразия экономикалык бирлигинин органдарынын транспорт каражаттарына, өзү жүрүүчү машиналарга жана техниканын башка түрлөрүнө электрондук паспортторду киргизүү маселелери боюнча чечимдерин ишке ашыруу жана Евразия экономикалык комиссиясынын жана Евразия экономикалык бирлигинин органдарынын чечимдерине шайкеш келтирүү боюнча тиешелүү ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгуу үчүн жооптуу мамлекеттик органдар болуп;
– Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин ыйгарым укуктуу органдарынын (уюмдарынын) жана транспорт каражаттарынын (транспорт каражаттарынын шассисинин), өзү жүрүүчү машиналардын жана техниканын башка түрлөрүнүн паспортторун тариздөөчү транспорт каражаттарын (транспорт каражаттарынын шассисин), өзү жүрүүчү машиналарды жана техниканын башка түрлөрүн өндүрүүчү уюмдардын реестрин жүргүзүү үчүн жооптуу мамлекеттик органдар болуп;
2) Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу “Кызмат” мамлекеттик мекемеси Кыргыз Республикасынын аймагында транспорт каражаттарынын, өзү жүрүүчү машиналардын жана техниканын башка түрлөрүнүн электрондук паспорттору системасынын улуттук оператору болуп.
8. Кыргыз Республикасынын аймагында убактылуу эсепке алынган транспорт каражаттарына “регион” графасында “11” деген цифралар менен мамлекеттик каттоочу номердик белгилер берилет деп белгиленсин.
9. Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик борбор ушул токтомдон келип чыгуучу чараларды көрсүн.
10. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 5-декабрындагы № 96 (3753) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.А. Касымалиев |
| 11-тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин
айрым чечимдерин өзгөртүү
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 5-июнундагы № 393 токтомунун редакциясына ылайык)
1. (КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 5-июнундагы № 393 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 23-сентябрындагы № 659 “Чет мамлекеттердин өкүлчүлүктөрүнүн кызматкерлерин, эл аралык уюмдардын өкүлчүлүктөрүнүн кызматкерлерин аккредитациялоонун жана дипломатиялык номердик белгилерди каттоонун маселелери жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасында аккредитацияланган чет мамлекеттердин дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн жана консулдук мекемелеринин, эл аралык уюмдардын өкүлчүлүктөрүнүн автотранспорт каражаттарын, ошондой эле алардын кызматкерлеринин автотранспорт каражаттарын каттоонун (кайра каттоонун) тартиби тууралуу жободо:
– 1-пункттагы “Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин “Унаа” мамлекеттик мекемесинде (мындан ары – “Унаа” ММ)” деген сөздөр “транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча ыйгарым укуктуу органда (мындан ары – ыйгарым укуктуу орган)” деген сөздөргө алмаштырылсын;
– 2–4, 8, 15, 23, 25, 31, 34, 35, 47-пункттардагы түрдүү жөндөмөдөгү ““Унаа” ММ” деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдөгү “ыйгарым укуктуу орган” деген сөздөргө алмаштырылсын;
түрдүү жөндөмөдөгү ““Унаа” ММ” деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдөгү “ыйгарым укуктуу орган” деген сөздөргө алмаштырылсын;
““Анкер” ЖЧКда” деген сөздөр ““Учкун” ААКда” деген сөздөргө алмаштырылсын.
3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 264 “Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын жана Кыргыз Республикасынын башка мамлекеттик органдарынын, анын ичинде техникалык жана тейлөөчү персоналынын штаттык санынын чеги жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) жогоруда аталган токтомдун 1-тиркемесинде:
– 195-пункт күчүн жоготту деп таанылсын;
2) жогоруда аталган токтомдун 5-тиркемесинде:
– 212-пункт күчүн жоготту деп таанылсын.
4. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 14-декабрындагы № 678 “Иштин айрым түрлөрүн лицензиялоо маселелери жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Иштин айрым түрлөрүн лицензиялоо жөнүндө жободо:
– 381-пункттагы “мамлекеттик” деген сөз алып салынсын.
5. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-июнундагы № 304 “Мамлекеттик органдардын жана алардын ведомстволук мекемелеринин мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрүнүн бирдиктүү реестрин бекитүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Мамлекеттик органдардын жана алардын ведомстволук мекемелеринин мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрүнүн бирдиктүү реестринде:
– 4-главада:
77–82-пункттарда “ТКАККМА” деген аббревиатура “КРПИБ караштуу ТКАККМБ” деген сөздөргө алмаштырылсын;
төмөнкүдөй мазмундагы 771-пункт менен толукталсын:
“ | ||||
771 | Транспорт каражаттарын башкаруу укугуна айдоочунун күбөлүгүн шашылыш берүү | КРПИБ караштуу ТКАККМБ | КРПИБ караштуу ТКАККМБ | Акы төлөнөт |
”; | ||||
төмөнкүдөй мазмундагы 791–792-пункттар менен толукталсын:
“ | ||||
791 | Укугун күбөлөндүрүүчү документтерди, каттоочу номердик белгилерди берүү менен автомототранспорт каражаттарына менчик укугун шашылыш каттоо (кайра каттоо) | КРПИБ караштуу ТКАККМБ | КРПИБ караштуу ТКАККМБ | Акы төлөнөт |
792 | Укугун күбөлөндүрүүчү документтерди, каттоочу номердик белгилерди берүү менен чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын автомототранспорт каражаттарын убактылуу каттоого коюу | КРПИБ караштуу ТКАККМБ | КРПИБ караштуу ТКАККМБ | Акы төлөнөт |
”; | ||||
– 5-главада:
67-пунктта “ТКАККМА” деген аббревиатура “КРПИБ караштуу ТКАККМБ” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
төмөнкүдөй мазмундагы 671-пункт менен толукталсын:
“ | ||||
671 | Айдоочулук күбөлүктү берүүгө квалификациялык экзамендерди кабыл алуу | КРПИБ караштуу ТКАККМБ | КРПИБ караштуу ТКАККМБ | Акы төлөнөт |
”; | ||||
– кыскартуулардын тизмесинде:
алтынчы абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“КРПИБ караштуу ТКАККМБ – Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик борбор”.
6. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 17-майындагы № 261 “Башка мамлекеттин ыйгарым укуктуу органында катталган автотранспорт каражаттарынын Кыргыз Республикасынын аймагына кирүүсүнүн (ташып кирүүнүн) жана аларды Кыргыз Республикасынын аймагында эксплуатациялоо тартибин бекитүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: “Башка мамлекеттин ыйгарым укуктуу органында катталган автотранспорт каражаттарынын Кыргыз Республикасынын аймагына кирүүсүнүн (ташып кирүүнүн) жана аларды Кыргыз Республикасынын аймагында эксплуатациялоо, ошондой эле автотранспорт каражаттарын Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары чыгаруунун (ташып чыгуунун) тартибин бекитүү жөнүндө”;
2) 1-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“1. “Башка мамлекеттин ыйгарым укуктуу органында катталган автотранспорт каражаттарынын Кыргыз Республикасынын аймагына кирүүсүнүн (ташып кирүүнүн) жана аларды Кыргыз Республикасынын аймагында эксплуатациялоо, ошондой эле автотранспорт каражаттарын Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары чыгаруунун (ташып чыгуунун) тартиби бекитилсин.”;
3) жогоруда аталган токтомдун тиркемесинде:
– аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: “Башка мамлекеттин ыйгарым укуктуу органында катталган автотранспорт каражаттарынын Кыргыз Республикасынын аймагына кирүүсүнүн (ташып кирүүнүн) жана аларды Кыргыз Республикасынын аймагында эксплуатациялоо, ошондой эле автотранспорт каражаттарын Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары чыгаруунун (ташып чыгуунун) тартиби”;
– 1-пунктта “Башка мамлекеттин ыйгарым укуктуу органында катталган автотранспорт каражаттарынын Кыргыз Республикасынын аймагына кирүүсүнүн (ташып кирүүнүн) жана аларды Кыргыз Республикасынын аймагында эксплуатациялоо тартиби” деген сөздөр “Башка мамлекеттин ыйгарым укуктуу органында катталган автотранспорт каражаттарынын Кыргыз Республикасынын аймагына кирүүсүнүн (ташып кирүүнүн) жана аларды Кыргыз Республикасынын аймагында эксплуатациялоо, ошондой эле автотранспорт каражаттарын Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары чыгаруунун (ташып чыгуунун) тартиби” деген сөздөргө алмаштырылсын;
төмөнкүдөй мазмундагы 121-пункт менен толукталсын:
“121. Кыргыз Республикасынын аймагында убактылуу катталган автотранспорт каражаттарын Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары алып чыгууга (ташып чыгууга) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген тартипте автотранспорт каражаттары каттоодон чыгарылганга чейин тыюу салынат.”.
| 12-тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кыргыз
Республикасынын Министрлер Кабинетинин күчүн жоготту деп
таанылууга тийиш айрым чечимдеринин тизмеги
1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 10-апрелиндеги № 205 “Автоунаа каражаттары үчүн мамлекеттик каттоочу цифралардын жана/же тамгалардын өзгөчө айкалышындагы номердик белгилерин сатуу жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтому;
2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 11-апрелиндеги № 210 “Автоунаа каражаттарына мамлекеттик каттоочу ысымдуу номердик белгилерди сатуу жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтому;
3) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 5-сентябрындагы № 482 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө” токтому;
4) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 23-июнундагы № 407 “Транспорт каражаттарын, түзүлүштөрдү жана жабдууларды каттоо маселелери жөнүндө” токтому;
5) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 18-декабрындагы № 819 “Квалификациялык сынактарды кабыл алуу, айдоочулук күбөлүктөрдү жана тракторист-машинисттин күбөлүктөрүн берүү эрежелерин бекитүү жөнүндө” токтому;
6) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 28-мартындагы № 163 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 10-апрелиндеги № 205 “Автоунаа каражаттары үчүн мамлекеттик каттоочу цифралардын өзгөчө айкалышындагы номердик белгилерин сатуу жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” токтому;
7) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 26-июнундагы № 302 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 23-июнундагы № 407 “Транспорт каражаттарын, түзүлүштөрдү жана жабдууларды каттоо маселелери жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” токтому;
8) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 18-сентябрындагы № 436 “Айдоочулук күбөлүктөрдү берүү маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” токтому;
9) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 25-октябрындагы № 502 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 23-июнундагы № 407 “Транспорт каражаттарын, түзүлүштөрдү жана жабдууларды каттоо маселелери жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” токтому;
10) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 19-декабрындагы № 592 “Транспорт каражаттарын каттоо жана айдоочулук күбөлүктөрдү берүү маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” токтому;
11) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 28-январындагы № 22 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 10-апрелиндеги № 205 “Автоунаа каражаттары үчүн мамлекеттик каттоочу цифралардын жана/же тамгалардын өзгөчө айкалышындагы номердик белгилерин сатуу жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” токтому;
12) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 15-февралындагы № 54 “Акылдуу шаар” долбоорунун “Коопсуз шаар” компонентин ишке ашыруу маселеси боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” токтомунун 1-пункту;
13) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 6-июнундагы № 282 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 23-июнундагы № 407 “Транспорт каражаттарын, түзүлүштөрдү жана жабдууларды каттоо маселелери жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” токтому;
14) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 17-июнундагы № 293 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 23-июнундагы № 407 “Транспорт каражаттарын, түзүлүштөрдү жана жабдууларды каттоо маселелери жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” токтому;
15) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 30-августундагы № 443 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 23-июнундагы № 407 “Транспорт каражаттарын, түзүлүштөрдү жана жабдууларды каттоо маселелери жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” токтому;
16) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 16-сентябрындагы № 477 “Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” токтомунун 10-пункту;
17) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 8-октябрындагы № 530 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айдоочулук күбөлүктөрдү берүү маселелери боюнча айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” токтомунун 2-пункту;
18) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 18-октябрындагы № 560 “Транспорт каражаттарын каттоо жана айдоочулук күбөлүктөрдү берүү маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” токтомунун тиркемесинин 2, 3-пункттары;
19) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 21-ноябрындагы № 621 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн транспорт каражаттарын техникалык кароодон өткөрүү чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” токтомунун 2-пункту;
20) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 16-декабрындагы № 683 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 23-июнундагы № 407 “Транспорт каражаттарын, түзүлүштөрдү жана жабдууларды каттоо маселелери жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” токтому;
21) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 30-декабрындагы № 733 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн продукциянын шайкештигин баалоо чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” токтомунун 2-пункту;
22) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 7-майындагы № 237 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 23-июнундагы № 407 “Транспорт каражаттарын, түзүлүштөрдү жана жабдууларды каттоо маселелери жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” токтому;
23) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 10-июлундагы № 378 “Айдоочулук күбөлүктөрдү берүү жана транспорт каражаттарын каттоо маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” токтому;
24) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 28-августундагы № 453 “Автоунаа каражаттары үчүн мамлекеттик каттоочу цифралардын өзгөчө айкалышындагы номердик белгилерин сатуу маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” токтому;
25) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 9-сентябрындагы № 475 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 23-июнундагы № 407 “Транспорт каражаттарын, түзүлүштөрдү жана жабдууларды каттоо маселелери жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” токтому;
26) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 9-сентябрындагы № 476 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” токтому;
27) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 7-декабрдагы № 596 “Транспорт каражаттарын каттоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” токтому;
28) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 19-мартындагы № 102 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 18-декабрындагы № 819 “Квалификациялык сынактарды кабыл алуу, айдоочулук күбөлүктөрдү жана тракторист-машинисттин күбөлүктөрүн берүү эрежелерин бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” токтому;
29) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 1-июнундагы № 17 “Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин маселелери жөнүндө” токтомунун 9-тиркемесинин 3, 4-пункттары;
30) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 16-июнундагы № 31 “Транспорт каражаттарын каттоо жана айдоочулук күбөлүктөрдү берүү маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” токтому;
31) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 12-августундагы № 125 “Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн тизмеси жана мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттары маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” токтомунун 3-пункту;
32) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 17-августундагы № 138 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 23-июнундагы № 407 “Транспорт каражаттарын, түзүлүштөрдү жана жабдууларды каттоо маселелери жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” токтому;
33) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 18-августундагы № 143 “Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын маселелери жөнүндө” токтомунун 5-тиркемесинин 6-пункту;
34) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 23-декабрындагы № 326 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн консулдук кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” токтомунун 2-пункту;
35) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 345 “Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 7-декабрындагы № 548 “Кыргыз Республикасында жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруу тууралуу» токтомунун 1, 2, 3, 4, 5 жана 6-пункттары;
36) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-апрелиндеги № 239 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 23-июнундагы № 407 “Транспорт каражаттарын, түзүлүштөрдү жана жабдууларды каттоо маселелери жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” токтому;
37) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 20-майындагы № 281 “Транспорт каражаттарынын алдыңкы эшиктеринин каптал айнектерин күңүрттөөгө жыйымдарды төлөөнүн жана уруксатты каттоонун тартиби жөнүндө” токтому;
38) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 18-ноябрындагы № 637 “Кыргыз Республикасынын аймагында санариптик документтерди пайдаланууну киргизүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” токтомунун 4, 5-пункттары;
39) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 16-декабрындагы № 685 “Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” токтомунун 3, 4 жана 5-пункттары;
40) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 14-августундагы № 407 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 23-июнундагы № 407 “Транспорт каражаттарын, түзүлүштөрдү жана жабдууларды каттоо маселелери жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” токтому;
41) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 8-сентябрындагы № 452 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 10-апрелиндеги № 205 “Автоунаа каражаттары үчүн мамлекеттик каттоочу цифралардын өзгөчө айкалышындагы номердик белгилерин сатуу жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” токтому;
42) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 28-декабрындагы № 716 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 23-июнундагы № 407 “Транспорт каражаттарын, түзүлүштөрдү жана жабдууларды каттоо маселелери жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” токтому;
43) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 22-февралындагы № 78 “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агенттиктин маселелери жөнүндө” токтому;
44) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 18-июнундагы № 318 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 23-июнундагы № 407 “Транспорт каражаттарын, түзүлүштөрдү жана жабдууларды каттоо маселелери жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” токтому;
45) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 23-июлундагы № 405 “Мамлекеттик мүлктү муниципалдык менчикке өткөрүп берүүнүн тартибин бекитүү жөнүндө” токтомунун 3-пункту;
46) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 9-августундагы № 464 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 23-июнундагы № 407 “Транспорт каражаттарын, түзүлүштөрдү жана жабдууларды каттоо маселелери жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” токтому;
47) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 14-августундагы № 472 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 23-июнундагы № 407 “Транспорт каражаттарын, түзүлүштөрдү жана жабдууларды каттоо маселелери жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” токтому;
48) “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 15-августундагы № 474 “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 20-майындагы № 281 “Транспорт каражаттарынын алдыңкы эшиктеринин каптал айнектерин күңүрттөөгө жыйымдарды төлөөнүн жана уруксатты каттоонун тартиби жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” токтому;
49) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 23-августундагы № 501 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 23-июнундагы № 407 “Транспорт каражаттарын, түзүлүштөрдү жана жабдууларды каттоо маселелери жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” токтому;
50) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 25-сентябрындагы № 585 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 18-декабрындагы № 819 “Квалификациялык сынактарды кабыл алуу, айдоочулук күбөлүктөрдү жана тракторист-машинисттин күбөлүктөрүн берүү эрежелерин бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” токтому;
51) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 8-октябрындагы № 609 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн автотранспорт каражаттарынын ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” токтомунун 1-пункту;
52) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 11-январындагы № 8 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 23-июнундагы № 407 “Транспорт каражаттарын, түзүлүштөрдү жана жабдууларды каттоо маселелери жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” токтому;
53) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 28-февралындагы № 100 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” токтому;
54) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 7-апрелиндеги № 181 “Санариптештирүү, калкты каттоо жана документтештирүү маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” токтомунун 5-пункту;
55) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 16-июнундагы № 344 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 18-декабрдагы № 819 “Квалификациялык сынактарды кабыл алуу, айдоочулук күбөлүктөрдү жана тракторист-машинисттин күбөлүктөрүн берүү эрежелерин бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” токтому;
56) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 23-июнундагы № 358 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 23-июнундагы № 407 “Транспорт каражаттарын, түзүлүштөрдү жана жабдууларды каттоо маселелери жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” токтому;
57) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 25-июнундагы № 363 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 23-июнундагы № 407 “Транспорт каражаттарын, түзүлүштөрдү жана жабдууларды каттоо маселелери жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” токтому;
58) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 21-июлундагы № 435 “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин транспорт каражаттарын каттоо чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” токтому;
59) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 14-августундагы № 497 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо маселелери боюнча айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” токтому;
60) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 20-августундагы № 509 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 18-декабрындагы № 819 “Квалификациялык сынактарды кабыл алуу, айдоочулук күбөлүктөрдү жана тракторист-машинисттин күбөлүктөрүн берүү эрежелерин бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” токтому;
61) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 22-августундагы № 516 “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 20-майындагы № 281 “Транспорт каражаттарынын алдыңкы эшиктеринин каптал айнектерин күңүрттөөгө жыйымдарды төлөөнүн жана уруксатты каттоонун тартиби жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” токтому;
62) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 12-сентябрындагы № 580 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 23-июнундагы № 407 “Транспорт каражаттарын, түзүлүштөрдү жана жабдууларды каттоо маселелери жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” токтому;
63) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 20-сентябрындагы № 595 “Легалдаштыруу жол-жобосунан өткөн жана регион графасында “10” коду менен Кыргыз Республикасынын мамлекеттик каттоо номердик белгилери бар транспорт каражаттарынын маселелери жөнүндө” токтомунун 2-пункту;
64) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 24-сентябрындагы № 610 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 18-декабрдагы № 819 “Квалификациялык сынактарды кабыл алуу, айдоочулук күбөлүктөрдү жана тракторист-машинисттин күбөлүктөрүн берүү эрежелерин бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” токтому;
65) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 7-декабрындагы № 591-б буйругунун 1-пунктунун үчүнчү абзацы.