Загрузка документа…
|
| Тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 19-мартындагы № 123 токтомуна) |
Он үчүнчү эмгек акыны эсептөөнүн ТАРТИБИ
1. Бул Тартип он үчүнчү эмгек акыны бирдей ыкмада эсептөө максатында иштелип чыккан.
Он үчүнчү эмгек акы - бул бир жылдагы иштин жыйынтыгы боюнча сый акы.
2. Он үчүнчү эмгек акы календардык жылдын аягында кызматкерлерге төлөнөт (календардык жылдын аягына чейин жумуштан бошотулгандардан жана кош бойлуулук жана төрөт боюнча өргүүдө жүргөндөрдөн тышкары) жана төмөнкүдөй формула боюнча эсептелет:
ОЭА = ЭАЖФ / 12,
мында:
ОЭА - он үчүнчү эмгек акы;
ЭАЖФ - кызматкердин эмгек акысынын жылдык фонду;
12-календардык жылдагы айлардын саны.
Бул формула тийиштүү календардык жылда толук жыл (1-январдан 31-декабрга чейин) иштеген кызматкерлерге он үчүнчү эмгек акыны эсептөөдө колдонулат.
Эмгек акынын жылдык фонду эсептелген эмгек акыны (эмгек акы төлөө шарттарында каралган үстөктөр, кошумча төлөмдөр жана башка төлөмдөр эске алынган кызматтык маяна), өргүүгө төлөмдү, эмгек акынын эки айлык фондунун өлчөмүндө ден соолугун чыңдоого жөлөкпулду кошуу жолу менен эсептелет.
3. Тийиштүү календардык жылдын аягында айлардын толук эмес санын иштеген кызматкерлерге он үчүнчү эмгек акыны эсептөөдө төмөнкүдөй формула колдонулат:
ОЭА = ЭАФ / 12,
мында:
ОЭА - он үчүнчү эмгек акы;
ЭАФ - иштеген мезгилдеги эмгек акы фонду;
12 - календардык жылдагы айлардын саны.
Мисалы: кызматкер календардык жылда төрт ай иштеген, бул төрт айдагы эмгек акысынын суммасы 20000 сомду түзсө, анын он үчүнчү эмгек акысы төмөнкүдөй болот:
20000 / 12 = 1667 сом.
4. Кош бойлуулук жана төрөт боюнча өргүүдө жүргөн аялдарга он үчүнчү эмгек акы бул Тартиптин 3-пунктуна ылайык эсептелет.
Он үчүнчү эмгек акы ошондой эле аялдарга жана эркектерге бала багуу үчүн эмгек акысы сакталбаган кошумча өргүү берилгенде төлөнөт.
5. Календардык жылдын аягына чейин эмгек мамилелерин токтоткон учурда кызматкерге он үчүнчү эмгек акы ушул Тартиптин 3-пунктуна ылайык эсептелет жана акыркы эсептешүү жүргүзүлгөндө төлөнөт.
6. Он үчүнчү эмгек акы эсептөө убактысына карабастан, ай сайын 1/12 бөлүгү өлчөмүндө өргүү акысын төлөө үчүн орточо күндүк эмгек акыны эсептөөдө эске алынат.
7. Он үчүнчү эмгек акыны эсептөөдө бир жолку материалдык жардам, жумушка убактылуу жарамсыздык, кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпул, сый акылар жана эмгек акы төлөө шарттарында каралбаган башка төлөмдөр, социалдык төлөмдөр (жол киреге, тамактанууга, менчик автотранспортту пайдаланууга ж.б. төлөмдөр) кошулбайт.