Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2024-жылдын 19-марты № 71
Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине, "Финансылык ижара (лизинг) жөнүндө", "Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
1-берене.
Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин II бөлүгүнө (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1998-ж., № 6, 226-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 603-статьянын биринчи бөлүгүндө "ишкерлик максатка" деген сөздөр алып салынсын;
2) 604-статьянын 1-пунктунда "Ишкердик үчүн пайдаланылуучу бардык" деген сөздөр "Бардык" деген сөзгө алмаштырылсын;
3) 724-статьянын 5-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын;
"5. Ушул статьянын 3-пунктунда каралган шарттарга туура келген жактардын иши Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарына ылайык коммерциялык юридикалык жактын статусундагы экономикалык иштин салыктык каттоосунан милдеттүү тартипте өткөрүлүүгө тийиш жана кредиттерди берүү түрүндө ушул главанын 2-параграфынын жоболору жана Кыргыз Республикасынын банктык мыйзамдары менен жөнгө салынат.".
2-берене.
"Финансылык ижара (лизинг) жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2002-ж., № 9, 409-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 1-статьянын 2-пунктунда "аларга" деген сөз "Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына" деген сөздөргө алмаштырылсын;
2) 3-статьянын 1-пунктунда "ишкердик иш үчүн пайдаланылуучу" деген сөздөр алып салынсын;
3) 4-статьянын экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- лизинг берүүчү - лизинг келишимин ишке ашыруунун жүрүшүндө тиешелүү лицензиясынын негизинде мыйзамдарда белгиленген тартипте мүлктү өзүнүн жана/же заемдук каражаттардын эсебинен менчикке сатып алып жаткан жана аны белгилүү бир мөөнөткө жана белгилүү бир шарттарда белгилүү бир акыга лизинг алуучуга лизинг предмети катары убактылуу ээлик кылууга жана лизинг предметине менчик укугунун лизинг алуучуга өтүүсү менен же өтпөстөн пайдаланууга берип жаткан юридикалык жак;";
4) 5-статьянын 4-пунктунда "жана/же жеке" деген сөздөр алып салынсын;
5) Мыйзам төмөнкүдөй мазмундагы 51-статья менен толукталсын:
"51-статья. Лизинг ишин лицензиялоо жана жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган
1. Лизинг иши Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутумунун чөйрөсүндөгү мыйзамдарга ылайык лицензияланууга тийиш. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан ыйгарым укук берилген орган лицензиар болуп саналат.
2. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын көзөмөлүндө турган юридикалык жактарды кошпогондо, юридикалык жактар жүзөгө ашыруучу лизинг ишин жөнгө салуу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин ченемдик укуктук актыларына ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети ыйгарым укук берген орган тарабынан жүзөгө ашырылат.
3. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын көзөмөлүндөгү жактар жүзөгө ашыруучу лизинг ишин жөнгө салуу Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан банк мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.";
6) 7-статьянын төртүнчү абзацында "ишкердик максат үчүн" деген сөздөр алып салынсын.
3-берене.
"Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2013-ж., № 9, 1030-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 2-берененин 4-бөлүгүнүн экинчи абзацы "виртуалдык активдер чөйрөсүндөгү иш жөнүндө," деген сөздөрдөн кийин "лизинг иши жөнүндө," деген сөздөр менен толукталсын;
2) 15-берене төмөнкүдөй мазмундагы 63-пункт менен толукталсын:
"63) лизинг иши.".
4-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы үч айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 26-мартындагы № 23 (3576) саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Жапаров |
|
|
|
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |