Загрузка документа…
| 4-тиркеме |
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 25-мартындагы № 107-т тескемеси менен бекитилди) |
2024-2028-жылдарга Кыргыз Республикасынын кыртыштын күрдүүлүгүн жогорулатуу программасын ишке ашырууга мониторинг жүргүзүү жана баалоо индикаторлорунун МАТРИЦАСЫ
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 8-апрелиндеги № 257-т тескемесинин редакциясына ылайык)
№ | Милдеттер | Чаралар/Иш-аракеттер | Өлчөө бирдиги | Базалык жыл | 2025-жыл | 2026-жыл | 2027-жыл | 2028-жыл | Акыркы индикаторлор же максаттуу көрсөткүчтөр | Жооптуу аткаруучулар |
1 | Айыл чарба багытындагы жерлердин кыртышынын күрдүүлүгүн сактоо жана жогорулатуу боюнча системаны институттук жайгаштырууну өнүктүрүү | Бардык деңгээлде кыртыштын күрдүүлүгүн сактоо жана жогорулатуу, акырындык менен көбөйүп жаткан коркунуч катары жердин шор басышына жана шорлонуусуна каршы аракеттенүү багыттары жана коркунучу жөнүндө маалымдуулукту жогорулатуу (окуу сабактары, семинарлар, буклеттер ж.б.) | Окутуулардын саны | 2024-жыл | 2 | 2 | 2 | 2 | 8 | Жер агенттиги, КРП ЫУӨ, ЖМА, ЖӨБО |
Кыртыш жана агрохимиялык кызмат үчүн адистерди даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу, ЕАЭБ өлкөлөрүнүн алдынкы агрохимиялык станцияларында жана лабораторияларында стажировкадан өтүү жана тажрыйба алмашуу | Стажировкалардын саны | 2024-жыл | 1 | 2 | 3 | 3 | 9 | Жер агенттиги | ||
"Кыргызмамжердолбоорлоо" МИнин алдында Баткен, Ысык-Көл жана Нарын облустарында жаңы кыртыштык-агрохимиялык лабораторияларды ачуу жана айыл чарба багытындагы жерлерге андан ары туруктуу мониторинг жүргүзүү жана маалыматтар банкын түзүү үчүн Жалал-Абад жана Талас облустарында иштеп жаткандарды күчтөндүрүү. Лабораторияларды заманбап приборлор жана жабдуулар менен жабдуу | Облустардагы лабораториялардын саны боюнча | 2024-жыл | 2 | 1 | 3 | 4 | 10 | Жер агенттиги, КРП ЫУӨ, ЖМА, ЖӨБО | ||
Окутуу семинарлары, тренингдер аркылуу инновациялык технологияларды колдонуу маселелери боюнча жер пайдалануучулардын дыйканчылык маданиятын, билим деңгээлин жана маалымдуулугун жогорулатуу | Окутуулардын саны | 2024-жыл | 2 | 2 | 2 | 2 | 8 | Жер агенттиги, КРП ЫУӨ, ЖМА, ЖӨБО | ||
2 | Жер фондун кадастрдык баалоо жана жер семирткичтерди негиздүү колдонуу үчүн айыл чарба багытындагы жерлерди кыртыштык жана агрохимиялык изилдөөлөр | Айдоо жерлерине кыртыштагы азыктандыруучу заттардын камтылышы боюнча агрохимиялык изилдөөлөрдү жүргүзүү | Жүргүзүлгөн изилдөөлөрдүн % | 2024-жыл | 5 | 10 | 35 | 50 | 100 | Жер агенттиги |
Айыл чарба багытындагы жерлердин санариптик картасын жана кыртыштын күрдүүлүгүнүн маалыматтар банкын түзүү | 1ден баштап кийин улам толуктоо менен, % | 2024-жыл | 25 | 25 | 25 | 25 | 100 | Жер агенттиги | ||
3 | Туздуу жана шорлуу жерлерди мелиорациялоо | Туздуу жана шорлуу кыртыштын туздуулугун изилдөөнү жүргүзүү | Изилдөөлөрдүн саны | 2024-жыл | 5 | 10 | 35 | 50 | 100 | Жер агенттиги |
Кыскартуулардын тизмеси
Жер агенттиги | - | Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттик |
КРП ЫУӨ | - | Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү |
ЖМА | - | жергиликтүү мамлекеттик администрация |
ЖӨБО | - | жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары |
ЕАЭБ | - | Евразия экономикалык бирлиги. |