Загрузка документа…
ОРЛОВКА ШААРЫНЫН КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Орловка шаарынын кеңешинин ХХVIII чакырылышынын XXI кезексиз сессиясы
2023-жылдын 22-майы № 98/21-28
Орловка шаарынын мэриясынын аймагында жаныбарларды кармоонун ветеринардык-санитардык эрежелерин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Укук бузуулар жөнүндө” Кодексин аткаруу максатында жана Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” жана “Депутаттардын статусу жөнүндө” Мыйзамдарын жетекчиликке алып, ошондой эле Орловка шаарынын мэриясы тарабынан иштелип чыккан Орловка шаарынын мэриясынын аймагында жаныбарларды кармоонун ветеринардык-санитардык эрежелерин карап жана талкуулап чыгып, Орловка шаарынын кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Орловка шаарынын мэриясынын аймагында жаныбарларды кармоонун ветеринардык-санитардык эрежелери №1 тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Орловка шаарынын мэриясы жана шаардын тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөрү кабыл алынган ченемдик укуктук актыларын Орловка шаарынын мэриясынын аймагында жаныбарларды кармоонун ушул ветеринардык-санитардык эрежелерге ылайык келтирилсин.
3. Орловка шаарынын аймагында жаныбарларды кармоонун ветеринардык-санитардык эрежелерин массалык маалымат каражаттарына жарыялап, Орловка шаарынын мэриясынын маалымат стендине (тактайына) жайгаштырылсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Орловка шаарынын вице-мэрине жүктөлсүн.
Төрага |
| М.И.Токтакунов |