Орловка шаардык кеңешинин 2026-жылдын 6-августундагы № 112/16-29 «Орловка шаарынын аймагында үй жаныбарларын жана үй канаттууларын багуу Эрежелерин бекитүү жөнүндө» токтому
ОРЛОВКА ШААРЫНЫН КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
Орловка шаарынын кеңешинин ХХIХ чакырылышынын ХVI кезетеги сессиясы
2026-жылдын 6-августу № 112/16-29
Орловка шаарынын аймагында үй жаныбарларын жана үй канаттууларын багуу Эрежелерин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Ветеринария жөнүндө», Мыйзамынын жана башка Кыргыз Республикасынын ветеринардык мыйзамдарынын, санитардык ченемдеринин жана эрежелеринин негизинде, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 34-беренесине ылайык, Орловка шаарынын кеңеши токтом кылат:
1. Орловка шаарынын аймагында үй жаныбарларын жана үй канаттууларын багуу Эрежелери тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Орловка шаарынын кеңешинин 2023-жылдын 22-майындагы “Орловка шаарынын мэриясынын аймагында жаныбарларды кармоонун ветеринардык-санитардык эрежелерин бекитүү жөнүндө” №98/21-28 токтому күчүн жоготту деп таанылсын.
3. Бул токтом тиркемеси менен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин расмий веб-сайтында жарыялансын.
4. Шаардык кеңештин жооптуу катчысы бул токтомду каттоого алсын, маалымат такталарына жайгаштырсын жана токтомдун көчүрмөсү тиркемеси менен ченемдик укуктук актылар Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция Министрлигине жөнөтүлсүн.
5. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.
6. Бул токтомдун аткарылышы Орловка шаарынын мэри А.А.Койшыбаевге жүктөлсүн.
7. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Орловка шаарынын өнөр жай, экология, өзгөчө кырдаалдар, транспорт жана турак жай-коммуналдык кызматтар боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
| М.И. Токтакунов |