Сравнение редакций…
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Токтому
2023-жылдын 18-сентябры № 481
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-мартындагы № 182 "Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо уюмдарынын кызматкерлерине эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Көрсөтүлүүчү медициналык жардамдын сапатын жакшыртуу жана Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо уюмдарынын эмгек ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу аркылуу саламаттык сактоо уюмдарынын ишинин натыйжаларына жетүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-мартындагы № 182 "Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо уюмдарынын кызматкерлерине эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) жогоруда аталган токтомдун 1-тиркемеси тиркемеге ылайык редакцияда баяндалсын;
2) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо уюмдарынын кызматкерлерине эмгек акы төлөө жөнүндө жободо:
- 1-пунктчанын бешинчи абзацы, 5-пункттун 3-пунктчасы күчүн жоготту деп таанылсын;
- 11, 12-пункттар күчүн жоготту деп таанылсын;
- төмөнкүдөй мазмундагы 171 жана 172-пункттар менен толукталсын:
"171. Тез врачтык кийлигишүүнү (ургенттик кезметчиликти) талап кылган уюмдарга чакырылган учурда врачтардын эмгегине акы төлөө адистиги боюнча түнкү жана майрам убактысы үчүн иш жүзүндө иштеген сааттар үчүн компенсациялык төлөмдөрдү эске алуу менен белгиленген сааттык кызматтык маянадан жүргүзүлөт.
172. Саламаттык сактоо уюмдарынын штатында турбаган көчмө консультацияларды өткөрүүгө жана практикалык жардам көрсөтүүгө тартылган врач-консультанттардын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо системасындагы республикалык жана облустук ооруканалардын пландуу жана шашылыш консультациялык, практикалык жардам бөлүмдөрүнүн көчмө бригадаларынын врачтарынын жана орто медициналык персоналынын эмгегине акы төлөө түзүлгөн эмгек келишиминин шарттарына ылайык жүргүзүлөт.
Акы төлөөнүн өлчөмү жол жүрүү убактысын эске алуу менен иш жүзүндө сарпталган убакыт үчүн, анын ичинде түнкү жана майрам убактысы үчүн компенсациялык төлөмдөр жүргүзүлөт.
Наамдын жана окумуштуулук даражанын болушу | Бир саатка төлөө (сом) |
Профессор, медицина илимдеринин доктору окумуштуулук даражасы бар адис | Врачтын бир сааттык кызматтык маянасынан 150% |
Медицина илимдеринин кандидаты окумуштуулук даражасы бар адис | Врачтын бир сааттык кызматтык маянасынан 140% |
Врач-консультант | Врачтын бир сааттык кызматтык маянасынан 120% |
Орто медициналык персонал | Орто медициналык персоналдын бир сааттык кызматтык маянасынан 100% |
Врачтар жана орто медициналык персонал консультациялык, практикалык жардам көрсөтүү үчүн барганда эмгек акысы негизги иштеген жери боюнча сакталат.";
- төмөнкүдөй мазмундагы 241-пункт менен толукталсын:
"241. Кесиптик чеберчилиги үчүн дифференцияланган үстөктөр 2-разряддагы жумушчулар үчүн тиешелүү кызматтык маянадан 5 пайыз, 3-разряддагы -10 пайыз, 4-разряддагы - 15 пайыз, 5-разряддагы - 20 пайыз, 6-разряддагы жумушчулар үчүн - 25 пайыз өлчөмүндө белгиленет.";
- 36-пункттун он экинчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын.
2. Бул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2023-жылдын 1-сентябрынан тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.У.Жапаров |
|
| Тиркеме |
|
|
Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо уюмдарынын кызматкерлеринин кызматтык маяналарынын өлчөмдөрүн аныктоодо колдонулуучу ЭСЕЛӨӨ КОЭФФИЦИЕНТТЕРИ
№ пп | Кызмат орундарынын аталышы | Эселенген коэффициенттер | |||
Штаттык саны 100 штаттык бирдикке чейинки саламаттык сактоо уюмдары | Штаттык саны 100 штаттык бирдиктен 500 штаттык бирдикке чейинки саламаттык сактоо уюмдары | Штаттык саны 500 штаттык бирдиктен 1000 штаттык бирдикке чейинки саламаттык сактоо уюмдары | Штаттык саны 1000ден ашкан штаттык бирдиги бар саламаттык сактоо уюмдары | ||
1 | Облустардын жана республикалык маанидеги шаарлардын саламаттык сактоо боюнча координаторлору | 3,400 | 3,655 | 3,740 | 3,910 |
2 | Жетекчиси | 2,400 | 2,580 | 2,640 | 2,760 |
3 | Жетекчинин орун басары, башкы бухгалтер | 1,800 | 1,950 | 2,000 | 2,100 |
4 | Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун жетекчилери жана үй-бүлөлүк дарыгерлер | 2,150 | 2,150 | 2,150 | 2,150 |
5 | Административдик-башкаруу персоналынын адистери | 1,600 | 1,600 | 1,600 | 1,600 |
6 | Башчы (бөлүмдүн, бөлүмдүн, лабораториянын, дарыкананын) | 1,7 | 1,7 | 1,7 | 1,7 |
7 | Үй-бүлөлүк дарыгерлерди жана жалпы практикадагы дарыгерлерди кошпогондо, баштапкы медициналык-санитардык жардам көрсөткөн саламаттык сактоо уюмдарынын врачтык персоналы | 1,600 | 1,600 | 1,600 | 1,600 |
8 | Башкы медайым, башчы (кабинеттин, фельдшердик-акушердик пункттун), улук медайым, улук акушерка | 1,450 | 1,450 | 1,450 | 1,450 |
9 | Орто медициналык персонал | 1,400 | 1,400 | 1,400 | 1,400 |
10 | Чарба башчысы, кампа башчысы, кир жуучу жайдын башчысы, башкы ашпозчу, гараждын начальниги | 1,300 | 1,300 | 1,300 | 1,300 |
11 | Атайын үн сигналы бар медициналык тез жардам автомобилдеринин, санитардык жеңил жана атайын автомобилдеринин айдоочулары: |
|
|
|
|
- өтө чакан жана чакан автомобилдердин айдоочулары (автомобилдин кыймылдаткычынын көлөмү 1,8 куб.см чейин), | 1,250 | 1,250 | 1,250 | 1,250 | |
- орточо автомобилдердин айдоочулары (автомобилдин кыймылдаткычынын көлөмү 1,8ден 3,5 куб.см чейин), | 1,300 | 1,300 | 1,300 | 1,300 | |
- чоң автомобилдердин айдоочулары (автомобилдин кыймылдаткычынын көлөмү 3,5 куб.см ашык) | 1,350 | 1,350 | 1,350 | 1,350 | |
12 | Жеңил автомобилдин айдоочусу | 1,250 | 1,250 | 1,250 | 1,250 |
13 | Автобустун, жүк ташуучу автомобилдин айдоочусу | 1,300 | 1,300 | 1,300 | 1,300 |
14 | Ашпозчу, комендант, механик, буу казандарынын оператору, медтехник, чарбачы айым, диспетчер, машинист | 1,250 | 1,250 | 1,250 | 1,250 |
15 | Жыгач уста (столяр), сантехник, слесарь, автослесарь, электрик, электромонтер, электр газ ширетүүчү, ширетүүчү, ассенизатор, жаныбарларды багуу боюнча жумушчу, электрондук-эсептөөчү машиналардын оператору, архивариус, иш кагаздарын жүргүзүүчү, катчы | 1,200 | 1,200 | 1,200 | 1,200 |
16 | Санитарка, тазалоочу, жуугуч, таңгактагыч, кенже медициналык айым | 1,150 | 1,150 | 1,150 | 1,150 |
17 | Кийим үтүкчү, шейшептерди комплекттөөчү, кир жуучу, кир кийимди (атайын кийимди) жуу боюнча машинист, тигүүчү, чач тарач, ашкана кызматкери | 1,100 | 1,100 | 1,100 | 1,100 |
18 | Имараттарды, курулмаларды жана жабдууларды күнүмдүк оңдоо (тейлөө) боюнча жумушчу, маляр, шыбакчы, көмөкчү жумушчу, гардеробчу, лифтчи, кароолчу (вахтер, кароолчу), өткөрмө пунктунун контролеру, короо тазалагыч (аймакты тазалоочу), багбан, от жаккыч (кочегар), кампачы, башка тейлөөчү персонал | 1,000 | 1,000 | 1,000 | 1,000 |
Эскертүү:
1. Кенже тейлөөчү персоналды кошпогондо, саламаттык сактоо уюмдарынын кызматкерлерине беш жылдан он жылга чейинки иш стажында иштеген жылдары үчүн кызматтык маянасынын - 10% өлчөмүндө, ондон он беш жылга чейин - 20% жана он беш жылдан ашык иштеген жылдары үчүн кызматтык маянасынын - 30% өлчөмүндө ай сайын кошумча төлөө белгиленет.
2. Иштеген жылдары үчүн үстөк төлөм башка үстөктөрдү жана кошумча төлөөлөрдү эсепке албастан эсептелет.
3. Облустардын жана республикалык маанидеги шаарлардын саламаттык сактоо боюнча координаторлору саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын буйругу менен бекитилет.".
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
2026-жылдын 25-апрелиндеги № 287
токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2023-жылдын 18-сентябры № 481
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин
2022-жылдын 30-мартындагы № 182 "Кыргыз Республикасынын
саламаттык сактоо уюмдарынын кызматкерлерине эмгек акы
төлөө шарттары жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү
киргизүү тууралуу
Көрсөтүлүүчү медициналык жардамдын сапатын жакшыртуу жана Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо уюмдарынын эмгек ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу аркылуу саламаттык сактоо уюмдарынын ишинин натыйжаларына жетүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-мартындагы № 182 "Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо уюмдарынын кызматкерлерине эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) жогоруда аталган токтомдун 1-тиркемеси тиркемеге ылайык редакцияда баяндалсын;
2) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо уюмдарынын кызматкерлерине эмгек акы төлөө жөнүндө жободо:
- 1-пунктчанын бешинчи абзацы, 5-пункттун 3-пунктчасы күчүн жоготту деп таанылсын;
- 11, 12-пункттар күчүн жоготту деп таанылсын;
- төмөнкүдөй мазмундагы 171 жана 172-пункттар менен толукталсын:
"171. Тез врачтык кийлигишүүнү (ургенттик кезметчиликти) талап кылган уюмдарга чакырылган учурда врачтардын эмгегине акы төлөө адистиги боюнча түнкү жана майрам убактысы үчүн иш жүзүндө иштеген сааттар үчүн компенсациялык төлөмдөрдү эске алуу менен белгиленген сааттык кызматтык маянадан жүргүзүлөт.
172. Саламаттык сактоо уюмдарынын штатында турбаган көчмө консультацияларды өткөрүүгө жана практикалык жардам көрсөтүүгө тартылган врач-консультанттардын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо системасындагы республикалык жана облустук ооруканалардын пландуу жана шашылыш консультациялык, практикалык жардам бөлүмдөрүнүн көчмө бригадаларынын врачтарынын жана орто медициналык персоналынын эмгегине акы төлөө түзүлгөн эмгек келишиминин шарттарына ылайык жүргүзүлөт.
Акы төлөөнүн өлчөмү жол жүрүү убактысын эске алуу менен иш жүзүндө сарпталган убакыт үчүн, анын ичинде түнкү жана майрам убактысы үчүн компенсациялык төлөмдөр жүргүзүлөт.
Наамдын жана окумуштуулук даражанын болушу | Бир саатка төлөө (сом) |
Профессор, медицина илимдеринин доктору окумуштуулук даражасы бар адис | Врачтын бир сааттык кызматтык маянасынан 150% |
Медицина илимдеринин кандидаты окумуштуулук даражасы бар адис | Врачтын бир сааттык кызматтык маянасынан 140% |
Врач-консультант | Врачтын бир сааттык кызматтык маянасынан 120% |
Орто медициналык персонал | Орто медициналык персоналдын бир сааттык кызматтык маянасынан 100% |
Врачтар жана орто медициналык персонал консультациялык, практикалык жардам көрсөтүү үчүн барганда эмгек акысы негизги иштеген жери боюнча сакталат.";
- төмөнкүдөй мазмундагы 241-пункт менен толукталсын:
"241. Кесиптик чеберчилиги үчүн дифференцияланган үстөктөр 2-разряддагы жумушчулар үчүн тиешелүү кызматтык маянадан 5 пайыз, 3-разряддагы -10 пайыз, 4-разряддагы - 15 пайыз, 5-разряддагы - 20 пайыз, 6-разряддагы жумушчулар үчүн - 25 пайыз өлчөмүндө белгиленет.";
- 36-пункттун он экинчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын.
2. Бул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2023-жылдын 1-сентябрынан тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.У. Жапаров |