Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН АДМИНИСТРАЦИЯСЫНЫН ЖЕТЕКЧИСИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2024-жылдын 29-марты № 84
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 5-апрелиндеги № 186 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 28-октябрындагы № 233 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин регламенти жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтомуна ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин 2021-жылдын 26-октябрындагы № 570 тескемесине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган тескеме менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын регламентинде:
- 1-пункт төмөнкүдөй мазмундагы абзацтар менен толукталсын:
"Президенттин Администрациясына жиберилүүчү документтер Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 "Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама жөнүндө" токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускамага ылайык таризделет.
Документте төмөнкүлөр коюлушу керек: датасы, чыгыш номери, тапшырмалардын аткарылышы жөнүндө отчетту (маалыматты) же суроо-талапка жоопту жөнөтүүдө - тапшырманын чыгыш номерине шилтеме.
Жогоруда аталган Типтүү нускаманын талаптарына шайкеш келбеген документтер Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын канцеляриясынын (мындан ары - канцелярия) тиешелүү түзүмдүк бөлүмү тарабынан кароосуз кайтарып берилет.
Президенттин, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын актыларынын долбоорлору, ошондой эле башка документтер Президенттин Администрациясынын кароосуна Министрлер Кабинетинин мүчөлөрү, административдик ведомстволордун, башка мамлекеттик органдардын биринчи жетекчилери, Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлери, ошондой эле Президенттин Администрациясынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилери тарабынан киргизилиши мүмкүн. Биринчи жетекчилер жок болгон учурда актылардын долбоорлору алардын милдеттерин аткаруучу адамдар тарабынан киргизилиши мүмкүн. Актылардын долбоорлорун башка жактар тарабынан киргизүүгө жол берилбейт, алар киргизилген учурда кароосуз кайтарып берилет.
Мамлекеттик органдын ведомстволук, аймактык жана түзүмдүк бөлүмдөрү, анын карамагында турган мекемелер, ишканалар Президенттин, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарларынын дарегине, Президенттин Администрациясына Президенттин, Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин жана анын орун басарларынын түздөн-түз тапшырмалары менен байланышкан маселелерди кошпогондо жогору турган мамлекеттик орган аркылуу гана кайрылат.
Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдары Президенттин, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарларынын дарегине, Президенттин Администрациясына Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү аркылуу гана кайрылат, жогоруда аталган адамдардын укукка каршы аракеттерине даттанууларды кошпогондо.
Бишкек жана Ош шаарларынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары Президенттин, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарларынын дарегине, Президенттин Администрациясына түздөн-түз кайрыла алат.
Мамлекеттик органдар тарабынан ушул Регламенттин 1-пунктунун талаптарын бузуу менен киргизилген Президенттин, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарларынын дарегине, Президенттин Администрациясына кайрылуулар канцелярия тарабынан дарек ээсине кароосуз кайтарып берилет же жогору турган мамлекеттик органга жиберилет.
Президенттин Администрациясына Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, актыларын кабыл алуу боюнча сунуштарды камтыган кайрылуулар тейлөөчү чөйрөлөрүнө ылайык мамлекеттик органдарга жиберилет.
Мамлекеттик органдар кайрылууларды иштеп чыгат, өз компетенциясынын чегинде тиешелүү чечимдерди кабыл алат, зарыл болгон учурда Президенттин Администрациясына актылардын долбоорлорун белгиленген тартипте киргизет жана кароонун жыйынтыктары жөнүндө арыз ээлерине маалымдайт.
Чечимдердин (актылардын) долбоорлорун мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен ыкчам макулдашууга көмөк көрсөтүү жөнүндө өтүнүч менен мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кайрылуулары, кийинкиге калтырбай чечүүнү талап кылган учурларды кошпогондо, Президенттин Администрациясы тарабынан каралбайт жана кайтарып берилүүгө тийиш.
Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу маселелери, Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында же анын айрым жерлеринде киргизилген өзгөчө жана/же согуштук абалды камсыз кылуу менен байланышкан маселелер, ошондой эле Президенттин, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын жана Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарларынын тапшырмалары менен аныкталган маселелер кийинкиге калтырбай чечүүнү талап кылган учурлар болуп саналат.";
- 3, 4-пункттар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3. Министрлер Кабинетинин регламентинин, ушул Регламенттин жана Президенттин Администрациясында документтер менен иштөөнүн регламентинин талаптарынын сакталышын контролдоо канцелярия, Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалык, компетенциясына ылайык башка түзүмдүк бөлүмдөр тарабынан жүзөгө ашырылат.
4. Президенттин Администрациясына киргизүүнүн алдында мамлекеттик органдар тарабынан даярдалган Президенттин фондунун финансылык каражаттарын пайдалануу менен байланышкан маселелер боюнча актыларды кошпогондо, Президенттин актыларынын долбоорлору төмөнкүлөр менен милдеттүү тартипте макулдашылууга тийиш:
- Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги;
- Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги - мамлекеттин кирешелерин кыскартууну же чыгашаларын көбөйтүүнү караган маселелер боюнча;
- Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги - ишкердик субъекттердин ишин жөнгө салууга багытталган маселелер боюнча;
- башка мамлекеттик органдар жана уюмдар, эгерде долбоорлордо алардын компетенциясына тиешелүү ченемдер камтылса.
Президенттин актыларынын долбоорлорун мамлекеттик органдарда макулдашуу алар келип түшкөн күндөн тартып төмөнкү мөөнөттөрдөн ашпоого тийиш:
- жарлыктардын долбоорлору - 6 иш күн;
- тескемелердин долбоорлору - 3 иш күн.
Президенттин актыларынын долбоорлору макулдашууга мамлекеттик жана расмий тилдерде киргизилүүгө тийиш. Эгерде актты шашылыш кабыл алуу зарыл болсо, актынын долбоорун министрликтер, мамлекеттик комитет, административдик ведомстволор, башка мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен макулдашуу мамлекеттик же расмий тилде жүргүзүлүшү мүмкүн.
Макулдашууга жиберилген актылардын долбоорлорунун тексттери мамлекеттик органдын жетекчиси же анын милдетин аткаруучу адам, ошондой эле юридикалык кызматтын жетекчиси тарабынан аты-жөнүн, инициалдарын жана датасын көрсөтүү менен парафирленүүгө (кол коюлууга) тийиш. Актылардын долбоорлорунун тексттери 14 өлчөмүндөгү "Times New Roman" шрифти менен 1 интервал аркылуу басылышы керек.
Мында бир коштомо кат менен макулдашууга бир гана актынын долбоору берилиши мүмкүн.
Президенттин, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарларынын, Президенттин Администрациясынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилеринин тапшырмалары боюнча Президенттин актысын шашылыш кабыл алуу зарыл болгон учурда актынын долбоору мамлекеттик органдардын жетекчилери тарабынан сурамжылоо барагына виза коюу жолу менен макулдашылышы мүмкүн.
Президенттин же Министрлер Кабинетинин жетекчилигинин тапшырмаларына ылайык иштелип чыккан чечимдердин долбоорлорун кошпогондо, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин каржылоо булактарынын жоктугу жөнүндө берилген сын пикирлери эске алынбаган Президенттин актыларынын долбоорлору кароого жатпайт.
Маселени мамлекеттик органдын локалдык актысы менен чечүү зарылдыгы көрсөтүлгөн Юстиция министрлигинин корутундусу алынганда, Президенттин актысынын долбоору Президенттин Администрациясы тарабынан каралууга тийиш эмес.";
- 5-пунктта:
экинчи абзацтын экинчи сүйлөмү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Эске алынган жана эске алынбаган сын пикирлер жана сунуштар жөнүндө маалыматтар жана алардын эске алынбагандыгынын себептеринин негиздемеси мамлекеттик органдын биринчи жетекчиси же анын милдетин аткаруучу адам тарабынан кол коюлган долбоор боюнча жыйынды таблицада чагылдырылат.";
төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
"Эгерде иштеп чыгуучу орган менен министрликтердин ортосунда консенсуска жетишилбесе, иштеп чыгуучу орган актынын долбоорун демилгелөөнү колдоо өтүнүчү менен Министрлер Кабинетинин Төрагасынын тейлөөчү орун басарына же Министрлер Кабинетинин Төрагасына кайрылууга укуктуу. Мында коштомо катта долбоорду кабыл алуу зарылдыгы жана мамлекеттик органдардын жүйөлөрү менен макул эместигинин себептери жөнүндө маалымат чагылдырылат.";
- 6, 61, 7, 8-пункттар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"6. Президенттин Администрациясына киргизилүүчү Президенттин актыларынын долбоорлоруна милдеттүү түрдө төмөнкү документтердин пакети тиркелет (кагаз жана электрондук документ жүгүртүү системасы аркылуу электрондук түрдө):
- долбоорду киргизген мамлекеттик органдын биринчи жетекчиси же анын милдетин аткаруучу адам кол койгон Президенттин, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын же Министрлер Кабинетинин Төрагасынын тейлөөчү орун басарынын наамына коштомо каттын түп нускасы. Мында бир коштомо кат менен бир актынын долбоору киргизилет;
- долбоорду киргизген мамлекеттик органдын биринчи жетекчиси же анын милдетин аткаруучу адам кол койгон долбоордун (аскердик наамдарды, класстык чендерди, атайын класстык чендерди, атайын наамдарды жана дипломатиялык рангдарды ыйгаруу, төмөндөтүү жана ажыратуу менен байланышкан кадр маселелери боюнча актылардын долбоорлорун кошпогондо) маалымкат-негиздемеси, анда төмөнкүлөр камтылат:
"Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 31-майындагы № 313 "Кыргыз Республикасынын мыйзам алдындагы актыларынын долбоорлорун иштеп чыгуу боюнча нускаманы бекитүү жөнүндө" токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мыйзам алдындагы актыларынын долбоорлорун иштеп чыгуу боюнча нускамада көрсөтүлгөн маалыматтар;
коомдук талкуулоо үчүн жарыяланган күнү, эске алынган жана эске алынбаган сын пикирлер жана сунуштар жөнүндө маалыматтар, алардын эске алынбагандыгынын себептеринин негиздемеси;
финансы-экономикалык эсептөөлөр;
- "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган учурларда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 10-августундагы № 444 "Ишкердик субъекттеринин ишине ченемдик укуктук актылардын жөнгө салуучу таасирин талдоо методикасын бекитүү жөнүндө" токтому менен бекитилген Ишкердик субъекттеринин ишине ченемдик укуктук актылардын жөнгө салуучу таасирин талдоо методикасына ылайык жөнгө салуучу таасирин талдоонун (мындан ары - ЖТТ) негизинде даярдалган аналитикалык кат;
- жүргүзүлгөн ЖТТнын Ишкердик субъекттеринин ишине ченемдик укуктук актылардын ЖТТ методикасына ылайык шайкештиги жөнүндө Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерциялык министрлигинин корутундусу;
- салыштырма таблица (актыга өзгөртүүлөр киргизилген учурда, анын ичинде мурда колдонуудагы акт жаңы редакцияда баяндалганда/кабыл алынганда);
- долбоорду макулдашуу жөнүндө мамлекеттик органдардын каттары, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда мамлекеттик органдардын корутундулары;
- мамлекеттик органдын биринчи жетекчиси же анын милдетин аткаруучу адам кол койгон мамлекеттик же расмий тилдерде топтомо таблица, анда эске алынган жана эске алынбаган бардык сын пикирлер жана сунуштар көрсөтүлөт, алар эске алынбагандыгынын себептери негизделет, ошондой эле долбоор сын пикирлерсиз жана сунуштарсыз макулдашылгандыгы белгиленет.
Президенттин актыларынын долбоорлору жана коштоочу документтер Президенттин Администрациясына мамлекеттик жана расмий тилдерде, кагаз жана электрондук алып жүрүүчүдө, анын ичинде электрондук документ жүгүртүү системасы аркылуу берилет. Президенттин актысынын долбоору жана негиздеме-маалымкат бирдей аталышта болуп, А4 форматындагы ак кагазда, 14 өлчөмүндөгү "Times New Roman" шрифти менен бир саптык интервал аркылуу, биринчи саптын абзацында 1,25 см чегинүү менен таризделет. Актынын долбоорунун жогорку тилкеси бланктын чек арасы менен белгиленет. Актынын долбоору эки же андан көп баракта таризделгенде экинчи жана андан кийинки барактардын жогорку тилкеси 2 см, сол жана оң тилкелери 3 см, төмөнкү тилкеси - 2 см болот.
Актылардын долбоорлорунун тексттери, анын ичинде тиркемелери кагаз түрүндө жана электрондук документ жүгүртүү системасы аркылуу мамлекеттик органдын жетекчиси же анын милдетин аткаруучу адам, ошондой эле юридикалык кызматтын жетекчиси тарабынан аты-жөнүн, инициалдарын жана датасын көрсөтүү менен ар бир барагына парафирленүүгө (кол коюлууга) тийиш. Эгерде актынын долбоорунун текстинин көлөмү машинкада басылган он барактан ашса, документтин арткы бетине иштеп чыгуучу органдын иш кагаздарын жүргүзүү маселелерин тейлеген түзүмдүк бөлүмүнүн мөөрүн басууга жол берилет.
Президенттин Администрациясынын кароосуна киргизилген чечимдердин долбоорлоруна виза койгон мамлекеттик органдардын жетекчилери, ошондой эле алардын орун басарлары долбоорлордун жоболорунун Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ушул Регламенттин талаптарына шайкештиги үчүн жеке жоопкерчилик тартат.
Эгерде Президенттин Администрациясына мыйзамдарга жана ушул Регламенттин талаптарына шайкеш келбеген чечимдердин долбоорлору киргизилсе, ушул чечимдин долбоорун Президенттин Администрациясына киргизген мамлекеттик органдын жетекчисине (же анын орун басарына) тартиптик мүнөздөгү жаза колдонулушу мүмкүн.
Актылардын долбоорлору боюнча эске алынган жана эске алынбаган сын пикирлер жана сунуштар боюнча топтомо таблица мамлекеттик же расмий тилдерде түзүлөт.
61. Президенттин номенклатурасына кирген кызмат орундарына тиешелүү кадрдык маселелер, анын ичинде кызмат ордуна дайындоо жана кызмат ордунан бошотуу, которуу, жылдыруу, тартиптик жазаларды колдонуу, өргүүлөр, иш сапарлар, аскердик наамдарды, класстык чендерди, атайын класстык чендерди, атайын наамдарды жана дипломатиялык рангдарды ыйгаруу, төмөндөтүү жана ажыратуу маселелери, ошондой эле мамлекеттик сыйлыктар, энчилүү саат менен сыйлоо жана алкыш жарыялоо маселелери боюнча Президенттин актыларынын долбоорлору мамлекеттик органдар менен макулдашылбайт.
7. Мамлекеттик органдар тарабынан Президенттин Администрациясына киргизилген Президенттин актыларынын долбоорлору милдеттүү түрдө катталууга жана канцеляриянын тиешелүү түзүмдүк бөлүмүндө ушул Регламенттин талаптарына шайкештигине экспертизадан өтүүгө тийиш.
Актынын долбоору ушул Регламенттин талаптарына шайкеш келген учурда актынын долбоору канцелярия тарабынан Министрлер Кабинетинин Төрагасынын же бөлүштүрүлгөн милдеттерге ылайык Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарларынын кароосуна өткөрүп берилет.
Министрлер Кабинетинин Төрагасынын же Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарларынын тапшырмасы боюнча Президенттин актыларынын долбоорлору канцелярия тарабынан Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыкка же компетенцияга ылайык тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөргө алар кабыл алынган күнү өткөрүп берилет.
8. Президенттин актысынын долбоору ушул главанын талаптарына шайкеш келбеген учурда, канцелярия аны кайтарып берүүнүн себептерин негиздөө менен кайра иштеп чыгууга кайтарат.
Президенттин актысынын долбоорун киргизген мамлекеттик орган Президенттин Администрациясында турган долбоорду концепциясын өзгөртпөстөн иштеп чыгууга же чакыртып алууга укуктуу.";
- 11-пункттун биринчи абзацындагы "канцеляриянын иш кагаздарын жүргүзүү маселелерин тейлеген түзүмдүк бөлүмүндө" деген сөздөр "канцеляриянын тиешелүү түзүмдүк бөлүмүндө" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 12, 13-пункттар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"12. Президенттин Администрациясына киргизилген мыйзамдардын, Министрлер Кабинетинин актыларынын долбоорлору Министрлер Кабинетинин регламентинин талаптарынын шайкештигине экспертиза жүргүзүлгөндөн кийин канцелярия тарабынан Министрлер Кабинетинин Төрагасынын же бөлүштүрүлгөн милдеттерге ылайык Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарларынын кароосуна өткөрүп берилет.
Министрлер Кабинетинин Төрагасынын же Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарларынын тапшырмасы боюнча мыйзамдардын, Министрлер Кабинетинин актыларынын долбоорлору канцелярия тарабынан Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыкка же компетенцияга ылайык тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөргө алар кабыл алынган күнү өткөрүп берилет.
13. Мыйзамдардын, Министрлер Кабинетинин актыларынын долбоорлору Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 28-октябрындагы № 233 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин регламенти жөнүндө" токтому менен бекитилген Министрлер Кабинетинин регламентинин 9, 541, 542, 547, 548, 63 , 64-пункттарынын талаптарына шайкеш келбеген учурда, Регламенттин талаптарын сактоо маселелери компетенциясына кирген канцеляриянын түзүмдүк бөлүмү кайтарып берүүнүн себептерин негиздөө менен аны кароосуз кайтарып берет.";
- 14-пункттагы, 15-пункттун биринчи абзацындагы "Президенттин жана Министрлер Кабинетинин канцеляриясынын" деген сөздөр "канцеляриянын" деген сөзгө алмаштырылсын;
- 16-пункттун биринчи, экинчи абзацтары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"16. Министрлер Кабинетинин жыйналышында маселелерди кароонун жыйынтыгы боюнча канцеляриянын компетенциясына жыйналыштарды уюштуруучулук жактан камсыздоо маселелери кирген түзүмдүк бөлүмү тарабынан жооптуу түзүмдүк бөлүм менен биргеликте талкууланган маселенин аталышын, баяндамачылардын жана маселени талкуулоодо чыгып сүйлөгөндөрдүн фамилияларын көрсөтүү, кабыл алынган коллегиалдык чечимди жана төрагалык кылуучунун тапшырмаларын баяндоо менен жыйналыштын протоколу таризделет жана жыйналыштан кийин 3 жумуш күндөн кечиктирбестен Министрлер Кабинетинин Төрагасына кол коюуга берилет.
Министрлер Кабинетинин токтомдорунун жана тескемелеринин долбоорлору, башка актылардын долбоорлору Министрлер Кабинетинин жыйналышында сунуштарсыз жана сын пикирлерсиз кабыл алынган учурда, жооптуу түзүмдүк бөлүм, эгерде башка мөөнөт белгиленбесе, жыйналыш өткөрүлгөндөн кийинки күндөн кечиктирбестен актынын долбоорун чыгарууга берет.";
- 17-пункттун биринчи абзацынын үчүнчү сүйлөмүндөгү "эл аралык келишимдерди ратификациялоо же денонсациялоо" деген сөздөр "эл аралык келишимдерди ратификациялоо, денонсациялоо же аларга кошулуу" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 18-пункттун биринчи абзацы "Министрлер Кабинетинин Төрагасынын" деген сөздөрдөн кийин "жана Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин" деген сөздөр менен толукталсын;
- 24-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"24. Президенттин Администрациясына келип түшкөн Жогорку Кеңештин токтомдору, протоколдук тапшырмалары, комитеттеринин чечимдери жана депутаттарынын суроо-талаптары канцелярия тарабынан келип түшкөн күнү катталат жана Президенттин жана Министрлер Кабинетинин Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлүнө берилет.
Жарандардын кайрылуулары, ар түрдүү темалар боюнча маселелер (Жогорку Кеңештин Регламенти ж.б.) же болбосо эки же андан ашык түзүмдүк бөлүмгө тиешелүү маселелер Президенттин жана Министрлер Кабинетинин Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлүнө иштеп чыгуу үчүн жиберилет.
Жогорку Кеңешке жооптордун көчүрмөлөрү Президенттин жана Министрлер Кабинетинин Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлүнө дагы жиберилет.";
- 28-пункттагы "Президенттин жана Министрлер Кабинетинин канцеляриясы" деген сөздөр "канцелярия" деген сөзгө алмаштырылсын;
- 31-пункт төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
"Президенттин жана Министрлер Кабинетинин Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлү Президенттин Администрациясына келип түшкөн Жогорку Кеңештин токтомдоруна, протоколдук тапшырмаларына, комитеттердин чечимдерине, депутаттардын суроо-талаптарына жана жарандардын кайрылууларына туруктуу негизде талдоо жүргүзүп жана мезгил сайын Президентти, Министрлер Кабинетинин Төрагасын маалымдап турат.";
- 32-пункттун биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"32. Президент, Министрлер Кабинетинин Төрагасы, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарлары, Президенттин Администрациясынын башкармалыктарынын начальниктери өткөрүүчү кеңешмелердин, жыйналыштардын протоколдору, ошондой эле Министрлер Кабинетине караштуу консультациялык-кеңешүүчү органдардын жыйналыштарынын протоколдору кеңешмелерди, жыйналыштарды уюштурган тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөр тарабынан таризделет жана электрондук документ жүгүртүү системасы же канцелярия аркылуу аткаруучуларга жиберилет.";
- 35-пункттун экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Президенттин Администрациясына тапшырмаларды аткаруу жөнүндө маалыматтын, жооптордун келип түшүү датасы болуп канцелярия аларды каттаган дата эсептелет.";
- 39-пункттагы "бөлүм" деген сөз "түзүмдүк бөлүм" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 41-пункт күчүн жоготту деп таанылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин 2021-жылдын 26-октябрындагы № 571 тескемесине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган тескеме менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясында документтер менен иштөөнүн регламентинде:
- 4, 25-пункттардагы, 47-пункттун биринчи абзацындагы, 49, 64, 109-пункттардагы "Президенттин жана Министрлер Кабинетинин канцеляриясынын" деген сөздөр "канцеляриянын" деген сөзгө алмаштырылсын;
- 5-пунктта:
биринчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"5. Жашыруун эмес мүнөздөгү жана "Кызматтык пайдалануу үчүн" грифи бар кызматтык документтер (кирүүчү, чыгуучу, ички корреспонденция) алар түшкөн күнү иш кагаздарын жүргүзүү маселелерин караган канцеляриянын түзүмдүк бөлүмүндө документтердин аткарылышын контролдоонун автоматтык системасы (мындан ары - АСКИД) же электрондук документ жүгүртүү системасы (мындан ары - ЭДЖС) аркылуу милдеттүү каттоодон өтүүгө тийиш.";
төртүнчү абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Президентке, Министрлер Кабинетине, Министрлер Кабинетинин Төрагасына, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарларына, Президенттин Администрациясына даректелген жарандардын кайрылуулары келип түшкөн күнү иш кагаздарын жүргүзүү маселелерин караган канцеляриянын түзүмдүк бөлүмүндө катталууга тийиш.";
- 6-пункт төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
"Жогоруда аталган Типтүү нускаманын талаптарына шайкеш келбеген документтер канцелярия тарабынан кароосуз кайтарып берилет.";
- 7-пункттун биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"7. Жашыруун эмес мүнөздөгү келип түшкөн документтер катталган күнү канцеляриянын иш кагаздарын жүргүзүү маселелерин тейлеген түзүмдүк бөлүмү тарабынан милдеттердин бөлүштүрүлүшүнө жана Президенттин Администрациясынын түзүмдүк бөлүмдөрү жөнүндө жобого ылайык Президенттин, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарларынын, Президенттин Администрациясынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилеринин кароосуна берилет.";
- 19-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"19. Материалдарды факс менен жөнөтүүгө уруксатты канцеляриянын начальниги же анын орун басары берет.";
- 21-пунктта:
биринчи абзацтагы "Президенттин жана Министрлер Кабинетинин канцеляриясы" деген сөздөр "канцелярия" деген сөзгө алмаштырылсын;
экинчи абзацтагы "бөлүмү" деген сөз "боюнча түзүмдүк бөлүм" деген сөздөргө алмаштырылсын;
үчүнчү абзацтагы "Президенттин жана Министрлер Кабинетинин канцеляриясы же жарандардын кайрылуулары менен иштөө бөлүмү" деген сөздөр "канцелярия же жарандардын кайрылуулары менен иштөө боюнча түзүмдүк бөлүм" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 27-пункттагы "расмий тилде" деген сөздөр "мамлекеттик жана расмий тилдерде" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 31-пункттун төртүнчү абзацындагы "А4 форматындагы" деген сөздөр "А4 жана А5 форматтарындагы" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 33-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"33. Кийинки жумага Президенттин жана Министрлер Кабинетинин Төрагасынын иш планына киргизүү үчүн сунуштар түзүмдүк бөлүмдөр тарабынан уюштуруу иштери жана аймактар менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнө учурдагы жуманын шаршемби күнү саат 12.00гө чейин берилет. Уюштуруу иштери жана аймактар менен өз ара аракеттенүү бөлүмү пландын долбоорун Президенттин жана Министрлер Кабинетинин Төрагасынын бекитүүсүнө учурдагы жуманын бейшемби күнү саат 17.00гө чейин киргизет.
Кийинки айга Президенттин жана Министрлер Кабинетинин Төрагасынын иш планына киргизүү үчүн сунуштарды түзүмдүк бөлүмдөр учурдагы айдын 20сында саат 12.00гө чейин уюштуруу иштери жана аймактар менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнө киргизет. Уюштуруу иштери жана аймактар менен өз ара аракеттенүү бөлүмү пландын долбоорун учурдагы айдын 22синде саат 12.00дөн кечиктирбестен Президенттин жана Министрлер Кабинетинин Төрагасынын бекитүүсүнө киргизет.";
- 4-главанын аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "4. Президенттин актыларынын долбоорлору менен иштөө тартиби";
- 34-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"34. Кыргыз Республикасынын Президентинин актыларынын долбоорлору Президенттин Администрациясына Министрлер Кабинетинин мүчөлөрү, административдик ведомстволордун, башка мамлекеттик органдардын биринчи жетекчилери, Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлери, ошондой эле Президенттин Администрациясынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилери тарабынан киргизилиши мүмкүн. Биринчи жетекчилер жок учурда актылардын долбоорлору алардын милдеттерин аткарган адамдар тарабынан киргизилиши мүмкүн. Актылардын долбоорлорунун башка адамдар тарабынан киргизилишине жол берилбейт, киргизилген учурда алар кароосуз кайтарылат.
Президенттин актыларынын долбоорлорун мамлекеттик органдар менен макулдашуу жол-жобосу Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин 2021-жылдын 26-октябрындагы № 570 тескемеси менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын регламентинде аныкталган тартипте жүзөгө ашырылат.
Компетенциясына Регламенттин талаптарын сактоо маселелери кирген канцеляриянын түзүмдүк бөлүмү Президенттин актысынын долбоорунун Президенттин Администрациясынын регламентинин жана ушул Регламенттин талаптарына ылайык келүүсүнө экспертиза жүргүзөт.
Президенттин актысынын долбоору Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин 2021-жылдын 26-октябрындагы № 570 тескемеси менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын регламентинин 2-главасынын талаптарына ылайык келбеген учурда актынын долбоору компетенциясына Регламенттин талаптарын сактоо маселелери кирген канцеляриянын түзүмдүк бөлүмү тарабынан кайтарып берүү себептерин негиздөө менен иштеп чыккан мамлекеттик органга толуктап иштеп чыгуу үчүн кайтарылат.
Актынын долбоору Регламенттин талаптарына ылайык келген учурда актынын долбоору бөлүштүрүү үчүн ылайык келгендиги жөнүндө тиешелүү корутунду менен документти кол коюуга даярдоо үчүн жооптуу тиешелүү түзүмдүк бөлүмгө (мындан ары - жооптуу түзүмдүк бөлүм) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын же Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын тийиштүү орун басарынын кароосуна киргизилет.";
- төмөнкүдөй мазмундагы 341-пункт менен толукталсын:
"341. Жооптуу түзүмдүк бөлүмдүн кызматкери (мындан ары - аткаруучу) актынын долбооруна экспертиза жүргүзөт жана корутунду даярдайт, анда төмөнкүлөр чагылдырылат:
- долбоордун мазмунунун тийиштүү чөйрөдөгү мамлекеттин жүргүзүп жаткан саясатына (стратегияларга, концепцияларга, программаларга ж.б.) ылайык келгендиги же ылайык келбегендиги жөнүндө маалыматтар;
- долбоорду кабыл алуунун жагымдуу жана терс кесепеттеринин (финансылык, экономикалык, социалдык ж.б.) болжолдору.
Актынын долбоору ушул пункттун талаптарына ылайык келбеген учурда актынын долбоору Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын тейлөөчү орун басарынын же Президенттин Администрациясынын өз алдынча түзүмдүк бөлүмүнүн жетекчисинин колу менен иштеп чыккан мамлекеттик органга кайтарылат.
Президенттин Администрациясынын түзүмдүк бөлүмдөрү тарабынан чечимдердин долбоорлорунун кайтарылышын/чакыртып алынышын эсепке алуу максатында актынын долбоорун кайтаруу жөнүндө каттын көчүрмөсү компетенциясына Регламенттин талаптарын сактоо маселелери кирген канцеляриянын түзүмдүк бөлүмүнө берилет.";
- 35-пункттун биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"35. Президенттин актысынын долбоорун даярдоодо жана демилгелөөдө түзүмдүк бөлүм корутунду даярдабайт, долбоорду кабыл алуу менен жетишиле турган акыркы натыйжалар негиздеме-маалымкатта чагылдырылат.";
- 36-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"36. Актынын долбоору ушул Регламенттин 341-пунктунун талаптарына ылайык келген учурда актынын долбооруна аткаруучу жана жооптуу түзүмдүк бөлүмдүн жетекчиси кол коёт жана тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөр менен төмөнкүдөй тартипте макулдашылат:
1) чечимдин долбоору документтердин пакети менен тийиштүү түзүмдүк бөлүмдөргө жана Президенттин жана Министрлер Кабинетинин укуктук жактан камсыз кылуу башкармалыгына корутунду берүү үчүн жөнөтүлөт (Президенттин номенклатурасына киргизилген кызмат орундарына байланышкан кадрдык маселелер, анын ичинде кызмат ордуна дайындоо жана кызмат ордунан бошотуу, которуу, жылдыруу, тартиптик жазаларды колдонуу, өргүүлөр, кызматтык иш сапарлар, аскердик наамдарды, класстык чендерди, атайын класстык чендерди, атайын наамдарды жана дипломатиялык рангдарды ыйгаруу, төмөндөтүү жана ажыратуу маселелери, ошондой эле мамлекеттик сыйлыктар, энчилүү саат менен сыйлоо жана алкыш жарыялоо маселелери боюнча актылардын долбоорлорун кошпогондо). Чечимдин долбоорун кароонун жыйынтыгы боюнча макулдашуучу түзүмдүк бөлүм жооптуу түзүмдүк бөлүмгө макулдашуучу түзүмдүк бөлүмдүн жетекчиси кол койгон долбоорду макулдашуу жөнүндө корутундуну берет (актынын долбоорун макулдашуунун жүрүшүндө келип чыккан эске алынган же эске алынбаган сын пикирлердин жана сунуштардын бар экендиги, ошондой эле сын пикирлердин жана сунуштардын жоктугу жөнүндө маалымат жыйынды таблицада чагылдырылат жана түзүмдүк бөлүмдүн жетекчиси жана аткаруучу тарабынан кол коюлат);
2) долбоор канцеляриянын актыларды редакциялоо жана которуу боюнча түзүмдүк бөлүмүнө берилет. Канцеляриянын актыларды редакциялоо жана которуу маселелери боюнча түзүмдүк бөлүмүндө актылардын долбоорлорун экспертизалоо укуктук экспертиза жүргүзүлгөндөн кийин гана жүзөгө ашырылат;
3) бардык зарыл болгон документтери менен Президенттин кол коюусуна киргизүү үчүн долбоорду даярдоо жана кол коюу камсыз кылынат.";
- төмөнкүдөй мазмундагы 361-пункт менен толукталсын:
"361. Президенттин Администрациясында толуктап иштеп чыгуу процессинде киргизилген маселенин маңызын өзгөртүүсүз же толуктоосуз толукталып иштелип чыккан Президенттин актыларынын долбоорлору иштеп чыккан мамлекеттик органдын жетекчиси тарабынан, ал эми ал жок учурда жетекчинин милдеттерин аткаруу жүктөлгөн орун басары тарабынан 2 жумуш күндүн ичинде кайрадан макулдашылууга (кол коюлууга) тийиш.
Кайрадан макулдашуу актынын долбоорунун текстине кол коюу же актынын өзгөртүлгөн же толукталган долбоорун тиркөө менен жооптуу түзүмдүк бөлүмдүн жетекчисинин колу коюлган катты жөнөтүү жолу менен иш тартибинде жүзөгө ашырылышы мүмкүн.
Ошол эле учурда иштеп чыккан мамлекеттик орган тарабынан ушул пункттун биринчи абзацында көрсөтүлгөн мөөнөттөрдө чечимдин долбоорунун толукталып иштелип чыккан текстин которуу да камсыз кылынат.";
- 38-40-пункттар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"38. Президенттин актыларынын долбоорлорун Президенттин Администрациясынын түзүмдүк бөлүмдөрүндө экспертизалоо мөөнөтү 5 жумуш күнгө чейин.
Президенттин актыларынын долбоорлорун редакциялоо канцеляриянын актыларды редакциялоо жана которуу маселелери боюнча түзүмдүк бөлүмү тарабынан күнүгө 18-20 басма бет эсебинде, актылардын долбоорлорун мамлекеттик тилге которуу - 8-10 басма бет эсебинде жүзөгө ашырылат.
39. Президенттин актыларынын долбоорлорун төмөнкүдөй тартипте кол коюлат:
- расмий тилде: аткаруучу жана жооптуу түзүмдүк бөлүмдүн жетекчиси, укуктук жактан камсыз кылуу боюнча түзүмдүк бөлүмдүн укуктук экспертиза жүргүзгөн кызматкери жана жетекчиси жана зарыл болгон учурда бул бөлүмдүн мыйзамдарды системалаштырууну жүргүзгөн кызматкери, канцеляриянын актыларды редакциялоо жана которуу маселелери боюнча түзүмдүк бөлүмүнүн кызматкери жана жетекчиси;
- мамлекеттик тилде: аткаруучу жана жооптуу түзүмдүк бөлүмдүн жетекчиси, канцеляриянын актыларды редакциялоо жана которуу маселелери боюнча түзүмдүк бөлүмүнүн кызматкери жана жетекчиси, укуктук жактан камсыз кылуу боюнча түзүмдүк бөлүмдүн укуктук экспертиза жүргүзгөн кызматкери жана жетекчиси жана зарыл болгон учурда бул бөлүмдүн мыйзамдарды системалаштырууну жүргүзгөн кызматкери, кызыкдар башкармалыктардын жана башка өз алдынча түзүмдүк бөлүмдөрдүн жетекчилери, канцеляриянын начальниги, Президенттин жана Министрлер Кабинетинин укуктук жактан камсыз кылуу башкармалыгынын начальниги, Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын начальниги, милдеттердин бөлүштүрүлүшүнө ылайык Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарлары, Министрлер Кабинетинин Төрагасы.
Президенттин номенклатурасына киргизилген кызмат орундарына байланышкан кадрдык маселелер, анын ичинде кызмат ордуна дайындоо жана кызмат ордунан бошотуу, которуу, жылдыруу, тартиптик жазаларды колдонуу, өргүүлөр, кызматтык иш сапарлар, аскердик наамдарды, класстык чендерди, атайын класстык чендерди, атайын наамдарды жана дипломатиялык рангдарды ыйгаруу, төмөндөтүү жана ажыратуу маселелери, ошондой эле мамлекеттик сыйлыктар, энчилүү саат менен сыйлоо жана алкыш жарыялоо маселелери боюнча Президенттин актыларынын долбоорлоруна аткаруучу жана жооптуу түзүмдүк бөлүмдүн жетекчиси, канцеляриянын актыларды редакциялоо жана которуу маселелери боюнча түзүмдүк бөлүмүнүн жетекчиси, Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын начальниги, Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчиси кол коёт.
Визалар мамлекеттик тилдеги актынын долбоорунун акыркы барагынын арткы бетине коюлат.
40. Президенттин актысынын долбооруна жана анын тиркемелерине ар бир барагынын арткы бетинин төмөнкү сол бурчуна милдеттүү түрдө төмөнкүлөр кол коёт:
- мамлекеттик тилде: аткаруучу жана жооптуу түзүмдүк бөлүмдүн жетекчиси, зарыл болгон учурда укуктук жактан камсыз кылуу маселелери боюнча түзүмдүк бөлүмдүн мыйзамдарды системалаштырууну жүргүзгөн кызматкери, канцеляриянын актыларды редакциялоо жана которуу маселелери боюнча түзүмдүк бөлүмүнүн актынын долбоорун мамлекеттик тилге которгон же актынын долбоорунун мамлекеттик тилге шайкештигине экспертиза жүргүзгөн кызматкери;
- расмий тилде: аткаруучу жана жооптуу түзүмдүк бөлүмдүн жетекчиси, зарыл болгон учурда укуктук жактан камсыз кылуу маселелери боюнча түзүмдүк бөлүмдүн мыйзамдарды системалаштырууну жүргүзгөн кызматкери, укуктук жактан камсыз кылуу маселелери боюнча түзүмдүк бөлүмдүн кызматкери, канцеляриянын актыларды редакциялоо жана которуу маселелери боюнча түзүмдүк бөлүмүнүн актынын долбоорунун расмий тилге шайкештигине экспертиза жүргүзгөн кызматкери.
Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алуу (андан чыгаруу), ырайым кылуу, мамлекеттик сыйлыктар менен сыйлоо жөнүндө Президенттин актыларынын долбоорлоруна укуктук жактан камсыз кылуу маселелери боюнча түзүмдүк бөлүмдүн мыйзамдарды системалаштырууну жүргүзгөн кызматкери кол койбойт.";
- 41-пункттун биринчи абзацындагы, 51-пункттун биринчи абзацындагы, 54-пункттагы "Президенттин жана Министрлер Кабинетинин канцеляриясы" деген сөздөр "канцелярия" деген сөзгө алмаштырылсын;
- 5-главанын аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "5. Мыйзамдардын, Министрлер Кабинетинин актыларынын долбоорлору менен иштөө тартиби";
- 42-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"42. Мыйзамдардын, Министрлер Кабинетинин актыларынын долбоорлору Министрлер Кабинетинин жыйналыштарында же сурамжылоо жолу менен (оперативдүү тартипте) кабыл алынат (жактырылат).
Чечимдердин долбоорлорун мамлекеттик органдар менен макулдашуу жол-жобосу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин регламентине ылайык жана анда аныкталган тартипте жүзөгө ашырылат.
Компетенциясына Регламенттин талаптарын сактоо маселелери кирген канцеляриянын түзүмдүк бөлүмү мыйзам долбоорлорунун, Министрлер Кабинетинин актыларынын Министрлер Кабинетинин Регламентинин жана ушул Регламенттин талаптарына ылайык келүүсүнө экспертиза жүргүзөт.
Актынын долбоору Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 28-октябрындагы № 233 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин регламенти жөнүндө" токтому менен бекитилген Министрлер Кабинетинин регламентинин 9, 541, 542, 547, 548, 63, 64-пункттарынын талаптарына ылайык келбеген учурда компетенциясына Регламенттин талаптарын сактоо маселелери кирген канцеляриянын түзүмдүк бөлүмү кайтаруунун себептерин негиздөө менен аны кароосуз кайтарат.
Актынын долбоору Регламенттин талаптарына ылайык келген учурда актынын долбоору бөлүштүрүү үчүн ылайык келгендиги жөнүндө тиешелүү корутунду менен документти кол коюуга даярдоо үчүн жооптуу тиешелүү түзүмдүк бөлүмгө (мындан ары - жооптуу түзүмдүк бөлүм) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын же Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын тийиштүү орун басарынын кароосуна киргизилет.";
- төмөнкүдөй мазмундагы 421, 422-пункттар менен толукталсын:
"421. Жооптуу түзүмдүк бөлүмдүн кызматкери (мындан ары - аткаруучу) актынын долбооруна экспертиза жүргүзөт жана корутунду даярдайт, анда төмөнкүлөр чагылдырылат:
- долбоордун мазмунунун тийиштүү чөйрөдөгү мамлекеттин жүргүзүп жаткан саясатына (стратегияларга, концепцияларга, программаларга ж.б.) ылайык келгендиги же ылайык келбегендиги жөнүндө маалыматтар;
- долбоорду кабыл алуунун жагымдуу жана терс кесепеттеринин (финансылык, экономикалык, социалдык ж.б.) болжолдору.
Актынын долбоору ушул пункттун талаптарына ылайык келбеген учурда актынын долбоору Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын тейлөөчү орун басарынын же Президенттин Администрациясынын өз алдынча түзүмдүк бөлүмүнүн жетекчисинин колу менен иштеп чыккан мамлекеттик органга кайтарылат.
Президенттин Администрациясынын түзүмдүк бөлүмдөрү тарабынан чечимдердин долбоорлорунун кайтарылышын/чакыртып алынышын эсепке алуу максатында актынын долбоорун кайтаруу жөнүндө каттын көчүрмөсү компетенциясына Регламенттин талаптарын сактоо маселелери кирген канцеляриянын түзүмдүк бөлүмүнө берилет.
422. Мыйзамдардын, Министрлер Кабинетинин актыларынын долбоорлорун даярдоодо жана демилгелөөдө түзүмдүк бөлүм тарабынан корутунду даярдалбайт, долбоорду кабыл алуу менен жетишиле турган акыркы натыйжалар негиздеме-маалымкатта чагылдырылат.
Түзүмдүк бөлүмдөр тарабынан демилгеленген мыйзамдардын, Министрлер Кабинетинин актыларынын долбоорлорун мамлекеттик органдар менен макулдашуу жол-жобосу Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын регламентине ылайык жана анда аныкталган тартипте жүзөгө ашырылат.";
- 43-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"43. Актынын долбоору ушул Регламенттин 42-1-пунктунун талаптарына ылайык келген учурда актынын долбооруна аткаруучу жана жооптуу түзүмдүк бөлүмдүн жетекчиси кол коёт жана тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөр менен төмөнкүдөй тартипте макулдашылат:
1) чечимдин долбоору документтердин пакети менен тийиштүү түзүмдүк бөлүмдөргө жана Президенттин жана Министрлер Кабинетинин укуктук жактан камсыз кылуу башкармалыгына корутунду берүү үчүн жөнөтүлөт. Чечимдин долбоорун кароонун жыйынтыгы боюнча макулдашуучу түзүмдүк бөлүм жооптуу түзүмдүк бөлүмгө макулдашуучу түзүмдүк бөлүмдүн жетекчиси кол койгон долбоорду макулдашуу жөнүндө корутундуну берет (актынын долбоорун макулдашуунун жүрүшүндө келип чыккан эске алынган же эске алынбаган сын пикирлердин жана сунуштардын бар экендиги, ошондой эле сын пикирлердин жана сунуштардын жоктугу жөнүндө маалымат жыйынды таблицада чагылдырылат жана түзүмдүк бөлүмдүн жетекчиси жана аткаруучу тарабынан кол коюлат);
2) долбоор канцеляриянын актыларды редакциялоо жана которуу боюнча түзүмдүк бөлүмүнө берилет. Канцеляриянын актыларды редакциялоо жана которуу боюнча түзүмдүк бөлүмүндө актылардын долбоорлорун экспертизалоо укуктук экспертиза жүргүзүлгөндөн кийин гана жүзөгө ашырылат;
3) бардык зарыл болгон документтери менен Министрлер Кабинетинин жыйналышында кароо же Министрлер Кабинетинин Төрагасынын кол коюусуна киргизүү үчүн долбоорду даярдоо жана кол коюу камсыз кылынат.";
- 44-пункт төмөнкүдөй мазмундагы абзацтар менен толукталсын:
"Президенттин Администрациясында толуктап иштеп чыгуу процессинде киргизилген маселенин маңызын өзгөртүүсүз же толуктоосуз толукталып иштелип чыккан Президенттин актыларынын долбоорлору иштеп чыккан мамлекеттик органдын жетекчиси тарабынан, ал эми ал жок учурда жетекчинин милдеттерин аткаруу жүктөлгөн орун басары тарабынан 2 жумуш күндүн ичинде кайрадан макулдашылууга (кол коюлууга) тийиш.
Кайрадан макулдашуу актынын долбоорунун текстине кол коюу же актынын өзгөртүлгөн же толукталган долбоорун тиркөө менен жооптуу түзүмдүк бөлүмдүн жетекчисинин колу коюлган катты жөнөтүү жолу менен иш тартибинде жүзөгө ашырылышы мүмкүн.
Ошол эле учурда иштеп чыккан мамлекеттик орган тарабынан ушул пункттун төртүнчү абзацында көрсөтүлгөн мөөнөттө чечимдин долбоорунун толукталып иштелип чыккан текстин которуу да камсыз кылынат.";
- 46-пункттун биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"46. Президенттин Администрациясында мыйзамдардын, Министрлер Кабинетинин актыларынын долбоорлорун экспертизалоо мөөнөтү 5 жумуш күнгө чейин.";
- 48-пункттун экинчи, үчүнчү абзацтары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"мамлекеттик тилде - канцеляриянын актыларды редакциялоо жана которуу маселелери боюнча түзүмдүк бөлүмүнүн актынын долбоорун мамлекеттик тилге которгон же актынын долбоорунун мамлекеттик тилге шайкештигине экспертиза жүргүзгөн кызматкери, аткаруучу жана жооптуу түзүмдүк бөлүмдүн жетекчиси, зарыл болгон учурда укуктук жактан камсыз кылуу маселелери боюнча түзүмдүк бөлүмдүн мыйзамдарды системалаштырууну жүргүзгөн кызматкери;
расмий тилде - канцеляриянын актыларды редакциялоо жана которуу маселелери боюнча түзүмдүк бөлүмүнүн актынын долбоорунун расмий тилге шайкештигине экспертиза жүргүзгөн кызматкери, аткаруучу жана жооптуу түзүмдүк бөлүмдүн жетекчиси, укуктук жактан камсыз кылуу боюнча түзүмдүк бөлүмдүн укуктук экспертиза жүргүзгөн кызматкери, зарыл болгон учурда укуктук жактан камсыз кылуу маселелери боюнча түзүмдүк бөлүмдүн мыйзамдарды системалаштырууну жүргүзгөн кызматкери.";
- 6-главанын аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "6. Министрлер Кабинетинин Төрагасынын жана Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин тескемелеринин долбоорлору менен иштөө тартиби";
- 52-пунктта:
2-пунктчадагы "Президенттин жана Министрлер Кабинетинин канцеляриясынын" деген сөздөр "канцеляриянын" деген сөздөргө алмаштырылсын;
экинчи абзацтагы "алтынчы", "Президенттин жана Министрлер Кабинетинин канцеляриясынын" деген сөздөр тиешелүү түрдө "үчүнчү", "канцеляриянын" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 57-пункттун экинчи абзацындагы "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерин ратификациялоо (денонсациялоо)" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерин ратификациялоо, денонсациялоо же аларга кошулуу" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 63-пункттун биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"63. Президент, Министрлер Кабинетинин Төрагасы, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарлары, Президенттин Администрациясынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилери өткөргөн кеңешмелердин, жыйналыштардын протоколдору өткөрүү датасын, катар номерин көрсөтүү менен милдеттүү түрдө катталууга тийиш жана электрондук документ жүгүртүү системасы аркылуу жөнөтүлөт. Тиркелген материалдары менен протоколдордун түп нускалары канцеляриянын учурдагы архивинде сакталат.";
- 70-пункт төмөнкүдөй мазмундагы абзацтар менен толукталсын:
"Милдеттүү түрдө жарыяланууга тийиш болгон Мыйзамдар, Президенттин жарлыктары канцелярия тарабынан жөнөтүү барагына ылайык "Эркин-Тоо" газетасына жөнөтүлөт.
Жарыяланууга тийиш болгон токтомдор жана тескемелер канцелярия тарабынан жөнөтүү барагына ылайык маалыматтык саясат кызматына жөнөтүлөт, ал жарыялоо боюнча ишти уюштурат.";
- 71-пункттагы "канцеляриянын актыларды чыгаруу маселелерин тейлеген түзүмдүк бөлүм" деген сөздөр "канцеляриянын иш кагаздарын жүргүзүү маселелерин тейлеген түзүмдүк бөлүмү" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 72-пунктта:
биринчи абзацтагы "Президенттин жана Министрлер Кабинетинин канцеляриясы" деген сөздөр "канцелярия" деген сөзгө алмаштырылсын;
экинчи абзацтагы "Ченемдик укуктук актылар" деген сөздөр "Президенттин, Министрлер Кабинетинин актылары" деген сөздөргө алмаштырылсын;
үчүнчү абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Президенттин, Министрлер Кабинетинин актыларын электрондук почта аркылуу жөнөтүүдө "Subject" ("Предмет", "Тема") талаасында актынын реквизиттери көрсөтүлөт.";
- 73-пункттун төртүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Эгерде түзүмдүк бөлүмдөр жөнүндө жоболордо башкача каралбаса, Президенттин Администрациясынын башкармалыктарынын начальниктери тапшырмаларды башкармалыктын курамында иш жүргүзгөн түзүмдүк бөлүмдөргө гана бере алат.";
- 77-пункттагы "Президенттин жана Министрлер Кабинетинин канцеляриясына" деген сөздөр "канцелярияга" деген сөзгө алмаштырылсын;
- 80-пункттун биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"80. Жарандардын жазуу жүзүндө, электрондук билдирүү түрүндө же Президенттин Коомдук кабылдамасы аркылуу оозеки жеке кайрылуу түрүндө келип түшкөн кайрылуулары, ошондой эле аларды кароонун натыйжалары андан ары АСКИДге же ЭДЖСга тийиштүү маалыматтарды киргизүү же жарандардын кайрылуулары менен иштөө боюнча секторго жөнөтүү менен канцелярия тарабынан катталат.".
Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси |
| А.У. Жапаров |