РаспоряжениеКүчүндө

КР Президентинин Администрациясынын жетекчисинин 2021-жылдын 26-октябрындагы № 571 (Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясында документтер менен иштөөнүн регламенти бекитүү тууралуу) тескемеси

Редакция
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН АДМИНИСТРАЦИЯСЫНЫН ЖЕТЕКЧЕСИ

ТЕСКЕМЕ

2021-жылдын 26-октябры № 571

Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясында документтер менен иштөөнү уюштуруунун натыйжалуулугун жогорулатуу максатында, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 7-майындагы № 134 "Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясы жөнүндө" Жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясы жөнүндө жобонун 27-пунктуна ылайык:

 

1. Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясында документтер менен иштөөнүн регламенти тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын кызматкерлери ушул Регламентти жетекчиликке жана кынтыксыз аткарууга алсын.

3. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:

- Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчисинин 2017-жылдын 29-июнундагы № 194 буйругу;

- Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчисинин 2017-жылдын 17-июлундагы № 213 буйругу;

- Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчисинин 2018-жылдын 11-октябрындагы № 293 буйругу.

 

Кыргыз Республикасынын Президентинин

Администрациясынын Жетекчиси

 

А.У. Жапаров