Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2023-жылдын 28-августу № 435
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 31-октябрындагы № 756 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик аскерлештирилген уюмдарында жана атайын кызматтарында согуштук атуучу кол куралдарды, алардын ок-дарыларын, ошондой эле дүрмөтсүз куралды жүгүртүүнүн эрежесин бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын системалаштыруу, атайын бөлүмдөрдүн ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу, мамлекеттик аскерлештирилген уюмдарга жана атайын кызматтарга өз муктаждыктары үчүн ок-дарыларды өндүрүүнү (жабдууну) ишке ашырууга мүмкүнчүлүк берүү, ошондой эле бюджеттик каражаттарды үнөмдөө жана натыйжалуу пайдалануу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 31-октябрындагы № 756 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик аскерлештирилген уюмдарында жана атайын кызматтарында согуштук атуучу кол куралдарды, алардын ок-дарыларын, ошондой эле дүрмөтсүз куралды жүгүртүүнүн эрежесин бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Мамлекеттик аскерлештирилген уюмдарда жана атайын кызматтарда согуштук атуучу кол куралдарды, алардын ок-дарыларын, ошондой эле дүрмөтсүз куралды колдонуунун эрежесинде:
- 1-пункттун экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Куралдарды жүгүртүү Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин, Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын, Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу системасынын мамлекеттик органынын аскердик бөлүктөрүндө жана уюмдарында, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын атайын кызматтарында, сот приставдары кызматтарында (мындан ары - мамлекеттик аскерлештирилген уюмдар жана атайын кызматтар деп аталат) ишке ашырылат.";
- 2-пункттун "д" пунктчасында, 28-пунктта, 3-пункттун жинчи абзацында түрдүү жөндөмөдөгү "Өкмөт" деген сөз тиешелүү жөндөмөдө "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- төмөнкүдөй мазмундагы 61-глава менен толукталсын:
"61. Куралдарды жана ок-дарыларды өндүрүү, оңдоо
251. Мамлекеттик аскерлештирилген уюмдарда жана атайын кызматтарда ок-дарыларды жабдуу өз муктаждыктарын камсыздоонун алкагында, ок-дарыларды жабдуу тартибин жөнгө салуучу тиешелүү ведомстволук ички актынын негизинде бөлүмдөрдү ок-дарылар менен сапаттуу жана үзгүлтүксүз жабдуу максатында ишке ашырылышы мүмкүн.
252. Мамлекеттик аскерлештирилген уюмдар жана атайын кызматтар куралдарды жана приборлорду тейлөө жана оңдоо, куралдардын жана ок-дарылардын параметрлерин өлчөө үчүн багытталган жабдууларды, ок атуучу куралды оңдоо, тейлөө жана модернизациялоо үчүн запастык бөлүктөрдү, механизмдерди жана башка зарыл болгон материалдарды сатып ала алышат жана пайдалана алышат, патрондорду жабдуу үчүн жабдууларды, ошондой эле патрондорду жабдуу үчүн комлекттөөчүлөрдү (гильза, порох, капсюль) сатып ала алышат.
253. Согуштук кол куралды оңдоо жана модернизациялоо, ошондой эле ок-дарылардын курамдык бөлүктөрүнөн патрондорду чогултуу мамлекеттик аскерлештирилген уюмдарда жана атайын кызматтарда, ошондой эле "Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен белгиленген тиешелүү лицензиясы бар уюмдарда ишке ашырылышы мүмкүн.".
2. Бул токтом тартылган мамлекеттик органдар үчүн бекитилген штаттык сандын жана тиешелүү жана кийинки жылдарга каралган каражаттын чегинде жүзөгө ашырылат деп белгиленсин.
3. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик аскерлештирилген уюмдары жана атайын кызматтары өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.У.Жапаров |