Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2006-жылдын 31-октябры № 756

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик аскерлештирилген уюмдарында жана атайын кызматтарында согуштук атуучу кол  куралдарды, алардын ок-дарыларын, ошондой эле дүрмөтсүз куралды жүгүртүүнүн эрежесин бекитүү жөнүндө

(КР Өкмөтүнүн 2007-жылдын 27-августундагы № 377, 2013-жылдын 14-июнундагы № 354 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

Кыргыз Республикасынын "Курал жөнүндө" Мыйзамын аткаруу үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик аскерлештирилген уюмдарында жана атайын кызматтарында согуштук атуучу кол куралдарды, алардын ок-дарыларын, ошондой эле дүрмөтсүз куралды жүгүртүүнүн эрежеси бекитилсин.

(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 14-июнундагы № 354 токтомунун редакциясына ылайык)

2. (КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 14-июнундагы № 354 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргонуу, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмү жүктөлсүн.

(КР Өкмөтүнүн 2007-жылдын 27-августундагы № 377 токтомунун редакциясына ылайык)

 

Премьер-министри

Ф.Кулов