Загрузка документа…
|
| 1-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 19-декабрындагы № 681 токтомуна) |
"Элдик Курултайдын катчылыгы" мекемеси жөнүндө ЖОБО
1-глава. Жалпы жоболор
1. "Элдик Курултайдын катчылыгы" мекемеси (мындан ары - Катчылык) "Элдик Курултай жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына ылайык Элдик Курултайдын функцияларын жана ыйгарым укуктарын ишке ашырууну камсыз кылуу максатында түзүлдү.
2. Катчылык өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын жана мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарын жана тескемелерин, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомдорун жана тескемелерин, башка ченемдик укуктук актыларды, Элдик Курултайдын чечимдерин жана ушул Жобону жетекчиликке алат.
3. Катчылык оперативдүү башкаруу укугуна негизделген мекеменин уюштуруу-укуктук формасында иштеген юридикалык жак болуп саналат.
Катчылыктын уюштуруучусу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети болуп саналат.
4. Катчылыктын негизги жана жүгүртүү каражаттары, өз алдынча балансы, Кыргыз Республикасынын банктарында алыш-бериш жана башка эсептери болот.
5. Катчылыктын мамлекеттик жана расмий тилдерде өзүнүн аталышы жазылган мөөрү, штамптары, бланктары жана башка реквизиттери бар.
6. Мекеменин аталышы:
- мамлекеттик тилде: "Элдик Курултайдын катчылыгы";
кыскартылган аталышы: "Катчылык";
- расмий тилде: "Секретариат Народного Курултая";
кыскартылган аталышы: "Секретариат".
7. Катчылыктын юридикалык дареги: 720003, Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү, 207.
2-глава. Катчылыктын милдеттери жана функциялары
8. Катчылыктын негизги милдеттери төмөнкүлөрдү камсыздоо болуп саналат:
1) Элдик Курултайды уюштуруу жана өткөрүү боюнча зарыл иш-чараларды жүргүзүүнү;
2) тиешелүү мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте Элдик Курултайдын делегаттарын шайлоо тартибин;
3) Элдик Курултай кабыл алган резолюцияларды жана башка чечимдерди ишке ашырууну.
9. Катчылыктын негизги функциялары болуп төмөнкүлөр саналат:
1) Элдик Курултайдын жалпы чогулушун, Элдик Курултайдын Улуттук Кеңешинин жыйналыштарын даярдоо жана өткөрүүнү уюштуруу, Элдик Курултай тарабынан түзүлгөн жумушчу топтордун ишин камсыз кылуу, анын ичинде:
- кезектеги Элдик Курултайды өткөрүү жана иш планынын долбоорун иштеп чыгуу;
- Элдик Курултайдын делегаттарын шайлоону өткөрүүгө көмөк көрсөтүү;
- Элдик Курултайдын жалпы чогулушунун, Элдик Курултайдын Улуттук Кеңешинин жыйналыштарынын күн тартибинин долбоорлорун даярдоо;
- Элдик Курултайдын жалпы чогулушунун, Элдик Курултайдын Улуттук Кеңешинин жыйналыштарынын, башка иш-чаралардын протоколдорун жүргүзүү;
- Элдик Курултайдын жалпы чогулушуна катышуу үчүн мамлекеттик бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрүн чакыруу;
- Элдик Курултайдын делегаттарын каралуучу маселелер боюнча зарыл маалыматтар жана материалдар менен камсыз кылуу;
- Элдик Курултайдын жана анын органдарынын резолюцияларынын долбоорлорун жана башка документтерин даярдоо;
2) Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөрү менен биргеликте Элдик Курултай кабыл алган резолюцияларды аткарууну жүзөгө ашыруу, анын ичинде:
- кабыл алынган резолюцияларды тиешелүү мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жөнөтүү;
- Элдик Курултай кабыл алган резолюцияларды ишке ашыруу боюнча иш-чаралардын планын даярдоо;
- аналитикалык документтерди даярдоо менен жогоруда көрсөтүлгөн иш-чаралар планынын аткарылышына үзгүлтүксүз мониторинг жүргүзүү;
- Элдик Курултай органдарына келип түшкөн жарандардын кайрылууларын кароону уюштуруу;
3) Элдик Курултайдын жана анын органдарынын коомдук уюмдар, жарандык коомдун өкүлдөрү, мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен өз ара аракеттенүүсүн уюштуруу;
4) Элдик Курултайдын мыйзам чыгаруу демилгелерин илгерилетүү маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши менен өз ара аракеттенүүнү уюштуруу, мыйзам долбоорлорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде сунуштоо;
5) Элдик Курултайдын регламентинин талаптарына ылайык Элдик Курултайдын өкүлү кызмат ордуна талапкерлерди Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча кеңешине тандоо боюнча зарыл болгон иш-чараларды уюштуруу, тиешелүү материалдарды Элдик Курултайдын жалпы чогулушунун кароосуна киргизүү, ошондой эле материалдарды Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жөнөтүү;
6) Элдик Курултайдын ишин жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын өркүндөтүү боюнча сунуштарды даярдоо;
7) Элдик Курултайдын жана анын органдарынын ишин укуктук камсыздоо;
8) Элдик Курултайдын жана анын органдарынын иши жөнүндө маалымдоо;
9) Элдик Курултайды уюштуруу жана өткөрүү боюнча түшүндүрүү иштерин зарылдыгына жараша жүргүзүү;
10) Элдик Курултайдын жана анын органдарынын иш кагаздарын жүргүзүү;
11) Элдик Курултайдын жана анын органдарынын ишин камсыз кылуу боюнча милдеттердин алкагында Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ушул Жобого каршы келбеген башка функциялар.
3-глава. Катчылыктын укуктары
10. Катчылык төмөнкүлөргө укуктуу:
1) мамлекеттик органдардан, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан, мамлекеттик жана муниципалдык ишканалардан жана мекемелерден, башка уюмдардан өзүнүн милдеттерин жана функцияларын аткаруу үчүн зарыл болгон материалдарды, документтерди жана маалыматтарды суроого жана белгиленген тартипте алууга;
2) Элдик Курултайдын жана анын органдарынын функцияларынын жана ыйгарым укуктарынын алкагында мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан өткөрүлүүчү жыйналыштарга, кеңешмелерге, жолугушууларга катышууга;
3) Элдик Курултайдын делегаттарын шайлоо маселелери боюнча мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына сунуштарды киргизүүгө, түшүндүрмөлөрдү берүүгө;
4) Элдик Курултайдын ишин жөнгө салуучу мыйзамдарга ылайык Элдик Курултайдын жана анын органдарынын милдеттерин жана функцияларын аткаруу үчүн зарыл болгон башка иш-аракеттерди жасоого.
4-глава. Катчылыктын ишин уюштуруу
11. Катчылыктын ишине жалпы жетекчиликти жана контролду Катчылыктын жетекчиси - жооптуу катчы жүргүзөт.
Катчылыктын жетекчиси (жооптуу катчысы) "Элдик Курултай жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына ылайык шайлануучу Элдик Курултайдын Улуттук Кеңешинин төрагасы болуп саналат.
Катчылыктын жетекчиси жок учурда анын милдеттерин кызматтык документтерге кол коюу укугу менен Катчылыктын жетекчиси тарабынан бекитилүүчү же Катчылыктын жетекчисинин өзүнчө чечими менен аныкталуучу Катчылыктын кызматкерлеринин ортосунда милдеттерди бөлүштүрүүгө ылайык Катчылыктын кызматкерлеринин бири аткарат.
12. Катчылыктын жетекчиси:
1) Катчылыктын ишин жетектейт жана Катчылыкка жүктөлгөн милдеттердин жана функциялардын аткарылышы жана анын ишинин натыйжалары үчүн жоопкерчилик тартат;
2) Катчылыктын, Элдик Курултайдын жана анын органдарынын мамлекеттик бийлик органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, коомдук жана башка уюмдар менен өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылат;
3) өзүнүн компетенциясынын чегинде Катчылыктын бардык кызматкерлери аткарууга милдеттүү болгон буйруктарды чыгарат, көрсөтмөлөрдү берет жана алардын аткарылышын контролдоону уюштурат;
4) Элдик Курултайдын Улуттук Кеңешинин сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Президентине Катчылыктын кызматкерлерин кызмат ордуна дайындоого жана кызмат ордунан бошотууга сунуштарды киргизет;
5) Элдик Курултайдын регламентине ылайык Элдик Курултайдын Улуттук Кеңешинин ыйгарым укуктарын колдонуу токтотулган мезгилде Элдик Курултайдын кезектеги жалпы чогулуштарынын ортосундагы мезгилде Катчылыктын кызматкерлерин кызмат ордуна дайындоо жана кызмат ордунан бошотуу маселелерин чечет;
6) Катчылыктын түзүмүн жана штаттык расписаниесин бекитет;
7) Катчылыктын кызматкерлеринин функциялык милдеттерин аныктайт;
8) Катчылыктын кызматкерлерине карата тартиптик таасир этүү жана сыйлоо чараларын колдонот;
9) Катчылыктын атынан ишеним катсыз иштейт, Кыргыз Республикасынын бардык мамлекеттик органдарында, эл аралык институттарда жана уюмдарда анын кызыкчылыктарын коргойт, белгиленген тартипте келишимдерди түзөт, ишеним каттарды берет, банктарда алыш-бериш эсептерин ачат, банктык жана финансылык документтерге, башка кызматтык документтерге кол коёт;
10) эмгек мыйзамдарына жана Элдик Курултайдын ишин жөнгө салуучу мыйзамдарга ылайык Катчылыктын милдеттерин жана функцияларын аткаруу үчүн зарыл болгон башка иш-аракеттерди жасайт.
13. Катчылыктын кызматкерлери ишин туруктуу негизде жүргүзөт, кезектеги жалпы чогулушту өткөрүү аларды кызмат ордунан (Элдик Курултайдын Улуттук Кеңешинин Төрагасы - Катчылыктын жетекчисин кошпогондо) бошотуу үчүн негиз болуп саналбайт.
14. Катчылыктын кызматкерлери Элдик Курултайдын ишин жөнгө салуучу мыйзамдарга, ошондой эле Элдик Курултайдын регламентине ылайык Кыргыз Республикасынын Президентинин тескемеси менен кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат.
15. Катчылыктын жетекчиси жана кызматкерлери мамлекеттик кызматчылар болуп саналбайт.
Катчылыктын кызматкерлеринин эмгек ишин жүзөгө ашыруу маселелери Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдары жана Элдик Курултайдын регламенти менен жөнгө салынат.
16. Катчылык Элдик Курултайга жана Элдик Курултайдын Улуттук Кеңешине отчет берет.
Катчылыктын иши Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясы тарабынан координацияланат.
5-глава. Катчылыкты каржылоо жана отчеттору
17. Катчылыкты каржылоонун булактары болуп төмөнкүлөр саналат:
1) республикалык бюджеттин каражаттары;
2) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка кирешелер.
18. Республикалык бюджеттин эсебинен сатып алынган мүлк мамлекеттик менчик болуп саналат жана оперативдүү башкаруу укугунда Катчылыкка берилет.
19. Катчылыктын акча каражаттарын эсепке алуу Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасынын өзүнчө казыналык эсебинде (бюджеттик каражаттар боюнча негизги сметадан өзүнчө) жүргүзүлөт.
20. Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы Катчылыктын каражаттарын пайдалануу жөнүндө отчетту түзөт жана аны мыйзамдарда белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине жөнөтөт.
6-глава. Катчылыкты кайра уюштуруу жана жоюу
21. Катчылыкты жоюу жана кайра уюштуруу Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.
22. Катчылыктын иш процессинде пайда болгон документтер "Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык пайдаланылат жана сакталат.