Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 1-апрели № 147
Мамлекеттик турак жай саясаты маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 30-январындагы № 10 "Мамлекеттик турак жай саясаты чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн турак жай менен камсыз кылуу жана турак жай куруу механизмдерин андан ары өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө" Жарлыгын аткаруу максатында, "Мамлекеттик ипотекалык турак жай насыясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 9-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 13-июлундагы № 75 "Кыргыз Республикасынын "Менин үйүм 2021-2026" турак жай программасын бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтомдун 3-тиркемесинде:
1) 2-главада:
- 5-пункт төмөнкүдөй мазмундагы 6-пунктча менен толукталсын:
"
6 | МИКтин турак жайды каржылоо механизмдери (банктар аркылуу ипотекалык кредит берүү, кийин сатып алуу менен ижарага алынган турак жай жана башка механизмдер) | Иштеген чөйрөсүнө карабастан, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын камкорчулары | - катышуучунун төлөө жөндөмдүүлүгү |
";
- 6-пункт төмөнкүдөй мазмундагы 11-пунктча менен толукталсын:
"11) турак жай каржылоону берүүдө мамлекеттик турак жай программасынын Бишкек шаарында иштеген катышуучуларына республиканын региондорунда кийин сатып алуу менен турак жайды ижарага берүүгө жол берилет. Ошол эле учурда республиканын региондорунда иштеген жарандар үчүн Бишкек шаарында кийин сатып алуу менен ижарага турак жай берүүгө жол берилбейт. Ушул пунктчанын ченемдери турак жай курулушун үлүштүк каржылоо механизминин алкагында Программанын катышуучуларына жайылтылбайт.";
2) 6-глава төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"6-глава. Турак үйүн үлүштүк куруу аркылуу каржылоонун шарттарыre
№ | Ипотекалык кредит берүүнүн параметрлери | Эскертүү |
1 | Программанын катышуучусу (максаттуу топ) | Катышуучуда, катышуучунун жубайында жана катышуучунун жашы жете элек балдарында Программага катышууга арыз берген күнгө чейин акыркы 3 (үч) жылдын ичинде жана турак үйүн каржылоону алган учурда Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында менчик турак үйүнүн жана турак үйүнө менчик укугун өткөрүп берүүгө байланышкан кандайдыр бир жарандык-укуктук бүтүмдөрдүн жоктугу шартында бардык жарандар, анын ичинде өлкөнүн чегинен тышкары иштеген жарандар |
2 | Максаттуу багыты | Үлүштүк турак үйүнүн курулушун андан ары каржылоо үчүн баштапкы төгүмдү берүү |
3 | Ижара предмети | "Кийин сатып алуу менен ижаралык турак үйү" механизми боюнча үлүштүк каржылоонун негизинде курулуп жаткан турак үйдөгү батир. Төлөө графигине жана ижара келишимине ылайык турак үйүнүн наркы толугу менен төлөнгөнгө чейин менчик укугу МИКке таандык |
4 | Ижара акысы жана баштапкы төгүм (жеке салым) | Ижаранын наркы каржылоо булактарын, курулуштун наркын эске алуу менен МИКтин өзүнчө чечими менен белгиленет. Баштапкы төгүм турак үйүнүн наркынын 50%ынан кем эмес. Турак үйүнүн наркы толук берилгенде ижара объектиси Программанын катышуучусунун менчигине 30 (отуз) жумуш күндүн ичинде өтөт |
5 | Валютасы | Кыргыз сому |
6 | Ижаранын мөөнөтү | 15 (он беш) жылга чейин |
7 | Комиссиялардын түрлөрү жана өлчөмү | Ар айлык ижара төлөмдөрүн кабыл алууга комиссия - өнөктөш-банктын тарифтерине ылайык |
8 | Турак үйүн ижарага берүү боюнча шарттарды өзгөртүү | Эки айдан кем эмес төлөмдүн өлчөмүндө сумма төлөнгөн шартта ижара турак үйүн сатып алуу мөөнөтүн азайтууну эске алуу менен (ижарачынын каалоосу боюнча) учурдагы график боюнча келечектеги төлөөлөрдүн эсебине ижара акысын төлөө мүмкүнчүлүгүнө жол берилет. Графикке ылайык ижара төлөмдөрүнүн суммасынын толук калдыгын төлөө жолу менен бүтүм жасалган учурдан тартып ижаралык турак үйүн мөөнөтүнөн мурда сатып алуу мүмкүндүгүнө жол берилет |
9 | Камсыздандыруу | "Турак жайды өрттөн жана табигый кырсыктардан милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык ижарадагы объектти милдеттүү түрдө жыл сайын камсыздандыруу |
".
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 21-ноябрындагы № 614 "Көп батирлүү үйлөрдү жана кыймылсыз мүлктүн башка объекттерин курууга жеке же юридикалык жактардын финансылык каражаттарын тартуунун тартиби жана шарттары жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Көп батирлүү үйлөрдү жана кыймылсыз мүлктүн башка объекттерин курууга жеке же юридикалык жактардын финансылык каражаттарын тартуунун тартиби жана шарттары жөнүндө жободо:
- төмөнкүдөй мазмундагы 1-1-пункт менен толукталсын:
"1-1. Ушул Жобонун ченемдери ипотекалык турак жай кредитин берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан ишке ашырылуучу мамлекеттик турак жай программаларынын алкагында үлүштүк каржылоо механизмдерин пайдалануу менен турак жайды курууга жайылтылбайт.".
3. Мамлекеттик турак жай программаларын ишке ашыруунун алкагында ипотекалык турак жай кредитин берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган төмөнкүлөрдүн механизмин ишке ашырууну камсыз кылсын:
- өлкөнүн чегинен тышкары иштеген жарандар үчүн жана жарандардын башка категориялары үчүн турак жай курулушун үлүштүк каржылоонун;
- мамлекеттик турак жай программаларынын катышуучулары үчүн ипотекалык турак жай кредитин берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын турак жай фондунан кийин сатып алуу менен ижарага турак жай берүү жолу менен бар болгон турак үйдү кеңейтүүнүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.Жапаров |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 1-апрели № 147
Мамлекеттик турак жай саясаты маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 6-мартындагы № 118 токтомунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 30-январындагы № 10 "Мамлекеттик турак жай саясаты чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн турак жай менен камсыз кылуу жана турак жай куруу механизмдерин андан ары өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө" Жарлыгын аткаруу максатында, "Мамлекеттик ипотекалык турак жай насыясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 9-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. (КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 6-мартындагы № 118 токтомуна ылайык күчүн жоготту)