Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 1-апрели № 147
Мамлекеттик турак жай саясаты маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 6-мартындагы № 118 токтомунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 30-январындагы № 10 "Мамлекеттик турак жай саясаты чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн турак жай менен камсыз кылуу жана турак жай куруу механизмдерин андан ары өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө" Жарлыгын аткаруу максатында, "Мамлекеттик ипотекалык турак жай насыясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 9-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. (КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 6-мартындагы № 118 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 21-ноябрындагы № 614 "Көп батирлүү үйлөрдү жана кыймылсыз мүлктүн башка объекттерин курууга жеке же юридикалык жактардын финансылык каражаттарын тартуунун тартиби жана шарттары жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Көп батирлүү үйлөрдү жана кыймылсыз мүлктүн башка объекттерин курууга жеке же юридикалык жактардын финансылык каражаттарын тартуунун тартиби жана шарттары жөнүндө жободо:
- төмөнкүдөй мазмундагы 1-1-пункт менен толукталсын:
"1-1. Ушул Жобонун ченемдери ипотекалык турак жай кредитин берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан ишке ашырылуучу мамлекеттик турак жай программаларынын алкагында үлүштүк каржылоо механизмдерин пайдалануу менен турак жайды курууга жайылтылбайт.".
3. Мамлекеттик турак жай программаларын ишке ашыруунун алкагында ипотекалык турак жай кредитин берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган төмөнкүлөрдүн механизмин ишке ашырууну камсыз кылсын:
- өлкөнүн чегинен тышкары иштеген жарандар үчүн жана жарандардын башка категориялары үчүн турак жай курулушун үлүштүк каржылоонун;
- мамлекеттик турак жай программаларынын катышуучулары үчүн ипотекалык турак жай кредитин берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын турак жай фондунан кийин сатып алуу менен ижарага турак жай берүү жолу менен бар болгон турак үйдү кеңейтүүнүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.Жапаров |