Загрузка документа…
АК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2023-жылдын 5-октябры № 74
“Админстративдик аймактык реформанын долбоорун жактыруу жөнүндө”
“Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022- жылдын 18-октябрындагы Кыргыз Республикасынын админстративдик- аймактык түзүлүшүн өркүндөтүү жана региондорду өнуктүрүү боюнча андан аркы чаралар жөнүндө” ПЖ № 350 Жарлыгын ишке ашыруу максатында Өзгөн районунда Админстративдик аймактык реформаны жүргүзүү боюнча долбоору менен таанышып чыгып, Ак-Жар айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Салам-Алик, Ак-Жар, Көлдүк айыл аймактарынын бириктирүү долбоору өзгөргөндүгүнө байланыштуу Ак-Жар айылдык кеңешинин 2023- жылдын 27-сентябрында кабыл алынган №72 токтомунун жалпы пункттары өзгөртүлүп жаңы редакцияда баяндалсын.
2. Өзгөн районунун Ак-Жар, Көлдүк айыл аймактарын бириктирүү долбоору колдоого алынсын.
3. Бириккен айыл аймагынын аталышы “Ак-Жар” деп аталып, борбору Ак-Жар айылына жайгашуусу жактырылсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ак-Жар айылдык кеңешинин “Мыйзамдуулук, адам укугун коргоо боюнча” туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
| Турдали у. К. |