ЖЕРГЕ-ТАЛ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГЕ-ТАЛ АЙЫЛДЫК КЕНЕШИ
ТОКТОМ
Аксы районунун Жерге-Тал айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз он төртүнчү сессиясынын
2023-жылдын 24-февралы № 14-2
ЖОБОну бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” мыйзамынын 27-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 6-сентябрындагы “Улуттук тазалык күнү жана 2023-2025-жылдар мезгилине тиричилик калдыктарын иштетүү боюнча натыйжалуу инфраструктура түзүү боюнча иш-аракеттер планы жөнүндөгү” ПЖ № 305 Жарлыгынын негизинде түзүлгөн Аксы районунун мамлекеттик администрациясынын 2022-жылдын 19-сентябрындагы №275-б буйругу менен бекитилген иш-аракеттер планынын 6-пунктун аткарууга алуу боюнча “Жерге-Тал айыл аймагында көрктөндүрүү, жашылдандыруу жана тазалыкты сактоо боюнча эрежелер жөнүндөгү” жобосун бекитүү тууралуу айылдык кеңештин мыйзам жана укук маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп жана талкуулап, сессия токтом кылат:
1. “Жерге-Тал айыл аймагында көрктөндүрүү, жашылдандыруу жана тазалыкты сактоо боюнча эрежелер жөнүндөгү” жобосу бекитилсин.
2. Жободо көрсөтүлгөн эрежелердин негизинде иш алып баруу жагы айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
3. Токтомду айыл өкмөттүн расмий сайтына (jergetal.kg) жарыялоо жана мамлекеттик реестрге киргизүү жагы айылдык кеңештин жооптуу катчысы А.Бекмырзаевге милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин социалдык маселелер боюнча жана жер маселелери боюнча туруктуу комиссияларына тапшырылсын.
Төрага |
| К.Мураталиев |