Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2023-жылдын 5-декабры № 644
Креативдүү индустриялар паркы чөйрөсүндөгү
айрым маселелер жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 2-июлундагы № 457 токтомунун редакциясына ылайык)
"Креативдүү индустриялар паркы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4, 5, 7-беренелерин ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Креативдүү индустриялар паркынын ишинин түрлөрүнүн тизмеси тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 23-июнундагы № 327 "Креативдүү индустриялар паркын түзүүнүн айрым маселелери жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Креативдүү индустриялар паркынын Байкоочу кеңеши жөнүндө жободо:
- 4-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4. Экономикалык өнүктүрүү жаатында бирдиктүү мамлекеттик саясатты жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин кароосуна Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинен сунушталган жана Кыргыз Республикасынын креативдүү индустриялар кесиптик бирикмелери тарабынан дайындалган КИП Байкоочу кеңешинин курамын киргизет.
Байкоочу кеңештин мүчөлөрү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими менен үч жылдык мөөнөткө бекитилет. Байкоочу кеңештин мүчөлөрү алар жумуштан бошотулган, жарандык укуктук мамилелер жана креативдүү экономика чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын же ушул Жобонун ченемдерин бузган учурда көрсөткөн орган тарабынан ыйгарым укуктарынын мөөнөтү аяктаганга чейин чакыртып алынышы мүмкүн.";
- 6-пункт төмөнкүдөй мазмундагы 61-пунктча менен толукталсын:
"61) иштин түрүнүн креативдүүлүгүн аныктоо үчүн КИП дирекциясы тарабынан берилген критерийлерди бекитет;".
3. Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети зарыл болгон учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 11-январындагы № 9 "Кыргыз Республикасынын "Экономикалык иштин түрлөрү" мамлекеттик классификаторун бекитүү жөнүндө" токтомуна тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүүнү караган акттын долбоорун иштеп чыксын жана белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин кароосуна киргизсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.У. Жапаров |
|
| Тиркеме |
Креативдүү индустриялар паркынын ишинин түрлөрүнүн тизмеси
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 2-июлундагы № 457 токтомунун редакциясына ылайык)
№ | Иштин түрлөрү | ЭИМК № | Алардын ичинде |
|
1 | Басуу жана басып чыгарууга даярдоо боюнча кызмат көрсөтүү | 18.13 | 1) санариптик маалыматтарды компьютерде даярдоо, анын ичинде маалыматтарды тариздөө; 2) маалыматтар базаларын, анын ичинде электрондук түрдө (анын ичинде Интернетте) түзүү; 3) көркөм чыгармалар, анын ичинде литографиялык таштарды жана даяр жыгач формаларын чыгаруу; 4) басып чыгарууга даярдоо боюнча башка иштер (корректураларды түзүү, сыноо үзүндүлөрдүн жана бүтүн басма чыгармасынын макеттеринин топтому, анын ичинде мукабанын сырткы жасалгасы ж.б.) |
|
2 | Китептерди басып чыгаруу | 58.11 | 1) китептерди, окуу китептерин, брошюраларды, буклеттерди жана башка ушул сыяктуу басылмаларды, анын ичинде сөздүктөрдү жана энциклопедияларды басып чыгаруу (типографиялык кызмат көрсөтүүлөрдөн тышкары); 2) карталарды жана атластарды басып чыгаруу (типографиялык кызмат көрсөтүүлөрдөн тышкары); 3) ноталарды басып чыгаруу (типографиялык кызмат көрсөтүүлөрдөн тышкары) |
|
3 | Гезиттерди чыгаруу | 58.13 | 1) гезиттерди басып чыгаруу, анын ичинде жарнамалык (типографиялык кызмат көрсөтүүлөрдөн тышкары) |
|
4 | Журналдарды жана мезгилдүү басмаларды чыгаруу | 58.14 | 1) журналдарды жана мезгилдүү басылмаларды басып чыгаруу (типографиялык кызмат көрсөтүүлөрдөн тышкары) |
|
41 | Башка басмакана иши | 58.19 | 1) башка чыгармачылык материалдарды (сүрөттөрдү, гравюраларды, открыткаларды) басып чыгаруу | |
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 2-июлундагы № 457 токтомунун редакциясына ылайык) | ||||
5 | Үн жаздырууларды чыгаруу | 59.2 | 1) музыкалык жана башка үн жазууларын грампластинкаларга жана башка мүмкүн болгон маалымат алып жүрүүчүлөргө, анын ичинде онлайн-ресурстарга жарыялоо, музыкалык партитураларды басып чыгаруу |
|
6 | Басмакана ишинин башка түрлөрү | 74.20 | 1) басылма: фотографиялар, эстамптар жана почта открыткалары; календарлар; формулярлар; плакаттар, көркөм репродукциялар; механикалык же фотомеханикалык ыкма менен чыгарылган почта открыткалары сыяктуу башка басма материалдар |
|
7 | Бижутерияларды жана ушуга окшош буюмдарды чыгаруу | 32.13 | 1) бижутерия өңдүрүү (баалуу металлдарды кошпогондо): - баалуу металлдар менен капталган негизги металлдардан шакек, билерик, чынжырчалар ж.б.; - баалуу таштарга окшотуп жасалган же жасалма өстүрүлгөн таштардан жасалган бижутерия буюмдар; 2) саат үчүн билериктерди чыгаруу (баалуу металлдардан башка) |
|
8 | Башка топторго киргизилбеген башка продукцияларды чыгаруу | 32.9 | 1) кол эмгек куралдарын колдонууга негизделген майда кол өнөрчүлүк өндүрүш, ошондой эле декоративдик-прикладдык искусство; 2) концерттерди, фестивалдарды, спектаклдерди, көрсөтүүлөрдү, кинофильмдерди, сериалдарды коюу үчүн декорацияларды, оюн кийимдерин, реквизиттерди жана бутафордук буюмдарды жасоо; 3) автордук дизайнердик кийимди, бут кийимди жана тери буюмдарын өндүрүү |
|
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 2-июлундагы № 457 токтомунун редакциясына ылайык) | ||||
9 | Музыкалык аспаптарды чыгаруу | 32.20 | 1) музыкалык аспаптардын бардык түрлөрүн, ошондой эле алардын бөлүктөрүн жана ага таандык буюмдарды чыгаруу |
|
10 | Оюндарды жана оюнчуктарды чыгаруу | 32.40 | 1) оюнчуктардын бардык түрлөрүн, столдогу жана электрондук оюндарды, ошондой эле алардын бөлүктөрүн жана аксессуарларын чыгаруу |
|
11 | Компьютердик оюндарды чыгаруу | 58.21 | 1) бардык платформада (операциялык система) компьютердик жана мобилдик оюндарды чыгаруу |
|
12 | Башка программалык камсыздоону чыгаруу | 58.29 | 1) программалык камсыздоону чыгаруу (жеке колдонуучулар үчүн ылайыкташтырылбаган), анын ичинде өз эсебинен белгилүү бир рынокко программалык камсыздоону адаптациялоо же которуу: - операциялык системаларды; - коммерциялык тиркемелерди ж.б. |
|
13 | Кинофильмдерди, видео жана телевизиондук программаларды чыгаруу | 59.11 | 1) кинофильмдерди, видео жана телевизиондук программаларды (телесериалдар, документалдык фильмдер ж.б.) же телевизиондук жарнак чыгаруу; 2) анимация жана мультипликациялык фильмдерди чыгаруу; 3) YouTube, Instagram, Facebook, TikTok жана башка интернет-платформалар үчүн материалдарды чыгаруу; 4) кино, сериалдар, музыкалык клиптер жана жарнамалык роликтер үчүн визуалдык эффекттерди иштеп чыгуу, кыска сыйымдуу маалыматтык видеоматериалдар (кэпшн-видео); 5) продюсерлик кылуу, сценарий жазуу, режиссура, трюк сценаларын коюу, оператордук тартуу, коштоочу обондорду жана ырларды (саундтректерди) түзүү ж.б. |
|
14 | Кинофильмдерди, видео жана телевизиондук программаларды компоновкалоо | 59.12 | 1) кинофильмдерди, видео жама телевизиондук программаларды түзүүнү (акыркы иштетүүнү) аяктоо боюнча иш, анын ичинде: монтаждоо, фильмди/тасманы которуу, дубляж, субтитрлөө, графиканы даярдоо, сүрөттөрдү анимациялоо жана атайын компьютердик эффекттер, ошондой эле кинофильмдерди иштетүү жана атайын мультипликациялык фильмдерди жаратуу боюнча атайын лабораториялардын иши |
|
15 | Кинофильмдерди, видео жана телевизиондук программаларды жайылтуу | 59.13 | 1) онлайн-платформаларда кинофильмдерди жайылтуу; 2) YouTube, Instagram, Facebook, TikTok жана башка интернет-платформаларында материалдарды жайылтуу, монетизациялоо жана илгерилетүү; 3) кинофестивалдарды уюштуруу жана өткөрүү |
|
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 2-июлундагы № 457 токтомунун редакциясына ылайык) | ||||
16 | Үн жаздыруу жана музыка чыгаруу | 59.20 | 1) музыканы чыгаруу, башкача айтканда, музыкалык чыгармаларды жазууга, автордук укуктарды алууга, алардын жарнамасына, бул чыгармаларды жазууда, радиодо, телевидениеде, фильмдерде, спектаклдерде пайдаланууга багытталган иш; 2) бул класска ошондой эле төмөнкүлөр кирет: - музыкалык китептерди жана партитураларды басып чыгаруу; - социалдык тармактарда, адистештирилген платформаларда, YouTube ж.б. жайгаштыруу жолу менен Интернет тармагында аудиожазууларды жайылтуу; - аудио же видео форматта түз эфирди (стриминг) уюштуруу; - үндөрдү, биттерди, ремикстерди жана башка аудиоматериалдарды чыгаруу жана жайылтуу |
|
17 | Программалык камсыздоону иштеп чыгуу | 62.01 | 1) программалык камсыздоону, маалымат базаларын жана Интернет тармагындагы web-баракчаларды түзүү жана иштетүү үчүн зарыл болгон түзүмдү жана мазмунду долбоорлоо жана (же) компьютердик кодду жазуу, анын ичинде кодду тестирлөө жана киберкоопсуздукту камсыз кылуу (мамлекеттик уюмдарды кошпогондо); 2) жасалма интеллектти иштеп чыгуу жана транзакциялардын блокторунун реестринин (блокчейн) иштешин камсыз кылуу; 3) криптографиялык токендерди иштеп чыгуу жана жайылтуу, алардын ар бир нускасы уникалдуу (спецификалуу) жана башка окшош белгиге (NFT) алмаштырууга же ордун алмаштырууга мүмкүн эмес |
|
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 2-июлундагы № 457 токтомунун редакциясына ылайык) | ||||
18 | Эсептөөчү техникалар жаатында консультациялоо | 62.02 | 1) компьютердик жабдууну, программалык камсыздоону жана коммуникациялык технологияларды бириктирген эсептөө системаларын пландоо жана долбоорлоо маселелери боюнча консультация берүү, анын ичинде колдонуучуларды окутуу менен байланышкан кызматтарды көрсөтүү |
|
19 | Эсептөө системаларын башкаруу | 62.03 | 1) сайттарды жана кардарлардын (колдонуучулардын) эсептөө системаларын эксплуатациялоону жана (же) маалыматтарды иштеп чыгуу каражаттарын, ошондой эле ушуга байланышкан көмөкчү техникалык ишти техникалык колдоону башкарууну камсыз кылуу |
|
20 | Маалыматтарды иштетүү, тиркеме программаларын жайгаштыруу жана ага байланыштуу, Web-порталдарды колдонуу | 63.1 | 1) маалыматтарды жайгаштыруу, иштеп чыгуу үчүн зарыл болгон техникалык шарттарды камсыз кылуучу иш жана ушул сыяктуу типтеги башка иш; Интернетте издөө жана башка порталдарды камсыз кылуу; 2) темалар боюнча топтоштурулган ар кандай сунуштар жөнүндө кулактандыруулар бар интернет-ресурсту иштеп чыгуу жана колдоо, бул интернет-ресурстарда кулактандырууларды жайгаштыруу жана илгерилетүү |
|
21 | Архитектура жаатындагы иш | 71.11 | 1) имараттарды архитектуралык долбоорлоо, анын ичинде эскиздерди, жумушчу чиймелерди түзүү, консультация берүү (мамлекеттин катышуусу бар уюмдарды жана курулуш компанияларын кошпогондо), ошондой эле инженердик долбоорлоо жана автордук көзөмөл; 2) шаарларды куруу (шаар курууну долбоорлоо), анын ичинде ландшафт архитектура (мамлекеттин катышуусу бар уюмдарды жана курулуш компанияларын кошпогондо) |
|
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 2-июлундагы № 457 токтомунун редакциясына ылайык) | ||||
211 | Коммерциялык иш жана башкаруу маселелери боюнча консультация берүү | 70.22 | 1) акселераторлордун (стартаптарды тез өнүктүрүүгө жана масштабдоого багытталган колдоо программаларын жана инвестицияларды берүүчү уюмдардын) жана бизнес-инкубаторлордун (аларга жумушчу инфраструктураны, консультациялык, билим берүү жана уюштуруучулук коштоону 12 айга чейинки мөөнөттө берүү аркылуу баштапкы ишкерлерге колдоо көрсөтүүчү уюмдардын) иши | |
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 2-июлундагы № 457 токтомунун редакциясына ылайык) | ||||
22 | Жарнама агенттиктеринин иши | 73.11 | 1) социалдык тармактарда кардарлардын эккаунттарынын контенттерин түзүү, жайгаштыруу жана илгерилетүү (SMM); 2) издөө платформаларында жана программалык камсыздоону жайылтуу аянтчаларында web-сайттарын жана тиркемелерин оптималдаштыруу жана илгерилетүү |
|
23 | Адистештирилген дизайндык иш | 74.10 | 1) текстиль буюмдарын, кийимдерди, бут кийимдерди, зергер буюмдарын, эмеректерди, интерьердин башка предметтерин, мода товарларын, ошондой эле жеке жана үй тиричилигинде колдонулуучу башка товарларды моделдештирүү; 2) өнөр жай дизайны, башкача айтканда, товарлардын аракетин, баалуулугун жана сырткы көрүнүшүн оптималдаштырган долбоорлорду жана спецификацияларды түзүү жана иштеп чыгуу, анын ичинде материалдарды тандоо, структура, механизмдер, формалар, түстөр жана буюмдун бетинин жасалгасы, адам факторуна, коопсуздугуна, коммерциялык жагымдуулугуна жана жүгүртүүнүн жеңилдигине (эксплуатациялоо процессинде) негизделген; 3) графика чөйрөсүндөгү дизайнерлердин иши; 4) жайлардын ички дизайны (интерьерлерди жасалгалоо); 5) мейкиндиктердин иллюстрацияларын, 2D жана 3D визуализацияларын түзүү боюнча иш; 6) виртуалдык жана толукталган реалдуулуктардын, ошондой эле виртуалдык дүйнөдөгү объекттердин дизайны боюнча иш |
|
24 | Фотография жаатындагы иш | 74.20 | 1) коммерциялык максаттарда жана жеке кардарлар үчүн көркөм, үйлөнүү тоюнун фотографияларын, анын ичинде журналдар, жарнамалык жана туризмди илгерилетүү максатында фотографияларды даярдоо |
|
241 | Башка топторго киргизилбеген башка кесиптик, илимий жана техникалык иш | 74.90 | 1) авторлордун, аткаруучулардын жана креативдүү индустриялардын башка субъекттеринин кызыкчылыктарын коргогон импресарио агенттердин (агенттиктердин) иши (концерттерди уюштуруучуларды кошпогондо) | |
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 2-июлундагы № 457 токтомунун редакциясына ылайык) | ||||
25 | Маданият жаатындагы билим берүү иши | 85.52 | 1) живопись, музыка, театр жаатындагы билим берүү иши (теорияны окутуу жана кесипкөй педагогдор тарабынан практикалык көндүмдөргө үйрөтүү). Бул кызматтарды көрсөткөн уюмдар кесиптик билим берүү жөнүндө диплом беришпейт. Бул класс өз ичине төмөнкүлөрдү камтыйт: - мектептерде (ийримдерде, студияларда, класстарда) музыка мугалимдеринин иши жана башка музыкалык билим берүү; - көркөм сүрөт мектептеринин (ийримдердин, студиялардын, класстардын) иши; - бий мектептеринин (ийримдердин, студиялардын, класстардын) иши; - окуу жайларынан тышкары, театр мектептеринин (ийримдердин, студиялардын, класстардын) иши; - фотография мектептеринин (ийримдердин, студиялардын, класстардын) иши; - кинематограф менен байланышкан мектептердин, кесиптердин иши; - устачылык, декоративдик-прикладдык искусствону окутуу боюнча курстардын иши |
|
26 | Башка топторго киргизилбеген билим берүү жаатындагы башка иш | 85.59 | 1) SMM курстарынын иши, санарип искусствосу, видеография, фотография, YouTube, TikTok, Instagram, Facebook жана башка интернет-платформаларында иштөөнү үйрөтүүчү курстар, алар кесиптик билим жөнүндө диплом беришпейт; 2) дизайн жана маркетинг чөйрөсүндөгү курстардын иши, алар кесиптик билим жөнүндө диплом беришпейт; 3) мода, фотография, киноматограф, музыка, аткаруучулук, көркөм сүрөт жана башка искусство чөйрөлөрүндөгү курстардын иши, алар кесиптик билим жөнүндө диплом беришпейт; 4) интернет тармагында окутуучу видео-контентти (жазылуу боюнча массалык онлайн-билим берүү курстарын) түзүү жана жайылтуу; 5) программалоо, IT-продуктуларын иштеп чыгуу, робототехника, жасалма интеллект, мобилдик тиркемелерди жана оюндарды иштеп чыгуу боюнча курстар |
|
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 2-июлундагы № 457 токтомунун редакциясына ылайык) | ||||
27 | Артисттик иш | 90.01 | 1) театрдык жана цирк оюндарын, концерттерди, опералык спектаклдерди, бий жана башка сахналык коюуларды көрсөтүү, анын ичинде: - ансамблдердин, театр жана цирк труппаларынын, оркестрлердин жана музыканттар топторунун; - чыгармачыл кесиптердин көз карандысыз өкүлдөрүнүн, мисалы, актёрлордун, бийчилердин, музыканттардын, лекторлордун, конферансьелердин, окурмандардын ж.б. |
|
28 | Артисттик искусство жаатындагы көмөкчү иш | 90.02 | 1) артисттердин чыгып коюусуна шарт түзүүчү иштин бардык түрлөрү: спектаклдерди коюу, театрдык жана цирк оюндары, концерттер, опералар, балеттер ж.б.; 2) директорлордун, режиссёрлор-постановщиктердин, декораторлордун, жарык берүүчүлөрдүн, сцена жумушчуларынын ж.б. иши; 3) керектүү жабдуулары жана аппаратуралары бар театрдык труппалардын продюсерлеринин жана антрепренерлеринин иши |
|
29 | Искусствонун башка түрлөрү жаатындагы иш | 90.03 | 1) скульпторлор, сүрөтчүлөр, карикатуристтер, граверлер, офортисттер ж.б. сыяктуу чыгармачыл кесиптердин өз алдынча өкүлдөрүнүн иши; 2) бардык жанрлардагы көз карандысыз жазуучулардын иши; 3) искусство чыгармаларын, анын ичинде сүрөттөрдү реставрациялоо; 4) арт-объекттерди жана инсталляцияларды, чакан архитектуралык формаларды түзүү, витриналарды жана витраждарды жасалгалоо, дубалдарга сүрөттөрдү тартуу боюнча иш; 5) арт-кураторлордун, арт-резиденциялардын жана арт-менеджерлердин иши; 6) санариптик искусство багытындагы көркөм иш |
|
30 | Театр жана концерт залдарынын иши | 90.04 | 1) маданий-массалык көңүл ачуу иш-чараларын өткөрүү үчүн концерттик жана театрдык залдарды жана башка искусство объекттерин башкаруу жана эксплуатациялоо боюнча иш |
|
31 | Китепканалардын жана архивдердин иши | 91.01 | 1) клуб тибиндеги мекемелердин иши: клубдар (стационардык жана көчмө), сарайлар жана маданият үйлөрү, элдик чыгармачыл үйлөрү, архитектордун, сүрөтчүнүн, композитордун, адабиятчынын, журналисттин, дарыгердин, кино үйлөрү ж.б.; 2) экспо-борборлордун иши |
|
32 | Музейлердин иши | 91.02 | 1) бардык түрлөрдөгү музейлердин иши: - көркөм сүрөт искусство музейлери, зергер буюмдарынын, эмеректердин, костюмдардын, керамиканын, күмүштөн жасалган буюмдардын музейлери; - табият таануу, илим жана техника музейлери, тарых музейлери, анын ичинде аскер музейлери жана тарыхый үй-музейлери; - башка адистештирилген музейлер; - ачык асман алдындагы музейлер; 2) жеке галереялардын, искусство аукциондорунун, мода шоу-бөлмөлөрүнүн иши |
|
33 | Башка спорттук иш | 93.19 | 1) киберспорт иш-чараларына көмөктөшүү жана даярдоо боюнча иш; 2) жеке киберспортчулардын жана киберспорт командаларынын иши; 3) киберспорт лигаларынын жана уюмдарынын иши; 4) компанияларды башкарууга оюн техникаларын киргизүү, ошондой эле тимбилдинг иш-чараларын уюштуруу боюнча иш |
|
34 | Эс алууну жана көңүл ачууларды уюштуруу боюнча башка иш | 93.29 | 1) концепцияларды, сценарийлерди түзүү боюнча чыгармачыл командалардын иши |
|
Кыскартуулардын тизмеси | |||
ЭИМК | - | Экономикалык иштин мамлекеттик классификатору |
|
NFT | - | алмаштырылгыс токен (англ. non-fungible token) |
|
SMM | - | социалдык тармактардагы маркетинг (Social media marketing, SMM) |
|