Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

 

2024-жылдын 14-марты № 1952-VII

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ардак грамотасынын сыпаттамасын бекитүү жөнүндө

(Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин 2024-жылдын 3-апрелиндеги № 1964-VII токтомунун редакциясына ылайык)

"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ардак грамотасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:

 

1. Бекитилсин:

- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ардак грамотасынын сыпаттамасы 1-тиркемеге ылайык;

- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ардак грамотасынын үлгүсү жана схемалык сүрөттөрү 2-тиркемеге ылайык.

2. "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ардак грамотасынын баяндамасын бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2009-жылдын 13-ноябрындагы № 1495-IV токтому күчүн жоготту деп таанылсын.

3. Ушул токтом 2024-жылдын 1-августунан тартып күчүнө кирет.

(Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин 2024-жылдын 3-апрелиндеги № 1964-VII токтомунун редакциясына ылайык)

 

 

Төрагасынын орун басары

 

Дж.Исаева