Загрузка документа…
| 1-тиркеме |
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-мартындагы № 98 токтому менен бекитилди) |
Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары,
айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр
жайы министрлиги жөнүндө
жобо
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 14-февралындагы № 69, 2025-жылдын 2-июнундагы № 305, 2025-жылдын 11-ноябрындагы № 735, 2025-жылдын 21-ноябрындагы № 748, 2026-жылдын 17-июлундагы № 492 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги (мындан ары - Министрлик) суу ресурстары, анын ичинде суу фонду, ичүүчү суу менен камсыз кылуу жана саркынды сууларды чыгаруу, жерлерди мелиорациялоо, ирригациялык жана мелиоративдик инфраструктура, агроөнөр жай комплекси, анын ичинде мал чарбачылыгы, ветеринария, балык өстүрүү (аквакультура), өсүмдүк өстүрүү, өсүмдүктөрдүн карантини, айыл чарба багытындагы жерлер (айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фонду жана жайыттар), тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жайы (этил спиртин, алкоголдук жана спирт камтыган продукцияны өндүрүү, импорттоо, сактоо жана жүгүртүү жаатындагы бирдиктүү мамлекеттик саясатты камсыз кылууну кошпогондо), жер жана суу мыйзамдарын колдонууда жана сактоодо бир түрдүүлүктү камсыз кылуу, ошондой эле ветеринардык, фитосанитардык коопсуздук жаатында мамлекеттик көзөмөлдөө жана контролдоо жана Кыргыз Республикасынын жер жана суу мыйзамдарын сактоо, ошондой эле жашыл жана органикалык айыл чарба, климаттын өзгөрүшүнө байланыштуу айыл чарбадагы адаптациялык жана митигациялык чаралар чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты ишке ашыруучу аткаруу бийлигинин ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы болуп саналат.
2. Министрлик өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын жана мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын, ошондой эле эл аралык укуктун жалпы таанылган принциптерин жана ченемдерин, Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамдарда бекитилген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерди, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат.
3. Министрлик Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин укук улантуучусу болуп саналат.
4. Министрлик өзүнүн ишин аткаруу бийлигинин органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, коомдук бирикмелер, илимий жана башка уюмдар, ишканалар жана мекемелер менен өз ара байланышта жүргүзөт.
5. Министрлик юридикалык жактын статусуна ээ, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү түшүрүлгөн, өзүнүн аталышы мамлекеттик жана расмий тилдерде жазылган мөөрү, ошондой эле казыналык системасында эсептери бар. Министрлик өзүнүн атынан жарандык-укуктук мамилелерди түзөт, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын чегинде мамлекеттин атынан жарандык-укуктук мамиленин тарабы болуп чыгууга укуктуу.
Министрликтин юридикалык дареги: 720040, Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Киев көчөсү, 96а.
6. Министрликтин толук аталышы:
- мамлекеттик тилде: "Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги";
- расмий тилде: "Министерство водных ресурсов, сельского хозяйства и перерабатывающей промышленности Кыргызской Республики";
Министрликтин кыскартылган аталышы:
- мамлекеттик тилде: "САЧКӨМ";
- расмий тилде: "МВСХПП".
2-глава. Министрликтин максаты
7. Министрликтин негизги максаты азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу, айыл чарба өндүрүшүнүн, тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жайынын атаандашууга жөндөмдүүлүгүн өнүктүрүү, класстердик өндүрүштүн негизинде кошумча нарктын чынжырчасын өнүктүрүү, ветеринардык, фитосанитардык коопсуздукту камсыз кылуу, айыл чарба жана суу чарбасын өнүктүрүү, экономикалык жана социалдык маанисин эске алуу менен суу ресурстарын пайдаланууну жана коргоону комплекстүү жана натыйжалуу башкаруу, анын ичинде ичүүчү суу менен камсыз кылуу жана саркынды сууларды чыгаруу, жашыл жана органикалык айыл чарбасын илгерилетүү, климаттын өзгөрүшүнө байланыштуу айыл чарбадагы адаптациялык жана митигациялык чараларды көрүү, ошондой эле жер мыйзамдарынын, суу пайдалануунун, суу объекттерин жана суу чарба инфратүзүмдөрүн күтүүнүн, суу ресурстарын пайдалануунун эрежелеринин талаптарынын сакталышын мамлекеттик көзөмөлдөө жана контролдоо болуп саналат.
3-глава. Министрликтин милдеттери
8. Министрликтин милдеттери төмөнкүлөр болуп саналат:
- айыл, суу чарба, ичүүчү суу менен камсыз кылуу жана саркынды сууларды чыгаруу, тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жайы (этил спиртин, алкоголдук жана спирт камтылган продукцияны өндүрүү, импорттоо, сактоо жана жүгүртүү жаатында бирдиктүү мамлекеттик саясатты камсыз кылууну кошпогондо), айыл чарба багытындагы жер ресурстарын, суу ресурстарын натыйжалуу жана сарамжалдуу пайдалануу, жер үстүндөгү жана жер астындагы суу ресурстарын коргоо жаатында, ошондой эле ветеринардык, фитосанитардык коопсуздукту камсыз кылуу, пестициддерди, агрохимикаттарды, ветеринардык дары-дармек каражаттарын колдонуунун коопсуздугун камсыз кылуу, жер жана суу мыйзамдарынын талаптарын сактоо чөйрөсүндө бирдиктүү мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу;
- мамлекеттин айыл чарба продукцияларына болгон ички муктаждыктарын камсыз кылуу жана айыл чарба өндүрүшү чөйрөсүндө өлкөнүн экспорттук потенциалын жогорулатуу;
- айыл чарба өндүрүшү жаатында инновациялык технологияларды өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттарын жана стратегияларын аныктоо, илимдин жана техниканын жетишкендиктерин өндүрүштүк практикага киргизүүгө көмөктөшүү;
- Кыргыз Республикасынын аймагында калыптанган суу ресурстарын мамлекеттер аралык бөлүштүрүүнү пландоо жана республиканын мамлекеттик органдары менен бирдикте мамлекеттер аралык суу мамилелерин белгиленген тартипте жөнгө салуу;
- айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин жана жайыт жерлерин натыйжалуу жана сарамжалдуу башкаруу жана пайдаланууну камсыз кылуу чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты жүргүзүү;
- органикалык айыл чарба өндүрүшүн өнүктүрүү;
- Кыргыз Республикасынын аймагын жаныбарлардын жугуштуу ылаңын ташып киргизүүдөн жана/же анын аймагында жайылтуудан коргоо;
- жашыл жана органикалык айыл чарбасын илгерилетүү жана климаттын өзгөрүшүнө байланыштуу айыл чарбадагы адаптациялык жана митигациялык чараларды көрүү;
- мамлекеттик жөнгө салуунун натыйжалуулугун жогорулатуу, суу ресурстары жаатында мамлекеттик башкаруу органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана уюмдардын ишин координациялоо;
- суу мыйзамдарынын жоболорунун сакталышын камсыз кылуу;
- суу ресурстары чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын эл аралык кызматташтыгын түзүү, ишке ашыруу жана өнүктүрүү;
- суу ресурстарына ар кандай табигый жана антропогендик факторлордун таасирин эске алуу менен суу ресурстарынын көлөмү, сапаты, запасы жана болжолу, ошондой эле суу ресурстарынын кыска, орто жана узак мөөнөттүү болжолдору боюнча маалыматтарды камтыган өлкөнүн суу ресурстарынын абалы жөнүндө бирдиктүү маалыматтык-аналитикалык базаны жана картаны түзүү жана дайыма жаңыртып туруу.
4-глава. Министрликтин функциялары
9. Министрлик төмөнкүдөй функцияларды ишке ашырат:
1) тармактык саясаттын функциялары:
- Министрликтин компетенциясына кирген ченемдик укуктук актыларды жана программаларды иштеп чыгат жана ишке ашырат, айыл чарба чөйрөсүндөгү илимий изилдөөлөрдүн артыкчылыктуу багыттарын аныктайт;
- айыл, балык чарбасы, тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жайы (этил спиртин, алкоголдук жана спирт камтылган продукцияны өндүрүү, импорттоо, сактоо жана жүгүртүү жаатында бирдиктүү мамлекеттик саясатты камсыз кылууну кошпогондо), айыл чарба багытындагы жер ресурстарын, суу ресурстарын сарамжалдуу жана натыйжалуу пайдалануу жаатында, анын ичинде ирригация, мелиорация, жер астындагы суулар, ичүүчү суу менен камсыз кылуу жана саркынды сууларды чыгаруу, ирригациялык жана мелиорациялык объекттердин кадастры чөйрөсүндө, ошондой эле ветеринардык, фитосанитардык коопсуздукту камсыз кылуу, жер жана суу мамилелери жаатындагы ченемдик укуктук актылардын, техникалык регламенттердин талаптарын сактоо чөйрөсүндө саясатты иштеп чыгат жана ишке ашырат;
- Министрликтин ишинин артыкчылыктуу багыттары боюнча илимий-өндүрүштүк, илимий-изилдөөчүлүк жана тажрыйбалык-конструктордук иштерди аткарууга мамлекеттик заказды ишке ашырат;
- айыл, суу жана балык чарба, тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жай, продукцияларды экспорттоо/импорттоо субъектинин экономикалык абалына системалуу талдоо жүргүзөт жана анын негизинде аларды өнүктүрүүнүн стратегиялык багыттарын аныктайт;
- айыл, балык чарба, суу пайдалануу, жер пайдалануу, жайыт пайдалануу, тамак-аш, кайра иштетүү өнөр жай тармактарын өнүктүрүүнүн, айыл чарба рынокторун жөнгө салуунун артыкчылыктуу багыттарын аныктайт, ички жана тышкы инвестицияларды тартат;
- суу ресурстарын мамлекеттер аралык бөлүштүрүүнү пландаштырат жана уюштурат;
- суу ресурстарын комплекстүү пайдалануу жана коргоо пландарынын долбоорлорун иштеп чыгат жана аларды Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Суу жана жер ресурстары боюнча улуттук кеңештин бекитүүсүнө киргизет;
- артыкчылыктуу багыттарды өнүктүрүүнү мамлекеттик колдоонун системасын иштеп чыгат жана өндүрүшкө киргизет;
- ветеринардык-санитардык жана фитосанитардык тобокелдиктерди белгиленген тартипте аныктайт, баалайт жана башкарат;
- агроөнөр жай комплексинин жана айрым ишканалардын тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жайынын ишканаларын реструктуризациялоонун программасын иштеп чыгат жана ишкердик субъекттери менен биргеликте ишке ашырат;
- айыл чарба продукцияларын, тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жайын өндүрүүнүн перспективдүү, кыска мөөнөттүү экономикалык болжолдуу көрсөткүчтөрүн иштеп чыгат;
- эл аралык практикада кабыл алынган жол-жоболордун жана эрежелердин алкагында Министрликтин компетенциясына кирген маселелер боюнча инвестициялык программаларды жана долбоорлорду даярдайт жана ишке ашырат;
- үрөнчүлүк тармагын өнүктүрүү, жаңы жогорку өндүрүмдүү жана жогорку сапаттагы сортторду жана айыл чарба өсүмдүктөрүнүн гибриддерин жайылтуу боюнча чараларды жүзөгө ашырат, алардын уруктарын жана отургузуучу материалдарын өндүрүүнү уюштурат;
- генетикалык ресурстарды эсепке алуунун механизмдерин өнүктүрүү жана аларга жетишүү боюнча чараларды жүзөгө ашырат;
- асыл тукум мал чарбасын өнүктүрүү, мал чарбасын жүргүзүүнүн натыйжалуу методдорун жайылтуу боюнча чараларды жүзөгө ашырат;
- жаныбарлардын жана өсүмдүктөрдүн ылаңына каршы күрөшүү боюнча стратегиялык документтерди иштеп чыгат, аларга талдоо жана болжолдоо жүргүзөт;
- балык чарбаларын жана Министрликтин карамагындагы мамлекеттик ишканаларды өнүктүрүү иштерин уюштурат;
- өсүмдүктөрдүн үлгүлөрүнө талдоо жүргүзөт;
- жайыттарды пайдаланууну башкаруу чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын программаларын жана мыйзамдарын ишке ашыруу боюнча сунуштарды иштеп чыгат;
- органикалык өндүрүштү өнүктүрүү боюнча чараларды иштеп чыгат;
- органикалык өндүрүштү ыктыярдуу сертификациялоо системасын иштеп чыгат жана киргизет;
- айыл чарба өсүмдүктөрүнүн өтө коркунучтуу зыянкечтери, ылаңы жана отоо чөптөрүнүн пайда болушунун, жайылышынын алдын алуу жана аларга каршы күрөшүү, ошондой эле жер кыртышынын күрдүүлүгүн жана айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмдүүлүгүн жогорулатуу жана сактоо боюнча мамлекеттик программаларды жана иш-чараларды ишке ашырат;
- өсүмдүктөрдү коргоонун интеграцияланган системасын жайылтат жана илгерилетет;
- жайыттардын абалына жана сапатына мониторинг жүргүзүүнү баалоонун мамлекеттик стандарттарын жана методдорун аныктайт;
- техникалык регламенттерди колдонуунун натыйжалуулугуна талдоо жүргүзөт жана аларга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду
киргизүү жөнүндө сунуштарды киргизет, кабыл алынган өзгөртүүлөр боюнча өндүрүүчүлөрдү маалымдайт;
- айыл, суу жана балык чарбасынын субъекттери үчүн кадрларды даярдоо, кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу саясатын иштеп чыгат жана ишке ашырат;
- балык запасын өндүрүү жана коргоо боюнча программаларды жана болжолдорду иштеп чыгат;
- консультациялык жана маалыматтык кызмат көрсөтүүлөрдүн, колдонмо окутуунун жана аны каржылоонун механизмдерин иштеп чыгат;
- айыл чарбасынын сервистик кызмат көрсөтүүлөрүн жана машина-трактордук станцияларды (МТС) түзүү боюнча саясатты иштеп чыгат жана ишке ашырат;
- тамак-аш жана кайра иштетүү тармагынын (анын ичинде ишканалар боюнча) кыска мөөнөттүү келечекте иштөөсү боюнча сунуштарды иштеп чыгат жана зарыл болгон учурда аларды чыңдоо боюнча сунуштарды киргизет;
- тышкы соода ишин жакшыртуу, алынган продукциялардын экспорттук потенциалын өнүктүрүү жана дем берүү боюнча чараларды иштеп чыгат;
- айыл, суу чарбаларын өнүктүрүүнү агрардык илимий-инновациялык жана консультациялык камсыз кылуу жаатында ишти жүзөгө ашырат;
- айыл чарбасын механизациялаштыруу жаатында техникалык регламенттерди иштеп чыгууга жана киргизүүгө катышат, айыл чарба машиналарын куруу өндүрүшүн уюштурууга көмөктөшөт;
- Министрликтин компетенциясына кирген маселелер боюнча эл аралык келишимдердин долбоорлорун иштеп чыгууга жана даярдоого катышат;
- тейлеген тармактары боюнча укуктук пропаганда боюнча иш-чараларды өткөрөт;
- жаныбарлардын ооруларынын алдын алуу жана жоюу боюнча профилактикалык жана эпизоотияга каршы иш-чаралардын мамлекеттик программаларын бекитет жана ишке ашырат, алардын пландарынын аткарылышын контролдойт;
- ветеринардык контролго (көзөмөлгө) алынууга тийиш болгон объекттерге коюлуучу Бирдиктүү ветеринардык (ветеринардык-санитардык) талаптарды камсыз кылат;
- жаныбарларды идентификациялоо жана каттоо, идентификацияланган жаныбарлардын кыймылын эсепке алуу, чарбаларды каттоо боюнча чаралардын комплексин уюштуруу жана өткөрүү боюнча иш-чараларды ишке ашырат жана Идентификацияланган жаныбарлардын бирдиктүү мамлекеттик реестрин жүргүзөт;
- ветеринардык контролдогу (көзөмөлдөгү) продуктуларды (чийки заттарды) өндүрүү, кайра иштетүү, сактоо, ташуу жана сатуу менен алектенген жактарды мамлекеттик каттоодон (эсепке алуу) өткөрөт жана бирдиктүү реестрин жүргүзөт;
- ветеринардык багыт үчүн, анын ичинде шашылыш сатып алуу үчүн биологиялык дары-дармектердин резервдик фондун түзөт;
- мамлекеттик статистика чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты иштеп чыгууга катышат, анын ичинде анын компетенциясына кирген маселелер боюнча мамлекеттик статистиканын көрсөткүчтөрүнүн методдорун, формаларын жана курамын өркүндөтүү боюнча сунуштарды даярдоону жүргүзөт;
- балык чарбасын башкаруу жаатында инвестицияларды тартуу боюнча сунуштарды киргизет;
- экономиканын жана калктын муктаждыктарын камсыз кылуу үчүн жер астындагы суу булактарынын запастарын болжолдойт;
- жер үстүндөгү жана жер астындагы сууларды изилдөө, пайдалануу жана коргоо боюнча сунуштарды киргизет;
- суу ресурстарын комплекстүү пайдалануу жана коргоо пландарынын долбоорлорун иштеп чыгууну камсыз кылат жана аларды Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Суу жана жер ресурстары боюнча улуттук кеңештин кароосуна киргизет;
- гидрогеология жаатында мамлекеттик саясатты ишке ашырат;
- гидрогеологияны натыйжалуу өнүктүрүү үчүн ченемдик укуктук актылардын, стратегиялардын, программалардын, пландардын, келишимдердин долбоорлорун иштеп чыгат;
- жер астындагы суу ресурстарынын жаңы кендерин табуу жана болжолдоо, илимий-колдонмо маанидеги маселелерди чечүү максатында Кыргыз Республикасынын аймагын гидрогеологиялык изилдөөнү системалуу жүргүзүүнү иштеп чыгат жана камсыз кылат;
- гидрогеологиялык жана башка адистештирилген иштерди жүргүзүү, жер астындагы тузсуз жана термалдык-минералдык суулардын режимин жана абалын изилдөө жолу менен суу чарбалык камсыз кылуу проблемаларын чечет;
- согуш мезгилинин шарттарында экономиканын, калктын жана Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн муктаждыктарын камсыз кылуу үчүн жер астындагы суу булактарынын запастарын болжолдойт;
- суу ресурстары чөйрөсүндө жер казынасын изилдөө жана пайдалануу боюнча сунуштарды киргизет;
- суу ресурстары чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын мамлекеттик саясатын өркүндөтүү жана эл аралык кызматташтыгын өнүктүрүү боюнча сунуштарды иштеп чыгат жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине киргизет;
- Кыргыз Республикасынын суу ресурстары чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актыларын жана эл аралык келишимдерин инвентаризациялоону, шайкеш келтирүүнү жана өркүндөтүүнү жүзөгө ашырат;
- суу ресурстары жаатындагы эл аралык өнөктөштөрдүн демилгелерине, программаларына жана долбоорлоруна Кыргыз Республикасынын катышуусун координациялайт жана талдайт;
- суу ресурстары бөлүгүндө эл аралык фонддордун алкагында Кыргыз Республикасынын кызматташуу маселелерин талдайт, пландаштырат, ишке ашырат жана координациялайт;
2) жөнгө салуу функциялары:
- карантин киргизүү жөнүндө сунуш киргизет, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар менен биргеликте карантиндик жана карантиндик эмес жөнгө салынуучу өсүмдүктөрдүн зыяндуу организмдеринин жайылып кетүүсүнө бөгөт коёт жана жоюуну уюштурат;
- пестициддер менен агрохимикаттарга өндүрүштүк сыноолорду уюштурат, мамлекеттик каттоодон өткөрөт, Кыргыз Республикасынын аймагында колдонууга уруксат берилген Пестициддердин жана агрохимикаттардын мамлекеттик каталогун жүргүзөт;
- товарлардын айрым түрлөрүн ташып киргизүүгө жана ташып чыгарууга (импорт, экспорт) эксперттик корутундуну берет;
- ветеринардык багыттагы дары-дармек каражаттарын жүгүртүү чөйрөсүндө мамлекеттик жөнгө салууну ишке ашырат жана мамлекеттик реестрди жүргүзөт;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте колдонууга жол берилген үрөндөрдү жана отургузуучу материалдарды, айыл чарба өсүмдүктөрүнүн сортторун жана гибриддерин республиканын аймагына ташып киргизүү үчүн тийиштүү документтерди берет;
- Министрликтин компетенциясына кирген иштердин түрлөрүн лицензиялоону ишке ашырат, лицензиялык шарттардын жана эрежелердин аткарылышына мониторинг жүргүзөт жана контролдойт;
- "Товардык кампалар жана кампа күбөлүктөрү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган тартипте Товардык кампалардын бирдиктүү мамлекеттик реестринде товардык кампаларды каттоону ишке ашырат;
- "Товардык кампалар жана кампа күбөлүктөрү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган тартипте Бирдиктүү мамлекеттик реестрде товардык кампаларды каттоо, ишин токтотуу, токтотуп туруу жана жандандыруу жөнүндө күбөлүктү берүүнү ишке ашырат;
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети бекиткен тизмеге ылайык товарларды (жүктөрдү) экспорттоого, импорттоого, реэкспорттоого жана эл аралык транзитке тийиштүү ветеринардык коштоочу документтерди берүүнү ишке ашырат;
- бажы жол-жоболорунан өткөнгө чейин ветеринардык уруксат берүүчү документтерди берүү менен убактылуу сактоочу кампаларда жана бажылык тариздөө жайларында товарларды (жүктөрдү) кароону жана текшерүүнү ишке ашырат;
- ветеринардык-санитардык экспертизаны уюштурууну жана өткөрүүнү ишке ашырат;
- эпизоотияны жоюу боюнча зарыл болгон учурларда экспедицияларды уюштурат;
- контролдогу продукцияны Кыргыз Республикасынын аймагына ташып киргизүүгө (аймагынан ташып чыгарууга), ошондой эле Кыргыз Республикасынын аймагы аркылуу транзитке жазуу жүзүндөгү уруксатты берет;
- Кыргыз Республикасынын ветеринария жаатындагы мыйзамдарында каралган тартипте, ветеринардык талаптарга шайкештиги жөнүндө корутунду берүү менен объекттерди курууга, долбоорлоого, реконструкциялоого жер участокторун бөлүп берүү боюнча архитектура органдарынын суроо талаптарын карайт;
- мамлекеттик органдар, илимий мекемелер менен биргеликте жаратылыш компоненттерин жана ресурстарын эсепке алат жана алардын абалын баалайт;
- тышкы соода ишинин катышуучуларынын ортосунда Кыргыз Республикасына товарлардын айрым түрлөрүн ташып киргизүүгө тарифтик квоталардын көлөмдөрүн бөлүштүрөт;
- жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык суу ресурстарын пайдалануу укугуна лицензияларды берет, узартат, токтотот жана кайра алат, лицензиялардын шарттарынын аткарылышына мониторинг жүргүзөт;
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими боюнча уставдык капиталында мамлекетке таандык акциялар (үлүштөр) бар чарбалык коомдордо акционердин (катышуучунун) ыйгарым укуктарын ишке ашырат;
3) координациялоо, мониторинг, контролдоо жана көзөмөлдөө функциялары:
- Министрликтин карамагында турган мамлекеттик ишканаларга жалпы жетекчиликти жана координациялоону ишке ашырат;
- айыл, балык чарбасы, тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жайы жаатында инвестициялык программалардын ишин координациялайт, пайдалануунун натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча чараларды көрүү үчүн аларды ишке ашырууга мониторинг жүргүзөт;
- өсүмдүк өстүрүүнүн продукцияларын жайгаштыруунун жана өндүрүүнүн оптималдуу түзүмүн болжолдойт, жаңы айыл чарба өсүмдүктөрүн өндүрүшкө киргизүүгө көмөк көрсөтөт;
- айыл чарба жана башка өсүмдүктөрдүн үрөн жана отургузуучу материалдарынын сорттуулук жана айдоодогу сапатына мамлекеттик контролду ишке ашырат, тийиштүү сертификаттарды тариздейт жана берет;
- чарбалык пайдалуулугун аныктоо максатында айыл чарба өсүмдүктөрүнүн сортторун жана гибриддерди мамлекеттик сыноодон өткөрөт, Кыргыз Республикасынын аймагында пайдаланууга жол берилген Сорттордун жана гибриддердин мамлекеттик реестрин жүргүзөт;
- карантиндик жана карантиндик эмес жөнгө салынуучу зыяндуу организмдердин пайда болушуна жана жайылышына мониторинг жана болжолдоо жүргүзөт;
- жер иштетүү, ветеринария, мал чарбачылыгы жана жайыт жаатында илимий-инновациялык иштерди координациялайт, агрардык илимдин жетишкендиктерин айыл чарба өндүрүшүнө жайылтууну ишке ашырат;
- жаныбарлардын жугуштуу ооруларынын пайда болушуна мониторинг жана талдоо жүргүзөт;
- селекциялык-асыл тукум жана айыл чарба жаныбарларынын бардык түрүн көбөйтүүнү координациялайт жана мамлекеттик контролду ишке ашырат, апробациялоону жүргүзөт;
- көлмөлөрдүн чийки заттык базасын иликтейт, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы, министрликтер жана ведомстволор менен кызматташып, көлмөлөрдүн ихтифаунасын реконструкциялоо боюнча иштерди жүргүзөт, көлмөлөрдүн санитардык-эпизоотикалык абалына ихтиопатологиялык контролду ишке ашырат;
- балыктардын ылаңына каршы күрөшүү, балык запасын коргоо жана өндүрүү, инфратүзүмдү өнүктүрүү боюнча чараларды көрөт;
- айыл чарба багытындагы жерлердин күрдүүлүгүн сактоо жана жогорулатуу, аларды максаттуу жана натыйжалуу пайдалануу боюнча чараларды көрөт;
- айыл чарба субъекттеринин тракторлорго, өзү жүрүүчү атайын технологиялык машиналарга, тракторлордун чиркегичтерине жана запастык тетиктерге болгон муктаждыктарына мониторинг жүргүзөт;
- тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жай ишканаларынын, лабораторияларынын ишине, алардын ишин өркүндөтүүгө методикалык жардамдарды көрсөтүү менен мониторинг жүргүзөт;
- айыл чарба продукцияларын кайра иштетүү жана тамак-аш продуктуларын өндүрүү чөйрөсүндө алектенген мамлекеттик ишканалардын, акционердик компаниялардын, корпорациялардын жана коомдордун ишин координациялайт, алардын ишинин жыйынтыктары жөнүндө жалпы түшүндүрмө жазууларды жүргүзөт;
- тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жайын комплекстүү өнүктүрүү, жаңы индустрияларды өнүктүрүү жана түзүү жаатында мамлекеттик саясатты ишке ашырууну координациялайт;
- тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жай чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты калыптандыруу боюнча мамлекеттик органдардын ишин тармактар аралык жана региондор аралык координациялоону ишке ашырат;
- тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жайынын түзүмүн жакшыртуучу чараларды иштеп чыгууну жана ишке ашырууну координациялайт;
- тамак-аш өнөр жайын өнүктүрүүгө келип түшүүчү техникалык жана гранттык жардамдарды башка мамлекеттик органдар менен биргеликте координациялайт;
- мамлекеттик органдар менен өз ара аракеттенип, тамак-аш өнөр жайындагы техникалык-экономикалык жана белгиленген максаттуу көрсөткүчтөрдүн аткарылышын белгиленген тартипте контролдойт;
- Кыргыз Республикасынын соода өнөктөштөрү болгон өлкөлөрдүн улуттук уюмдары менен консультацияларды жана маалыматтык алмашууларды жүргүзөт, карантиндик фитосанитардык чараларды, эркин зоналарды, өндүрүш жайларын жана участокторун өз ара таануу жөнүндө протоколдорду иштеп чыгууга катышат;
- карантиндик зыяндуу организмдерди чектөө жана/же жоюу боюнча программаларды ишке ашырууда мамлекеттик башкаруу органдарынын өз ара аракеттенүүлөрүн камсыз кылат;
- Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасындагы өткөрмө пункттарда коюлган фитосанитардык контролдоо постторунда, жүктөрдү бажылык тариздөөчү жайларда, апар багытталган акыркы пункттарда жана фитосанитардык тобокелдиктерди башкаруунун системасына ылайык башка жайларда ташып киргизилүүчү карантиндик продукцияларга карантиндик фитосанитардык көзөмөлдү жана контролду ишке ашырат;
- консультациялык жана маалыматтык кызмат көрсөтүүлөрдүн натыйжалуулугуна мониторинг жүргүзөт;
- тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жайынын жаңы ишканаларын түзүү, болгондорун модернизациялоо жана техникалык кайра жабдуу, Евразия экономикалык бирлигине, Дүйнөлүк соода уюмуна жана Европа бирлигине мүчө өлкөлөрдүн техникалык регламенттеринин талаптарына ылайык өндүрүлгөн продукциялардын сапатын жакшыртуу үчүн тышкы жана ички инвестицияларды тартууга көмөк көрсөтөт;
- айыл чарба продукцияларын сатуу үчүн айыл чарба кооперативдерин, сатуу-сатып алуу уюмдарынын кооперативдерин, дүң базарларын түзүү жана өнүктүрүү боюнча көмөктөшөт жана консультациялык кызматтарды көрсөтөт;
- машина-трактордук парктын ишине мониторинг жүргүзөт, тармакты стратегиялык өнүктүрүү боюнча мамлекеттик программаларды ишке ашыруунун жыйынтыктарына талдоо жүргүзөт;
- илимий изилдөөлөргө инвестиция тартууга, алардын натыйжаларын практикага киргизүүгө көмөктөшөт;
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети аныктаган мамлекеттик чек аралардагы өткөрмө пункттарында контролду ишке ашыруу жолу менен Кыргыз Республикасынын аймагына жаныбарлардын, анын ичинде адам жана жаныбарлар үчүн жалпы жугуштуу оорулардын козгогучтарынын кирип кетишине жол бербөө боюнча мамлекеттик көзөмөлдү жана контролду ишке ашырат;
- көзөмөлдөгү товарларды (жүктөрдү) ташууда, убактылуу сактоочу кампаларда, эл аралык почта мекемелеринде ветеринардык-санитардык ченемдердин жана талаптардын сакталышына мамлекеттик көзөмөлдү жана контролду ишке ашырат;
- белгиленген талаптарга ылайык керектөө жана эркин соода жүгүртүү үчүн жараксыз ветеринардык контролдогу продуктуларды (чийки заттарды) жыйноо жана утилдештирүү боюнча мамлекеттик көзөмөлдү жана контролду ишке ашырат;
- жаныбарлардын жана өсүмдүктөрдүн продукцияларын жүгүртүүнүн бардык этабында, өндүрүүчүдөн баштап акыркы керектөөчүгө чейинки, менчиктин түрүнө карабастан жеке жана юридикалык жактар тарабынан техникалык регламенттердин жана башка ченемдик укуктук актылардын талаптарынын аткарылышына мамлекеттик ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөлдү жана контролду ишке ашырат;
- ветеринардык контролдоо пункттарында, убактылуу сактоо кампаларында жана бажылык тариздөө жайларында көзөмөлдөгү товарларды (жүктөрдү) экспорттоодо, импорттоодо, реэкспорттоодо жана транзиттик ташууда ченемдердин жана регламенттердин сакталышына мамлекеттик көзөмөлдү жана контролду ишке ашырат;
- ветеринардык жана фитосанитардык чектөөчү жана карантиндик иш-чаралар жаатында талаптардын аткарылышына мамлекеттик көзөмөлдү жана контролду ишке ашырат;
- жаныбарларды ылаңдан коргоонун иммунобиологиялык дары-дармектердин, жабдуулардын, инструментарийлердин, дарылоочу, жугушсуздандыруучу жана башка каражаттардын резервин түзүүдөгү муктаждыктарды аныктоо үчүн мамлекеттик контролду ишке ашырат;
- жаныбарлардын жугуштуу ооруларынын пайда болушуна жана жайылышына бөгөт коюу боюнча диагностикалык, профилактикалык, ветеринардык-санитардык иш-чараларды жүзөгө ашыруучу юридикалык жана жеке жактардын ишине мамлекеттик көзөмөлдү жана контролду, ошондой эле аларды жоюу боюнча чараларды ишке ашырат;
- оору козгогучтарды лабораториялык диагностикалоону, жаныбарлардын ылаңынын себептерин жана пайда болушунун мыйзам ченемдүүлүгүн, оорунун жүрүшүн жана жайылышын изилдөөнү ишке ашыруу үчүн ветеринардык лабораториялардын ишине мамлекеттик контролду ишке ашырат;
- жаныбарларды, канаттууларды, тузсуз суудагы балыктарды, аарыларды сатуу жана аларды ташуу менен байланышкан ветеринардык иш-чараларды өткөрүү үчүн мамлекеттик контролду ишке ашырат;
- клиникалык, диагностикалык, дарылоо-профилактикалык, ветеринардык-санитардык, пландуу эпизоотияга каршы иш-чараларды өткөрүүгө, жаныбарлардан жана өсүмдүктөрдөн алынган продуктуларды өндүрүүдө, сактоодо жана сатууда ветеринардык-санитардык экспертиза жүргүзүүнү уюштурууга, ошондой эле соода түйүндөрүндө жаныбарлардан жана өсүмдүктөрдөн алынган продуктуларга ветеринардык-санитардык экспертиза жүргүзүүгө мамлекеттик контролду жана көзөмөлдү ишке ашырат;
- стратегиялык пландоо негиздерин киргизүү үчүн методологиялык колдоону камсыз кылат;
- компетенциясына кирген чөйрөлөрдү өнүктүрүү максатында мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, жарандык коом жана коммерциялык эмес уюмдар, эл аралык уюмдар, жалпыга маалымдоо каражаттары менен өз ара аракеттенет;
- мамлекеттик суу чарба системаларынан берилген жер үстүндөгү жана жер алдындагы сууларды пайдаланууну жөнгө салуу боюнча ишти координациялайт;
- чектеш мамлекеттер менен Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасынын линияларын делимитациялоо жана демаркациялоо маселелери боюнча комиссиялардын ишине белгиленген тартипте катышат;
- аймактын шаар куруу, экологиялык жана экономикалык өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен жер ресурстарын пайдалануунун жана коргоонун республикалык, региондук программаларын жана болжолдорун иштеп чыгууга катышат;
- кызыкдар мамлекеттик органдар жана илимий мекемелер менен бирдикте суу, жер ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу жана коргоо саясатын ишке ашыруу боюнча сунуштарды иштеп чыгууну уюштурат;
- жер жана суу мыйзамдарынын талаптарынын сакталышын камсыз кылуу үчүн мамлекеттик көзөмөлдү жана контролду ишке ашырат;
- суу ресурстары чөйрөсүндөгү ишти координациялайт;
- суу ресурстары жаатындагы илимий-колдонмо, изилдөө иштерин жүргүзүүнү координациялайт;
- "Жер астындагы суулар" бөлүмү боюнча мамлекеттик кадастрды жүргүзөт;
- эл аралык өнүктүрүү институттарынан суу ресурстары, тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жайы, айыл чарбасы, анын ичинде жашыл жана органикалык айыл чарбасы, климаттын өзгөрүшүнө айыл чарбасын адаптациялоо жана митигациялоо чөйрөсүнө инвестициялардын келишин координациялайт;
4) кызмат көрсөтүүлөр боюнча функциялар:
- айыл чарба продукцияларын өндүрүүчүлөргө жана кайра иштетүүчүлөргө, ошондой эле тармактык ассоциацияларга жана алардын бирикмелерине консультациялык жана маалыматтык кызматтарды көрсөтөт;
- агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү боюнча көрсөтмө консультациялык жана окутуу материалдарын иштеп чыгат, басып чыгарат жана жайылтат, фермердик чарбалардын жетекчилерин жана адистерин окутууну жүргүзөт;
- айыл чарба, тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жайы чөйрөсүндө ата мекендик товар өндүрүүчүлөрдүн кызыкчылыгын коргоону камсыз кылуу боюнча чараларды жүзөгө ашырат;
- чарбакер субъекттерди өндүрүш ресурстарына жана айыл чарба продукцияларына болгон рыноктук баалар, анын ичинде товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү экспорттоонун мүмкүнчүлүктөрү тууралуу маалымат менен камсыз кылат;
- "Селекциялык жетишкендиктерди укуктук коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык селекционерлердин укуктарын коргоону камсыз кылуу үчүн коргоо жөндөмдүүлүгүнүн критерийлерине шайкештигине жаңы сортторго сыноо жүргүзөт жана корутунду чыгарат;
- өсүмдүктөргө, жер кыртышына, өсүмдүк өстүрүүнүн продукцияларына кооптуу химиялык элементтер жана алардын кошулмалары менен булганышын аныктоого лабораториялык экспертиза жүргүзөт;
- кайра иштетүү тармагынын субъекттеринин ата мекендик чийки зат ресурстарын кайра иштетүүнү тереңдетүү, технологиялык (экономикалык) кластерлерди уюштуруунун мүмкүндүктөрүн эске алуу менен инновациялык технологияларды, прогрессивдүү жабдууларды тартуу аркылуу продукцияларды импорттоону этабы менен алмаштыруу боюнча сунуштарды иштеп чыгат;
- чарбакер субъекттерге асыл тукум чарбасы статусун ыйгаруу жөнүндө күбөлүктөрдү берет;
- тракторист-машинисттердин квалификациялык экзамендерине катышат;
5) колдоо функциялары:
- айыл, суу чарба, ветеринария чөйрөсүнө инвестициялык программаларды жана долбоорлорду жайылтуу максатында башка мамлекеттик органдар, эл аралык донор уюмдар, эл аралык финансылык уюмдар, өнөктөш өлкөлөр, анын ичинде интеграциялык бирикмелердин алкагында, инвесторлор менен кызматташууну жана ишти координациялоону жүзөгө ашырат, ошондой эле алардын аткарылышына мониторинг жүргүзөт;
- айыл чарба багытындагы жерлерди жана айыл чарбасынын муктаждыктары үчүн жарактуу жерлерди максаттуу жана натыйжалуу пайдаланууну камсыз кылууда жергиликтүү мамлекеттик администрацияларга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына көмөк көрсөтөт;
- которуштуруп айдоонун илимий негизделген системасын жана кыртышты иштетүүнүн технологияларын киргизүүгө көмөк көрсөтөт;
- өсүмдүктөрдүн жана жаныбарлардын генетикалык ресурстарын сактоо боюнча иш-чараларды жүзөгө ашырат;
- мамлекеттик сыноолордун негизинде механизация, энергияны камсыз кылуу жана жаңы техниканы киргизүү жаатында иш-чараларды өткөрөт;
- айылдык товар өндүрүүчүлөрдү тейлөө үчүн лизингди өнүктүрүүгө, техникалык сервистерди жана машина-трактордук станцияларды түзүүгө көмөк көрсөтөт;
- ветеринардык кызмат көрсөтүү боюнча жеке ишкердикти өнүктүрүү жана ветеринардык тейлөө чөйрөсүндө атаандаштыкты өнүктүрүүгө көмөк көрсөтөт;
- тармактык ассоциацияларды түзүүгө көмөктөшөт жана алардын ишин координациялайт;
- айыл чарба продукцияларына соода жүргүзүү үчүн айыл чарба кооперативдерин, сатуу-сатып алуу уюмдарынын кооперативдерин, дүң базарларын түзүү жана өнүктүрүү боюнча көмөк көрсөтөт жана консультациялык кызматтарды көрсөтөт;
- айыл чарба өндүрүшүнүн практикасына илимий изилдөөлөрдүн жана иштеп чыгуулардын жыйынтыктарын натыйжалуу колдонууга көмөк көрсөтүүчү инновациялык түзүмдү түзөт жана башкарат;
- кол коюлган макулдашуулардын, протоколдордун жана контракттардын алкагында илимий-техникалык жана экономикалык кызматташуу жаатында чет өлкөлүк мекемелер, эл аралык илимий-техникалык уюмдар, коомдор жана алардын өкүлдөрү менен байланыш түзүүгө көмөк көрсөтөт;
- агроөнөр жай комплексинин тармактарында бирдиктүү маалыматтык системаны түзөт жана мониторинг жүргүзүүнү ишке ашырат;
- мамлекеттик органдар менен биргеликте тамак-аш өнөр жайына инвестицияларды, техникалык жана гранттык жардамдарды тартуу жана инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу боюнча сүйлөшүүлөрдү уюштурат;
- ата мекендик айыл чарба товарларын өндүрүүчүлөрдүн кызыкчылыгын башка өлкөлөрдө илгерилетүүгө көмөк көрсөтөт;
- өз компетенциясынын чегинде эл аралык уюмдарда жана чет өлкөлөрдө өсүмдүктөрдүн карантини чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын кызыкчылыгын коргоого катышат;
- үрөндүк жана отургузуучу материалдарды өндүрүп, карантиндик продукцияларды жугушсуздандыруу боюнча кызмат көрсөтүп, тышкы экономикалык иштер менен алектенген ишкердик субъекттерин жана башка субъекттерге өсүмдүктөрдүн карантининин маселелери боюнча консультацияларды берет;
- өлкөнүн экономикасын өнүктүрүүнүн өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен айыл чарба илимдери жаатындагы артыкчылыктуу багыттарды аныктоо боюнча илимий-техникалык саясатты жүргүзгөн мамлекеттик башкаруу органдарына сунуштарды даярдайт жана киргизет;
- айыл чарба чөйрөсүндө тармактык, тармактар аралык, региондор аралык, мамлекеттик, мамлекеттер аралык деңгээлдеги мамлекеттик илимий-техникалык программаларды жана долбоорлорду, илимий-изилдөө иштерин иштеп чыгууга көмөктөшөт;
- илимий изилдөөлөрдү жүргүзөт, алардын жетишкендиктерин фермердик, кооперативдик чарбалардын практикасына киргизүүнү уюштурат жана аларга керектүү консультациялык кызматтарды көрсөтөт;
- жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу агрардык илимдин жетишкендиктерин жайылтат жана жарнамалайт;
- илимий жетишкендиктерди практикалык көрсөтүү менен илимий-өндүрүштүк конференцияларды, семинарларды, симпозиумдарды, кеңешмелерди өткөрүүнү уюштурат;
- тамак-аш продуктуларын өндүрүү боюнча технологиялык нускамалардын, жоболордун, ченемдердин жана эрежелердин долбоорлорун иштеп чыгууга катышат;
- юридикалык жана жеке жактардын өтүнмөлөрү боюнча ветеринария жаатында өндүрүштүк контролдоонун программаларын иштеп чыгууда жана аларды өндүрүштүк ишканаларга жана уюмдарга киргизүүгө консультативдик жана практикалык жардамдарды көрсөтөт;
- адамдын өмүрү жана ден соолугу, жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсү үчүн коркунучтуу массалык ууланууну, эпидемияларды, эпизоотияларды, табигый кырсыктарды, экологиялык катастрофаларды жана башка өзгөчө кырдаалдарды (көзөмөлдөгү объекттер менен байланышкан) жоюуга катышат;
- Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Суу жана жер ресурстары боюнча улуттук кеңештин катчылыгынын функциясын аткарат.
5-глава. Министрликтин укуктары
10. Министрлик белгиленген иш чөйрөсүндөгү функцияларды жүзөгө ашыруу максатында төмөнкүлөргө укуктуу:
- мамлекеттик башкаруу органдарынан, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан жана башка юридикалык жана жеке жактардан Министрликтин иш чөйрөсүнө кирген маалыматтарды белгиленген тартипте сурап алууга;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын алкагында маалымат берүүгө жана башка кызматтарды көрсөтүүгө;
- ведомстволук актыларды кабыл алууга;
- асыл-тукум жана үрөнчүлүк чарбаларына, кайра иштетүү ишканаларына, суу чарба жана балык чарба объекттерине, ошондой эле иши пестициддерди пайдалануу менен байланышкан уюмдарга жана ишканаларга барууга, агрохимиялык, биологиялык жана ветеринардык дары-дармектерди колдонууну текшерүүгө;
- Министрликтин иш чөйрөсүндө координациялык жана кеңешүүчү (кеңештерди, комиссияларды, топторду), анын ичинде ведомстволор аралык органдарды түзүүгө;
- Министрликтин компетенциясына кирген маселелер боюнча эл аралык институттардын, комиссиялардын, эксперттик топтордун, атайын жумушчу топтордун, анын ичинде ведомстволор аралык жана жогорку деңгээлдердеги иштерине катышууга;
- мамлекеттер (региондор) аралык уюмдарда Министрликтин компетенциясына кирген маселелер боюнча Кыргыз Республикасынын кызыкчылыктарын коргоого;
- Министрликтин компетенциясына кирген иш-аракеттердин чөйрөсүндө белгиленген тартипте мамлекеттик саясатты ишке ашыруу үчүн эл аралык уюмдардын жана мекемелердин каражаттарын, донор өлкөлөрдүн техникалык жана гранттык жардамдарын, инвестицияларды тартууга;
- мамлекеттик программаларды, концепцияларды жана башка долбоорлорду иштеп чыгуу үчүн Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, мамлекеттик комитеттеринин, административдик ведомстволордун, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын, илимий-изилдөөчү жана башка мекемелердин өкүлдөрүн, эксперттерди Министрликтин иш-аракеттеринин чөйрөсүнө тийиштүү багыттар боюнча сунуштарды иштеп чыгуу үчүн тартууга;
- иштин жыйынтыгы тууралуу мамлекеттик агроөнөр жай, балык чарба, айыл чарба ишканаларынын, уюмдарынын жана мекемелеринин, ведомстволук бөлүмдөрүнүн, инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу бөлүмүнүн жетекчилеринин отчетторун угууга;
- Министрликтин компетенциясына кирген маселелер боюнча ченемдик укуктук актыларды, расмий кулактандырууларды, материалдарды жарыялоо үчүн белгиленген тартипте жалпыга маалымдоо каражаттарын уюштурууга;
- мыйзамдарда белгиленген тартипте түзүлүүчү башка мамлекеттик, мамлекеттер аралык, ошондой эле коомдук түзүмдөргө мүчө болууга;
- Министрликтин тармактарынын кызматкерлерин сыйлоо үчүн белгиленген тартипте ведомстволук сыйлыктарды уюштурууга;
- Министрликтин иш-аракеттеринин чөйрөсүнө кирген маселелерди иштеп чыгуу үчүн илимий, долбоордук жана башка уюмдарды тартууга;
- Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине ылайык бузуулар жөнүндө иштерди кароого жана жоопкерчиликке тартууга;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык сотко доо арыз берүүгө;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка укуктарды ишке ашырууга.
6-глава. Министрликтин ишин уюштуруу
11. Министрликти Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте кызмат ордуна дайындалуучу жана кызмат ордунан бошотулуучу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары болуп саналган Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри (мындан ары - министр) жетектейт.
12. Министрликте министрдин биринчи орун басарынын жана министрдин орун басарларынын кызмат орундары каралган.
13. Министрдин орун басарлары министрдин сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат, алар түздөн-түз министрге баш иет жана жүктөлгөн милдеттердин чегинде Министрликтин ишин уюштурат.
Министрдин санариптик өнүктүрүү боюнча орун басарын дайындоого сунуш министр тарабынан электрондук башкаруу чөйрөсүндөгү мамлекеттик органдын жетекчиси менен макулдашуу боюнча мамлекеттик органдын жетекчисинин санариптик өнүктүрүү боюнча орун басарынын кызмат ордуна дайындоо үчүн кадрлар резервинде турган талапкерлердин ичинен киргизилет.
Министрлер Кабинетинин Төрагасы министрдин сунушу жок министрдин биринчи орун басарын жана министрдин орун басарларын ээлеген кызматынан бошотууга укуктуу.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 21-ноябрындагы № 748 токтомунун редакциясына ылайык)
14. Министр:
- Министрликтин ишин жалпы жетектейт жана Министрликке жүктөлгөн милдеттерди аткаруу үчүн жеке жоопкерчилик тартат;
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары, ишканалары, мекемелери жана уюмдары менен мамилелерде Министрликтин атынан чыгат, өз ыйгарым укуктарынын чегинде сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт, Министрликтин компетенциясына кирген маселелер боюнча өз ара аракеттенүү жана кызматташуу жөнүндө документтерге белгиленген тартипте кол коёт;
- Министрликте Жарандык коргонууга жетекчиликти ишке ашырат жана кызмат орду боюнча Жаныбарларды жана өсүмдүктөрдү коргоо кызматынын начальниги, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Жарандык коргонуусунун Суу коргоо кызматынын начальниги болуп саналат;
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасына министрдин орун басарларын министрликтин ведомстволук бөлүмдөрүнүн жетекчилерин, кызмат ордуна дайындоо үчүн талапкерлерди сунуштайт, аларга карата Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына ылайык сыйлоо жана тартиптик жаза чараларын колдонот;
- министрдин орун басарларынын ортосунда милдеттерди бөлүштүрөт;
- Министрликтин борбордук аппаратынын, аймактык жана ведомстволук бөлүмдөрүнүн түзүмүн бекитет, аны Министрликтин милдеттеринин жана функцияларынын өзгөрүшүнө байланыштуу гана өзгөртүүгө болот.
Министрди дайындоо Министрликтин түзүмүн өзгөртүү үчүн негиз болуп саналбайт;
- белгиленген ченемдердин чегинде Министрликтин борбордук аппаратынын, аймактык жана ведомстволук бөлүмдөрүнүн штаттык расписаниесин бекитет;
- Министрликтин борбордук аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрү, аймактык бөлүмдөрү жөнүндө жоболорду бекитет;
- Министрликтин коллегиясы жөнүндө жобону жана коллегиянын жеке курамын бекитет;
- борбордук аппараттын кызматкерлерин, ведомстволук бөлүмдөрдүн жетекчилеринин орун басарларын кызмат ордуна дайындайт жана кызмат ордунан бошотот, аларга карата Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызмат чөйрөсүндөгү жана Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына ылайык сыйлоо жана тартиптик жаза чараларын колдонот;
- жергиликтүү мамлекеттик администрациянын башчысына жергиликтүү мамлекеттик администрациянын башчысынын орун басары - акимдин орун басары рангындагы райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын начальнигин андан ары кызмат ордуна дайындоо жана кызмат ордунан бошотуу жөнүндө белгиленген тартипте сунуш киргизет;
- Министрликтин системасынын кызматкерлери аткарууга милдеттүү болгон буйруктарды чыгарат;
- Министрликтин кызматкерлеринин өкүлчүлүктүү органы менен жамааттык келишимге кол коёт;
- мыйзамдарда аныкталган чекте Министрликтин каражаттарын тескейт жана мүлкүн башкарат, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык бүтүмдөрдү түзөт;
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин атынан жана анын тапшырмасы боюнча эки тараптуу жана көп тараптуу эл аралык келишимдерге кол коёт;
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тапшырмасы боюнча өз ыйгарым укуктарынын чегинде башка функцияларды аткарат;
- белгиленген тартипте Министрликтин бюджетинин долбоорун иштеп чыгат жана бекитүүгө киргизет;
- борбордук аппараттын, ведомстволук жана аймактык бөлүмдөрүнүн чыгашалар сметасын бекитет жана аларды аткарууну контролдойт;
- Министрликтин кызматкерлеринин кызматтык маяналарына үстөктөрдү белгилейт;
- Министрликтин жана ведомстволук бөлүмдөрүнүн кызматкерлерин, ошондой эле белгиленген чөйрөдө иш жүргүзгөн башка жеке жана юридикалык жактарды белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоого көрсөтөт;
- мыйзамдарга ылайык министрдин биринчи орун басарынын сунушу боюнча мамлекеттик кызматчыларга класстык чендерди ыйгарат, ажыратат жана төмөндөтөт;
- ведомстволук бөлүмдөргө тапшырма берет жана алардын аткарылышын контролдойт;
- Министрликтин, Министрликтин ведомстволук бөлүмдөрүнүн, эгерде' чечимдерди жокко чыгаруунун башкача тартиби Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленбесе, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келген чечимдерин жокко чыгарат;
- Министрликтин системасынын кызмат адамдары тарабынан ыкчам, уюштуруучулук, кадрдык, финансылык, өндүрүштүк-чарбалык жана Министрликтин компетенциясына кирген башка маселелерди чечүү боюнча ыйгарым укуктарын белгилейт;
- борбордук аппараттын жана аймактык бөлүмдөрдүн жетекчилеринин жана кызматкерлеринин функциялык (кызматтык) милдеттерин бекитет;
- мамлекеттик мекемелердин жана уюмдардын жетекчилерин, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын кызмат орундарынын номенклатурасына кирген башка адамдарды кызмат ордуна дайындоого жана кызмат ордунан бошотууга сунушту Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасына белгиленген тартипте жиберет;
- мамлекеттин атынан акционер (катышуучу) болуп чыгуучу чарбалык коомдордун башкаруу органдарына шайлоо үчүн талапкерлер боюнча сунуштарды киргизет.
- коррупциянын алдын алуунун ички системасын түзүү боюнча чараларды көрөт.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 14-февралындагы № 69, 2025-жылдын 2-июнундагы № 305, 2025-жылдын 11-ноябрындагы № 735 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
15. Министрдин орун басарлары министр тарабынан алардын карамагына берилген маселелер боюнча чечимдерди өз алдынча кабыл алат, тейлеген багыттар боюнча ишти уюштурат.
Министрликтин административдик мамлекеттик жарандык кызмат орундарын ээлеген мамлекеттик жарандык кызматчыларын кызмат ордуна дайындоо, которуу, ротациялоо жана бошотуу мамлекеттик жарандык кызмат чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт.
Министрликтин ведомстволук бөлүмдөрүнүн райондук бөлүмдөрүнүн жетекчилерин жана жетекчисинин орун басарларын кызмат ордуна дайындоо, которуу, ротациялоо жана бошотуу жергиликтүү мамлекеттик администрациянын башчысынын орун басары – акимдин орун басары рангындагы Министрликтин тиешелүү райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын начальниги менен макулдашуу боюнча ошол ведомстволук бөлүмдөрдүн жетекчилери тарабынан жүзөгө ашырылат. Министрликтин ведомстволук бөлүмдөрүнүн райондук бөлүмдөрүнүн жетекчилери жана жетекчисинин орун басарлары жергиликтүү мамлекеттик администрациянын башчысынын орун басары – акимдин орун басары рангындагы Министрликтин тиешелүү райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын начальнигинин сунушунун негизинде да кызмат ордунан бошотулушу мүмкүн.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 2-июнундагы № 305, 2026-жылдын 17-июлундагы № 492 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
16. Министрликте курамында министрдин (төрага), Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын өкүлүнүн, министрдин орун басарларынын жана агроөнөр жай комплексинин башка кызматкерлеринин курамында 11 адамдан турган коллегия түзүлөт. Министр, министрдин орун басарлары коллегиянын курамына кызмат оруну боюнча кирет.
17. Министрликте мамлекеттик кызматчылардын этикасы боюнча комиссия иштейт.
18. Министрликтин борбордук аппаратынын, ведомстволук бөлүмдөрүнүн, мекемелеринин жана уюмдарынын ички аудитин Кыргыз Республикасынын аудит чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык ички аудит кызматы жүзөгө ашырат.
19. Министрликтин борбордук аппаратын, ведомстволук жана аймактык бөлүмдөрүн күтүүгө чыгымдарды каржылоо мамлекеттик бюджетте каралган каражаттардын, атайын каражаттардын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка каражаттардын эсебинен ишке ашырылат.
20. Министрликтин чечимдери буйрук, тескеме түрүндө чыгарылат. Буйруктарга жана тескемелерге министр кол коёт, ал жок кезде - министрдин биринчи орун басары же министрдин милдетин аткаруу жүктөлгөн министрдин орун басары тарабынан кол коюлат.
21. Министрликти кайра уюштуруу жана ишин токтотуу Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык ишке ашырылат.
22. Министрликтин иши токтотулган учурда документтер "Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык сакталат жана пайдаланылат.