Загрузка документа…
| 7-тиркеме |
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-мартындагы № 98 токтому менен бекитилди) |
Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба
жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу
Жерди жана сууну көзөмөлдөө боюнча кызмат жөнүндө
жобо
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 2-августундагы № 464, 2025-жылдын 11-ноябрындагы № 735 токтомдорунун редакциясына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Жерди жана сууну көзөмөлдөө боюнча кызмат (мындан ары – Кызмат) Кыргыз Республикасынын жер жана суу мыйзамдарын сактоо маселелери боюнча мамлекеттик көзөмөлдү жана контролду жүзөгө ашыруучу Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин ведомстволук бөлүмү болуп саналат.
2. Кызмат Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Жерди жана сууну көзөмөлдөө боюнча кызматтын укук улантуучусу болуп саналат.
3. Кызмат өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын жана мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарын, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомдорун, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомдорун жана тескемелерин, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерди, Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин (мындан ары – Министрлик) чечимдерин, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат.
4. Кызмат мекеменин уюштуруу-укуктук формасында иштеген юридикалык жак болуп саналат, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү түшүрүлгөн жана мамлекеттик жана расмий тилдерде өзүнүн аталышы жазылган мөөрү, башка мөөрлөрү, штамптары жана белгиленген үлгүдөгү бланктары бар.
5. Кызматтын юридикалык дареги: 720040, Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Киев көчөсү, 96 а.
1) толук аталышы:
– мамлекеттик тилде: “Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Жерди жана сууну көзөмөлдөө боюнча кызмат”;
– расмий тилде: “Служба по земельному и водному надзору при Министерстве водных ресурсов, сельского хозяйства и перерабатывающей промышленности Кыргызской Республики”;
2) кыскартылган аталышы:
– мамлекеттик тилде: “Жерсуукөзөмөл кызматы”;
– расмий тилде: “Служба земводнадзора”.
6. Кызмат өз ишин Министрликтин жетекчилиги астында жүргүзөт, башка мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен өз ара аракеттенет.
2-глава. Кызматтын максаты
7. Кызматтын максаты Кыргыз Республикасынын жер жана суу мамилелери жаатындагы мыйзамдарынын ченемдерин жана талаптарын сактоону камсыз кылууга мамлекеттик көзөмөлдү жана контролду жүзөгө ашыруу болуп саналат.
3-глава. Кызматтын милдеттери
8. Кызматтын милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
– жер жана суу мамилелери жаатындагы ченемдик укуктук актылардын, техникалык регламенттердин талаптарынын сакталышын камсыз кылуу;
– жер мыйзамдарына ылайык мамлекеттин жана жарандык-укуктук жер мамилелеринин бардык катышуучуларынын кызыкчылыктарын коргоо;
– өзүнүн компетенциясына ылайык жер жана суу укук бузууларын алдын алуу жана бөгөт коюу.
4-глава. Кызматтын функциялары
9. Кызмат белгиленген иш чөйрөсүндө төмөнкүдөй функцияларды аткарат:
1) контролдоо жана көзөмөлдөө функциялары:
белгиленген тартипте төмөнкүлөргө контроль жүргүзөт:
– Кыргыз Республикасынын жер жана суу укук мамилелери чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актыларынын аткарылышына;
– жер балансынын, жерлерди пайдалануу тууралуу, ошондой эле бош жер фондунун болушу жөнүндө жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан берилүүчү маалыматтардын аныктыгына;
– жерди жакшыртуу, топурактын эрозиясын, шор басышын, сазга айлануусун, суу басышын, чөлгө айланышын, кургакчылыкка учурашын, катып калышын, булганышын жана жердин дегредация болушуна алып келүүчү башка процесстердин кесепеттерин болтурбоо жана жоюу боюнча иш-чаралардын өз убагында жана сапаттуу аткарылышына;
– топурак кыртышы бузулган жер участокторуна рекультивация жүргүзүүгө, рекультивациялоо долбоорлорун даярдоого жана жерлерди калыбына келтирүүгө финансылык чыгымдардын долбоорлоруна киргизүүгө;
– жерге жайгаштыруу долбоорлорунун, жерлердин булганышына жана деградация болушуна алып келүүчү процесстерди алдын алуу жана жоюу, жерлерди пайдалануу жана коргоо боюнча башка долбоорлордун жана иш-чаралардын аткарылышына;
– жерлердин сандык жана сапаттык абалынын өзгөрүүлөрүнө;
– Кыргыз Республикасынын суу мыйзамдарында каралган юридикалык жана жеке жактардын – суу пайдалануучулардын укуктарынын сакталышына;
– суу мыйзамдарынын талаптарына ылайык көз карандысыз суу пайдалануу субъекттеринин менчигиндеги жана башкаруусундагы, ошондой эле муниципалдык менчиктеги суу чарба инфраструктура объекттерин, суу чарба курулмаларын күтүүнү камсыз кылууга;
– өзүм билемдик менен суу пайдалануу, суу фондунун жерлеринде орнотмолорду жана түзүлүштөрдү куруу, суу чарба курулмаларына зыян келтирүү, аларды эксплуатациялоо жана коопсуз иштөөсүнүн ченемдерин жана эрежелерин бузуу фактыларын аныктоого;
– курулуш, жээктерди коргоо, суунун түбүн тереңдетүү, тазалоо иштерин жүргүзүүгө, кум-шагыл таш материалдарын казууга, суу объекттеринде кабелдерди, өткөргүч түтүктөрдү жана башка коммуникацияларды төшөөгө;
– жер жана суу укук мамилелери жаатындагы мыйзам актыларынын талаптарына шайкеш келишине карата объекттерди курууга жана эксплуатациялоого, ошондой эле аларды реконструкциялоого, кеңейтүүгө, техникалык кайра жабдууга, капиталдык оңдоого жана башка иштерге;
– көз карандысыз суу пайдалануучу субъекттердин менчигиндеги жана башкаруусундагы, ошондой эле муниципалдык менчиктеги суу чарба инфраструктура объекттерин жана суу чарба курулмаларын күтүү ченемдеринин жана эрежелеринин сакталышына;
– суу ресурстарынын пайдаланылышына;
– суу пайдалануучулардын укуктарынын бузулушуна жана суу мыйзамдарын башка бузууларга жол берилбешине;
тиешелүү органдар менен биргеликте төмөнкүлөр боюнча иш-чараларга катышат:
– суу объекттеринин техникалык абалынын начарлашын алдын алуу;
– суу чарба курулмаларынын техникалык абалын жакшыртуу жана коопсуздугун камсыздоо;
– кыртышынын күрдүүлүгүнө, ирригациялык инфраструктурага, өнөр жай жана жарандык объекттерге суулардын зыяндуу таасирин алдын алуу;
– дарыялардын, көлдөрдүн, каналдардын жана суу сактагычтардын суу режимин жакшыртуу;
жерлерди бир категориядан башкасына жана жерди бир түрдөн экинчисине которууда (трансформациялоодо) тиешелүү документтерди макулдашууга катышат;
белгиленген тартипте төмөнкүлөрдүн сакталышын көзөмөлдөө функцияларын жүзөгө ашырат:
– жер участокторун өзүм билемдик менен ээлеп алууга, жер участокторун өзүм билемдик менен алмашууга жана жер участокторун аларга белгиленген тартипте таризделген укук белгилөөчү жана укук күбөлөндүрүүчү документтерсиз, ошондой эле тиешелүү документтерсиз пайдаланууга жол бербөө жөнүндө жер мыйзамдарынын талаптарынын;
– убактылуу пайдаланууга берилген жерлердин өз учурунда кайтарылышы боюнча талаптардын;
– шаар куруу жана архитектура боюнча ыйгарым укуктуу органдар тарабынан архитектуралык-шаар куруу, уруксат документтерин берүүдө жана жерлерди максаттуу багыты боюнча пайдалануу үчүн жарактуу абалга келтирүү боюнча милдеттерди аткарууда жерлерди максаттуу багыты боюнча пайдалануу (шаарлардын, калктуу конуштардын башкы пландарына ылайык) жөнүндө жер мыйзамдарынын талаптарынын жана шаар куруу ченемдеринин;
– жер участогуна менчик укугу же пайдалануу укугу катталган укук белгилөөчү жана укук күбөлөндүрүүчү документте көрсөтүлгөн максаттуу багытын өзүм билемдик менен өзгөртүүгө жол бербөө жөнүндө жер мыйзамдарынын талаптарынын;
– жер участокторунун чек белгилеринин болушу жана сакталышы боюнча талаптардын;
– менчигинин түрүнө жана ведомстволук таандыгына карабастан мекемелер жана уюмдар, ошондой эле кызмат жана жеке адамдар тарабынан Кыргыз Республикасынын жер жана суу укук мамилелери жаатындагы ченемдик укуктук актыларынын талаптарынын, ченемдеринин жана эрежелеринин;
– жер участогуна укуктарды каттоодо жана жергиликтүү каттоо органдары тарабынан укук күбөлөндүрүүчү документтерди берүүдө жер укук мамилелери жаатындагы ченемдик укуктук актылардын;
– суу ресурстарын, объекттерди жана суу чарба курумаларын пайдалануу боюнча ченемдерди жана талаптарды сактоо боюнча суу мыйзамдарынын талаптарын;
– ыйгарым укуктуу органдар тарабынан жер участокторунун максаттуу багыты жана категориясы өзгөртүлгөндө (трансформацияланганда) жер жана башка ченемдик укуктук актылардын аткарылышы;
– ыйгарым укуктуу органдар тарабынан жер участокторуна менчик жана/же пайдалануу укугун берүүдө жер мыйзамдарынын жана башка ченемдик укуктук актылардын аткарылышы;
2) колдоо функциялары:
– тейлеген чөйрөдөгү Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын ишке ашыруу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзөт;
– Кыргыз Республикасынын жер жана суу мыйзамдарына тиешелүү маселелер боюнча комиссиялардын ишине катышат;
– жер жана суу укук мамилелери боюнча талаш-тартыш маселелерди кароого катышат.
5-глава. Кызматтын укуктары
10. Кызмат төмөнкүлөргө укуктуу:
– менчигинин түрүнө жана уюштуруу-укуктук формасына карабастан бардык уюмдарда Кыргыз Республикасынын жер жана суу мыйзамдарына ылайык текшерүүлөрдү жүргүзүүгө;
– менчигинин түрүнө карабастан жеке жана юридикалык жактарга Кыргыз Республикасынын жер жана суу жөнүндө мыйзамдарын бузуунун кесепетинен келтирилген зыяндын ордун толтуруу жөнүндө талаптарды (дооматтарды) коюуга;
– адамдардын өмүрүн жана ден соолугун камсыз кылуу менен байланышкан шашылыш учурларда (экологиялык жана техногендик мүнөздөгү коркунуч же авария келип чыкканда) сутканын убактысына карабастан, адамдардын ден соолугунун абалына жана айлана-чөйрөгө жол берилгис таасирлердин себептерин жана булактарын аныктоо максатында жазуу жүзүндөгү жолдомону албастан токтоосуз текшерүү жүргүзүүгө, аларды жоюу боюнча чараларды көрүүгө;
– мамлекеттик органдарга, менчигинин түрүнө карабастан юридикалык жактарга жана жеке жактарга текшерүүдө аныкталган жер жана суу мыйзамдарын бузууларды жоюу жөнүндө аткаруу үчүн милдеттүү болгон жазма буйруктарды (кабарлоолорду, көрсөтмөлөрдү) берүүгө;
– жеке жана юридикалык жактар тарабынан жерлердин бузулгандыгы үчүн өндүрүп алууларды эсептөөгө;
– бузуунун мүнөзүн эске алуу менен негизделген мөөнөттө бузууларды жоюуну талап кылууга;
– бузуулар жөнүндө материалдарды кароого, юридикалык жана жеке жактарга, кызмат адамдарына жана кызматкерлерге айыптарды жана берилген ыйгарым укуктардын чегинде жаза чараларынын башка түрүн салууга;
– суу чарба объекттерин жана курулмаларын эксплуатациялоого кабыл алууга катышууга;
– бузууга жол берген адамдарды Кыргыз Республикасынын жер жана суу мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартуу жөнүндө маселени кароо үчүн материалдарды көзөмөлдөө, сот жана укук коргоо органдарына берүүгө;
– өзүнүн компетенциясынын чегинде маселелерди кароо үчүн эксперттердин жана адистердин арасынан белгиленген тартипте жумушчу топторду түзүүгө;
– мамлекеттик башкаруу органдарынын жетекчилеринен жана башка кызмат адамдарынан, юридикалык жана жеке жактардан көзөмөлдөө жана контролдоо функцияларын аткаруу үчүн зарыл болгон документтерди, түшүндүрмөлөрдү, маалыматтарды, жер жана суу коопсуздугунун абалы, ошондой эле жерлерди пайдалануу жана коргоо жөнүндө маалыматтарды суроого жана акысыз алууга;
– мамлекеттик органдарга (лицензиарларга) лицензиялардын, уруксаттардын жана күбөлүктөрдүн колдонуу шарттары аткарылбаган же жер жана суу мыйзамдарынын талаптарын одоно бузуулар аныкталган учурда алардын колдонулушун токтотуп туруу же болбосо аларды чакыртып алуу жөнүндө сунуштарды белгиленген тартипте киргизүүгө;
– сууну эсепке алуу приборлорунун жана түзүлүштөрүнүн болушун, ошондой эле алардын абалын жана колдонуу шарттарынын Кыргыз Республикасынын суу мыйзамдарынын талаптарына ылайык келишин текшерүүгө;
– Кыргыз Республикасынын жер жана суу мыйзамдарына ылайык сарамжалдуу пайдалануу максатында жер жана суу фондунун абалына мониторинг жүргүзүүгө;
– юридикалык жана жеке жактар тарабынан Кыргыз Республикасынын жерди коргоо жана суу ресурстарын пайдалануу жөнүндө мыйзамдарын бузуунун кесепетинен келтирилген зыяндын ордун толтуруу жөнүндө сотко доолорду билдирүүгө;
– максаттуу багыты боюнча пайдаланылбаган же Кыргыз Республикасынын жер мыйзамдарын бузуу менен пайдаланылган жер участокторун мажбурлап алуу жөнүндө сотко доолорду билдирүүгө;
- (КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 2-августундагы № 464 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
– жер жана суу укук мамилелери жаатындагы мыйзамдарды бузуулар боюнча түшүндүрүүлөр үчүн уюмдардын жетекчилерин жана башка кызмат адамдарын, ошондой эле жарандарды чакырууга;
– министрликтердин, ведомстволордун жана уюмдардын жетекчилерине жер жана суу укук мамилелери жаатындагы мыйзамдарды системалуу түрдө бузган кызмат адамдарын тартиптик жоопкерчиликке тартуу жөнүндө сунуштарды киргизүүгө;
– бекитилген үлгүдөгү айырмалоо белгилери бар формалык кийимди кийип жүрүүгө;
– Министрлик менен макулдашуу боюнча өзүнүн компетенциясынын чегинде эл аралык кызматташтыкты жүзөгө ашырууга жана эл аралык уюмдарда катышуучу (мүчө) катары белгиленген тартипте чыгууга;
– Министрликтин кароосуна жер жана суу укук мамилелери жаатындагы контролдоо-көзөмөлдөө иштерин өркүндөтүү боюнча сунуштарды киргизүүгө.
6-глава. Кызматтын ишин уюштуруу
11. Кызматты Кыргыз Республикасынын жер жана суу ресурстары боюнча башкы мамлекеттик инспектору болуп саналган директор жетектейт.
12. Кызматтын директору Кыргыз Республикасынын суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин (мындан ары – министр) сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат.
13. Кызматта директордун орун басарынын кызмат орду каралган.
Кызматтын директорунун орун басары Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат чөйрөсүндөгү мыйзамдарында каралган тартипте министр тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат.
Кызматтын директору жок учурда анын милдеттерин аткаруу директордун орун басарына жүктөлөт.
14. Кызматтын директору:
- Кызматтын ишине жалпы жетекчилик кылат жана Кызматка жүктөлгөн милдеттердин аткарылышы, коррупциянын алдын алуунун ички системасын түзүү боюнча чаралардын көрүлбөгөндүгү үчүн жеке жоопкерчилик тартат;
– Кыргыз Республикасынын жана чет мамлекеттердин башка мамлекеттик органдары, ишканалары, мекемелери жана уюмдары менен болгон мамилелерде Кызматтын атынан чыгат;
– Кызматтын кызматкерлеринин эмгек акы төлөө фондунун белгиленген ченемдеринин жана штаттык санынын чегинде Кызматтын борбордук аппаратынын жана региондук бөлүмдөрүнүн түзүмүн, штаттык расписаниесин жана чыгымдар сметасын иштеп чыгат жана министрдин бекитүүсүнө берет.
Мында директорду дайындоо Кызматтын түзүмүн өзгөртүү үчүн негиз болуп саналбайт;
– Кызматтын борбордук аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрү жана региондук бөлүмдөрү жөнүндө жоболорду бекитет;
– Кызматтын системасынын кызматкерлерине карата тартип жазасынын мыйзамда белгиленген түрлөрүн колдонот;
– буйруктарды жана тескемелерди чыгарат;
– зарыл болгон учурда даттанууларга жана арыздарга ыкчам чара көрүү үчүн комиссияларды түзөт;
– Кызматтын региондук бөлүмдөрүнүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келген чечимдерин жокко чыгарат;
– Кызмат системасынын кызматкерлерин ведомстволук сыйлыктар менен сыйлайт;
– кызматкерлерге ардак наамдарды ыйгаруу жана ведомстволук жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоо жөнүндө Министрликке сунуштарды киргизет;
– Кызматтын системасынын кызматкерлерине карата сыйлоо жана тартиптик жоопкерчилик чараларын колдонот;
– Кызматтын кызматкерлерин белгиленген тартипте кызматка дайындайт жана кызматтан бошотот;
– компетенциясынын чегинде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 11-ноябрындагы № 735 токтомунун редакциясына ылайык )
15. Кызматтын Кыргыз Республикасынын жер жана суу мыйзамдарын ишке ашырууга мамлекеттик контроль жана көзөмөл жүргүзүү укуктары берилген кызматкерлери багыттар боюнча мамлекеттик инспекторлор болуп саналат жана аларга жүктөлгөн милдеттердин аткарылышы үчүн жеке жоопкерчилик тартат.
16. Кызматтын кызмат адамдары белгиленген тартипте бекитилген жазма буйруктардын бланктарын жана отчеттуулук формаларын колдонот.
Кызматтын кызмат адамдары кызматтык милдеттерин аткарууда ээлеген кызмат ордуна ылайык айырмалоочу белгилери бар алар үчүн белгиленген форманы кийип жүрүүгө тийиш.
17. Кызматтын органдарынын кызматкерлерин укуктук жана социалдык коргоо Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат чөйрөсүндөгү мыйзамдары жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актылары менен жөнгө салынат.
7-глава. Жоопкерчилик
18. Кызматтын кызмат адамдары аларга жүктөлгөн кызматтык милдеттерди аткарбаган же талаптагыдай аткарбаган, укукка каршы иш-аракеттерди жасаган (жасабаган) учурда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык тартиптик, административдик, материалдык жана кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартылат.
8-глава. Мүлк жана финансы
19. Кызмат белгиленген тартипте бухгалтердик эсепти жана статистикалык отчеттуулукту жүргүзөт.
20. Кызматтын ишин каржылоо республикалык бюджеттин каражаттарынан жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка булактардан жүргүзүлөт.
9-глава. Кайра уюштуруу жана жоюу
21. Кызматты кайра уюштуруу жана жоюу Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында белгиленген тартипте жүргүзүлөт.
22. Иши токтотулган учурда Кызматтын документтери “Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык сакталат жана пайдаланылат.