Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 5-июнундагы № 321 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
| 11-тиркеме |
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-мартындагы № 98 токтому менен бекитилди) |
Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары,
айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине
караштуу Асыл тукум мал чарбасы, жайыт жана
тоют департаменти жөнүндө
жобо
1-глава. Жалпы жоболор
1. Бул Жобо Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Асыл тукум мал чарбасы, жайыт жана тоют департаментинин (мындан ары − Департамент) ишин жөнгө салат жана Департаменттин милдеттерин, функцияларын жана иштөө тартибин аныктайт.
2. Департамент Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Жайыт жана асыл тукум мал чарбасы департаментинин укук улантуучусу болуп саналат.
3. Департамент Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин (мындан ары – Министрлик) тоют менен камсыз болууну координациялоо жана мониторинг жүргүзүү, мал чарбасын өнүктүрүү, ошондой эле жайыттарды башкаруу, пайдалануу жана жакшыртуу жаатындагы мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча функцияларды жүзөгө ашыруучу ведомстволук бөлүмү болуп саналат.
4. Департамент өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын жана мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарын жана тескемелерин, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомдорун жана тескемелерин, Министрликтин чечимдерин, башка ченемдик укуктук актыларды, эл аралык укуктун жалпы таанылган принциптерин жана ченемдерин, ошондой эле Кыргыз Республикасынын укуктук системасынын түзүмдүк бөлүгү болуп саналган, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерди жана ушул Жобону жетекчиликке алат.
5. Департамент өз ишин аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыктары, жайыт пайдалануучулардын бирикмелери, эл аралык жана өкмөттүк эмес уюмдар, Министрликтин түзүмдүк бөлүмдөрү жана ведомстволору менен өзүнүн компетенциясынын чегинде өз ара аракеттенүү менен жүргүзөт.
6. Департамент мекеменин уюштуруу-укуктук формасында иштеген юридикалык жак болуп саналат, өз алдынча балансы, казыналык системасында алыш-бериш эсеби, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү түшүрүлгөн, өзүнүн мамлекеттик жана расмий тилдердеги аталышы жазылган мөөрү, штамптары, фирмалык бланктары жана юридикалык жактын башка атрибуттары болот.
7. Департаменттин расмий аталышы:
- мамлекеттик тилде: “Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Асыл тукум мал чарбасы, жайыт жана тоют департаменти”;
- расмий тилде: “Департамент племенного животноводства, пастбищ и кормов при Министерстве водных ресурсов, сельского хозяйства и перерабатывающей промышленности Кыргызской Республики”.
Кыскартылган аталышы:
- мамлекеттик тилде: “АТМЧЖТД”;
- расмий тилде: “ДПЖПК”.
8. Департаменттин юридикалык дареги: 720055, Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Чүй проспекти, 315.
2-глава. Департаменттин ишинин максаты
9. Департаменттин ишинин максаты Кыргыз Республикасынын азык-түлүк коопсуздугунун көйгөйлөрүн чечүү, ошондой эле жаныбарларды тоют менен камсыз кылуу үчүн шарттарды түзүү үчүн жайыт экосистемаларын жана анын инфратүзүмүн, жаныбарлардын генетикалык ресурстарын сактоо жана өркүндөтүү болуп саналат.
3-глава. Департаменттин милдеттери
10. Департаменттин милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
- жергиликтүү жамааттарды активдүү тартууга негизделген жайыттарды туруктуу башкарууну жана натыйжалуу пайдаланууну уюштуруу;
- асыл тукум мал чарбасын өндүрүүнү жогорулатуу жана анын продукциясын ички жана тышкы рыноктордо сатуу;
- өндүрүлүүчү жана сатылуучу мал чарбасынын асыл тукум продукциясынын сапатын жогорулатуу жана ассортиментин кеңейтүү;
- мал чарбасын жана жайыттарды жакшыртуу жаатындагы өндүрүш практикасына илимдин жана техниканын жетишкендиктерин киргизүү;
- жаныбарларды тоют менен камсыз кылуу үчүн шарттарды түзүү.
4-глава. Департаменттин функциялары
11. Департамент төмөнкү функцияларды жүзөгө ашырат:
1) тармактык саясатты ишке ашыруу боюнча функциялар:
- тоют менен камсыз болууну координациялоо жана мониторинг жүргүзүү, мал чарбасын башкаруу жана өнүктүрүү, ошондой эле жайыттарды башкаруу (анын ичинде жайыт ресурстарын бөлүштүрүү, пайдалануу жана жакшыртуу боюнча) жаатындагы бирдиктүү мамлекеттик саясатты ишке ашыруу;
- Министрликке жайыттарды башкаруу, пайдалануу жана жакшыртуу жаатындагы мамлекеттик жөнгө салуу чаралары жөнүндө сунуштарды иштеп чыгуу жана киргизүү;
- тармактык илимий-изилдөө институттары жана жогорку окуу жайлары менен биргеликте тоют менен камсыз болууну координациялоо жана мониторинг жүргүзүү, мал чарбасын башкаруу жана өнүктүрүү жаатындагы перспективдүү пландарды жана иш-чараларды, ошондой эле жайыттарды башкаруу жана пайдалануу боюнча пландарды иштеп чыгуу;
- жайыттарды туруктуу башкарууну, пайдаланууну жана жакшыртууну өнүктүрүү боюнча иштерди жүргүзүү;
- Министрликке айыл чарба жаныбарларын породалык райондоштуруу боюнча сунуштарды киргизүү;
- эл аралык практикада кабыл алынган жол-жоболордун жана эрежелердин алкагында Департаменттин компетенциясына кирген маселелер боюнча инвестициялык программаларды жана долбоорлорду ишке ашыруу;
- Министрликке тоют менен камсыз кылуу жана мал чарбасын өнүктүрүү, ошондой эле жайыттарды башкаруу, пайдалануу жана жакшыртуу маселелери боюнча артыкчылыктуу багыттарды аныктоо боюнча сунуштарды киргизүү;
- мал чарбасын жана жайыттарды илимий-изилдөө институту менен биргеликте селекциялык-асыл тукум иштерин жүргүзүү, деградацияланган жайыттарды калыбына келтирүү ыкмаларын иштеп чыгуу, жайыттардын деградациялануу даражасын белгилөө жана анын алдын алуу боюнча чараларды көрүү боюнча иштерди жүргүзүү;
- жайыттардын абалын жана сапатын баалоо жана мониторинг жүргүзүү боюнча мамлекеттик стандарттардын, методдордун долбоорлорун иштеп чыгуу;
- жайыттарды пайдалануу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын программаларын жана мыйзам актыларын ишке ашыруу боюнча сунуштарды иштеп чыгуу.
2) жөнгө салуу функциялары:
- жайыттарды деградациядан, суу эрозиясынан, селден, жер көчкүдөн, суу каптоодон, сазга айлануудан, кургап калуудан, шор басуудан коргоо жана бузулган жайыттарды рекультивациялоо боюнча чараларды ишке ашыруу;
- чарба жүргүзүүчү субъекттерге асыл тукум чарбасынын статусун ыйгаруу жөнүндө күбөлүк берүү, бардык түрдөгү жаныбарлардын линияларынын, түрлөрүнүн жана породаларынын катологун жүргүзүү;
- асыл-тукум продукциясына эксперттик корутундуларды берүү;
- айыл чарба жаныбарларынын жана канаттуулардын жаңы породаларын, порода ичиндеги түрлөрүн, линияларын, түркүмүн жана кроссторун мамлекеттик апробациялоо жана сыноолорду жүргүзүү;
- асыл тукум жаныбарларынын жана канаттуулардын мамлекеттик реестрин жүргүзүү;
3) координациялоо, контролдоо жана мониторинг жүргүзүү функциялары:
- тоют менен камсыз болууну координациялоо жана мониторинг жүргүзүү, мал чарбасын башкаруу жана өнүктүрүү, ошондой эле жайыттарды башкаруу жана пайдалануу маселелери боюнча чет өлкөлүк мамлекеттик органдар, эл аралык уюмдар жана илимий мекемелер менен кызматташуу;
- бардык түрдөгү тоюттарды ташып келүүнү жана ташып чыгууну контролдоо;
- тоют менен камсыз болууну координациялоо жана мониторинг жүргүзүү;
- жаныбарлар үчүн тоюттарды даярдоонун жана тоютка болгон муктаждыктын көлөмү жөнүндө маалыматтарды талдоо жана эсепке алуу;
- жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан жайыттарды башкаруу жана пайдалануу боюнча жамааттардын пландарынын, жайыттарды пайдалануу пландарынын колдонулушуна мониторинг жүргүзүү;
- бардык чарбакер субъекттер тарабынан жайыттардын натыйжалуу жана сарамжалдуу башкарылышына, пайдаланылышына жана жакшыртылышына мониторинг жүргүзүү;
- Кыргыз Республикасынын жайыт пайдалануучулар ассоциацияларынын жайыттарды башкаруу жана пайдалануу боюнча ишине мониторинг жүргүзүү;
- асыл тукум ишинин субъекттеринин, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана башка чарбакер субъекттердин селекциялык асыл тукум ишин жүргүзүү, жайыттарды башкаруу, пайдалануу жана жакшыртуу боюнча ишин мамлекеттик контролдоо;
- асыл тукум жаныбарларынын, анын ичинде айыл чарба жаныбарларынын санына жана алардын өндүрүмдүүлүгүнө мониторинг жүргүзүү жана болжолдоо;
- асыл тукум ишинин субъекттеринин, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана инвестициялык долбоорлорго тартылган башка чарбакер субъекттердин ишин, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бөлүнгөн каражаттардын, гранттардын жана башка түшүүлөрдүн максаттуу пайдаланылышын контролдоо;
- жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан жайыттарды башкаруу жана пайдалануу боюнча жамааттардын пландарын иштеп чыгууну жана аткарууну контролдоо;
- асыл тукум иши, жайыттарды сарамжалдуу, натыйжалуу башкаруу жана пайдалануу боюнча контролдоону уюштуруу жана чараларды көрүү маселелери боюнча башка министрликтер жана ведомстволор менен өз ара аракеттенүү;
- “Кыргызмамасылтукумзаводу” мамлекеттик ишканасынын ишин жүргүзүүнү уюштуруу, контролдоо жана көзөмөлдөө;
4) кызмат көрсөтүү функциялары:
- мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсүндөгү мыйзамдарга ылайык мамлекеттик кызматтарды көрсөтүү;
- мамлекеттик асыл тукум заводдордун ишинин зоналарында асыл тукум продукцияларды жана асыл тукум материалдарын сатуу;
5) колдоо көрсөтүү функциялары:
- тоют менен камсыздоо, мал чарбасын башкаруу жана өнүктүрүү, жайыттарды башкаруу жана пайдалануу үчүн тышкы жана ички инвестицияларды тартууда чарбакер субъекттерге колдоо көрсөтүү;
- мал чарбасын жана асыл тукум ишин жүргүзүүнүн, жайыттарды башкаруунун, пайдалануунун жана жакшыртуунун, ошондой эле конкурстарды, көргөзмөлөрдү, семинарларды, тренингдерди, окууларды жана тегерек столдорду өткөрүүнүн негиздери боюнча билимдерди пропагандалоону жана жайылтууну уюштуруу;
- тоют менен камсыздоо, мал чарбасын башкаруу жана өнүктүрүү, ошондой эле жайыттарды башкаруу, пайдалануу жана жакшыртуу маселелери боюнча эки тараптуу, көп тараптуу, мамлекеттер аралык жана ведомстволор аралык макулдашууларды, келишимдерди ишке ашырууну камсыздоого катышуу;
- жайыттарды башкарууда, пайдаланууда жана жакшыртууда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына техникалык жана башка колдоо көрсөтүү;
- жаныбарлардын генетикалык ресурстарын сактоо боюнча иш-чараларды жүзөгө ашыруу;
- тоют менен камсыздоо, мал чарбасын, анын ичинде асыл-тукум мал чарбасын жүргүзүү, жайыттарды башкаруу, пайдалануу жана жакшыртуу чөйрөсүнө инвестицияларды тартууга көмөк көрсөтүү;
- асыл тукум жаныбарларынын жана асыл тукум материалынын көргөзмөлөрүн жана аукциондорун уюштуруу;
- жайыт ресурстарын туруктуу башкаруу, сарамжалдуу пайдалануу жана натыйжалуу жакшыртуу боюнча коомчулуктун маалымдуулугун жогорулатуу боюнча чараларды көрүү;
- мал чарбасынын чарбакер субъекттерин асыл тукум материалы менен камсыздоого көмөк көрсөтүү;
- илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү, жетишкендиктерди фермердик, дыйкан чарбаларынын практикасына киргизүү жана аларга зарыл болгон консультациялык кызматтарды көрсөтүү;
- мал чарбасын башкаруу жана өнүктүрүү жана асыл-тукум ишин жүргүзүү, ошондой эле жайыттарды башкаруу, пайдалануу жана жакшыртуу жана өнүктүрүү, ошондой эле жайыттарды башкаруу, пайдалануу жана жакшыртуу жаатында маалыматтык кызматтарды көрсөтүү жана окутууларды жүргүзүү;
- Департаменттин компетенциясына кирген маселелер боюнча маалыматтарды жана статистикалык маалыматтарды чогултуунун, иштеп чыгуунун, талдоонун жана жайылтуунун тиешелүү системасын түзүү;
- тоют менен камсыздоо, мал чарбасын башкаруу жана өнүктүрүү, ошондой эле жайыттарды башкаруу, пайдалануу жана жакшыртуу жаатында маалымдама, маалыматтык материалдарды иштеп чыгуу, басып чыгаруу жана ишке ашыруу.
5-глава. Департаменттин укуктары
12. Департамент өзүнүн компетенциясынын чегинде төмөнкүлөргө укуктуу:
- зарыл болгон учурда Министрликтин башка бөлүмдөрүнүн жана анын ведомстволук уюмдарынын кызматкерлерин, ошондой эле республиканын башка министрликтеринин жана административдик ведомстволорунун, илимий-изилдөө институттарынын, мекемелеринин жана уюмдарынын өкүлдөрүн тоют менен камсыздоого, мал чарбасын башкарууга жана өнүктүрүүгө, ошондой эле жайыттарды башкарууга, пайдаланууга жана жакшыртууга тиешелүү маселелерди иштеп чыгууга жана кароого тартууга;
- менчигинин түрүнө карабастан асыл тукум ишин жүргүзүү боюнча дистрибьютордук борборлорго мониторинг жүргүзүүгө;
- департаменттин милдеттерине тиешелүү айрым маселелерди жана көйгөйлөрдү иштеп чыгууга жана кароого эл аралык уюмдардын өкүлдөрүн тартууга;
- Кыргыз Республикасынын министрликтеринен жана административдик ведомстволорунан, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан, бирикмелеринен, ишканаларынан, уюмдарынан, ассоциацияларынан жана илимий мекемелеринен департаментке жүктөлгөн милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон маалыматтарды жана документтерди белгиленген тартипте суроого жана алууга;
- эл аралык уюмдардан, мекемелерден жана донор өлкөлөрдөн гранттарды жана техникалык жардамдарды алууга;
- Министрликтин макулдашуусу менен Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерин жана башка документтерин белгиленген тартипте даярдоого, кол коюуга жана ишке ашырууга катышууга.
6-глава. Департаменттин ишин уюштуруу
13. Департаментти Кыргыз Республикасынын суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан кызмат ордуна дайындалуучу жана кызмат ордунан бошотулуучу директор жетектейт.
Департаментте Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө мыйзамдарына ылайык министр тарабынан кызмат ордуна дайындалуучу жана кызмат ордунан бошотулуучу директордун орун басарынын кызмат орду каралган. Департаменттин директору жок учурда директордун милдетин анын орун басары аткарат.
14. Директор Департаментке жүктөлгөн милдеттерге ылайык:
- Департаменттин ишине жалпы жетекчилик кылат жана Департаментке жүктөлгөн милдеттерди аткаруу үчүн жеке жоопкерчилик тартат;
- Министрликтин тапшырмаларын белгиленген мөөнөттө сапаттуу аткарууну уюштурат, ошондой эле Департаменттин кызматкерлеринин Департаменттин компетенциясына кирген маселелер боюнча зарыл болгон документтерди жана материалдарды даярдоого катышуусун камсыз кылат;
- Департаменттин түзүмүн, штаттык расписаниесин жана чыгымдар сметасын иштеп чыгат жана министрдин бекитүүсүнө берет;
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик органдарында, сот органдарында жана башка уюмдарда Департаменттин атынан чыгат;
- Департаменттин мүлкүн жана каражаттарын тескейт;
- өзүнүн компетенциясынын чегинде буйруктарды чыгарат;
- Департаменттин кызматкерлерине жазуу жана оозеки түрдө көрсөтмөлөрдү берет;
- Департаменттин кызматкерлеринин кызматтык нускамаларын бекитет;
- мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарынын талаптарына ылайык Департаменттин кызматкерлерин кызмат ордуна дайындайт жана кызмат ордунан бошотот;
- Департаменттин кызматкерлерине карата сыйлоо жана тартиптик жоопкерчилик чараларын колдонот, ошондой эле мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга мамлекеттик ишканалардын жетекчилерин кызмат ордунан бошотуу, аларга тартиптик жаза жана сыйлоо чараларын колдонуу жөнүндө сунуштарды киргизет.
15. Департаменттин борбордук аппаратынын түзүмү, штаттык расписаниеси, кирешелер жана чыгымдар сметасы Департаменттин директорунун сунушу менен Министрлик тарабынан бекитилет.
16. Департаменттин кызматкерлеринин функциялык милдеттерин Департаменттин директору аныктайт жана бекитет.
7-глава. Департаментти каржылоо жана мүлкү
17. Департаменттин жана анын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн ишин каржылоо республикалык бюджеттин каражаттарынын, атайын эсептерде топтолгон каражаттардын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка булактардын эсебинен жүргүзүлөт.
18. Департамент Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык оперативдүү башкаруу укугунда белгиленген тартипте ага берилген мамлекеттик имараттарды, курулмаларды, жабдууларды, инвентарды жана башка мүлктүк товардык-материалдык баалуулуктарды пайдаланат.
8-глава. Департаменти кайра уюштуруу жана жоюу
19. Департаментти кайра уюштуруу жана жоюу Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими менен жүргүзүлөт.
20. Департаменттин иши токтотулган учурда, анын ишинин жүрүшүндө пайда болгон документтер “Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык пайдаланылат жана сакталат.