Загрузка документа…
13-тиркеме |
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-мартындагы № 98 токтому менен бекитилди) |
Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба
жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу
Кайра иштетүү өнөр жайы жана органикалык айыл чарба
департаменти жөнүндө
жобо
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 11-ноябрындагы № 735 токтомунун редакциясына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Кайра иштетүү өнөр жайы жана органикалык айыл чарба департаменти (мындан ары – Департамент) Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин (мындан ары – Министрлик) тамак-аш өнөр жайын, айыл чарба продукциясын кайра иштетүү жана экспорттоо, жашыл айыл чарбасы жана органикалык өндүрүш жаатындагы мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча функцияларды камсыз кылуучу ведомстволук бөлүмү болуп саналат.
Департамент тамак-аш өнөр жайын жана айыл чарба продукциясын кайра иштетүүнү, жашыл айыл чарбасын, органикалык өндүрүштү өнүктүрүү жаатында мамлекеттик саясатты жана ченемдик укуктук жөнгө салууну иштеп чыгуу, климаттын өзгөрүшүнө байланыштуу айыл чарбасы чөйрөсүндө айыл чарба продукциясын, анын ичинде органикалык продукцияны экспорттоону адаптациялоо жана митигациалоо чараларын ишке ашыруу боюнча Министрликке жүктөлгөн функцияларды жүзөгө ашырат.
2. Департамент Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин Органикалык айыл чарба департаментинин укук улантуучусу болуп саналат.
3. Департамент өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарын жана тескемелерин, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомдорун жана тескемелерин, Министрликтин чечимдерин, башка ченемдик укуктук актыларды, эл аралык укуктун жалпы таанылган принциптерин жана ченемдерин, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерди жана ушул Жобону жетекчиликке алат.
4. Департамент өз ишин Министрликтин башка ведомстволук бөлүмдөрү жана уюмдары, ошондой эле министрликтердин, мамлекеттик комитеттин жана административдик ведомстволордун тийиштүү бөлүмдөрү, коомдук жана башка уюмдар менен өз ара аракеттенүү менен жүзөгө ашырат.
5. Департамент Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү түшүрүлгөн жана өзүнүн аталышы мамлекеттик жана расмий тилдерде жазылган мөөрү бар, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин казыналык системасында өз алдынча балансы, алыш-бериш жана башка эсептери бар, ошондой эле белгиленген үлгүдөгү мамлекеттик жана расмий тилдердеги бланктары жана башка атрибуттары бар юридикалык жак болуп эсептелет.
6. Департамент уюштуруучулук-укуктук формасы боюнча мамлекеттик мекеме болуп эсептелет, Департаменттин кызматкерлери мамлекеттик жарандык кызматчылар болуп саналат.
Департаменттин расмий аталышы:
– мамлекеттик тилде: “Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Кайра иштетүү өнөр жайы жана органикалык айыл чарба департаменти”;
– расмий тилде: “Департамент перерабатывающей промышленности и органического сельского хозяйства при Министерстве водных ресурсов, сельского хозяйства и перерабатывающей промышленности Кыргызской Республики”.
Департаменттин кыскартылган аталышы:
– мамлекеттик тилде: “КИӨЖОАЧД”;
– расмий тилде: “ДППОСХ”.
7. Департаменттин юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Чүй облусу, Сокулук району, Новопавловка айылы, Депо көчөсү, 80.
2-глава. Департаменттин ишинин максаты
8. Департаменттин ишинин максаты тамак-аш өнөр жайын, айыл чарба продукциясын кайра иштетүүнү (өсүмдүк жана мал чарба продукциясын баштапкы кайра иштетүү, ошондой эле айыл чарба продукциясын тереңдетип кайра иштетүү), жашыл айыл чарбасын, органикалык өндүрүштү өнүктүрүү, климаттын өзгөрүшүнө байланыштуу айыл чарбасында адаптациялоо жана митигациалоо чараларын ишке киргизүү, тамак-аш өнөр жайын жана айыл чарба продукциясын кайра иштетүүнү өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү, айыл чарбасына жашыл технологияларды киргизүү, айыл товар өндүрүүчүлөрү тарабынан жогорку сапаттуу жана экологиялык жактан таза айыл чарба продукциясын өндүрүү жана аларды жакынкы жана алыскы чет өлкөлөргө экспорттоонун көлөмүн жогорулатуу болуп саналат.
3-глава. Департаменттин милдеттери
9. Департаменттин милдеттери болуп тамак-аш өнөр жайын, айыл чарба продукциясын кайра иштетүү жана экспорттоо, жашыл айыл чарбасы, органикалык өндүрүш, айыл чарбасын климаттын өзгөрүшүнө адаптациялоо жана жумшартуу, агрокластердик өнүктүрүү механизмдерин киргизүү чөйрөсүндө Министрликтин мамлекеттик саясатын ишке ашыруу саналат.
4-глава. Департаменттин функциялары
10. Департамент төмөнкүдөй функцияларды жүзөгө ашырат:
1) тармактык саясаттын функциялары:
– тамак-аш өнөр жайы, айыл чарба продукциясын кайра иштетүү жана экспорттоо, жашыл айыл чарбасы, органикалык өндүрүш, айыл чарбасында климаттын өзгөрүшүн адаптациялоо жана жумшартуу чөйрөсүндө ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгуу, агрокластердик өнүктүрүү механизмдерин ишке киргизүү жана Министрликтин кароосуна киргизүү;
– тамак-аш өнөр жайы, айыл чарба продукциясын кайра иштетүү жана экспорттоо, жашыл айыл чарбасы, органикалык өндүрүш, айыл чарбасында климаттын өзгөрүшүн адаптациялоо жана жумшартуу, агрокластердик өнүктүрүү механизмдерин ишке киргизүү чөйрөсүндөгү мамлекеттик программаларды жана иш-чараларды ишке ашыруу;
– илимий мекемелер менен биргеликте илимий изилдөөлөрдүн артыкчылыктуу багыттарын белгилөө;
– төмөнкүлөрдү даярдайт:
тамак-аш өнөр жайы жана айыл чарба продукциясын, анын ичинде органикалык продукцияны кайра иштетүү чөйрөсүндө техникалык жөнгө салуу жана Департаменттин ишинин багыттары боюнча продукцияны классификациялоо боюнча сунуштарды;
стандартташтыруу системасын өркүндөтүү, тамак-аш өнөр жай ишканаларында сапат менеджментинин системаларын ишке киргизүү, айыл чарба жана тамак-аш продукциясынын сапатын жана атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу максатында улуттук стандарттарды эл аралык талаптарга шайкеш келтирүү боюнча сунуштарды;
– төмөнкүдөй сунуштарды иштеп чыгат:
мамлекеттик стратегиялык программалардын долбоорлорун жана тамак-аш өнөр жайы, айыл чарба продукциясын кайра иштетүү жана экспорттоо, жашыл айыл чарбасы, органикалык өндүрүш, айыл чарбасында климаттын өзгөрүшүн адаптациялоо жана жумшартуу, агрокластердик өнүктүрүү механизмдерин ишке киргизүү чөйрөсүндөгү мыйзамдарды өркүндөтүү боюнча иш-чараларды;
тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жайынын (анын ичинде ишканалар боюнча) кыска мөөнөткө иштеши, зарыл болгон учурда аларды жакшыртуу боюнча сунуштарды киргизүү;
тамак-аш өнөр жайы, айыл чарба продукциясын кайра иштетүү жана экспорттоо, жашыл айыл чарбасы, органикалык өндүрүш, айыл чарбасында климаттын өзгөрүшүн адаптациялоо жана жумшартуу чөйрөсүндөгү эл аралык келишимдерди жана өкмөттөр аралык макулдашууларды аткарууну уюштуруу, агрокластердик өнүктүрүү механизмдерин ишке киргизүү;
тамак-аш өнөр жайын өнүктүрүү, айыл чарба продукциясын кайра иштетүү жана экспорттоо, органикалык өндүрүш жана жашыл айыл чарбасы үчүн инновациялык технологияларды;
менчигинин түрүнө карабастан ишканаларга азык-түлүк товарларын өндүрүшүнүн туруктуу өсүшү үчүн модернизациялоо жана инвестицияларды тартуу боюнча чараларды ишке ашырууда консультациялык кызматтарды көрсөтүү;
айыл чарбасын өнүктүрүүнүн агрокластердик методдорун;
соода-логистикалык борборлордун реестрин жүргүзүү эрежелерин;
улуттук стандарттар, тамак-аш жана органикалык продукцияны өндүрүү, ташуу жана сактоо эрежелерин;
биопрепараттарды жана энтомофагдарды, ошондой эле биожер семирткичтерди;
органикалык продукция өндүрүүчүлөрүнүн реестрин жүргүзүүнүн эрежелерин;
айыл чарба продукциясын, анын ичинде органикалык продукцияны сертификациялоо системасын иштеп чыгуу;
айыл чарба продукциясын, анын ичинде органикалык продукцияны таңгактоо, маркалоо, импорттоо, экспорттоо жана сатуу эрежелерин;
2) координациялоо жана мониторинг жүргүзүү функциялары:
– төмөнкүлөрдү жүзөгө ашырат:
тамак-аш өнөр жайы, айыл чарба продукциясын кайра иштетүү жана экспорттоо, органикалык өндүрүш, жашыл айыл чарбасы, айыл чарбасын климаттын өзгөрүшүнө адаптациялоо жаатындагы мамлекеттик органдардын функцияларын тармактар аралык координациялоо;
тамак-аш өнөр жайы, айыл чарба продукциясын кайра иштетүү жана экспорттоо, органикалык өндүрүш, жашыл айыл чарбасы, айыл чарбасын климаттын өзгөрүшүнө адаптациялоо, айыл чарба продукциясын экспорттоо жаатында мамлекеттик агрардык саясатты түзүү жана ишке ашыруу боюнча сунуштарды иштеп чыгуу максатында тармактык союздар (ассоциациялар) менен өз ара аракеттенүү;
тамак-аш өнөр жайы, айыл чарба продукциясын кайра иштетүү жана экспорттоо, жашыл айыл чарбасы, органикалык өндүрүш, айыл чарбасында климаттын өзгөрүшүн адаптациялоого жана жумшартуу, агрокластердик өнүктүрүүнү ишке киргизүү чөйрөсүндө инвестицияларды тартуу максатында эл аралык финансы институттары, донорлор, эл аралык жана ички инвесторлор менен өз ара аракеттенүү;
тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жайы чөйрөсүндө техникалык регламенттердин аткарылышына мониторинг жүргүзүү;
тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жайы, айыл чарба продукциясын экспорттоо, органикалык өндүрүш жана жашыл айыл чарбасы жаатында инвестициялык программалардын жана долбоорлордун ишин координациялоо, пайдалануунун натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча чараларды көрүү үчүн алардын аткарылышына мониторинг жүргүзүү;
лабораториялардын, тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жай ишканаларынын ишине мониторинг жүргүзүү, алардын ишин жакшыртууга методикалык жардам көрсөтүү;
айыл чарба продукциясын кайра иштетүү жана тамак-аш азыктарын өндүрүү чөйрөсүндөгү мамлекеттик ишканалардын, акционердик компаниялардын, корпорациялардын жана коомдордун ишин координациялоо, алардын ишинин жыйынтыктары жөнүндө жалпы түшүндүрмө катты түзүү;
тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жайын комплекстүү өнүктүрүү, жаңы индустрияларды өнүктүрүү жана түзүү жаатында мамлекеттик саясатты ишке ашырууну координациялоо;
тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жайы чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты түзүү боюнча мамлекеттик органдардын ишин секторлор аралык жана региондор аралык координациялоону жүзөгө ашыруу;
тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жайынын түзүмүн жакшыртуучу чараларды иштеп чыгууну жана ишке ашырууну координациялоо;
башка мамлекеттик органдар менен биргеликте тамак-аш өнөр жайын өнүктүрүү үчүн келип түшкөн техникалык жана гранттык жардамды координациялоо;
мамлекеттик органдар менен өз ара аракеттенүүдө тамак-аш өнөр жайында техникалык-экономикалык көрсөткүчтөрдүн жана белгиленген максаттуу көрсөткүчтөрдүн аткарылышын белгиленген тартипте контролдоо;
Кыргыз Республикасынын соода өнөктөшү болгон өлкөлөрдүн улуттук уюмдары менен консультациялар жана маалымат алмашуу, карантиндик фитосанитардык чараларды, эркин зоналарды, өндүрүш жерлерин жана участокторун өз ара таануу жөнүндө протоколдорду иштеп чыгууга катышуу;
биопрепараттарга жана биокаражаттарга болгон муктаждыкка мониторинг жүргүзүү, ошондой эле менчигинин түрүнө карабастан чарба жүргүзүүчү субъекттер тарабынан аларды пайдаланууну координациялоо;
органикалык айыл чарбасында уруксат берилген заттардын тизмегин жүргүзүү;
улуттук органикалык логотипти жана аны колдонуу эрежелерин аныктоо;
сертификациялоо боюнча органдардын, органикалык өндүрүш операторлорунун, органикалык өндүрүш операторлорунун топторунун жана кепилдик катышуу системаларынын (PGS) жана органикалык өндүрүш жүргүзүү үчүн жарактуу жерлердин (жер участокторунун) реестрлерин жүргүзүү;
органикалык өндүрүш, органикалык продукцияны жүгүртүү жана органикалык продукцияны маркалоо чөйрөсүндөгү ишти координациялоо жана мониторинг жүргүзүү;
төмөнкүлөргө катышат:
Министрликтин түзүмдүк бөлүмдөрү менен биргеликте агроөнөр жай комплекси чөйрөсүндөгү техникалык жөнгө салуу программаларын иштеп чыгууга;
кызыкдар министрликтер жана ведомстволор, Министрликтин түзүмдүк бөлүмдөрү менен биргеликте агроөнөр жай комплекси чөйрөсүндөгү техникалык регламенттерди иштеп чыгууга;
кызыкдар аткаруу бийлигинин органдары, Министрликтин түзүмдүк бөлүмдөрү менен биргеликте Кыргыз Республикасынын азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу боюнча чаралардын комплексин ишке ашырууга;
Министрликтин түзүмдүк бөлүмдөрү менен биргеликте тышкы экономикалык ишти жүзөгө ашырууда ата мекендик тамак-аш азыктарынын товар өндүрүүчүлөрүн коргоо боюнча чараларды иштеп чыгууда жана тамак-аш жана кайра иштетүү азыктарын тышкы рынокко илгерилетүүдө;
белгиленген тартипте стандартташтыруу жаатында документтерди иштеп чыгуу боюнча сунуштарды даярдоого;
белгиленген тартипте техникалык жөнгө салуу боюнча жумушчу топтордун, эксперттик комиссиялардын, стандартташтыруу боюнча техникалык комитеттердин ишинде Департаменттин ишинин багыттары боюнча техникалык регламенттердин, улуттук, региондук жана (же) эл аралык стандарттардын долбоорлорун карап чыгууга;
агроөнөр жай комплексинин тармактарын өнүктүрүү боюнча мамлекеттик, ведомстволук жана тармактык максаттуу программаларды иштеп чыгууда жана кароого;
агроөнөр жай комплексин өнүктүрүүгө багытталган тармактык иш-чараларды (семинарларды, конференцияларды, форумдарды, конгресстерди, көргөзмөлөрдү) өткөрүүгө.
Министрликтин жетекчилигинин тапшырмасы боюнча Департаменттин компетенциясына кирген маселелер боюнча аткаруу бийлик органдарынын жана башка кызыкдар уюмдардын макулдашылган кеңешмелерин өткөрүүгө.
агроөнөр жай комплексинин тармактарын өнүктүрүү боюнча мамлекеттик, ведомстволук жана тармактык максаттуу программаларды иштеп чыгууга жана ишке ашырууга.
өз компетенциясынын чегинде тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жайынын, органикалык өндүрүштүн жана жашыл айыл чарбасынын адистерин даярдоо, кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу программаларын иштеп чыгууга.
белгиленген тартипте агроөнөр жай комплекси чөйрөсүндөгү эл аралык өкмөттүк комиссиялардын жана эл аралык уюмдардын алкагында жумушчу топторго.
3) кызмат көрсөтүү функциялары:
– айыл чарба продукциясын өндүрүүчүлөргө, кайра иштетүүчүлөргө жана экспорттоочуларга, ошондой эле тармактык ассоциацияларга жана алардын бирикмелерине консультациялык жана маалыматтык кызматтарды көрсөтөт;
– чарбалык субъекттерге өндүрүштүк ресурстарга жана продукцияга рыноктук баалар жөнүндө маалыматтарды, анын ичинде товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү экспорттоо мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө маалыматтарды берет;
– технологиялык (экономикалык) кластерлерди уюштуруу мүмкүнчүлүктөрүн эске алуу менен ата мекендик чийки зат ресурстарын кайра иштетүү тармагынын субъекттери тарабынан иштеп чыгууну тереңдетүү, инновациялык технологияларды, прогрессивдүү жабдууларды тартуу аркылуу продукцияны этап-этабы менен импортту алмаштыруу боюнча сунуштарды иштеп чыгат;
– айыл чарба кооперативдерин, соода-сатып алуу уюмдарынын кооперативдерин, айыл чарба продукциясын сатуу үчүн дүң рынокторду түзүү жана өнүктүрүү боюнча көмөк көрсөтөт жана консультациялык кызматтарды көрсөтөт;
– айыл товар өндүрүүчүлөрүнүн өтүнүчү боюнча акы төлөнүүчү негизде зыянкечтерге, илдеттерге жана отоо чөптөргө каршы биологиялык коргоону жүргүзөт;
– айыл чарба өндүрүшүнүн стандарттарына, анын ичинде органикалык өндүрүшкө шайкештигин аныктоо үчүн айыл товар өндүрүүчүлөрүнүн өтүнүчү боюнча лабораториялык анализ (изилдөөлөр) жүргүзөт;
– биотехнологияларды жана жабдууларды (анын ичинде ин-витро (in vitro), ата мекендик жана импорттук өндүрүштүн биожер семирткичтерин, биопрепараттарын жана энтомофагдарын жайылтат;
– ата мекендик жана чет өлкөлүк өндүрүүчүлөргө биотехнологияны жана жабдууларды (анын ичинде ин-витро (in vitro), биожер семирткичтерди, биопрепараттарды жана энтомофагтарды киргизүүдө жана илгерилетүүдө көмөк көрсөтөт;
– мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсүндөгү мыйзамдарга ылайык башка мамлекеттик кызматтарды көрсөтөт;
– тамак-аш өнөр жайын өнүктүрүү, айыл чарба продукциясын кайра иштетүү жана экспорттоо, эл аралык сапат стандарттарын ишке киргизүү, жашыл жана органикалык айыл чарбасын өнүктүрүү боюнча айыл чарба субъекттерине окутуу жана тренингдерди жүргүзөт, окутуунун жана тренингдин көрсөтүлгөн максаттары үчүн окуу борборлорун уюштурат;
4) жөнгө салуу функциялары:
– Кыргыз Республикасында колдонулуучу ата мекендик жана чет өлкөлүк өндүрүүчүлөрдүн биопрепаратын, энтомофагдарын жана биожер семирткичтерин каттоо жана сыноо;
– органикалык жерлерди жана органикалык продукцияны өндүрүүчүлөрдү каттоо;
– органикалык айыл чарба продукциясын сертификациялоо;
– энтомофагдарды жана биопрепараттарды мамлекеттик каттоо жөнүндө каттоо күбөлүктөрүн берүү;
– биологиялык натыйжалуулугуна баа берүү үчүн өндүрүштүк сыноолорду жүргүзүү максатында каттоодон өтпөгөн энтомофагдарды жана биопрепараттарды ташып кирүүдө белгиленген тартипте уруксат берүү.
5) колдоо функциялары:
– өндүрүүчүлөргө өндүрүштүн алдынкы методдорун, технологиясын жана өндүрүшүн модернизациялоого, анын ичинде жашыл айыл чарбасын илгерилетүүгө жана климаттын өзгөрүшүнө адаптациялоого багытталган биотехнологияларды жана технологияларды ишке киргизүүдө көмөк көрсөтүү;
– айыл чарбасынын продукциясын, анын ичинде органикалык продукцияны инвестициялоону, сооданы жана экспортту тартууда айыл чарба өндүрүүчүлөрүнө көмөк көрсөтүү;
– азык-түлүк коопсуздугу, айыл чарба продукциясын, анын ичинде органикалык продукцияны өндүрүү, айыл чарба жана тамак-аш азыктарынын эл аралык сапат стандарттарын ишке киргизүү жаатында илимий-изилдөө иштерин жүргүзүүгө колдоо көрсөтүү;
– кайра иштетүү (тамак-аш) өнөр жайы, жашыл жана органикалык айыл чарбасы, айыл чарба биотехнологиялары, айыл чарбасын климаттын өзгөрүшүнө адаптациялоо чөйрөсүндөгү алдынкы ата мекендик жана чет өлкөлүк жетишкендиктерди изилдөө жана ишке киргизүү;
– кайра иштетүү өнөр жайы, биологиялык каражаттарды жана органикалык биожер семирткичтерди өндүрүү, айыл чарбасына жашыл технологияларды киргизүү, климатка туруктуу айыл чарба продукциясын өстүрүү чөйрөсүндө тажрыйба алмашуу жана биргелешкен ишканаларды түзүү боюнча чет өлкөлөрдүн окшош уюмдары менен байланыштарды жана кызматташтыкты жөнгө салуу;
– кайра иштетүүчү ишканаларга, органикалык айыл чарба продукциясын өндүрүүчүлөргө, жашыл жана климатка туруктуу технологияларды жана өндүрүштү киргизген ишканаларга айыл чарба өндүрүшүн жана эл аралык мамлекеттик жана жеке инвестицияларды кредиттөөнүн мамлекеттик жеңилдетилген программаларына жетүүнү камсыз кылууга көмөк көрсөтүү;
–айыл чарба продукциясын, анын ичинде органикалык продукцияны өндүрүүнү көбөйтүүгө, айыл чарбасында экологиялык коопсуз аймакты түзүүгө мүмкүндүк берүүчү органикалык өндүрүштүн жана жашыл айыл чарбасынын агробиотехнологияларын жана технологияларын өнүктүрүүдө тамак-аш өнөр жайына жана айыл чарба продукциясын кайра иштетүүгө ички жана тышкы инвестицияларды тартуу, ошондой эле химиялык пестициддерди колдонууда салыштырма салмагын азайтуу;
– тамак-аш өнөр жайында, айыл чарба продукциясын кайра иштетүүдө жана экспорттоодо, органикалык айыл чарбасында инновациялык жана биотехнологияларды колдонууну маалыматтык камсыздоо;
– кайра иштетүү тамак-аш өнөр жайында, органикалык өндүрүштө жана агробиотехнологияларда инновациялык технологияларды колдонуу боюнча чарбалык субъекттерди окутуу жана консультациялык, ошондой эле маалыматтык кызматтарды көрсөтүү;
– кластерди өнүктүрүү, тамак-аш коопсуздугу, агробиотехнологиялар жана органикалык өндүрүштүн жана жашыл айыл чарба технологиялары боюнча методикалык колдонмолорду басып чыгаруу жана аларды колдонууда чарбалык субъекттерге зарыл болгон практикалык жана методикалык жардам көрсөтүү;
– Министр тарабынан Департаментке жүктөлгөн башка функциялар.
5-глава. Департаменттин укуктары
11. Департамент жүктөлгөн милдеттерине ылайык төмөнкүлөргө укуктуу:
– кайра иштетүү (тамак-аш) өнөр жайын, органикалык өндүрүштү өнүктүрүү жана агробиотехнологияларды өнүктүрүү жана агробиотехнологияларды, жашыл айыл чарбасын, айыл чарбасын кластердик өнүктүрүү, тамак-аш коопсуздугу, айыл чарба продукциясын соодалоо жана экспорттоо, айыл чарба рыногун ак ниет эмес атаандаштыктан коргоо жаатындагы мыйзамдарды өркүндөтүү боюнча Министрликке сунуштарды киргизүү;
– мамлекеттик органдардан, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан, башка жеке жана юридикалык жактардан Министрликтин ишинин чөйрөсүнө тиешелүү маалыматтарды белгиленген тартипте суроого жана алууга;
– асыл тукум жана үрөнчүлүк чарбаларына, кайра иштетүү ишканаларына, суу жана балык чарба объекттерине, ошондой эле иши пестициддерди колдонуу менен байланышкан уюмдарга жана ишканаларга барууга, агрохимиялык, биологиялык жана ветеринардык препараттарды колдонууну текшерүүгө;
– Министрлик менен макулдашуу боюнча жүктөлгөн милдеттерди ишке ашыруу үчүн белгиленген тартипте эл аралык уюмдардын жана мекемелердин каражаттарын, ошондой эле донорлордун гранттарын тартууга;
– келишимдик шарттарда эксперттерди жана адистерди тартууга;
– айыл чарба өсүмдүктөрүнүн зыянкечтерине, илдеттерине жана отоо чөптөрүнө каршы биологиялык тазалоону жүргүзүүгө, аларды пайдалануунун технологияларын иштеп чыгууга;
– Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык айыл чарба өндүрүшү үчүн Департаменттин мүлкүн ижарага берүүгө;
– тамак-аш өнөр жайын, айыл чарба продукциясын кайра иштетүү жана экспорттоо, жашыл жана органикалык айыл чарбасын өнүктүрүү максатында эл аралык өнүктүрүү институттарынын, донордук уюмдардын, эл аралык жана ички инвесторлордун каражаттарын тартууга;
– энтомофагтарды жана биожер семирткичтерди сыноо боюнча иштерге келишимдик шарттарда эксперттерди жана адистерди тартууга;
– Кыргыз Республикасынын мамлекеттик статистика органдарынан, бажы органдарынан жана башка мамлекеттик органдарынан Кыргыз Республикасынын аймагына ташып келүү, Кыргыз Республикасынын аймагынан ташып чыгуу жана энтомофагдардын жана биожер семирткичтердин карантин алдындагы транзити жөнүндө статистикалык маалыматтарды жана маалыматты алууга;
– мамлекеттик органдарга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, менчигинин түрүнө карабастан юридикалык жана жеке жактарга милдеттүү аткаруу үчүн энтомофагдарды жана биожер семирткичтерди өндүрүү, ташуу, сатуу, сактоо жана пайдалануу боюнча аныкталган талаптарды бузууларды жоюу жөнүндө жазма буйруктарды (кабарлоолорду, көрсөтмөлөрдү) берүүгө;
– менчигинин түрүнө карабастан чарбалык субъекттердин өсүмдүктөрүнүн жана көчөттөрдүн, топурактардын жана сугат сууларынын фитосанитардык жана агрохимиялык абалы, үрөндүк материалы, ошондой эле энтомофагтарды жана биожер семирткичтерди колдонуу менен жүргүзүлүп жаткан иш-чаралар жөнүндө маалыматтарын текшерүүгө;
– энтомофагдар жана биожер семирткичтерди колдонуу менен аларды пайдалануунун технологияларын жана регламенттерин бузуу менен жүргүзүлүп жаткан айыл чарба иштерин токтотуу, ошондой эле мамлекеттик каттоодон өтпөгөн энтомофагтарды жана биожер семирткичтерди өндүрүүгө тыюу салууга;
– органикалык өндүрүштүн операторунан органикалык продукцияны өндүрүүнүн, жүгүртүүнүн, маркалоонун жана сертификациялоонун эрежелерине ылайык келбеген органикалык продукцияны чакыртып алуу жол-жобосун демилгелөөнү талап кылууга.
6-глава. Департаменттин мүлкү жана каражаттары
12. Департаменттин мүлкү жана каражаттары болуп имараттар, курулмалар, өткөргүч түзүлүштөр, машиналар жана жабдуулар, транспорт каражаттары, өлчөөчү жана жөнгө салуучу приборлор жана белгиленген тартипте оперативдүү башкаруу укугуна өткөрүлүп берилген түзүлүштөр, инструменттер өндүрүштүк жана чарбалык жабдуулар, башка негизги каражаттар.
13. Департаменттин ишин каржылоо республикалык бюджеттин каражаттарынан, атайын эсептерде топтолгон каражаттардан жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка булактардан жүзөгө ашырылат.
7-глава. Департаменттин ишин уюштуруу
14. Департаментти директор жетектейт.
15. Департаменттин директору Кыргыз Республикасынын суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин (мындан ары – министр) сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат.
16. Департаментте директордун орун басарынын кызмат орду каралган.
17. Департаменттин директорунун орун басарын Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө мыйзамдарга ылайык министр кызмат ордуна дайындайт жана кызмат ордунан бошотот.
18. Департаменттин директору Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ушул Жобого ылайык өзүнүн ыйгарым укуктарынын чегинде Департаменттин мүлкүн жана каражаттарын тескейт.
19. Ушул Жобого ылайык Департаменттин директору:
- Департаменттин ишине жалпы жетекчилик кылат жана жүктөлгөн милдеттердин аткарылышы, коррупциянын алдын алуунун ички системасын түзүү боюнча чаралардын көрүлбөгөндүгү үчүн жеке жоопкерчилик тартат;
– өзүнүн компетенциясынын чегинде буйруктарды чыгарат жана көрсөтмөлөрдү берет;
– Департаменттин кызматкерлерин жана филиалдардын жетекчилерин Департаменттин директору тарабынан бекитилген кызмат орундарынын номенклатурасына ылайык кызмат ордуна дайындайт жана кызмат ордунан бошотот;
– өзүнүн орун басарларынын, Департаменттин кызматкерлеринин жана аймактык бөлүмдөрүнүн жетекчилеринин функциялык милдеттерин белгилейт;
– Департаменттин түзүмдүк бөлүмдөрү, аймактык бөлүмдөрү жөнүндө жоболорду бекитет;
– Департаменттин бекитилген түзүмүнүн, санынын, эмгек акы төлөө фондунун чегинде түзүмүн, чыгымдардын сметасын жана штаттык расписаниесин иштеп чыгат жана министрге бекитүүгө берет;
– Департаменттин айырмаланган кызматкерлерин мамлекеттик сыйлыктар менен сыйлоого Министрликке сунуштарды киргизет;
– Департаменттин жетекчилерине, адистерине жана башка кызматкерлерине карата сыйлоо жана тартиптик жоопкерчилик чараларын көрөт;
– Департаментке жүктөлгөн милдеттерди талаптагыдай аткаруу үчүн зарыл болгон башка ыйгарым укуктарды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте ишке ашырат;
– Департаменттин компетенциясына кирген маселелер боюнча өз ара аракеттенүү жана кызматташуу жөнүндө келишимдерге, макулдашууларга жана протоколдорго белгиленген тартипте кол коёт;
– тамак-аш өнөр жайын өнүктүрүү, айыл чарба продукцияларын кайра иштетүү жана экспорттоо, агробиотехнологиялар, органикалык өндүрүш, жашыл айыл чарбасы, айыл чарбасын климаттын өзгөрүшүнө адаптациалоо жана митигациалоо жаатындагы адистерди, эксперттерди, ошондой эле техникалык кызматкерлерди белгиленген тартипте келишимдик шарттарда тартат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 11-ноябрындагы № 735 токтомунун редакциясына ылайык)
8-глава. Департаментти кайра уюштуруу жана жоюу
20. Департаментти кайра уюштуруу жана жоюу Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.
21. Департаменттин иши токтотулган учурда анын документтери “Кыргыз Республикасынын улуттук архивдик фонду жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген тартипте сакталат.