Загрузка документа…
23-тиркеме |
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-мартындагы № 98 токтому менен бекитилди) |
Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба
жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу
Кыргыз мал чарба жана жайыттар илимий-изилдөө
институту жөнүндө
жобо
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 29-октябрындагы № 651 , 2025-жылдын 14-февралындагы № 69, 2025-жылдын 11-ноябрындагы № 735 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул Жобо Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Кыргыз мал чарба жана жайыт илим-изилдөө институтунун (мындан ары - Институт) ишин жөнгө салат, анын милдеттерин, функцияларын жана тартибин аныктайт.
2. Институт Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин Кыргыз мал чарба жана жайыт илим-изилдөө институтунун укук улантуучусу болуп саналат.
3. Институт Кыргыз Республикасындагы мал чарбасы жана жайыт жаатындагы жогорку илимий-изилдөө жана өндүрүштүк мекеме болуп эсептелет.
4. Институт өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, "Илим жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын, Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин (мындан ары - Министрлик), илим жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечимдерин, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 28-сентябрындагы № 511 "Мамлекеттик илимий жана илимий-техникалык уюмдар жөнүндө типтүү жобону бекитүү тууралуу" токтому менен бекитилген Мамлекеттик илимий жана илимий-техникалык уюмдар жөнүндө типтүү жобону жана ушул Жобону жетекчиликке алат.
Институттун уюштуруучусу болуп Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети болуп саналат.
Институттун иши Кыргыз Республикасынын илим чөйрөсүндөгү мыйзамдарында аныкталган учурда жана тартипте аттестацияланууга/аккредитацияланууга тийиш.
5. Институт мекеменин уюштуруу-укуктук формасында иштеген юридикалык жак болуп саналат, финансы-чарбалык жана укуктук көз карандысыздыгы, өзүнчө мүлкү, өз алдынча балансы, финансы-кредиттик мекемелерде алыш-бериш жана башка эсептери бар, мамлекеттик жана расмий тилдерде аталышы менен тегерек мөөрү жана штамптары бар жана тиешелүү чөйрөдө илимий, илимий-техникалык жана илимий-инновациялык иштерди жүзөгө ашырат.
6. Институттун расмий аталышы:
- мамлекеттик тилде: "Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу "Кыргыз мал чарба жана жайыттар илимий-изилдөө институту";
- расмий тилде: "учреждение "Кыргызский научно-исследовательский институт животноводства и пастбищ при Министерстве водных ресурсов, сельского хозяйства и перерабатывающей промышленности Кыргызской Республики".
Кыскартылган аты:
- мамлекеттик тилде: "КМЧЖИИИ";
- расмий тилде: "КНИИЖП".
7. Институттун юридикалык дареги: 724827, Кыргыз Республикасы, Чүй облусу, Сокулук району, Фрунзе атындагы айыл, Институт көчөсү, 22 А.
8. Институт өз ишин Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы, башка мамлекеттик түзүмдөр, илимий жана коомдук уюмдар менен өз ара аракеттенүү менен жүзөгө ашырат, башка мамлекеттердин илимий мекемелери менен активдүү өз ара аракеттенет.
Институт мыйзамдарда каралган жарандык-укуктук бүтүмдөрдү ишке ашырат, сотто доогер жана жоопкер катары чыгат, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген укуктарга жана милдеттерге ээ.
2-глава. Институттун максаты
9. Институттун максаты мал чарбасы, жайыт жана тоют өсүмдүктөрүнүн селекциясы жаатындагы илимий-изилдөө иши, артыкчылыктуу багыттар, Кыргыз Республикасынын азык-түлүк коопсуздугунун проблемаларын чечүүгө көмөк көрсөтүү үчүн жаныбарлардын жана өсүмдүктөрдүн тиричилик аракетинин жана илдеттеринин молекулалык-биологиялык жана фундаменталдык негиздери боюнча фундаменталдык жана колдонмо илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү болуп саналат.";
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 29-октябрындагы № 651 токтомунун редакциясына ылайык)
3-глава. Институттун милдеттери
10. Институттун милдеттери:
- чыгарылган породаларды сактоонун, өркүндөтүүнүн, генетикалык ресурстарын сарамжалдуу пайдалануунун илимий негиздерин иштеп чыгуу жана айыл чарба жаныбарларынын жаңы породаларын жана типтерин түзүү;
- табигый жайыттарды жакшыртуунун ыкмаларын жана технологияларын иштеп чыгуу, тоют өсүмдүктөрүнүн жаңы жогорку түшүмдүү сортторун чыгаруу, алгачкы үрөөнчүлүктү уюштуруу;
- селекциялык-асыл тукум иши жаатындагы асыл-тукум субъекттеринин илимий-өндүрүштүк иштерин координациялоо;
- агрардык илимдин жетишкендиктерин пропагандалоо жана айыл чарба практикасына ишке киргизүү, окууларды, консультациялык кызматтарды уюштуруу, мал чарбачылыгынын жана тоют өндүрүүнүн актуалдуу маселелери боюнча илимий эмгектерди, сунуштарды жарыялоо;
- мал чарбачылыгы жана тоют өндүрүү багыты боюнча илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү;
- жакынкы жана алыскы чет өлкөлөрдүн илимий борборлору менен мал чарбачылыгы жана тоют өндүрүү маселелери боюнча биргелешкен инвестициялык программаларды жана долбоорлорду иштеп чыгуу, ишке ашыруу боюнча кызматташуу;
- илимдин багыттары боюнча фундаменталдык жана прикладдык изилдөөлөрдү жүргүзүү;
- фундаменталдык жана прикладдык изилдөөлөр жаатында инновациялык технологияларды түзүү;
- илимий-изилдөө жана тажрыйба-конструктордук иштерди жүргүзүүдө жеке сектордун (бизнес-түзүмдөрдүн) инновациялык потенциалын жана натыйжалуулугун пайдалануу;
- инфраструктура объекттерин жана/же инфраструктуралык кызматтарды түзүү жана/же модернизациялоо, эксплуатациялоо жана күтүү боюнча долбоорлорду иштеп чыгуу жана ишке ашыруу максатында мамлекеттик жана жеке өнөктөштөрдүн ортосундагы кызматташуу;
- жогорку квалификациялуу илимий жана илимий-педагогикалык кадрларды даярдоо;
- Кыргыз Республикасында молекулалык-клеткалык фундаменталдык илимди өнүктүрүү үчүн артыкчылыктуу багыттарды жана программаларды аныктоо;
- ар кандай жол менен пайда болгон илдеттердин алдын алуунун, диагностикалоонун жана дарылоонун жаңы илимий жана диагностикалык технологияларын, жогорку натыйжалуу биохимиялык жана молекулалык-генетикалык методдорун иштеп чыгуу жана киргизүү;
- молекулалык-клеткалык биология жана фундаменталдык медицина маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын окумуштууларынын күч-аракеттерин координациялоо;
- фундаменталдык медициналык-биологиялык проблемалар боюнча эл аралык, республикалык, региондук программаларга, долбоорлорго жана илимий-изилдөө иштерине илимий экспертиза жүргүзүүгө катышуу.";
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 29-октябрындагы № 651 токтомунун редакциясына ылайык)
4-глава. Институттун функциялары
11. Институт өзүнө жүктөлгөн милдеттерге ылайык төмөнкүдөй функцияларды аткарат:
- айыл чарба жаныбарларынын бардык түрлөрүн породалык райондоштуруунун жана продуктивдүү өркүндөтүүнүн селекциялык-генетикалык программаларын жана методдорун иштеп чыгуу;
- жаныбарларды көбөйтүүнү жакшыртуунун заманбап биотехнологиялык методдорун иштеп чыгуу;
- айыл чарба жаныбарларынын жаңы породаларынын, типтеринин, линияларынын жана түркүмдөрүнүн селекциялык жетишкендиктерин апробациялоо;
- асыл тукум материалынын сапатын баалоо боюнча лабораториялык изилдөөлөрдү жүргүзүү;
- жаныбарларды жасалма уруктандыруу пункттарында асыл тукум продукцияларын жана асыл тукум материалдарын сатуу;
- асыл тукум ишинин адистеринин, дыйкандардын (фермерлердин), техник-уруктандыруучулардын квалификациясын жогорулатуу боюнча окууларды өткөрүү жана тиешелүү үлгүдөгү сертификаттарды берүү;
- асыл тукум мал өстүрүүчү асыл тукум фермердик чарбаларга илимий-методикалык жардам көрсөтүү;
- табигый жайыттар менен чабындылардын үстүнкү бетин, түп тамырынан жакшыртуунун жана сарамжалдуу пайдалануунун натыйжалуу ыкмаларын иштеп чыгуу;
- тоют өсүмдүктөрүнүн жогорку түшүмдүү кургакка, суукка чыдамдуу, илдетке жана зыянкечтерге туруктуу сорггорун түзүү, жапайы өсүүчү тоют чөптөрдү жана жарым бадалдарды жана алардын үрөндөрүн тоют өсүмдүктөрүнө киргизүү;
- сугат жерлеринде интенсивдүү тоют өндүрүүнүн илимий негиздерин иштеп чыгуу;
- тоют өсүмдүктөрүн зыянкечтерден жана илдеттерден сактоонун интеграцияланган методдорун иштеп чыгуу;
- которуштуруп айдоонун прогрессивдүү технологияларын, системаларын киргизүү боюнча фермерлерге, тоют өсүмдүктөрүнүн үрөндөрүн өндүрүүчүлөргө консультациялык-маалыматтык жардам көрсөтүү, методикалык сунуштамаларды берүү;
- тоют өсүмдүктөрүнүн жаңы сортторун апробациялоо;
- менчиктин бардык түрүндөгү чарбалардын табигый жайыт жерлерин коргоо жана пайдаланууну жакшыртуу жаатындагы саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу;
- белгиленген тартипте илимий-изилдөө жана ишке киргизүү иштеринин пландарын аткаруунун жыйынтыгын чыгаруу, алар боюнча жогору турган уюмдарга отчетторду берүү;
- Кыргыз Республикасынын өсүмдүктөрүнүн жана жаныбарларынын жергиликтүү тукумдарынын моногендик жана көп факторлуу илдеттеринин өөрчүшүнүн молекулалык-генетикалык механизмдерине, генетикалык биотүрдүүлүгүнө илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 29-октябрындагы № 651 токтомунун редакциясына ылайык)
12. Институт айыл чарбасында илимий-техникалык прогрессти камсыздоочу илимий-изилдөө иштерин аткаруу, практикалык сунуштамаларды иштеп чыгуу үчүн жоопкерчилик тартат.
5-глава. Институттун укуктары жана милдеттери
13. Институт төмөнкү укуктарга ээ:
- алардын илимий жана илимий-техникалык ишинин негизги багыттарын аныктоого;
- Институттун профилине ылайык келген илимий-изилдөөчүлүк жана тажрыйбалык иштердин келечектүү жана учурдагы пландарынын долбоорлорун иштеп чыгууга жана аларды ишке ашырууга, жогорку квалификациялуу илимий кадрларды даярдоого, изилдөө иштерин материалдык-техникалык жана финансылык жактан камсыздоого;
- адистерди окутуунун жана аяктаган илимий иштелмелерди өндүрүшкө киргизүү боюнча дыйкан, фермердик жана башка типтеги чарбаларга консультациялык жана методикалык кызматтарды көрсөтүүнүн план-программаларын түзүүгө;
- окумуштуулардын жана аспиранттардын чет өлкөлүк илимий борборлордо иш сапарларын, окууларын жана стажировкаларын уюштурууга;
- Министрлик менен макулдашуу боюнча өзүнүн компетенциясынын чегинде чет өлкөлүк уюмдар, эл аралык илимий-изилдөө борборлору менен илимий кызматташуу жөнүндө келишимдерди түзүүгө жана аларда ата мекендик агрардык илиминин атынан чыгууга;
- илимий кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу, аспирантура, докторантура аркылуу адистерди даярдоо;
- республикалык бюджеттен жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка булактардан каржылануучу илимий жана илимий-техникапык программалардын жана долбоорлордун сынактарына катышууга;
- башка илимий жана башка уюмдар менен түз байланыштарды өнүктүрүүгө;
- белгиленген тартипте бирикмелерге кирүүгө жана филиалдарды түзүүгө;
- илимий эмгектерди, мезгилдүү жана сериялык басылмаларды басып чыгарууга, илимий-техникалык маалыматтар базасын түзүүгө, конференцияларды жана башка илимий иш-чараларды өткөрүүгө;
- илимий жана илимий-техникалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатууга, профили боюнча аспирантура (адъюнктура), докторантура, PhD докторантура/докторантура аркылуу адистерди даярдоого;
- белгиленген тартипте окумуштуулук даражаларды изденип алуу үчүн диссертацияларды коргоо боюнча кеңештерди түзүүгө жана илимий наамдарды ыйгарууга катышууга;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мамлекеттер аралык жана эл аралык илимий-изилдөө программаларына жана долбоорлоруна катышууга;
- илимий, илимий-техникалык жана илимий-инновациялык иштин натыйжаларын ишке ашыруудан киреше алууга;
- илимий-техникалык кеңешти түзүүгө.
14. Институт төмөнкүлөргө милдеттүү:
- өзүнүн ишинин профили боюнча илимий изилдөөлөрдү жүргүзүүгө;
- бекитилген отчеттуулуктун бардык түрлөрүн белгиленген тартипте берүүгө;
- Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин жана Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин тапшырмалары боюнча билим берүүнү, илимди жана өндүрүштү өнүктүрүү жана интеграциялоо боюнча аналитикалык маалымкаттарды жана сунуштамаларды даярдоого;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык каттоодон (кайра каттоодон) өтүүгө;
- өлкөнүн тармагынын керектөөлөрүнө ылайык илимий жана илимий-техникалык, инновациялык ишти активдештирүүгө;
- илимий иштин башка субъекттеринин укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын сактоого;
- тиешелүү илимий-изилдөө иштерин жүргүзүү үчүн зарыл болгон шарттарды түзүүгө;
- заманбап атаандаштыкка жөндөмдүү продуктту, технологияны, кызмат көрсөтүүнү, ошондой эле өндүрүштүк, административдик, коммерциялык, социалдык же башка мүнөздөгү уюштуруучулук-техникалык чечимдерди иштеп чыгууга;
- илимий уюмдун интеллектуалдык ишинин натыйжасын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда каттоого;
- мал чарбачылыгы жана жайыттар багыты боюнча илимий жана илимий-техникалык иш чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты өркүндөтүү боюнча сунуштарды киргизүүгө;
- мамлекеттик органдар, башка илимий уюмдар, ЖОЖдор, жана жеке сектор менен байланышты чыңдоого;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өзүнүкүн иштеп чыгуунун жана ата мекендик жана чет өлкөлүк технологияларды өздөштүрүүнүн эсебинен илимий уюмдун ишинин өндүрүмдүүлүгүн жогорулатууга;
- мамлекеттик илимий инфраструктураны талаптагыдай абалда кармоого, илимий инфраструктураны өркүндөтүү боюнча тиешелүү чараларды көрүүгө;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган каржылоо булактарын издөөгө;
- илимий уюмга оперативдүү башкарууга өткөрүп берилген негизги жана жүгүртүү фонддорунун жана мамлекеттик мүлктү максаттуу пайдаланууну камсыз кылууга;
- илимий-маалыматтык иштерди жүргүзүү;
- илимдин ролун, анын ичинде өзүнүн ишин жана иштин продуктусун популяризациялоонун эсебинен жогорулатуу;
- өзүнүн иши үчүн зарыл болгон башка иш-чараларды өткөрүүгө;
- илимий кызматкерлерди 5 жылда бир жолудан кем эмес аттестациядан өткөрүүгө.
6-глава. Институттун түзүмү
15. Институттун түзүмү Министрлик менен макулдашуу боюнча Институттун жетекчиси тарабынан бекитилет.
16. Институттун түзүмү төмөнкүлөрдөн турат: илимий-техникалык кеңеш, административдик-башкаруу персоналы, илимий жана көмөкчү бөлүмдөр.
17. Өзүнчө максаттуу долбоорлорду жана гранттарды аткаруу үчүн Институтта убактылуу чыгармачылык жамааттар жана өндүрүштүк чакан ишканалар түзүлүшү мүмкүн.
18. Илимий-эксперименттик иштерди жүргүзүү, изилдөөлөрдүн натыйжаларын өндүрүштүк текшерүү жана илимдин жетишкендиктерин жана алдынкы тажрыйбаны айыл чарба өндүрүшүнө ишке киргизүү үчүн Институттун ведомстволук бөлүмдөрү бар.
Илимий жана илимий-техникалык иштерди жүзөгө ашыруу боюнча кабыл алынган чечимдердин коллегиалдуулугун камсыз кылуу максатында илимий-техникалык кеңеш түзүлөт.
7-глава. Институттун ишин уюштуруу
19. Институтту директор жетектейт.
Институттун директору Кыргыз Республикасынын суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин (мындан ары - министр) сунушу боюнча илим чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы өз демилгеси боюнча сунуштоосуз Институттун директорун дайындоого, ошондой эле ээлеген кызмат ордунан бошотууга, анын ичинде Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарында каралган негиздер боюнча мөөнөтүнөн мурда бошотууга укуктуу.
Кыргыз Республикасынын суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан Институттун директорунун кызмат ордуна дайындалган адам менен беш жылдык мөөнөткө эмгек келишимин түзөт.
Директор эмгек келишимин түзгөндөн кийин кызматтык милдеттерин аткарууга киришет.
Бир эле адам Институттун директорунун кызмат ордун катары менен эки мөөнөттөн ашык ээлей албайт.
(Абзац Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 14-февралындагы № 69 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
(Абзац Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 14-февралындагы № 69 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
Институттун директорунун кызмат ордун төмөнкү квалификациялык талаптарга ылайык келген адамдар ээлей алышат:
- жогорку кесиптик билими;
- окумуштуулук даражасы;
- илимий, илимий-педагогикалык, уюштуруучулук иш стажы жалпысынан 5 жылдан кем эмес жана жетекчилик кызмат орундарында 5 жылдан кем эмес иш стажы.
Институттун директору төмөнкүлөрдү билүүгө тийиш:
- айыл чарба, илим, билим берүү жана инновациялар чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актыларды;
- уюмду башкаруунун теориясы жана методдору;
- илимий кадрларды даярдоо чөйрөсүнө тиешелүү методикалык жана ченемдик документтер;
- эмгек, финансы мыйзамдарынын негиздери;
- профиль боюнча фундаменталдык жана прикладдык илимдердеги илимий жетишкендиктер;
- илимий жетишкендиктер жана чет өлкөлүк илимий уюмдардын тажрыйбасы;
- орто мөөнөттүү мезгилге илим тармагын өнүктүрүү көз карашы (концепция, иштелме, технология же план) болушу.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 14-февралындагы № 69 токтомунун редакциясына ылайык)
20. Институттун директору:
- Институтту жеке башчылык принциптеринде башкарат жана Институттун максаттарын, милдеттерин жана функцияларын ишке ашыруунун сапаты, коррупциянын алдын алуунун ички системасын түзүү боюнча чаралардын көрүлбөгөндүгү үчүн жеке жоопкерчилик тартат;
- финансылык ресурстарды тескейт, банк мекемелеринде улуттук жана чет өлкөлүк валютада учурдагы жана башка эсептерди ачат, бухгалтердик эсептин жана отчеттуулуктун тактыгы үчүн жоопкерчилик тартат, финансылык тартипти сактайт;
- Институттун карамагында турган мүлктүн жана башка материалдык баалуулуктардын максаттуу пайдаланылышы жана сакталышы үчүн жоопкерчилик тартат;
- кызматкерлерди ишке кабыл алууну жана бошотууну ишке ашырат, алардын кызматтык милдеттерин аныктайт, кадрларды даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу үчүн шарттарды түзөт, кызматкерлердин эмгек укуктарынын сакталышы үчүн жоопкерчилик тартат;
- изилдөөчүлөрдүн илимий чыгармачылыгынын эркиндигин өнүктүрөт;
- мамлекеттик сырды түзгөн маалыматтардын корголушу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын сакталышы жана аткарылышы үчүн жоопкерчилик тартат;
- Институттун бекитилген структурасынын, санынын жана эмгек акы фондунун чегинде чыгымдардын сметасын жана штаттык санын Министрдин бекитүүсүнө берет;
- бардык мамлекеттик жана мамлекеттик эмес уюмдарда, соттук, банктык жана башка мекемелерде Институттун атынан чыгат;
- Институттун атынан башка, анын ичинде чет өлкөлүк мекемелер менен белгиленген тартипте келишимдерди түзөт;
- Институттун кызматкерлери менен эмгек жана социалдык-экономикалык мамилелер боюнча жамааттык келишим түзөт;
- өзүнүн компетенциясына кирген маселелер боюнча чечимдерди кабыл алат;
- Институттун иши үчүн зарыл болгон башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 11-ноябрындагы № 735 токтомунун редакциясына ылайык)
21. Институтта директордун орун басарынын кызмат орду каралган.
22. Институттун директорунун орун басары Министрлик менен макулдашуу боюнча директор тарабынан дайындалат.
23. Институттун директору жок болгон учурда (иш сапарда, убактылуу эмгекке жарамсыздыкта, өргүүдө, кызмат ордунан бошогондо) анын милдеттерин директордун орун басары аткарат.
24. Окумуштуу катчы:
- илимий-уюштуруу жана маалыматтык бөлүмдөрдүн ишин жетектейт;
- илимий-изилдөө иштеринин келечектүү жана учурдагы пландарын иштеп чыгууну координациялайт;
- Институттун илимий-изилдөө иштери жөнүндө пландарын жана отчетторун жалпылайт жана жогору турган уюмдарга берет;
- илимий-техникалык жана илимий-методикалык кеңештердин ишин уюштурат.
25. Институттун окумуштуу катчысы Институттун директору тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат.
8-глава. Институттун илимий-техникалык кеңеши
26. Илимий-техникалык кеңеш Институттун консультациялык-кеңеш берүүчү органы болуп саналат. Илимий-техникалык кеңештин мүчөлөрү Институтунун директорунун сунушу боюнча илимий кызматкерлердин, адистердин жана административдик-башкаруу персоналынын жалпы чогулушунда жашыруун добуш берүү менен 3 жылдык мөөнөткө шайланат. Илимий кызматкерлердин жана адистердин жана административдик-башкаруу персоналынын жалпы чогулушуна эмгек жамаатынын курамынын жарымынан көбү катышса, чечим кабыл алууга укуктуу.
27. Илимий-техникалык кеңештин курамына илимий уюмда иштебеген алдынкы окумуштуулар жана адистер, ошондой эле же илим чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана тармактык ыйгарым укуктуу органдын өкүлдөрү кире алат.
28. Эгерде жыйналышка анын курамынын үчтөн экисинен кем эмеси катышса, Илимий-техникалык кеңеш чечим кабыл алууга укуктуу.
29. Илимий-техникалык кеңештин чечимдери, эгерде алар үчүн добуш берген илимий-техникалык кеңештин мүчөлөрүнүн жарымынан көбү добуш берсе, кабыл алынды деп саналат.
30. Институттун директору Илимий-техникалык кеңештин төрагасы болуп саналат.
31. Илимий-техникалык кеңештин катчысы Институттун төрагасы тарабынан дайындалат.
Илимий-методикалык кеңеш тематикалык пландарга жана башка илимий материалдарга ылайык илимий-изилдөө иштеринин аткаруунун жумушчу программаларын, календарлык пландарын карайт. Илимий материалдарды жарыялоо үчүн талкуу жүргүзөт жана корутунду берет.
32. Илимий-техникалык кеңештин компетенциясына төмөнкүлөр кирет:
- Институттун илимий-изилдөө ишинин келечектүү багыттарын кароо;
- илимий-изилдөө, ишке киргизүүнүн узак мөөнөттүү жана жылдык пландарынын долбоорлорун кароо;
- илимий-изилдөө иштеринин жылдык жана жыйынтыктоочу отчетторун жана Институттун илимий жана ишке ашыруу иши жөнүндө маалыматтарын кароо;
- Институттун түзүмүн жана штаттык санын өзгөртүүгө байланышкан маселелерди талкуулоо;
- илимий эмгектерди, сунуштамаларды, баракчаларды, брошюраларды басып чыгаруу боюнча редакциялык коллегиянын пландарын кароо;
- эл аралык илимий борборлор менен координациялоо жана чыгармачылык кызматташуу маселелерин талкуулоо;
- жаш окумуштууларды даярдоо жана илимий кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу боюнча иштерди координациялоо;
- илимий жетекчилердин, илимий даражаны изденүүчүлөрдүн жүргүзүлүп жаткан изилдөөлөрү жөнүндө отчетторду угуу, кандидаттык жана докторлук диссертациялардын темаларын кароо жана бекитүү, коомдук коргоого сунуш кылуу максатында диссертацияларды апробациялоо;
- окумуштууларды мамлекеттик жана ведомстволук сыйлыктар менен сыйлоо жана наамдарды ыйгаруу үчүн; мамлекеттик сыйлыктарды, ошондой эле көрүнүктүү окумуштуулар атындагы медалдарды жана сыйлыктарды ыйгаруу үчүн илимий эмгектерди, ачылыштарды жана ойлоп табууларды көрсөтүү;
- Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын анык мүчөлүгүнө (академиктер) жана мүчө-корреспонденттерине талапкерлерди көрсөтүү, ошондой эле башка уюмдар тарабынан сунушталган иштерди жана талапкерлерди колдоо боюнча материалдарды кароо;
- окумуштууларга кандидаттык жана докторлук диссертациялык иштерди аяктоо үчүн чыгармачылык өргүүсүн берүү боюнча өтүнүч каттарды талкуулоо;
- бөлүмдөрдүн, лабораториялардын башчыларынын жана илимий кызматкерлердин бош кызмат орундарын ээлөө үчүн конкурс же контракттык негизде тандоо;
- белгиленген тартипте окумуштуулук даражаларды жана илимий наамдарды ыйгаруу жөнүндө талкуулоо жана Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Улуттук аттестациялык комиссиясына өтүнүч каттарды берүү;
- селекциялык жетишкендиктерди апробациялоо материалдарын кароо жана чечим оң болгон учурда селекциялык жетишкендикти бекитүү жөнүндө жогору турган уюмга өтүнүч каттарды жөнөтүү;
- баланстык комиссиянын отчетторун угуу;
- илимий-техникалык кеңештин компетенциясына кирген чечимдерди кабыл алуу жана жокко чыгаруу.
33. Эгерде жыйналышка анын курамынын үчтөн экисинен кем эмеси катышса, илимий-техникалык кеңеш чечим кабыл алууга укуктуу.
34. Илимий-техникалык кеңештин чечимдери, эгерде алар үчүн добуш берүүгө катышкан илимий-техникалык кеңештин мүчөлөрүнүн жарымынан көбү добуш берсе, кабыл алынды деп эсептелет.
35. Илимий-техникалык кеңештин төрагасы болуп Институттун директору саналат.
36. Кеңештин чечими Институттун директору тарабынан бекитилген күндөн тартып күчүнө кирет.
9-глава. Институтту каржылоо жана мүлкү
37. Институтту каржылоо булактары болуп төмөнкүлөр саналат:
- Кыргыз Республикасынын республикалык бюджети;
- илим чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын илим фонду;
- бюджеттен тышкаркы фонддор;
- жеке жана юридикалык жактардын ыктыярдуу каражаттары;
- кредиттер жана гранттар;
- Институттун илимий-изилдөө, басма, консультациялык жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган киреше алып келүүчү башка иштерден түшкөн каражаттары;
- чет өлкөлүк жана ата мекендик инвестициялар.
38. Институтка бекитип берилген жер аянттары, имараттар, курулмалар, жабдуулар, орнотмолор, аппаратуралар, транспорт каражаттары, айыл чарба жаныбарлары жана башка мүлктөр негизги каражаттарды түзөт.
39. Институттун мүлкү мамлекеттик менчик болуп саналат жана ага оперативдүү башкаруу укугу менен бекитилген. Институттун оперативдүү башкаруусунда турган мамлекеттик мүлктү пайдалануу жана ээлик кылуу Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.
40. Институт Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык оперативдүү башкаруу жана ижара укугуна мүлккө ээ болууга укуктуу.
41. Институттун ишин контролдоо Министрлик жана Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан жүзөгө ашырылат.
10. Институтту кайра уюштуруу жана жоюу
42. Институтту кайра уюштуруу жана жоюу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими менен жүзөгө ашырылат.
43. Институттун документтери "Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык сакталат жана пайдаланылат.