Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2023-жылдын 28-сентябры № 511
Мамлекеттик илимий жана илимий-техникалык уюмдар жөнүндө типтүү жобону бекитүү тууралуу
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 5-июнундагы N 294 токтомунун редакциясына ылайык)
Мамлекеттик илимий жана илимий-техникалык уюмдардын ишин укуктук жөнгө салуу максатында, "Илим жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Мамлекеттик илимий жана илимий-техникалык уюмдар жөнүндө типтүү жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
1-1. Төмөнкүлөр белгиленсин:
1) мамлекеттик илимий же илимий-техникалык уюмдун жетекчисинин кызмат ордуна мурда ушул токтом күчүнө киргенге чейин белгиленген тартипте дайындалган адамдар ушул токтомго ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин мамлекеттик илимий же илимий-техникалык уюмдардын уюштуруу документтерин бекитүү жөнүндө тиешелүү чечими күчүнө киргенден кийин ээлеген кызмат ордуна кайра дайындалууга (тармактык ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчисинин сунушусуз жана илим чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуусуз) тийиш экендиги;
2) кайрадан дайындалган мамлекеттик илимий же илимий-техникалык уюмдардын жетекчилери биринчи мөөнөткө дайындалды деп эсептелери.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 5-июнундагы № 294 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Карамагында мамлекеттик илимий жана илимий-техникалык уюмдар бар Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары:
- мамлекеттик илимий жана илимий-техникалык уюмдардын уюштуруу документтерин ушул токтомго ылайык келтирүүнү караган акттардын долбоорлорун Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын кароосуна белгиленген тартипте киргизсин;
- бул токтомдон келип чыгуучу башка чараларды көрсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын жалпы координациялоо Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине жүктөлсүн.
4. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 115 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарына жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүп берилген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарынын тизмесинде:
- 5-пункт төмөнкүдөй мазмундагы 3-пунктча менен толукталсын:
"3) мамлекеттик органдардын карамагында турган мамлекеттик илимий жана илимий-техникалык уюмдар үчүн типтүү эмгек келишимдерин.".
5. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 26-июнундагы № 380 "Мамлекеттик илимий мекемелер жөнүндө типтүү жобону бекитүү тууралуу" токтому;
2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 3-мартындагы № 107 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 26-июнундагы № 380 "Мамлекеттик илимий мекемелер жөнүндө типтүү жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому;
3) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 20-январындагы № 38 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 26-июнундагы № 380 "Мамлекеттик илимий мекемелер жөнүндө типтүү жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө" токтому;
4) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 13-сентябрындагы № 559 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 26-июнундагы № 380 "Мамлекеттик илимий мекемелер жөнүндө типтүү жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө" токтому;
5) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 26-декабрындагы № 709 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 26-июнундагы № 380 "Мамлекеттик илимий мекемелер жөнүндө типтүү жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому.
6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
7. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Эркин Тоо газетасынын 2023-жылдын 3-октябрындагы № 79 (3528) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У.Жапаров |