Редакцияот 29.03.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

2024-жылдын 29-марты № 144

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 23-июнундагы № 402 «Кайрылман статусун берүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө

Кайрылман статусун берүү бөлүгүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын өркүндөтүү, аны натыйжалуу ишке ашыруу максатында, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

 

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 23-июнундагы № 402 «Кайрылман статусун берүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кайрылман статусун берүү тартиби жөнүндө жободо:

- 7-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«7. Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жашаган жана туруктуу жашоо максатында Кыргыз Республикасына келүүнү каалаган этностук кыргыздар өтүнүчтөрүн алар катталган күндөн тартып он жумуш күндүн ичинде андан ары миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жиберүү үчүн Кыргыз Республикасынын чет өлкөдөгү дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнө жана консулдук мекемелерине беришет.».

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 2-апрелиндеги № 25 (3578) саны менен жарыяланды

 

Кыргыз Республикасынын

Министрлер Кабинетинин

Төрагасы

 

 

А.У . Жапаров