Загрузка документа…
| Тиркеме |
| (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 23-июнундагы № 402 токтому менен бекитилген) |
Кайрылман статусун берүү тартиби жөнүндө
ЖОБО
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 9-августундагы № 396, 2024-жылдын 29-мартындагы № 144, 2024-жылдын 8-майындагы № 223 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Кайрылман статусун берүү тартиби жөнүндө жобо (мындан ары - Жобо) туруктуу жашоо үчүн Кыргыз Республикасына көчүп келүүчү этностук кыргыздарга кайрылман статусун берүү жөнүндө өтүнүч берген адамдардын кайрылуу тартибин аныктайт.
2. Этностук кыргыздарга кайрылман статусун ыйгаруу жөнүндө чечим миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жана анын аймактык органдары (мындан ары - аймактык органдар) тарабынан түзүлгөн кайрылман статусун берүү тартиби жөнүндө этностук кыргыздардын өтүнүчүн карап чыгуу боюнча комиссиялар (мындан ары - комиссия) тарабынан кабыл алынат.
3. Ушул Жободо төмөнкүдөй негизги түшүнүктөр колдонулат:
кайрылман - туруктуу жашоо үчүн Кыргыз Республикасына көчүп келүүнү каалаган (көчүп келген) жана кайрылман статусун алган чет өлкөлүк жаран (жарандыгы жок адам) болуп саналган этностук кыргыз;
кайрылман статусу - этностук кыргыз болуп саналган чет өлкөлүк жарандын (жарандыгы жок адамдын) белгиленген үлгүдөгү документ менен ырасталуучу убактылуу социалдык жана укуктук статусу;
этностук кыргыз - чет өлкөлүк жаран (жарандыгы жок адам) болуп саналган кыргыз улутундагы адам;
кайрылман статусун берүү жөнүндө өтүнүч (мындан ары - өтүнүч) - аймактык органга кайрылман статусун берүү жөнүндө өтүнүч берген адамдардын эркин билдирген документ;
кайрылмандын ырастамасы - кайрылман деп таанылган адамдын инсандыгын ырастаган жана бул адамды жана анын үй-бүлөсүнүн мүчөлөрүн Кыргыз Республикасынын аймагында турган жери боюнча калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык органдарында каттоо жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жеңилдиктерди алуусу үчүн негиз болуп берген документ.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 8-майындагы № 223 токтомунун редакциясына ылайык)
4. Кайрылман статусун алган адамдардын негизги укуктары жана милдеттери "Кыргыз Республикасына көчүп келүүчү этникалык кыргыздарга берилүүчү мамлекеттик кепилдиктер жөнүндө", "Тышкы миграция жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларында, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде каралат.
2. Кайрылман статусун берүү үчүн кайрылуу тартиби жана документтердин тизмеги
5. Кайрылман статусун берүү жөнүндө өтүнүч үй-бүлөнүн жашы жеткен мүчөсүнүн бири же ыйгарым укуктуу өкүл аркылуу ушул Жобонун 1-тиркемесиндеги форма боюнча берилет.
6. Кыргыз Республикасында мыйзамдуу негизде убактылуу турган, кайрылман статусун алууну каалаган жана аны алуу үчүн мыйзамдуу негиздери бар этностук кыргыздар кайрылман статусун алуу тууралуу өтүнүчүн жана зарыл документтерин убактылуу жашаган жериндеги аймактык органдарга беришет.
7. Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жашаган жана туруктуу жашоо максатында Кыргыз Республикасына келүүнү каалаган этностук кыргыздар өтүнүчтөрүн алар катталган күндөн тартып он жумуш күндүн ичинде андан ары миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жиберүү үчүн Кыргыз Республикасынын чет өлкөдөгү дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнө жана консулдук мекемелерине беришет.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 29-мартындагы № 144 токтомунун редакциясына ылайык)
8. Өтүнүч берүүчү адам же анын ыйгарым укуктуу өкүлү кайрылман статусун берүү жөнүндө өтүнүчү менен бирге төмөнкү документтерди берет:
- паспорт же аны алмаштыруучу документ;
- туулгандыгы тууралуу күбөлүк;
- (КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 9-августундагы № 396 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
- нике тууралуу күбөлүк (бар болсо).
Өтүнүч берген адамдын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү жок болгон учурда анын улутун ырастоо үчүн төмөнкү документтердин бири берилет:
- жакын туугандарынын биринин (ата-энесинин, балдарынын, бала асырап алгандардын, ата-энелери бир жана ата-энелеринин бири башка ага-инилеринин жана (же) эже-карындаштарынын, эже-сиңдилеринин, чоң атасынын, чоң энесинин, таята-таянесинин, неберелеринин) туулгандыгы тууралуу күбөлүгү;
- ата-энесинин никеси тууралуу күбөлүк;
- алыс туугандарынын (аталаш ага-инилеринин жана (же) эже-карындаштарынын, эже-сиңдилеринин) биринин туулгандыгы тууралуу күбөлүгү.
Кыргыз Республикасынын аймагында туруктуу жашаган этностук кыргыздар инсандыгын ырастоочу документи болбогон учурда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан берилүүчү таануу актысынын негизинде этностук кыргыздардын жакын туугандарынын биринин (ата-энесинин, балдарынын, асырап алуучуларынын, ата-энелери бир жана ата-энелеринин бири башка ага-инилеринин жана (же) эже-карындаштарынын/сиңдилеринин, чоң атасынын/таятасынын, чоң энесинин/таенесинин, неберелеринин) паспортун ушул Жобонун 3-тиркемесине ылайык форма боюнча берет.
Чет мамлекетте туулган, паспортунда же туулгандыгы тууралуу күбөлүгүндө улутунун графасы болбогон этностук кыргыз, эгерде анын этностук таандыктыгы Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүгү же консулдук мекемеси тарабынан ырасталса, кайрылман статусун ала алат. Бул учурда адамдын этностук таандыктыгы төмөнкү документтерди көрсөтүү менен өтүнүч ээсинин экиден кем эмес жакын тууганы тарабынан ырасталган жазуу жүзүндөгү арызы боюнча аныкталат:
- ушул Жобонун 4-тиркемесине ылайык форма боюнча арыз;
- паспорт же аны алмаштыруучу документ;
- жашаган жеринен маалымкат;
- туугандык даражасын ырастоочу документ (ата-энесин, ата-энелери бир жана ата-энелеринин бири башка ага-инилерин жана/же эже-карындаштарын/сиңдилерин, чоң атасын/таятасын, чоң энесин/таенесин).
Документтерди кароонун жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү дипломатиялык өкүлчүлүктөрү же консулдук мекемелери ушул Жобонун 5-тиркемесине ылайык форма боюнча маалымкат беришет.
Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүгү же консулдук мекемеси тарабынан бул адамдын этностук таандыктыгын ырастоо мүмкүн болбогон учурда кайрылман статусун берүү же берүүдөн баш тартуу жөнүндө тиешелүү чечим кайрылман статусун берүү жөнүндө этностук кыргыздардын өтүнүчтөрүн кароо боюнча комиссия тарабынан кабыл алынат.
Чет мамлекеттердин компетенттүү органдары тарабынан берилген документтер, эгерде мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде башкасы каралбаса легалдаштырылууга жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана расмий тилдерине которулууга тийиш. Жогоруда аталган документтерди которгон котормочу койгон колдун аныктыгы нотариалдык түрдө ырасталышы керек.
Арыз берүүчү сканерленген документтерди миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын расмий электрондук дарегине жиберүүгө укуктуу. Документтер ыйгарым укуктуу өкүл аркылуу берилген же электрондук дарекке жөнөтүлгөн учурда, өтүнүчкө кол койгон адамдын кол тамгасынын аныктыгы жана өтүнмөгө тиркелген документтин көчүрмөсүнүн анын түп нускасына шайкештиги нотариалдык жактан күбөлөндүрүлөт.
Этностук кыргыздар Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүгүнө же консулдук мекемесине кайрылман статусун берүү тууралуу кайрылганда мамлекеттик алымдарды жана консулдук кызмат көрсөтүүлөр үчүн алынуучу каражаттарды төлөөдөн бошотулат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 9-августундагы № 396, 2024-жылдын 8-майындагы № 223 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
3. Кайрылман статусун берүү жөнүндө өтүнүчтү кароонун тартиби
9. Өтүнүчтү кароо жана кайрылман статусун берүү жөнүндө же кайрылман статусун берүүдөн баш тартуу тууралуу чечим чыгаруу өтүнүч катталган күндөн тартып эки айдын ичинде жүзөгө ашат.
10. Өтүнүч аймактык органдарда, эгер арыз берүүчү Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жүрсө, Кыргыз Республикасынын чет өлкөдөгү дипломатиялык өкүлчүлүгүндө же консулдук мекемесинде каттоодон өткөн учурдан тартып кароого кабыл алынды деп эсептелет.
11. Кыргыз Республикасында убактылуу жашаган этностук кыргыздардын өтүнүчү жана өтүнүч менен чогуу берилген документтери убактылуу жашаган жериндеги аймактык органдардын комиссиялары тарабынан улуттук коопсуздук жана ички иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын тиешелүү аймактык органдары менен макулдашкан соң каралат.
12. Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жүргөн жана туруктуу жашоо максатында Кыргыз Республикасына келүү ниетиндеги этностук кыргыздардын өтүнүчү жана өтүнүч менен чогуу берилген документтери миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын комиссиясы тарабынан улуттук коопсуздук жана ички иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар менен макулдашылган соң каралат.
13. Эгерде өтүнүч берген адамга кайрылман статусу берилсе, анда кайрылман статусу анын жубайына жана жашы жете элек балдарына, ошондой эле алар чогуу жашаган шартта, анын багуусундагы башка адамдарга да жайылтылат.
Жашы жете элек балдары, жубайы, ошондой эле алардын багуусундагы башка адамдар ага кошулууга жана кайрылман статусун алууга укуктуу.
14. Кайрылман статусун алуу тууралуу өтүнүч берген адамдарга төмөндөгүдөй учурларда баш тартылышы мүмкүн, эгерде:
- алар адамзаттын тынчтыгына жана коопсуздугуна каршы кылмыш жасашса;
- алар мамлекеттер аралык, улуттар аралык жана диний кагылышууларды чыгарышса;
- алар Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнө жана көз карандысыздыгына каршы чыгышса, анын биримдигин жана аймактык бүтүндүгүн бузууга чакырышса;
- алар террористтик иши же киши өлтүргөндүгү үчүн соттолушса;
- алар көчүп келүү жөнүндө расмий өтүнүч берген учурда өзү тууралуу жалган маалыматтарды билдиришсе;
- бул Кыргыз Республикасынын жарандарынын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо үчүн керек болсо;
- алар соттолуп жана эркиндигинен ажыратылган түрдө жазасын өтөп жатса - жаза мөөнөтү аяктаганга чейин.
4. Ырастамаларды берүү, алмаштыруу жана аларды жараксыз деп табуу тартиби
15. Кайрылман статусун алган адамдарга белгиленген үлгүдөгү кайрылмандын ырастамасы берилет.
Кайрылман ырастамасы кайрылман деп таанылган адамдын социалдык жана укуктук статусун ырастоочу, Кыргыз Республикасында жүргөн жери боюнча каттоого туруу жана мамлекеттик кепилдиктерди алуу үчүн негиз болуп саналган инсандыгын күбөлөндүрүүчү документ болуп саналат.
Кайрылман ырастамасы кайрылман ырастамасын алган күнү 18 жашка толгон бардык адамдарга берилет. Кайрылмандын үй-бүлө мүчөлөрү, ошондой эле анын багуусундагы 18 жашка толо элек адамдар жөнүндө маалыматтар, ата-энесинин бирөөсүнүн, камкорчусунун же көзөмөлчүсүнүн ырастамасына жазылат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 8-майындагы № 223 токтомунун редакциясына ылайык)
16. Ырастаманы алуу үчүн кайрылман деп таанылган адам төмөнкүлөрдү берет:
- ушул Жобонун 2-тиркемесине ылайык форма боюнча кайрылман ырастамасын алууга анкетаны;
- жүзүн даана чагылдырган 30 х 40 мм өлчөмүндөгү түстүү 2 фотосүрөтүн берет.
17. Кайрылман ырастамасын аймактык органдар жана миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган берет, алмаштырат, эсепке алат, сактайт жана аларды жараксыз деп табат.
18. Кайрылман статусун алган этностук кыргыздар Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жүрүшкөн учурда кайрылмандын ырастамасын берүү, алмаштыруу, эсепке алуу жана сактоо чаралары Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрү жана консулдук мекемелери аркылуу ишке ашырылат.
19. Кайрылман ырастамасынын жарактуулук мөөнөтү - 1 жыл. Жарактуулук мөөнөтү 2 жылдан ашпаган мөөнөткө узартылат.
20. Кайрылман ырастамаларынын бланктары так отчеттуулук документтери болуп саналат.
21. Ырастаманы, анын жасалмасын башка адамга берген, кайрылмандын жасалма ырастамасын пайдаланган адам Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартылат.
22. Кайрылмандын ырастамасы миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга төмөнкү учурларда тапшырылат:
- кайрылман статусу токтотулганда;
- ырастама алган адам каза болгондо;
- ырастаманын жарактуулук мөөнөтү аяктаганда;
- ырастаманы алмаштыруу зарыл болгондо.
23. Кайрылмандын ырастамасындагы маалыматтарга өзгөртүүлөр киргизилген учурда аймактык орган же миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан тиешелүү оңдоолор киргизилет.
24. Кайрылман ырастамасын төмөнкүдөй негиздер болгондо алмаштыруу жүргүзүлөт:
- аты-жөнү, туулган датасы (күнү, айы, жылы) жана/же жери жөнүндө маалыматтар өзгөргөндө;
- кайрылман ырастамасы эскиргендигине, айрылып калгандыгына же башка себептерге байланыштуу андан аркы пайдаланууга жараксыз болгондо;
- кайрылман ырастамасындагы жазуулардан так эместиктер жана каталар табылганда;
- ырастаманын талап кылынган барактарында бош жер жок болгондугуна байланыштуу керектүү жазууларды андан ары киргизүү мүмкүн болбогондо.
25. Кайрылман ырастамасын алмаштырууда, өтүнүч берген адам төмөнкүдөй документтерди берет:
- кайрылман ырастамасын алуу үчүн ушул Жобонун 2-тиркемесине ылайык форма боюнча анкетаны;
- кайрылман ырастамасын алмаштыруу жөнүндө арызын;
- алмаштырыла турган кайрылмандын ырастамасын;
- жүзүн даана чагылдырган 30 х 40 мм өлчөмүндөгү түстүү 2 фотосүрөтүн.
26. Кайрылман ырастамасы жоголуп кеткен учурда кайта калыбына келтирилет. Кайрылман ырастамасын кайта калыбына келтирүү үчүн өтүнмө берген адам төмөнкүдөй документтерди берүүгө милдеттүү:
- кайрылман ырастамасын алуу үчүн ушул Жобонун 2-тиркемесине ылайык форма боюнча анкетаны;
- мурдагы кайрылман ырастамасы кайдан жана качан берилгендигин, ага кимдер жазылгандыгын, ырастаманын жоголгон себебин жана жагдайды толук жазуу менен кайрылман ырастамасын кайта калыбына келтирүү жөнүндө арызын;
- кайрылман ырастамасы уурдалган учурда - ички иштер органдарында бул фактынын катталгандыгы тууралуу документти;
- даректик-маалымдама бөлүмүнөн маалымкатты;
- (КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 9-августундагы № 396 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
- жүзүн даана чагылдырган 30х40 мм өлчөмүндөгү түстүү 2 фотосүрөтүн.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 9-августундагы № 396 токтомунун редакциясына ылайык)
27. Кайрылман ырастамасы төмөнкү учурларда жараксыз деп таанылат:
- кайрылмандын фотосүрөтү жок болгондо;
- анда жазылгандар так эмес жана каталар болгондо;
- талаптагыдай эмес деңгээлде оңдоолор болгондо;
- андан ары пайдалануу үчүн жараксыз болгондо;
- жарактуулук мөөнөтү аяктаганда.
28. Ырастаманы алмаштыруу, калыбына келтирүү, баш тартуу, жокко чыгаруу жана жараксыз деп таануу жөнүндө чечимдер комиссия тарабынан кабыл алынат.
Кайрылман статусун токтотуу жөнүндө кабарлоо себептерин, даттануу мөөнөттөрүн жана тартибин көрсөтүү менен чечим кабыл алынган күндөн тартып 5 жумуш күндүн ичинде адамдын жеке өзүнө (ыйгарым укуктуу өкүлүнө) тапшырылат же миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан анын катталган же иш жүзүндө жашаган жери боюнча жөнөтүлөт.
Адамга кайрылман статусун берүүдөн баш тартууда баш тартуунун себептерин жана кабыл алынган чечимге даттануу тартибин көрсөтүү менен чечим арыз берүүчүнүн жеке өзүнө (ыйгарым укуктуу өкүлүнө) чечим кабыл алынган күндөн тартып 5 жумуш күндүн ичинде тапшырылат же андан ары арыз берүүчүгө жөнөтүү үчүн өтүнмө берилген жер боюнча жөнөтүлөт.
Кайрылман статусун токтотуу жана кайрылман статусун берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечимдер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жана мөөнөттөрдө сотко даттанылышы мүмкүн.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 8-майындагы № 223 токтомунун редакциясына ылайык)
5. Өздөрүн кайрылман деп таануу тууралуу өтүнүч менен кайрылышкан адамдардын укуктары жана милдеттери
29. Өздөрүн кайрылман деп таануу жөнүндө өтүнүч берген чет өлкөлөрдө жашаган жана Кыргыз Республикасынын аймагына келген этностук кыргыздар "Кыргыз Республикасына көчүп келүүчү этникалык кыргыздарга берилүүчү мамлекеттик кепилдиктер жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган өзгөчөлүктөр менен Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартиптеги укуктардан пайдаланышат жана милдеттерди аткарышат.
30. Өздөрүн кайрылман деп таануу жөнүндө өтүнүч берген чет өлкөлөрдө жашаган жана Кыргыз Республикасынын аймагына келген этностук кыргыздар төмөнкүлөргө милдеттүү:
- жашай турган жери болбогон учурда убактылуу жайгашуу борборуна жолдомо алгандан кийин үч күндүн ичинде ал жакка жөнөп кетүүгө;
- чет элдиктер жана жарандыгы жок адамдар үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жашаган жери жөнүндө калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык органына билдирүүгө;
- убактылуу жайгашуу борборунда жашап туруунун белгиленген тартибин сактоого;
- саламаттык сактоо органдарынын талабы боюнча медициналык кароодон өтүүгө, эмдөөлөрдү алууга, дарыланууга, ошондой эле саламаттык сактоо органдарынын жазма көрсөтмөлөрүн аткарууга;
- өтүнүчтү кароо үчүн керек болгон маалыматтарды тиешелүү миграция кызматтарына билдирүүгө.
31. Кайрылман ырастамасын алган этностук кыргыздар 10 күндүн ичинде жашаган жериндеги калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык органында каттоо эсебине турууга тийиш.
32. Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнөн жана консулдук мекемелеринен кайрылман ырастамасын алган этностук кыргыздар консулдук эсепке турушат, ал эми Кыргыз Республикасына келгенден кийин жашаган жериндеги калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык органында каттоо эсебине турууга тийиш.
| 1-тиркеме |
№ 1 форма
__________________________________________________________________________
(миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аталышы)
Кайрылман статусун берүү жөнүндө ӨТҮНҮЧ
_______________________________________________________________________________________
(фамилиясы, аты, атасынын аты)
__________________________________________________________________________ жараны (жашоочусу)
(кеткен өлкөсү)
____________________________________________________________________________________________
(туулган жери жана датасы)
__________________________________________________ мага кайрылман статусун берүү жөнүндө өтүнөм.
(инсандыгын ырастаган документи)
Кайрылман статусун алгандан кийин Кыргыз Республикасынын _________________________________
____________________________________________________________________________ жашоого ниеттенем.
(калктуу конуш, район, облус)
Мени менен төмөнкүлөр (үй-бүлө мүчөлөрүн жана алардын туугандык даражасын көрсөтүү) чогуу келди:
_________________________________________________________________________
_________________________________________________________________________
_________________________________________________________________________
_________________________________________________________________________
_________________________________________________________________________
_________________________________________________________________________
Өтүнүчкө төмөнкүдөй документтер тиркелет:
_________________________________________________________________________
_________________________________________________________________________
_________________________________________________________________________
_________________________________________________________________________
20__-жылдын "__" ____________ | _________________ |
|
| (колу) |
|
Кабыл алды:
________________________________________________________________________
(датасы, кызматкердин аты-жөнү жана колу)
| 2-тиркеме |
№ 2 форма
Кайрылман ырастамасын алуу үчүн АНКЕТА
1. | ___________________________________________________ | Фото | |
| (аты-жөнү) | ||
2. | Туулган жылы | _____________________________________ | |
|
| (күнү, айы, жылы) | |
3. | Туулган жери | _____________________________________ |
|
|
| (калктуу конуш, өлкө) |
|
4. Улуту __________________________ 5. Үй-бүлөлүк абалы ___________________________________
6. Жарандыгы __________________________________________________________________________
7. Кыргыз Республикасына келген датасы ___________________________________________________
8. Инсандыгын ырастаган документ ________________________________________________________
______________________________________________________________________________________
(документтин аталышы, сериясы, номери, ким тарабынан жана качан берилген)
9. Жашаган жери ________________________________________________________________________
_______________________________________________________________________________________
(шаардын, айылдын, көчөнүн аталышы, үй №, кв. №)
10. _________________________________________________ байланыштуу ырастама берүүнү өтүнөм.
(себебин көрсөтүү)
20__-жылдын "__" ____________
Кайрылмандын колу: | ____________________________ | күбөлөндүрөм: | ____________ |
| (аты-жөнү) |
| (кол тамгасы). |
Ырастама ______________________________________________________________ негизинде берилди
№ ___________ ырастамасы _____________________________________________ тарабынан берилди.
(ырастаманы берген орган)
Берилген датасы: 20__-жылдын "__" ____________ Алдым: ____________ (колу)
Ырастаманы тариздеди: | _________________________________ | ________________ |
| (кызмат адамынын аты-жөнү) | (колу) |
_______________________________________________________________________________________
(мамлекеттик органдын аталышы)
Жетекчи: | ________________________________ | Колу: _______________ |
| (аты-жөнү) |
|
Кызматтык белгилер:
___________________________________________________________________ байланыштуу аты-жөнүмдү жана башка анкеталык маалыматтарды өзгөрттүм.
__________________________________________________________________________ (себебин жазуу) байланыштуу ырастаманы жок кылуу тууралуу белги.
Ырастама _____________ № _____ акт боюнча жок кылынды.
________________________________________________________________________________________
(ырастаманы жок кылган органдын аталышы)
Башка маалыматтар ______________________________________________________________________