Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ТЫШКЫ ИШТЕР МИНИСТРЛИГИ
БУЙРУК
2024-жылдын 08-апрели № 2-б
Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматынын кадрлар резервин түзүүнүн жана иштөөсүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу
«Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 13 - беренесин, «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8 - беренесин, 2023 - жылдын 3 - мартындагы № 115 “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарына жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүп берилген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарынын Тизмесинин 12 - пунктун, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012 - жылдын 20 - февралындагы № 113 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жөнүндө жобонун 13 - пунктун жетекчиликке алып,
БУЙРУК КЫЛАМ:
1. Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматынын кадрлар резервин түзүүнүн жана иштөөсүнүн тартиби жөнүндө Жобосу тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кадрдык саясат бөлүмү:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010 - жылдын 26 - февралындагы № 117 «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын расмий жарыялоо булактары жөнүндө» токтомуна ылайык бул буйруктун жарыяланышын камсыз кылсын;
- расмий жарыяланган күндөн тартып үч жумуш күнүнүн ичинде ушул буйруктун көчүрмөсүн эки нускада мамлекеттик жана расмий тилдерде, кагаз жана электрондук түрдө, жарыялоо булагын көрсөтүү менен Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жөнөтсүн;
- ушул буйрук күчүнө кирген күндөн тартып үч жумуш күнүнүн ичинде ушул буйруктун көчүрмөсүн эки нускада мамлекеттик жана расмий тилдерде Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына маалымат иретинде жөнөтсүн.
3. Ушул буйруктун 1 - пунктунда көрсөтүлгөн Жобонун 14-пунктунун экинчи жана үчүнчү абзацтарында көрсөтүлгөн адамдар үчүн алардын Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматынын кадрлар резервинде туруу мөөнөтүн эсептөө ушул буйрук күчүнө кирген күндөн тартып башталары белгиленсин.
4. Санариптештирүү, документтер менен камсыздоо жана көзөмөлдөө департаменти ушул буйрукту Кыргыз Республикасынын бардык чет өлкөлөрдөгү мекемелерине жеткирсин.
5. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министринин орун басарына жүктөлсүн.
6. Бул буйрук расмий жарыяланган күндөн жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Министр |
| Ж.М.Кулубаев |