ТоктомКүчүндө

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 8-апрелиндеги № 158 «Банктардын жана башка финансы-кредиттик уюмдардын проблемалуу зайымчыларынын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтому

Редакция08.04.2024 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

 

2024-жылдын 8-апрели № 158

Банктардын жана башка финансы-кредиттик уюмдардын проблемалуу зайымчыларынын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу

"Банктык аманаттарды (депозиттерди) коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 9-беренесинин 13-пунктун ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

 

1. Банктардын жана башка финансы-кредиттик уюмдардын проблемалуу зайымчыларынын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 12-апрелиндеги № 28 (3581) саны менен жарыяланды.

 

 

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин

Төрагасы

 

А.Жапаров