Загрузка документа…
|
| Тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 2-апрелиндеги № 154 токтомуна) |
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Кыргыз курортология жана калыбына келтирип дарылоо илим-изилдөө институту жөнүндө ЖОБО
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 3- февралындагы № 54 токтомунун редакциясына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
1. Бул Жобо Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин карамагында турган Кыргыз курортология жана калыбына келтирип дарылоо илим-изилдөө институтунун (мындан ары - Институт) ишинин тартибин аныктайт. Институт калыбына келтирүүчү (реабилитациялык) медицина, курортология, физиотерапия жана спорттук медицина жаатында жогорку технологиялык жабдууларды, алдынкы илимий жетишкендиктерди колдонуу, жогорку квалификациялуу медициналык кадрларды тартуу менен адистештирилген медициналык-санитардык жарам берүүчү, дарылоо-профилактикалык ишти, медицина жаатында илимий, фундаменталдык жана колдонмо изилдөөлөрдү жүргүзүүчү саламаттык сактоонун үчүнчү деңгээлиндеги мамлекеттик дарылоо-профилактикалык, илимий-изилдөө уюму болуп саналат.
2. Институт мекеменин уюштуруу-укуктук формасындагы юридикалык жак болуп саналат, финансылык-чарбалык жана укуктук өз алдынчалыкка ээ, обочолонгон мүлкү, өз алдынча балансы, финансы-кредиттик мекемелерде алыш-бериш жана башка эсептери, өзүнүн аталышы мамлекеттик жана расмий тилдерде жазылган гербдүү тегерек мөөрү жана штампы бар, саламаттык сактоо чөйрөсүндө илимий, илимий-техникалык жана илимий-инновациялык иштерди жүзөгө ашырат.
3. Институт жарандык мыйзамдарда каралган жарандык-укуктук бүтүмдөрдү түзөт, сотто доогер жана жоопкер катары чыгат, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген укуктарга жана милдеттерге ээ.
4. Институт өзүнүн ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын жана "Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө", "Илим жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарын жана тескемелерин, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомдорун, саламаттык сактоо жаатындагы улуттук жана мамлекеттик программаларды жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин (мындан ары - Саламаттык сактоо министрлиги), Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин (мындан ары - Билим берүү жана илим министрлиги) буйруктарын, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат.
5. Институт Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими менен түзүлөт.
6. Институттун уюштуруучусу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети болуп саналат.
7. Институттун иши Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо жана илим чөйрөсүндөгү мыйзамдарында аныкталган учурларда жана тартипте аттестацияланууга/аккредитацияланууга тийиш.
8. Институттун юридикалык дареги: 724329, Кыргыз Республикасы, Чүй облусу, Аламүдүн району, Таш-Дөбө айылы, Больничный көчөсү, 23.
9. Институттун расмий аталышы:
- мамлекеттик тилде: "Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Кыргыз курортология жана калыбына келтирип дарылоо илим-изилдөө институту";
- расмий тилде: "Кыргызский научно-исследовательский институт курортологии и восстановительного лечения при Министерстве здравоохранения Кыргызской Республики";
Кыскартылган аталышы:
- мамлекеттик тилде: "ККжККДИИИ";
- расмий тилде: "КНИИКиВЛ".
2-глава. Институттун максаты жана милдеттери
10. Институттун ишинин максаты калкка сапаттуу дарылоо-профилактикалык жардамдарды берүү, ошондой эле Институттун профили боюнча илимий-изилдөө жана билим берүү ишин, өндүрүш ишин жүргүзүү, Институттун профили боюнча өлкөнү социалдык-экономикалык өнүктүрүүгө олуттуу салым кошууга жөндөмдүү инновациялык продукцияны иштеп чыгуу болуп саналат.
11. Институттун милдеттери:
1) калыбына келтирүүчү медицина, медициналык реабилитациялоо, курортология, физиотерапия, спорттук медицина жаатында жана медицинанын чектеш тармактарында фундаменталдык жана колдонмо изилдөөлөрдү жүргүзүү;
2) медициналык реабилитациялоо, физиотерапия, спорттук медицина жаатында жана медицинанын чектеш тармактарында жогорку адистештирилген, жогорку квалификациялуу жана жогорку технологиялык жардам берүү;
3) фундаменталдык жана колдонмо изилдөөлөр жаатында инновациялык технологияларды түзүү жана илимий өндүрүштү колдоо;
4) илимий-изилдөө иштеринде жеке сектордун (бизнес-түзүмдөрдүн) инновациялык потенциалын жана натыйжалуулугун пайдалануу;
5) инфратүзүмдүк объекттерди жана/же инфратүзүмдүк кызмат көрсөтүүлөрдү түзүү жана/же модернизациялоо, эксплуатациялоо жана тейлөө боюнча долбоорлорду иштеп чыгуу жана ишке ашыруу максатында мамлекеттик жана жеке өнөктөштөр менен кызматташуу;
6) калыбына келтирүүчү медицина, медициналык реабилитациялоо, курортология, физиотерапия, спорттук медицина боюнча жогорку квалификациялуу илимий жана илимий-педагогикалык даярдоо жана кайра даярдоо, анын ичинде чет өлкөдө даярдоо жана кайра даярдоо, изилдөөчүлөр үчүн жумуш орундарын түзүү;
7) далилденген медицинанын принциптерин колдонуу менен саламаттык сактоону өнүктүрүү жана реформалоо программасы менен аныкталган калыбына келтирүүчү медицина, медициналык реабилитациялоо, курортология, физиотерапия, спорттук медицина жаатында жана медицинанын чектеш тармактарында мамлекеттик саясатты ишке ашыруу;
8) Институттун профили боюнча медициналык илимди өнүктүрүүнүн жаңы багыттарын аныктоо жана иштеп чыгуу, Саламаттык сактоо министрлигинин артыкчылыктуу максаттарына ылайык изилдөөлөрдү координациялоо жана болжолдоо;
9) Кыргызстандын табигый дарылык байлыктарын сарамжалдуу пайдаланууга мониторинг жүргүзүү жана баалоо, сергек жашоо мүнөзүн жайылтуу;
10) илимий кызматкерлердин, дарыгерлердин, медициналык айымдардын жана калыбына келтирүүчү медицинанын, медициналык реабилитациялоонун жана курортологиянын башка адистеринин квалификациясын жогорулатуу боюнча окуу-методикалык иштерди жүргүзүү, саламаттык сактоонун дарылоо-профилактикалык уюмдарына жана санаториялык-курорттук мекемелерге уюштуруу-методикалык жардам көрсөтүү;
11) калыбына келтирүүчү медицина, медициналык реабилитациялоо жана курортология маселелери боюнча илимий изилдөөлөр жаатында эл аралык кызматташууну өнүктүрүү;
12) жаңы дарылоо факторлорун издеп табуу жана аларды сарамжалдуу пайдалануу;
13) дарылоочу фактордун таасир көрсөтүүчү механизмдеринин өзгөчөлүктөрүн изилдөө, клиникалык сыноо жана корутунду берүү;
14) климатты жана табигый дарылоо факторлорун изилдөө, илимий негиздөө жана ар кандай ооруларды профилактикалоо жана дарылоо үчүн аларды пайдаланууга сунуштарды берүү.
12. Институттун функциялары:
1) Кыргыз Республикасынын калкынын ооруга чалдыгуусун, өлүмгө учуроосун жана майып болуусун азайтууга багытталган саламаттык сактоону өнүктүрүү жана реформалоо программаларын ишке ашырат;
2) Институттун ишинин профили боюнча диагностика жүргүзөт жана калкка жогорку адистештирилген, жогорку квалификациялуу жана жогорку технологиялык медициналык жардам көрсөтөт;
3) күнү-түнү кароону талап кылган, акы төлөнүүчү же мамлекет тарабынан каржыланган ооруканада узак мөөнөткө чейин калыбына келтирүүчү жана реабилитациялоочу дарылоо жүргүзөт;
4) айкалышкан ыкмалар менен дарылоо жүргүзөт жана консультация берет (физио-бальнео процедуралар, ийне саюу, ден соолукту чыңдоочу же дарылоочу укалоо ж.б.) дарылоону көрсөтөт;
5) дарылоочу-диагностикалоочу изилдөөлөрдү жүргүзөт;
6) калыбына келтирүүчү жана реконструктивдик ортопедиялык операцияларды жүргүзөт;
7) калыбына келтирүүчү медицина, медициналык реабилитациялоо, курортология, физиотерапия, спорттук медицина жана медицинанын чектеш тармактарында саламаттык сактоону өнүктүрүү жана реформалоо программаларынын ишке ашырылышына мониторинг жүргүзөт;
8) калыбына келтирүүчү медицина, медициналык реабилитациялоо, курортология, физиотерапия, спорттук медицина жана медицинанын чектеш тармактарында изилдөө программаларын жана жыйынтыктарын баалоо боюнча эксперттик комиссиялардын ишине катышат;
9) Институттун профили боюнча илимий-практикалык кадрларды даярдоого катышат:
10) Институттун материалдык базаны өркүндөтүү жана кадрлардын даярдык деңгээлин жогорулатуу боюнча Саламаттык сактоо министрлигине сунуштарды киргизет;
11) изилдөөлөрдүн жана практикалык иштин багыттары боюнча аймактык маалымат банктарын түзөт;
12) калктын ден соолугун коргоо боюнча мамлекеттик программаларга ылайык келишимдик негизде заказдарды аткарат;
13) калыбына келтирүүчү медицина, медициналык реабилитациялоо, курортология, физиотерапия, спорттук медицина, ошондой эле медицинанын чектеш тармактарында илимий изилдөөлөрдү координациялайт;
14) Билим берүү жана илим министрлигинин, Саламаттык сактоо министрлигинин тапшырмалары боюнча билим берүүнү, илимди жана практикалык саламаттык сактоону өнүктүрүү жана интеграциялоо боюнча аналитикалык маалымкаттарды жана сунуштамаларды даярдайт;
15) адистиги боюнча иштөө укугуна сертификат берүү менен бюджеттик жана акы төлөө негизинде калыбына келтирүүчү медицина, медициналык реабилитациялоо, курортология, физиотерапия, спорттук медицина жана медицинанын чектеш тармактарында адистерди окутат, анын ичинде дипломдон кийин окутат;
16) дарыгерлердин жана медициналык айымдардын квалификациясын жогорулатат, даярдайт жана кайра даярдайт;
17) тең аткаруучу мекемелерге илимий-методикалык жардам көрсөтөт, аларды илимий-изилдөө иштерин аткарууга тартат;
18) Институттун профили боюнча эл аралык илимий байланыштарды өнүктүрөт, маалымат алмашат, кызматташууну жүзөгө ашырат, саламаттык сактоо уюмдарынын адистерин өз ара алмашат;
19) Институттун профили боюнча съезддерди, конгресстерди, конференцияларды, симпозиумдарды, жумушчу кеңешмелерди, илимий сессияларды жана семинарларды уюштурат жана жүргүзөт;
20) басма ишин жүзөгө ашырат;
21) Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Стандартташтыруу жана метрология боюнча борбордун бекитүүсүнө "Кыргыз Мамлекеттик Стандарты" стандарттарын иштеп чыгуу жана киргизүү боюнча илимий-изилдөө, илимий-техникалык иштерди, пайдалуу кен катары жаратылыш суусуна (жер астындагы, булактан жана скважинадан) бальнеологиялык корутунду иштеп чыгуу жана берүү үчүн илимий-изилдөө (сыноо) иштерин, ошондой эле жеке (юридикалык) жактар менен түзүлгөн келишимдердин негизинде дарылоо үчүн колдонууга жаратылыш сууларына, ылайга, чопого, туз породасына физикалык-химиялык жана органолептикалык изилдөөлөрдү жүргүзөт;
22) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген Институттун максаттарын жана милдеттерин ишке ашыруу үчүн иштин башка түрлөрүн аткарат.
3-глава. Институттун укуктары жана милдеттери
13. Институт төмөнкүлөргө укуктуу:
1) дарылоо-профилактикалык, илимий жана илимий-техникалык иштин негизги багыттарын аныктоого;
2) илимий жана илимий-техникалык программалар жана долбоорлор боюнча конкурстарга катышууга;
3) башка илимий жана башка уюмдар менен түз байланыштарды өнүктүрүүгө;
4) белгиленген тартипте бирикмелерге кошулууга, филиалдарды түзүүгө;
5) илимий эмгектерди, мезгилдүү жана сериялык басылмаларды чыгарууга, илимий-техникалык маалыматтардын базасын түзүүгө, конференцияларды жана башка иш-чараларды өткөрүүгө;
6) медициналык кызматкерлердин, илимий, илимий-техникалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатууга, аспирантура (адъюнктура), докторантура, PhD докторантура/тармак боюнча докторантура аркылуу даярдоону жана кайра даярдоону жүзөгө ашырууга;
7) илимий даражаны алууга жана илимий наамдарды ыйгарууга диссертациялык иштерди жактоо боюнча кеңештерди түзүүгө бекитилген тартипте катышууга;
8) мамлекеттик органдар, башка илимий уюмдар менен байланышты чыңдоого;
9) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жеке технологияларды иштеп чыгуунун, ата мекендик жана чет элдик технологияларды өздөштүрүүнүн эсебинен Институттун ишинин натыйжалуулугун жогорулатууга;
10) мамлекеттик илимий инфраструктураны талаптагыдай абалда сактоого, илимий инфраструктураны өркүндөтүү боюнча тиешелүү чараларды көрүүгө;
11) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган каржылоо булактарын издөөнү жүзөгө ашырууга;
12) негизги, жүгүртүүдөгү фонддорду жана Институтка оперативдүү башкарууга берилген мамлекеттик мүлктү максаттуу пайдаланууну камсыз кылууга;
13) илимий-маалыматтык ишти жүргүзүүгө;
14) илимдин ролун, анын ичинде өзүнүн ишин жана ишинин продукттун популярдаштыруунун эсебинен жогорулатууга;
15) Билим берүү жана илим министрлигинин тапшырмасы боюнча билим берүүнү, илимди жана өндүрүштү өнүктүрүү жана интеграциялоо боюнча аналитикалык маалымкаттарды жана сунуштамаларды даярдоону жүзөгө ашырууга;
16) өзүнүн иши үчүн зарыл болгон башка иш-чараларды жүзөгө ашырууга;
17) 5 жылда кеминде бир жолу медициналык илимий кызматкерлерди аттестациялоону жүргүзүүгө;
18) саламаттык сактоо боюнча улуттук жана мамлекеттик программаларды ишке ашырууга катышууга;
19) мамлекеттик жана жеке уюмдар менен жумуштарды аткарууга жана медициналык жана башка кызматтарды көрсөтүүгө келишимдерди түзүүгө;
20) белгиленген тартипте кесиптик медициналык ассоциацияларга, бирликтерге, анын ичинде эл аралык кесиптик медициналык ассоциацияларга, бирликтерге кирүүгө, филиалдарды түзүүгө;
21) Институттун профили боюнча илимий изилдөөлөрдү жүргүзүүгө;
22) медициналык-санитардык жардамга кайрылган жарандардан ден соолугунун абалы, медициналык ишти жүзөгө ашырган башка жактар жүргүзгөн дарылоонун жыйынтыктары жөнүндө зарыл маалыматтарды алууга;
23) убактылуу эмгекке жарамсыздык баракчаларын, өлгөндүгү тууралуу күбөлүктү, бейтап баянынын көчүрмөсүн, маалымкаттарды, эксперттик корутундуларды белгиленген тартипте берүүгө;
24) айрым маселелерди чечүү же Институттун тематикасына байланышкан иштеп чыгууларды жүргүзүү үчүн туруктуу же убактылуу илимий-изилдөө топторун (анын ичинде чет элдик өнөктөштөр менен) белгиленген тартипте түзүүгө;
25) Институт үчүн каралган саламаттык сактоонун консолидацияланган бюджетинин каражаттары боюнча чыгымдар сметасын иштеп чыгууга жана аткарууга;
26) мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө мыйзамдарга ылайык саламаттык сактоо жаатындагы программаларды ишке ашыруу үчүн зарыл болгон дары каражаттарын жана чыгымдоо материалдарын, медициналык жабдууларды сатып алууларды жүргүзүүгө;
27) республикалык бюджеттин каражаттарына борбордоштурулуп сатып алынган, ошондой эле гранттык жана гуманитардык жардам түрүндө түшкөн дары каражаттарын жана медициналык багыттагы буюмдарды Институттун профили боюнча оорулууларды дарылоо үчүн алууга;
28) Институттун профили боюнча илимий изилдөөлөрдү, ооруларды диагностикалоонун жана дарылоонун заманбап деңгээлин колдоо, илимий кадрларды даярдоо, Институттун кызматкерлерин социалдык коргоо жана анын материалдык-техникалык базасын чыңдоо максатында чарбалык ишти жүзөгө ашырууга, акы төлөнүүчү кызматтарды көрсөтүүгө жана алынган кирешелерди пайдаланууга;
29) Саламаттык сактоо министрлигине Институттун филиалдарын, илимий-изилдөө, консультациялык, дарылоо-диагностикалык бөлүмдөрүн түзүү жөнүндө сунуштарды киргизүүгө;
30) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мамлекеттер аралык жана эл аралык илимий-изилдөө программаларына жана долбоорлоруна катышууга;
31) илимий, илимий-техникалык жана илимий-инновациялык иштин жыйынтыктарын сатуудан киреше алууга;
32) илимий-техникалык кеңешти түзүүгө.
14. Институт төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык каттоодон (кайра каттоодон) өтүүгө;
2) өлкөнүн саламаттык сактоо муктаждыктарына ылайык илимий жана илимий-техникалык инновациялык ишти активдештирүүгө;
3) илимий иштин башка субъекттеринин укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын сактоого;
4) тиешелүү илимий-изилдөө иштерин жүргүзүү үчүн зарыл болгон шарттарды түзүүгө;
5) заманбап атаандаштыкка жөндөмдүү продуктту, технологияны, кызмат көрсөтүүлөрдү, ошондой эле өндүрүштүк, административдик, коммерциялык, социалдык же башка мүнөздөгү уюштуруу-техникалык чечимди иштеп чыгууга;
6) ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда Институттун интеллектуалдык ишинин натыйжасын каттоого;
7) калыбына келтирүү медицинасы жаатындагы илимий жана илимий-техникалык иш чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты өркүндөтүү боюнча сунуштарды киргизүүгө;
8) мамлекеттик органдар, башка илимий уюмдар, ЖОЖдор жана жеке сектор менен байланышты чыңдоого;
9) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жеке технологияларды иштеп чыгуунун, ата мекендик жана чет элдик технологияларды өздөштүрүүнүн эсебинен илимий уюмдун ишинин өндүрүмдүүлүгүн жогорулатууга;
10) мамлекеттик илимий инфраструктураны талаптагыдай абалда сактоого, илимий инфраструктураны өркүндөтүү боюнча тиешелүү чараларды көрүүгө;
11) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган каржылоонун башка булактарын издөөгө;
12) негизги, жүгүртүүдөгү фонддорду жана Институтка оперативдүү башкарууга берилген мамлекеттик мүлктү максаттуу пайдаланууну камсыз кылууга;
13) илимий-маалыматтык ишти жүргүзүүгө;
14) илимдин ролун, анын ичинде өз ишин популярдаштыруунун эсебинен жогорулатууга;
15) билим берүү, илим карамагында болгон мамлекеттик органдын, илим чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын тапшырмасы боюнча билим берүүнүн жана илимди интеграциялоо боюнча аналитикалык маалымкаттарды жана сунуштамаларды даярдоону жүзөгө ашырууга;
16) өз иши үчүн зарыл болгон башка иш-чараларды жүзөгө ашырууга;
17) илимий кызматкерлерди аттестациялоону 5 жылда бир жолудан кем эмес жүргүзүүгө;
18) Институттун профили жана деңгээли боюнча зарыл болгон көлөмдө калкка жеткиликтүү, өз убагында, сапаттуу, квалификациялуу жана кечиктирилгис медициналык-санитардык жардам көрсөтүүгө;
19) шашылыш шарттарда (эпидемияда, өзгөчө кырдаалдарда, согуштук абалда, табигый кырсыктарда, жетүүгө кыйын болгон жана кооптуу шарттарда) иштөөгө даяр болууга;
20) санитардык-гигиеналык жана эпидемияга каршы тартипти сактоого;
21) саламаттык сактоонун чектеш кызматтары менен өз ара аракеттенүүнү камсыз кылууга;
22) сергек жашоо мүнөзүн пропагандалоону жана калкты санитардык-гигиеналык тарбиялоону жүргүзүүгө;
23) келишимдик негизде студенттерди практикалык окутуу, кадрларды даярдоо жана кайра даярдоо маселелери боюнча жогорку жана орто медициналык кесиптик окуу жайлары менен өз ара аракеттенүүнү камсыз кылууга;
24) бюджеттик каражаттардын кыймылынын казыналык жол-жоболорунун жана мамлекеттик бюджеттин каражаттары боюнча отчетторду берүүнүн регламентин сактоого;
25) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык бухгалтерлик эсепти жана отчеттуулукту жүргүзүүгө;
26) Кыргыз Республикасынын жарандарын медициналык-санитардык жардам менен камсыздоо боюнча мамлекеттик кепилдиктер программасын аткаруу үчүн Бирдиктүү төлөөчүнүн банк-агентинде бирдиктүү күндөлүк эсепти колдонууга;
27) Билим берүү жана илим министрлигинин, Саламаттык сактоо министрлигинин тапшырмасы боюнча билим берүүнү, илимди жана тажрыйбалык саламаттык сактоону өнүктүрүү жана интеграциялоо боюнча сунуштамаларды жана аналитикалык маалымкаттарды даярдоого;
28) бекитилген отчеттордун бардык түрлөрүн белгиленген тартипте берүүгө;
29) Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык финансы каражаттарын максаттуу багыты боюнча пайдаланууга;
30) келишимдик негизде дипломдук окутуудан кийин студенттерди практикалык окутуу, медициналык кадрларды даярдоо жана кайра даярдоо маселелери боюнча жогорку жана орто атайын медициналык кесиптик окуу жайлары менен өз ара аракеттенүүнү уюштурууга;
32) түзүмдүк бөлүмчөлөрдүн ишин уюштурууга, координациялоого жана контролдоого;
33) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка иш-чараларды ишке ашырууга;
4-глава. Институттун түзүмү
15. Институттун түзүмү жана штаттык расписаниеси Саламаттык сактоо министрлиги жана Билим берүү жана илим министрлиги менен макулдашуу боюнча директор тарабынан бекитилет. Атайын эсеп боюнча штаттык ырааттамасы Институттун директору тарабынан макулдашуусуз бекитилет.
16. Илимий жана илимий-техникалык ишти жүзөгө ашыруу боюнча кабыл алынган чечимдердин коллегиялуулугун камсыз кылуу максатында илимий-техникалык кеңеш түзүлөт.
5-глава. Институттун ишин башкаруу
17. Институтка директор жетекчилик кылат.
18. Институттун директору Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министринин сунушу боюнча жана Билим берүү жана илим министрлиги менен макулдашуу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат.
Саламаттык сактоо министрлиги Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан дайындалган адам менен Институттун директору кызмат ордуна беш жылдык мөөнөткө эмгек келишимин түзөт. Директор эмгек келишими түзүлгөндөн кийин кызматтык милдеттерин аткарууга киришет. Бир эле адам Институттун директору кызмат ордуна эки мөөнөттөн ашык дайындалышы мүмкүн эмес.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Институттун директорун сунуштоосуз өз демилгеси боюнча кызмат ордуна дайындоого жана кызмат ордунан бошотууга укуктуу.
Институттун директору Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарында каралган негиздер боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан ээлеген кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотулушу мүмкүн.
19. Төмөнкү квалификациялык талаптарга ылайык келген адамдар Институттун директору кызмат ордуна дайындала алат:
1) жогорку кесиптик билими;
2) илимий даражасы;
3) 5 жылдан кем эмес илимий-педагогикалык, уюштуруу иш стажы жана жетекчилик кызмат орундарындагы 5 жылдан кем эмес иш стажы;
20. Институттун директору төмөнкүлөрдү билүүгө тийиш:
1) саламаттык сактоо, билим берүү, илим инновациялар чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актыларды;
2) мекемени башкаруунун теориясын жана методдорун;
3) илимий кадрларды даярдоого тийиштүү методикалык жана ченемдик документтерди;
4) эмгек, финансылык мыйзамдардын негизин;
5) профиль боюнча фундаменталдык жана колдонмо илимдин илимдердеги жетишкендиктери;
6) чет элдик илимий уюмдардагы илимий жетишкендиктери жана иш тажрыйбасы;
7) илим тармагын орто мөөнөттүү мезгилге өнүктүрүүнү көрө алуу (концепция, иштеп чыгуу, технология жана план).
21. Институттун директору:
1) жеке башчылык принцибинде мекемени башкарат жана мекеменин максаттарын, милдеттерин жана функцияларын ишке ашыруунун сапаты үчүн жеке жоопкерчилик тартат;
2) финансы каражаттарын тескейт, банк мекемелеринде улуттук жана чет элдик валютада алыш-бериш жана башка эсептерди ачат, эсепке алуунун жана отчеттуулуктун аныктыгы үчүн жооп берет, финансылык тартипти сактайт;
3) Институттун башкаруусундагы мүлктүн жана материалдык баалуулуктардын максаттуу пайдаланылышы жана сакталышы үчүн жеке жоопкерчилик тартат;
4) кызматкерлерди кабыл алууну жана бошотууну жүзөгө ашырат, алардын кызматтык милдеттерин аныктайт, кадрларды даярдоо жана алардын квалификациясын жогорулатуу үчүн шарттарды түзөт, кызматкерлердин эмгектик укуктарынын сакталышы үчүн жооп берет;
5) илимий кызматкерлердин илимий чыгармачылыгын өнүктүрүү үчүн шарттарды түзөт;
51) коррупцияны алдын алуунун ички системасын түзүүгө жана иштешин камсыз кылууга жеке жоопкерчилик тартат;
6) мамлекеттик сырды түзгөн маалыматтарды коргоо, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын аткарылышы жана аткарылышы үчүн жоопкерчилик тартат;
7) Институттун иши үчүн зарыл болгон башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 3- февралындагы № 54 токтомунун редакциясына ылайык)
22. Институттун директору жок учурда (кызматтык иш сапар, убактылуу эмгекке жарамсыздык, өргүү, кызмат ордунан бошогон учурда) анын милдеттерин директордун орун басарларынын бири аткарат.
23. Институттун директорунун дарылоо иштери боюнча орун басары - башкы врач жана илимий иштер боюнча орун басары Саламаттык сактоо министрлиги менен макулдашуу боюнча директор тарабынан дайындалат.
Атайын эсеп боюнча жана административдик чарбалык бөлүк боюнча директордун орун басарлары Саламаттык сактоо министрлиги менен макулдашуусуз директор тарабынан дайындалат. Директордун орун басарлары өздөрүнүн ыйгарым укуктарын кызматтык нускамаларга ылайык жүзөгө ашырат.
6-глава. Институттун илимий-техникалык кеңеши
24. Илимий-техникалык Институттун консультациялык-кеңеш берүү органы болуп саналат.
Илимий-техникалык кеңештин мүчөлөрү Институттун директорунун сунушу боюнча жалпы чогулушунда жашыруун добуш берүү менен 3 (үч) жылдык мөөнөткө шайланат.
Илимий кызматкерлердин, адистердин жана административдик-башкаруу персоналынын жалпы чогулушу чечимдерди кабыл алууга укуктуу болот.
Илимий-техникалык кеңештин курамына Институтта иштебеген алдынкы окумуштуулар жана адистер, ошондой эле Саламаттык сактоо министрлигинин жана Билим берүү жана илим министрлигинин өкүлдөрү кириши мүмкүн.
25. Илимий-техникалык кеңеш курамынын жыйналышка анын курамынын үчтөн эки бөлүгүнөн кем эмеси катышса, укуктуу болуп саналат. Илимий-техникалык кеңештин чечимдери аларга илимий-техникалык кеңештин добуш берүүгө катышкан мүчөлөрүнүн жарымынан көбү добуш берсе, кабыл алынды деп эсептелет.
26. Илимий-техникалык кеңештин төрагасы болуп Институттун директору эсептелет.
7-глава. Институтту каржылоо булактары
27. Институтту каржылоо булактары болуп төмөнкүлөр саналат:
1) Кыргыз Республикасынын республикалык бюджети;
2) милдеттүү медициналык камсыздандыруу каражаттары;
3) Билим берүү жана илим министрлигинин илим фонду;
4) атайын каражаттар.
28. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Институт оперативдүү башкаруу жана ижара укугунда мүлккө ээ болушу мүмкүн.
29. Институттун ишин контролдоону Саламаттык сактоо министрлиги жана Билим берүү жана илим министрлиги жүзөгө ашырат.
8-глава. Корутунду жоболор
30. Институтту кайра уюштуруу жана жоюу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими менен жүзөгө ашырылат.
31. Институттун документтери "Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык сакталат жана пайдаланылат.