Загрузка документа…
|
| Тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 16-февралындагы № 60 токтомуна) |
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Улуттук фтизиатрия борбору жөнүндө ЖОБО
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 3- февралындагы № 54 токтомунун редакциясына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
1. Бул Жобо Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин карамагында турган Улуттук фтизиатрия борборунун (мындан ары - Борбор) ишинин тартибин аныктайт. Борбор жогорку технологиялык жабдууларды, алдынкы илимий жетишкендиктерди пайдалануу, жогорку квалификациялуу медициналык кадрларды тартуу менен фтизиатрия жаатында адистештирилген медициналык-санитардык жардам көрсөтүүчү жана фундаменталдык жана колдонмо медицина жаатында дарылоо-профилактикалык, билим берүү ишин, илимий изилдөөлөрдү жүргүзүүчү үчүнчү деңгээлдеги саламаттык сактоонун мамлекеттик дарылоо-диагностикалоо, билим берүү жана илимий-изилдөө уюму болуп саналат. Борбор финансылык-чарбалык жана укуктук өз алдынчалыкка ээ, өзүнчө мүлкү, өз алдынча балансы, финансы-кредиттик мекемелерде алыш-бериш жана башка эсептери, мамлекеттик жана расмий тилдерде өзүнүн аталышы жазылган тегерек мөөрү жана штамптары бар юридикалык жак болуп саналат (уюштуруу-укуктук формасы - мекеме).
2. Борбор мыйзамда каралган жарандык-укуктук бүтүмдөрдү жүзөгө ашырат, сотто доогер жана жоопкер катары чыгат, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген укуктарга жана милдеттерге ээ.
3. Борбор өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, "Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө", "Илим жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомдорун жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин жана Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин буйруктарын, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат.
4. Борбордун уюштуруучусу болуп Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети саналат.
5. Борбордун иши Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо жана илим чөйрөсүндөгү мыйзамдарында аныкталган учурларда жана тартипте мамлекеттик аттестациядан/аккредитациядан өтүүгө тийиш.
6. Борбордун юридикалык дареги: 720020, Бишкек шаары, Ахунбаев көч., 90а.
7. Борбордун расмий аталышы:
- мамлекеттик тилде: "Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Улуттук фтизиатрия борбору";
- расмий тилде: "Национальный центр фтизиатрии при Министерстве здравоохранения Кыргызской Республики".
Кыскартылган аталышы:
- мамлекеттик тилде: "УФБ";
- расмий тилде: "НЦФ".
2-глава. Борбордун максаты жана милдеттери
8. Борбордун ишинин максаты калкка жеткиликтүү, сапаттуу жана коопсуз медициналык-профилактикалык жардам көрсөтүү, ошондой эле Борбордун профили боюнча республиканын социалдык-экономикалык өнүгүшүнө олуттуу салым кошуучу илимий-изилдөө, өндүрүштүк ишти жүргүзүү, инновациялык продукцияны иштеп чыгуу болуп саналат.
9. Борбордун милдеттери:
1) фтизиатрия жаатында калкка жогорку адистештирилген, жогорку квалификациялуу жана жогорку технологиялык жардам көрсөтүү;
2) өнүктүрүү программасында аныкталган саламаттык сактоо жаатындагы мамлекеттик саясатты ишке ашыруу жана Кыргыз Республикасынын калкынын кургак учук менен оорусун, майып болуусун жана өлүмгө учуроосун азайтууга багытталган медицинанын далилдүү принциптерин пайдалануу менен саламаттык сактоону реформалоо;
3) саламаттык сактоо уюмдарына кургак учуктун алдын алуунун жана сапаттуу медициналык жардам көрсөтүүнүн натыйжалуу системасын түзүүгө илимий-практикалык, методикалык жардам көрсөтүү;
4) кургак учук менен ооругандарды алдын алуунун, диагностикалоонун, дарылоонун жана реабилитациялоонун жаңы жогорку натыйжалуу жана жогорку технологиялык ыкмаларын, анын ичинен методдорун иштеп чыгуу жана ишке киргизүү;
5) фтизиатрия боюнча инновациялык технологияларды түзүү жана координациялоо, фундаменталдык жана колдонмо илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү;
6) илимий-изилдөө иштеринде инновациялык потенциалды жана жеке сектордун (бизнес түзүмдөрдүн) натыйжалуулугун пайдалануу;
7) инфраструктура объекттерин жана/же инфраструктуралык кызмат көрсөтүүлөрдү түзүү жана/же модернизациялоо, эксплуатациялоо жана күтүү боюнча долбоорлорду иштеп чыгуу жана ишке ашыруу максатында мамлекеттик жана жеке өнөктөштөрдүн ортосундагы кызматташтык;
8) фтизиатрия чөйрөсүндө жогорку квалификациялуу илимий жана илимий-педагогикалык кадрларды даярдоо.
3-глава. Борбордун укуктары жана милдеттери
10. Борбор төмөнкүлөргө укуктуу:
1) ушул Жобого ылайык фтизиатрия чөйрөсүндө иш жүргүзүүгө;
2) фтизиатрия чөйрөсүндөгү улуттук, мамлекеттик программаларды ишке ашырууга катышууга;
3) медициналык-санитардык жардамга кайрылган жарандардан алардын ден соолугунун абалы, медициналык ишти жүзөгө ашыруучу башка адамдар тарабынан жүргүзүлгөн дарылоонун натыйжалары жөнүндө зарыл болгон маалыматтарды алууга;
4) белгиленген тартипте убактылуу эмгекке жарамсыздык баракчаларын, өлгөндүгү тууралуу күбөлүктү, оору таржымалынан көчүрмөлөрдү, маалымкаттарды, эксперттик корутундуларды берүүгө;
5) Борбордун тематикасына байланышкан айрым милдеттерди чечүү же иштеп чыгууларды жүргүзүү үчүн белгиленген тартипте туруктуу же убактылуу илимий-изилдөө топторун (анын ичинде чет өлкөлүк өнөктөштөр менен) түзүүгө;
6) Борбор үчүн каралган саламаттык сактоонун консолидацияланган бюджетинин каражаттары боюнча чыгымдардын сметасын иштеп чыгуу жана аткаруу;
7) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө мыйзамдарына ылайык саламаттык сактоо жаатындагы программаларды ишке ашыруу үчүн зарыл болгон дары каражаттарын жана чыгымдалуучу материалдарды, медициналык жабдууларды сатып алууну жүргүзүүгө;
8) Борбордун профили боюнча оорулууларды дарылоого республикалык бюджеттин каражаттарына борборлоштурулуп сатып алынуучу дары каражаттарын жана медициналык багыттагы буюмдарды, ошондой эле гранттар жана гуманитардык жардам түрүндө келгендерди алууга;
9) өзүнүн илимий жана илимий-техникалык ишинин негизги багыттарын аныктоого;
10) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык илимий жана илимий-техникалык программалардын жана долбоорлордун конкурстарына катышууга, ошондой эле мамлекеттер аралык жана эл аралык илимий-изилдөө программаларына жана долбоорлоруна катышууга;
11) Борбордун профили боюнча башка илимий жана башка уюмдар менен түз байланыштарды өнүктүрүүгө;
12) белгиленген тартипте ассоциацияларга, союздарга, бирикмелерге кирүүгө, анын ичинде эл аралык;
13) илимий эмгектерди, мезгилдүү жана сериялык басылмаларды басып чыгаруу, илимий-техникалык маалыматтардын базаларын түзүүгө, конференцияларды жана башка илимий иш-чараларды өткөрүүгө;
14) илимий-техникалык кеңешти түзүүгө;
15) жумуштарды аткарууга жана медициналык жана башка кызматтарды көрсөтүүгө мамлекеттик жана жеке уюмдар менен келишимдерди түзүүгө;
16) Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине Борбордун филиалдарын, илимий-изилдөө, консультациялык, дарылоо-диагностикалык бөлүмдөрүн түзүү жөнүндө сунуштарды киргизүүгө;
17) Борбордун профилине ылайык келген адистиктер боюнча медициналык кызматкерлерди (врачтарды, медайымдарды) аттестациялоого катышууга;
18) биргелешип аткаруучу мекемелерге илимий-методикалык жардам көрсөтүүгө, аларды илимий-изилдөө иштерин аткарууга тартууга;
19) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген иштин башка түрлөрүн жүргүзүүгө.
11. Борбор төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык каттоодон (кайра каттоодон) өтүүгө;
2) фтизиатрия чөйрөсүндөгү өлкөнүн саламаттык сактоо керектөөлөрүнө ылайык илимий жана илимий-техникалык, инновациялык иштерди активдештирүүгө;
3) илимий иштин башка субъекттеринин укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын сактоого;
4) тиешелүү илимий-изилдөө иштерин жүргүзүү үчүн зарыл болгон шарттарды түзүүгө;
5) "фтизиатрия" профили боюнча илим чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты өркүндөтүү боюнча сунуштарды киргизүүгө;
6) заманбап атаандаштыкка жөндөмдүү продуктту, технологияны, кызмат көрсөтүүнү, ошондой эле өндүрүштүк, административдик, коммерциялык, социалдык же башка мүнөздөгү уюштуруу-техникалык чечимдерди иштеп чыгууга;
7) Борбордун интеллектуалдык ишинин натыйжасын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда каттоого;
8) мамлекеттик органдар, башка илимий уюмдар, ЖОЖдор жана жеке сектор менен байланышты чыңдоого;
9) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өздүк технологияларды иштеп чыгуу, ата мекендик жана чет өлкөлүк технологияларды өздөштүрүү аркылуу Борбордун ишинин өндүрүмдүүлүгүн жогорулатууга;
10) мамлекеттик илимий инфраструктураны талаптагыдай абалда сактоого, илимий инфраструктураны жакшыртуу боюнча тиешелүү чараларды көрүүгө;
11) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган каржылоо булактарын издөөгө;
12) Борборго оперативдүү башкарууга өткөрүп берилген негизги, жүгүртүлүүчү фонддорду жана мамлекеттик мүлктү максаттуу пайдаланууну камсыз кылууга;
13) илимий-информациялык ишти жүргүзүүгө;
14) илимдин ролун, анын ичинде өзүнүн ишин популярлаштыруу аркылуу жогорулатууга;
15) Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин тапшырмалары боюнча билим берүүнү, илимди өнүктүрүү жана интеграциялоо боюнча аналитикалык маалымкаттарды жана сунуштарды даярдоого;
16) илимий кызматкерлерди 5 жылда бир жолудан кем эмес аттестациядан өткөрүүгө;
17) Борбордун профили жана деңгээли боюнча калкка зарыл болгон көлөмдө жеткиликтүү, өз убагында, сапаттуу, квалификациялуу жана кечиктирилгис медициналык-санитардык жардам көрсөтүүгө;
18) экстремалдык шарттарда иштөөгө (эпидемиялар, өзгөчө кырдаалдар, аскердик абал, табигый кырсыктар, жетүүгө кыйын жана кооптуу шарттарда иштөө) даярдыкты камсыз кылууга;
19) санитардык-гигиеналык жана эпидемияга каршы режимдерди сактоого;
20) саламаттык сактоонун чектеш кызматтары менен өз ара аракеттенүүнү камсыз кылууга;
21) сергек жашоо мүнөзүн пропагандалоого жана калкты санитардык-гигиеналык тарбиялоого;
22) келишимдик негизде студенттерди практикалык окутуу, даярдоо жана кадрларды кайра даярдоо маселелери боюнча жогорку жана орто медициналык кесиптик окуу жайлары менен өз ара аракеттенүүнү камсыз кылууга;
23) бюджеттик каражаттардын кыймылынын казыналык жол-жоболорунун жана мамлекеттик бюджеттин каражаттары боюнча отчетторду берүүнүн регламентин сактоого;
24) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык бухгалтердик эсепти жана отчеттуулукту жүргүзүүгө;
25) Жарандарды медициналык-санитардык жардам менен камсыздоо боюнча мамлекеттик кепилдиктер программасын аткаруу үчүн эсептөөлөр боюнча Бирдиктүү төлөөчүнүн агент банкындагы бирдиктүү учурдагы эсепти пайдаланууга;
26) бекитилген отчеттордун бардык түрлөрүн белгиленген тартипте берүүгө;
27) Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык финансылык каражаттарды максаттуу багыты боюнча пайдаланууга;
28) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка иш-чараларды жүргүзүүгө;
29) өзүнүн иши үчүн зарыл болгон башка иш-чараларды жүзөгө ашырууга.
4-глава. Борбордун түзүмү
12. Борбордун түзүмү жана штаттык расписаниеси Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги менен макулдашуу боюнча директор тарабынан бекитилет.
13. Илимий жана илимий-техникалык ишти жүзөгө ашыруу боюнча кабыл алынган чечимдердин коллегиалдуулугун камсыз кылуу максатында илимий-техникалык кенеш түзүлөт.
5-глава. Борборду башкаруу
14. Борборду директор башкарат.
15. Борбордун директору Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министринин сунушу боюнча жана Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлиги менен макулдашуу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан кызматка дайындалат жана кызматтан бошотулат.
Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министри Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан Борбордун директорунун кызматына дайындалган адам менен беш жылдык мөөнөткө эмгек келишимин түзөт. Директор эмгек келишимин түзгөндөн кийин кызматтык милдеттерин аткарууга киришет. Бир эле адам эки мөөнөттөн ашык Борбордун директорунун кызмат ордуна дайындалышы мүмкүн эмес.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы сунушсуз эле өз демилгеси боюнча Борбордун директорун ээлеген кызматынан бошотууга укуктуу.
Борбордун директору Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарында каралган негиздер боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан ээлеген кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотулушу мүмкүн.
16. Борбордун директорунун кызматын төмөнкү квалификациялык талаптарга ылайык келген адамдар ээлей алат:
1) жогорку кесиптик билим;
2) окумуштуулук даража;
3) илимий, илимий-педагогикалык, уюштуруучулук иште жалпысынан 5 жылдан кем эмес стажы жана жетекчилик кызматтарда 5 жылдан кем эмес иш стажы.
17. Борбордун директору төмөнкүлөрдү билүүгө тийиш:
1) саламаттык сактоо, билим берүү, илим жана инновациялар чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актыларды;
2) уюмду башкаруунун теорияларын жана методдорун;
3) илимий кадрларды даярдоо чөйрөсүнө тиешелүү методикалык жана ченемдик документтерди;
4) эмгек, финансы мыйзамдарынын негиздерин;
5) профили боюнча фундаменталдык жана колдонмо илимдердеги илимий жетишкендиктерди;
6) илимий жетишкендиктерди жана чет өлкөлүк илимий уюмдардын тажрыйбасын, ошондой эле орто мөөнөттүү мезгилде илим тармагын өнүктүрүү көз карашынын (концепция, иштеп чыгуу, технология же план) болушу.
18. Борбордун директору:
1) жеке башкаруу принциптеринде Борборду башкарат жана илимий уюмдун максаттарын, милдеттерин жана функцияларын ишке ашыруунун сапаты үчүн жеке жоопкерчилик тартат;
2) финансылык каражаттарды тескейт, банк мекемелеринде улуттук жана чет өлкөлүк валютада алыш-бериш жана башка эсептерди ачат, эсепке алуунун жана отчеттуулуктун аныктыгы үчүн жоопкерчилик тартат, финансылык тартипти сактайт;
3) Борбордун башкаруусунда турган мүлктүн жана башка материалдык баалуулуктардын максаттуу пайдаланылышы жана сакталышы үчүн жоопкерчилик тартат;
4) кызматкерлерди кабыл алууну жана бошотууну ишке ашырат, алардын кызматтык милдеттерин аныктайт, кадрларды даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу үчүн шарттарды түзөт, кызматкерлердин эмгек укуктарын сактоо үчүн жоопкерчилик тартат;
5) илимий кызматкерлердин чыгармачылыгын өнүктүрүү үчүн шарттарды түзөт;
51) коррупцияны алдын алуунун ички системасын түзүүгө жана иштешин камсыз кылууга жеке жоопкерчилик тартат;
6) мамлекеттик сырды түзгөн маалыматтардын корголушу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын сакталышы жана аткарылышы үчүн жоопкерчилик тартат;
7) Борбордун иши үчүн зарыл болгон башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 3- февралындагы № 54 токтомунун редакциясына ылайык)
19. Борбордун директору жок учурда (кызматтык иш сапар, убактылуу эмгекке жарамсыздык, өргүү, кызматтан бошотуу) анын милдеттерин директордун орун басары аткарат.
20. Борбордун директорунун илимий иш, клиникалык иш жана стратегиялык өнүктүрүү жана эл аралык кызматташтык боюнча орун басарлары (орун басары) Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги менен макулдашуу боюнча директор тарабынан дайындалат.
Директордун орун басарлары өз ыйгарым укуктарын кызматтык нускамаларга ылайык жүзөгө ашырат.
6-глава. Борбордун илимий-техникалык кеңеши
21. Борбордун илимий-техникалык кеңеши Борбордун консультациялык-кеңешүүчү органы болуп саналат. Борбордун илимий-техникалык кеңешинин мүчөлөрү Борбордун директорунун сунушу боюнча илимий кызматкерлердин, адистердин жана административдик-башкаруу персоналынын жалпы чогулушунда жашыруун добуш берүү менен 3 жылдык мөөнөткө шайланат. Илимий кызматкерлердин, адистердин жана административдик-башкаруучу персоналдын жалпы чогулушу, эгерде ага эмгек жамаатынын курамынын жарымынан көбү катышса, чечим кабыл алууга укуктуу.
Илимий-техникалык кеңештин курамына Борбордо иштебеген алдынкы окумуштуулар жана адистер, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин жана Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин өкүлдөрү кириши мүмкүн.
22. Илимий-техникалык кеңеш, эгерде жыйналышка анын курамынын үчтөн экисинен кем эмеси катышса, чечим кабыл алууга укуктуу. Илимий-техникалык кеңештин чечимдери, эгерде алар үчүн Илимий-техникалык кеңештин добуш берүүгө катышкан мүчөлөрүнүн жарымынан көбү добуш берсе, кабыл алынды деп эсептелет.
23. Илимий-техникалык кеңештин төрагасы Борбордун директору болуп саналат.
7-глава. Борборду каржылоо булактары
24. Борборду каржылоо булактары болуп төмөнкүлөр эсептелет:
1) Кыргыз Республикасынын республикалык бюджети;
2) милдеттүү медициналык камсыздандыруу каражаттары;
3) билим берүү жана илим жаатындагы ыйгарым укуктуу органдын илим фонду;
4) атайын каражаттар;
5) жеке жана юридикалык жактардын ыктыярдуу каражаттары;
6) кредиттер жана гранттар;
7) илимий-изилдөө, басма, консультациялык жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган киреше алып келүүчү башка иштерден түшкөн каражаттар;
8) тышкы жана ата мекендик инвестициялар.
25. Борбор Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык оперативдүү башкаруу жана ижара укугунда мүлккө ээ болушу мүмкүн.
26. Борбордун ишин контролдоо Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан жүзөгө ашырылат.
8-глава. Корутунду жоболор
27. Борборду кайра уюштуруу жана жоюу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими менен ишке ашырылат.
28. Борбордун документтери "Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык сакталат жана пайдаланылат.