Загрузка документа…
|
| 1-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 12-апрелиндеги ПЖ № 94 Жарлыгына) |
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Стратегиялык демилгелер улуттук институтунун УСТАВЫ
(КР Президентинин 2024-жылдын 18-декабрындагы ПЖ № 371, 2025-жылдын 20-мартындагы № 94 Жарлыгынын редакцияларына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Стратегиялык демилгелер улуттук институту (мындан ары - Улуттук институт) Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин жетекчилигин өлкөдөгү кырдаалга жана Кыргыз Республикасынын дүйнөдөгү абалына илимий-изилдөө, эксперттик-талдоо жана үзгүлтүксүз талдоо менен камсыз кылуу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын түрдүү чөйрөдөгү мамлекеттик саясатын түзүү үчүн келечектүү демилгелерди даярдоо үчүн түзүлгөн Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу мекеме болуп саналат.
2. Улуттук институттун негиздөөчүсү болуп Кыргыз Республикасынын Президенти эсептелет. Улуттук институттун штаттык санынын чегин Кыргыз Республикасынын Президенти бекитет.
3. Улуттук институт Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Стратегиялык изилдөөлөр улуттук институтунун жана Кыргыз Республикасынын Экономикалык саясатты изилдөөлөр институтунун базасында түзүлгөн жана алардын укук мураскери болуп саналат.
4. Улуттук институт мамлекеттик мекеменин уюштуруу-укуктук формасындагы коммерциялык эмес уюм, өз алдынча баланска жана сметага ээ, фирмалык аталышы, банктык жана башка финансылык мекемелерде алыш-бериш жана башка эсептери, мөөрү, мамлекеттик, расмий жана англис тилдеринде өзүнүн аталышы жазылган бланктары жана башка штамптары бар юридикалык жак болуп эсептелет.
5. Улуттук институт өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын жана мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарын жана тескемелерин, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомдорун жана тескемелерин, Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган жана мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерди, ошондой эле ушул Уставды жетекчиликке алат.
6. Улуттук институт Кыргыз Республикасынын Президентине баш иет, анын ишин Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясы координациялайт.
7. Улуттук институт өз атынан жарандык-укуктук мамилелерди түзүүгө, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын алкагында жарандык-укуктук мамилелердин тарабы катары чыгууга, сотто доогер жана жоопкер болууга укуктуу.
8. Улуттук институт төмөнкүдөй фирмалык аталышка ээ:
- мамлекеттик тилде: "Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Стратегиялык демилгелер улуттук институту";
- расмий тилде: "Национальный институт стратегических инициатив при Президенте Кыргызской Республики";
- англис тилинде: "National Institute for Strategic Initiatives under the President Kyrgyz Republic".
9. Улуттук институттун юридикалык дареги: 720040, Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү, 220.
2. Улуттук институттун милдеттери
10. Улуттук институттун милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
- экономикалык жана социалдык процесстерди илимий-изилдөө жана эмпирикалык талдоо, мамлекеттик жонго салуу саясатын жана реформаларды талдоо;
- өлкөдөгү экономикалык кырдаал жана Кыргыз Республикасынын дүйнөдөгү абалы боюнча Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин жетекчилигин илимий-изилдөө жана эксперттик-талдоо менен камсыздоо;
- коопсуздукту камсыз кылуу, мамлекеттик башкаруу, тышкы жана ички саясат чөйрөсүндөгү стратегиялык артыкчылыктарга талдоо жүргүзүү жана баалоо;
- мамлекеттик бийлик органдарынын ишиндеги административдик-функциялык процесстерди бюрократиядан арылтуу, башкаруучулук мамилелердин натыйжалуулугун жогорулатуу жана ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү механизмдерин оптималдаштыруу боюнча чараларды иштеп чыгуу;
- мамлекеттик бийлик органдарынын ишин ченемдик-укуктук жөнгө салууну бюрократиядан арылтуу, мониторинг жүргүзүү жана контролдоо функцияларын мамлекетке калтыруу менен мамлекеттик бийлик органдарынын айрым функцияларын аутсорсингге берүүнүн максатка ылайыктуулугун, айрым коомдук мамилелерди жөнгө салуудан арылтуу мүмкүнчүлүгүн, ошондой эле тиешелүү чөйрөлөрдө деталдуу мамлекеттик жөнгө салуу (“мамлекеттик монополия”) режимин сактоонун максатка ылайыктуулугун баалоо боюнча чараларды иштеп чыгуу.
- стратегиялык документтердин долбоорлору жана ченемдик укуктук актылардын долбоорлору боюнча корутундуларды даярдоо;
- түрдүү донорлордон жана өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдөн алууга пландаштырылган кредиттер боюнча корутундуларды даярдоо, аларды талдоо, экспертизалоо, ошондой эле кредит алуу шарттарын жана алардын өлкөнүн экономикасына тийгизген таасирин баалоо;
- төмөнкү чөйрөлөрдө Кыргыз Республикасынын мамлекеттик саясатын калыптандыруу үчүн келечектүү демилгелерди жана долбоордук сунуштарды даярдоо:
1) улуттук экономиканы өнүктүрүү;
2) өнүктүрүүнүн жаңы механизмдерин жана инструменттерин киргизүү;
3) коопсуздукту камсыз кылуу;
4) мамлекеттик башкаруу;
5) тышкы жана ички саясат;
6) экология жана айлана-чөйрөнү коргоо.
(КР Президентинин 2025-жылдын 20-мартындагы № 94 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
3. Улуттук институттун функциялары жана ыйгарым укуктары
11. Улуттук институт өзүнө жүктөлгөн милдеттерди ишке ашыруу максатында төмөнкү функцияларды жүзөгө ашырат:
- жалпы мамлекеттик стратегияларынын жана өнүктүрүү программаларынын долбоорлорун иштеп чыгуу ишине катышат;
- актуалдуу маселелер боюнча ыкчам экспресс-талдоо жүргүзөт;
- изилдөөлөрдү, эксперттик жана талдоо иштерин уюштурат;
- экономиканын секторлорун диверсификациялоо жана оптималдаштыруу варианттарын иштеп чыгат;
- стратегиялык аспекттер боюнча эксперттердин жана консультанттардын изилдөөлөрүнүн жана талдоо иштеринин маалыматтар базасын чогултууну жана түзүүнү жүзөгө ашырат;
- методологияны иштеп чыгат, ошондой эле рейтингдерди жана рэнкингдерди ыйгаруу процессин жүргүзөт;
- мамлекеттик экономикалык саясатты натыйжалуу ишке ашыруу максатында ченемдик укуктук актыларды, институционалдык жана башка рыноктук механизмдерди өркүндөтүү боюнча сунуштарды түзөт;
- мамлекеттик органдардын түрдүү маселелери боюнча изилдөөлөрдү, эксперттик-талдоо иштерин жүргүзүүгө жана сунуштарды даярдоого тапшырыктарын аткарат;
- улуттук жана эл аралык талдоо борборлору жана уюмдары менен өз ара аракеттенүүнү жүзөгө ашырат;
- инвестициялык долбоорлор, экономикалык, техникалык жардамдарды жана башка тышкы ресурстарды пайдалануу боюнча отчетторду даярдоону жүргүзөт;
- Улуттук институттун компетенциясына кирген маселелер боюнча мамлекеттик органдар жана мамлекеттик эмес уюмдар менен өз ара аракеттенет;
- жалпы мамлекеттик стратегиялардын, өнүктүрүү программаларынын долбоорлору боюнча сунуштарды киргизет жана аларды иштеп чыгууга катышат;
- чет өлкөлүк инвестицияларды жана экономикалык жардамдарды бөлүштүрүүнүн артыкчылыктары боюнча сунуштарды аныктайт жана киргизет;
- ата мекендик изилдөөчүлөрдүн жана изилдөө мекемелеринин потенциалын жогорулатат, кызматташуу жана өнүктүрүү маселелери боюнча билим берүү-уюштуруу иштерин (семинарлар, конференциялар, тегерек столдор, эл аралык форумдар) жүргүзөт;
- ата мекендик жана чет өлкөлүк эксперттерди, изилдөө уюмдарын Улуттук институттун ишине тартат;
- Улуттук институттун компетенциясына кирген маселелер боюнча консультацияларды, тренингдерди жана семинарларды уюштурат;
- Кыргыз Республикасына мыкты эл аралык практикаларды киргизүү боюнча сунуштарды киргизет;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси менен макулдашылган багыттар боюнча мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилеринин маалымдуулугун көтөрүү боюнча чараларды көрөт;
- Улуттук институттун интеллектуалдык менчик объектилерине жана илимий-изилдөө иштеринин натыйжаларына Улуттук институттун укугун коргойт;
- илимий изилдөөлөрдү каржылаган конкурстарга жана долбоорлорго катышат;
- эл аралык уюмдар жана фонддор каржылаган техникалык колдоо программаларынын алкагында ишке ашырылуучу илимий изилдөөлөрдү жана башка иштерди жүргүзүүгө катышат;
- өз ишинин алкагында Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык юридикалык, жеке жактар жана эл аралык уюмдар менен келишимдерди жана макулдашууларды түзөт;
- башка багыттар боюнча иш жүргүзөт.
12. Улуттук институттун укуктары:
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык акы төлөнүүчү консультацияларды, изилдөө, маалыматтык-талдоо жана башка акы төлөнүүчү кызматтарды көрсөтүү;
- чет өлкөлүк инвестициялар, экономикалык жана техникалык жардам боюнча айрым программаларды жана долбоорлорду ишке ашырууга катышуу;
- Кыргыз Республикасынын экономикалык реформалар программаларын ишке ашыруу боюнча чет өлкөлүк донорлор менен биргелешкен иштеп чыгууларга катышуу;
- мамлекеттик органдардын жыйындарынын жана коллегияларынын иштерине катышуу;
- Улуттук институттун функционалдык милдеттерин аткаруунун алкагында министрликтердин жана ведомстволордун жыйындарына жана кеңешмелерине катышуу;
- жумушчу, эксперттик жана башка кеңешүүчү топторду түзүү;
- окуу жайлардын студенттерин практикага жана стажировкага кабыл алуу;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын макулдугу менен мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана мамлекеттик мекемелердин кызматкерлерин иш сапарга чакыруу;
- өзүнүн максаттарын жана милдеттерин ишке ашыруу үчүн эл аралык финансылык жана башка уюмдардан каражат тартуу;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка булактардан алынган гранттарды жана каражаттарды пайдалануу;
- өзүнүн милдеттерин жана функцияларын ишке ашыруу үчүн мамлекеттик органдардан жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан, изилдөө уюмдарынан, статистикалык органдардан зарыл маалыматтарды белгиленген тартипте суроо жана алуу;
- белгиленген тартипте Улуттук институттун грамоталарын, төш белгилерин жана башка сыйлыктарын уюштуруу;
- Улуттук институттун эксперттеринин квалификациясын жогорулатуу;
- Кыргыз Республикасынын Президентине, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасына, мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарга өз сунуштарын киргизүү;
- талдоо жана изилдөө уюмдары, анын ичинде чет өлкөлүк уюмдар менен өз ара аракеттенүү, гранттардын жана чакырылуучу тараптын эсебинен, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясы менен макулдашылган Улуттук институттун каражаттарынын эсебинен тийиштүү чет өлкөлүк уюмдарда өз кызматкерлеринин стажировкасын белгиленген тартипте уюштуруу;
- билим берүү мекемелери менен өз ара аракеттенүү;
- эгерде уюмдардын максаттары жана милдеттери Улуттук институттун максаттарына жана милдеттерине ылайык келсе, коомдук коммерциялык эмес уюмдар, анын ичинде бирикмелер, ассоциациялар жана фонддор менен кызматташуу;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген ар кандай илимий жана башка иштерди жүзөгө ашыруу.
13. Улуттук институт төмөнкүлөргө милдеттүү:
- жүргүзүлүп жаткан изилдөөлөрдүн жогорку деңгээлин камсыз кылууга, алардын натыйжаларын кеңири колдонууга активдүү көмөктөшүүгө;
- Улуттук институтка ыкчам башкаруу укугунда таандык мүлктү аны техникалык жана чарбалык тейлөөнү камсыз кылуу менен талаптагыдай абалда кармоого;
- жүктөлгөн милдеттерге ылайык жана өз компетенциясынын чегинде мамлекеттик жана мыйзам менен корголуучу башка сырды түзгөн маалыматтарды коргоону камсыз кылууга;
- Улуттук институттун кызматкерлеринин эмгегинин коопсуздугун камсыз кылууга;
- иш кагаздарын жүргүзүүнү уюштурууга, кызматтык документтерди түзүүгө, аткарууга жана сактоого карата белгиленген талаптарды сактоого;
- финансылык-чарбалык иштин натыйжаларынын бухгалтердик эсебин жүргүзүүгө, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында бюджеттик мекемелер үчүн белгиленген тартипте жана мөөнөттө тиешелүү органдарга бухгалтердик, статистикалык жана башка отчетторду берүүгө.
4. Улуттук институттун ишин уюштуруу
14. Улуттук институтту Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан кызматка дайындалуучу жана кызматтан бошотулуучу директор жетектейт.
15. Директордун эки орун басары болот, алар Улуттук институттун директорунун сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан кызматка дайындалат жана кызматтан бошотулат.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы өзүнүн демилгеси боюнча Улуттук институттун директорунун орун басарларын сунуштоосуз кызматка дайындоого жана ээлеген кызматынан бошотууга укуктуу.
Директордун бир кеңешчиси болот, аны дайындоо тартиби директор тарабынан аныкталат.
(КР Президентинин 2024-жылдын 18-декабрындагы ПЖ № 371 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
16. Улуттук институттун кызматкерлерин Улуттук институттун директору кызматка дайындайт жана кызматтан бошотот.
17. Директорду жана анын орун басарларын кошпогондо, Улуттук институттун кызматкерлери мамлекеттик кызматкер болуп саналбайт.
Улуттук институттун директору жана анын орун басарлары саясий мамлекеттик кызмат орундарын ээлейт.
(КР Президентинин 2024-жылдын 18-декабрындагы ПЖ № 371 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
18. Улуттук институттун директору:
- Улуттук институттун максаттарына жана милдеттерине ылайык Кыргыз Республикасынын Президентине түздөн-түз баш ийип Улуттук институттун ишин жалпы башкарууну камсыз кылат;
- Улуттук институттун өз ыйгарым укуктарынын талаптагыдай аткарылышын камсыз кылат;
- Улуттук институттун штаттык расписаниесин бекитет;
- Улуттук институттун кызматкерлеринин ишин уюштурат жана иштин натыйжасы үчүн жеке жоопкерчилик тартат;
- Кыргыз Республикасынын эмгек чөйрөсүндөгү мыйзамдарына, ошондой эле ушул Уставга ылайык Улуттук институттун кызматкерлерин кызматка дайындайт жана кызматтан бошотот;
- Улуттук институттун кызматкерлерин дайындоо тартибин өз алдынча аныктайт;
- өзүнүн орун басарларынын ортосундагы милдеттерди бөлүштүрөт;
- Улуттук институттун чыгымдарынын сметасынын чегинде финансы каражаттарын тескейт;
- атайын эсепте топтолгон каражаттарды өз алдынча тескейт;
- акча каражаттарынын максаттуу пайдаланылышын камсыз кылат;
- Улуттук институттун кызматкерлерине карата тартиптик таасир этүү чараларын колдонот;
- мамлекеттик органдарда, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында, эл аралык жана башка уюмдарда Улуттук институттун атынан чыгат;
- Улуттук институттун кызматкерлерине жана үчүнчү жактарга Улуттук институттун атынан юридикалык жана башка аракеттерди жасоого ишеним каттарды берет;
- Улуттук институттун кызматкерлерине кызматтык күбөлүктөрдү берет;
- Кыргыз Республикасынын эмгек чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык Улуттук институттун штаттык кызматкерлери менен мөөнөтсүз жана мөөнөттүү эмгек келишимдерин жана белгилүү бир ишти аткаруу мезгилине эмгек келишимдерин түзөт жана бузат;
- товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу боюнча ишти уюштурат;
- Улуттук институттун ишинин маселелери боюнча буйруктарды, нускамаларды жана башка ички документтерди чыгарат;
- Улуттук институттун кызматкерлерине кезектеги жана башка өргүүлөрдү берет, аларды кызматтык иш сапарларга жиберет;
- Улуттук институттун кызматкерлерине материалдык жардам көрсөтүүгө укуктуу;
- Улуттук институттун ички тартип эрежелерин бекитет;
- Улуттук институттун кызматкерлерин социалдык жактан колдоо маселелерин чечет;
- банктарда алыш-бериш, валюталык жана башка эсептерди ачат жана жабат;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ушул Уставга ылайык өзүнүн компетенциясына кирген башка маселелерди чечет.
19. Улуттук институттун директору жок болгон учурда анын милдеттерин орун басарларынын бири аткарат.
20. Улуттук институттун кызматкерлерине эмгек акы төлөө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте бюджеттик каражаттардын, гранттардын жана башка булактардын эсебинен жүргүзүлөт.
21. Улуттук институттун кызматкерлери өз компетенциясынын чегинде Улуттук институттун өкүлү болуп саналат. Улуттук институттун кызматкерлери иштин мазмуну жана өз ишмердүүлүгүнүн алкагында катышкан Улуттук институт ичиндеги талкуулар жөнүндө маалыматты жайылтууга укугу жок.
5. Улуттук институттун мүлкү жана каржылоосу
22. Улуттук институттун мүлкү ага ыкчам башкаруу укугу менен бекитилген.
23. Долбоорлордун алкагында сатылып алынган мүлк Улуттук институт жоюлганга чейин анын менчиги болуп саналат.
24. Улуттук институт мүлктү эсепке алуу жана отчет берүү үчүн мезгил-мезгили менен Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте инвентаризациялоону жүргүзөт.
25. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген Улуттук институттун ишмердүүлүгүнөн алынган бардык каражаттары Улуттук институттун максаттарына ылайык пайдаланылат.
26. Улуттук институтту каржылоо республикалык бюджеттин бекитилген каражаттарынын эсебинен жана анын чегинде, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка каражаттардан жүзөгө ашырылат.
6. Улуттук институттагы эсепке алуу жана отчеттуулук
27. Улуттук институт өз ишинде Кыргыз Республикасынын Президентине жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасына - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчисине отчет берет.
28. Улуттук институт Кыргыз Республикасынын бухгалтердик эсепке алуу жана финансылык отчеттуулук чөйрөсүндөгү мыйзамдарында белгиленген тартипте эсепке алууну жана отчеттуулукту жүргүзөт. Улуттук институттун башкы бухгалтери эсепке алуу жана отчеттуулук үчүн жооп берет, жетекчиликке түздөн-түз баш ийет жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.
7. Улуттук институтту жоюу жана кайра уюштуруу
29. Улуттук институтту жоюу же кайра уюштуруу Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында каралган тартипте Кыргыз Республикасынын Президентинин чечими менен жүзөгө ашырылат.
30. Улуттук институт жоюлган учурда мүлк жоюу комиссиясы тарабынан мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга өткөрүлүп берилет.
31. Улуттук институттун иши токтотулганда анын иш процессинде пайда болгон документтер "Кыргыз Республикасынын Улуттук архив фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык сакталат жана пайдаланылат.