Сравнение редакций…
Тиркеме |
| (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 23-декабрындагы № 724 токтому менен бекитилген) |
Кыргыз Республикасынын автомобиль транспорту
чөйрөсүндөгү мыйзамдарынын сакталышын мамлекеттик
контролдоону ишке ашыруу боюнча нускама
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 22-сентябрындагы N 516 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын автомобиль транспорту чөйрөсүндөгү мыйзамдарынын сакталышын мамлекеттик контролдоо (мындан ары– транспорттук контролдоо), «Транспорт жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 18-беренесине, «Автомобиль транспорту жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын автомобиль транспорту чөйрөсүндөгү мыйзамдарын бузууларды аныктоо, алдын алуу жана аларга бөгөт коюу максатында ишке ашырылат.
2. Кыргыз Республикасынын автомобиль транспорту чөйрөсүндөгү мыйзамдарынын сакталышын мамлекеттик контролдоону ишке ашыруу боюнча нускама (мындан ары – Нускама) текшерүү жүргүзүүнүн тартибин, транспорттун ишин жана транспорттук процессти камсыздаган кызмат көрсөтүүлөрдү инспекциялоого алынуучу маселелер чөйрөсүн, ошондой эле текшерүүлөрдүн материалдарын ишке ашыруунун, тиешелүү чечимдерди кабыл алуунун тартибин аныктайт.
3. Ушул Нускама Кыргыз Республикасында юридикалык жактарга жана жеке жактарга, ошондой эле Кыргыз Республикасынын автомобиль транспортунда ташууну жана башка ишти жүзөгө ашырган ошондой эле чет өлкөлүк юридикалык жана жеке жактарга жана жарандыгы жок адамдарга таркалат.
4. Транспорттук контролдоо транспорт тармагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана анын аймактык органдарынын (мындан ары - транспорттук контролдоо органы) кызмат адамдары тарабынан өз алдынча да, жана башка ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар менен да бирге ишке ашырылат.
5. Транспорттук контролдоо органы аткаруу бийлигинин борбордук жана жергиликтүү органдары менен өз ара аракеттенет, биргелешкен контролдоо чараларын көрөт, маалымат алмашууну камсыздайт.
6. Транспорттук контролдоо субъекттери болуп автомобиль транспортунда жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү ташууну уюштуруу, жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү ташуу боюнча, автомобиль транспорту менен жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү ташууда транспорттук процессти камсыздай турган кызматтарды (жүргүнчүлөрдү ташуудагы стационардык курулмалардын кызмат көрсөтүүлөрү, жүктөрдү ташуудагы транспорттук-экспедициялык кызматтар, автотранспорт каражаттарын техникалык тейлөө жана оңдоо боюнча кызматтар, диагностикалык борборлордун кызматтары, электрондук (санариптик) тахографтарды орнотуу, тейлөө жана оңдоо, электрондук карточкаларын даярдоо жана берүү боюнча ишти жүргүзүүдө сервистик борборлордун (устаканалардын) кызматтары) көрсөтүү боюнча иштеген чарба жүргүзүүчү субъекттер жана жеке ишкерлер эсептелет.

7. Транспорттук контролдоо жалпы транспорттук контролдоо субъекттеринин ишин текшерүү менен катар, түздөн-түз жүктөрдү жана жүргүнчүлөрдү ташуу процессинде алардын автотранспорттук каражаттарын өзүнчө текшерүү формасында дагы ишке ашырылат.
8. Транспорттук контролдоону ишке ашырууда транспорттук контролдоо органынын кызмат адамдары ченемдик укуктук актыларды, техникалык регламенттерди, стандарттарды, жүктөрдү, жүргүнчүлөрдү жана кол жүктөрүн ташуунун эрежелерин, автотранспорт каражаттарын техникалык кармоону, экологиялык талаптарды, жүргүнчүлөрдү, жүктөрдү, кол жүктөрүн коопсуз ташууну аныктаган жоболорду жана лицензиянын талаптарын билүүгө жана жетекчиликке алууга милдеттүү.
9. Инструменттер менен өлчөөлөрдү, ченөөлөрдү, текшерүүлөрдү, таразага тартууларды жүргүзүүдө транспорттук контролдоо органынын кызмат адамдары стандарттарда каралган жана мамлекеттик текшерүүдөн өткөн приборлорду жана инструменттерди пайдаланышы керек.
10. Транспорттук контролдоо органынын кызмат адамдары кызматтык милдеттерин аткаруу учурунда номер коюлган төш белгиси бар форма кийишет, жанында кызматтык күбөлүгү, жазуу жүзүндөгү тапшырма жана маршрут баракчасы болушу керек.
2. Транспорттук контролдоонун максаты жана предмети
11. Транспорттук контролдоонун максаты болуп транспорттук контролдоо субъекттери тарабынан Кыргыз Республикасынын автомобиль транспорту чөйрөсүндөгү мыйзамдарынын талаптарын, ошондой эле эл аралык автомобилдик ташуулар жаатындагы Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдеринин талаптарынын сакталышын камсыздоо эсептелет.
12. Транспорттук контролдоону ишке ашыруунун предмети болуп транспорттук контролдоонун субъекттери тарабынан транспорттук контролдоонун төмөнкү түрлөрү боюнча автомобиль транспорту чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдеринде жана мыйзамдарында белгиленген милдеттүү талаптардын аткарылышы эсептелет:
- эл аралык автомобилдик ташууларды ишке ашырууда автотранспорт каражаттарынын жүрүүсүнүн белгиленген талаптарын сактоо;
- автомобиль транспорту менен жүргүнчүлөрдү жана эл аралык жүк ташууда лицензиянын шарттарын сактоо;
- Кыргыз Республикасынын аймагында автотранспорт каражаттарынын белгиленген салмак-габариттик жана линиялык параметрлерин сактоо;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын, автомобиль транспорту жаатындагы эл аралык келишимдердин башка талаптарын сактоо.
13. Транспорттук контролдоо субъекттерин текшерүүлөрдү жүргүзүүдө транспорттук контролдоо органынын кызмат адамдары зарыл документтердин бар экендигин жана алардын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын тараптарына шайкеш келүүсүн аныкташат.
14. Транспорттук контролдоону жүргүзүүдө төмөнкүлөр текшерилет:
1) кыймылдуу курамдын, оңдоочу жана өндүрүштүк базанын, техникалык каражаттардын, контролдоочу-өлчөөчү аппаратуранын, жабдылган кызматтык имараттын (анын ичинде оңдоо иштеринин тиешелүү түрлөрүн аткарууга келишимдер түзүлгөн ишканалардын) бар экени жана абалы, ошондой эле транспорттук контролдоонун субъекттери тарабынан экологиялык талаптардын ченемдеринин жана автомобилдик ташуулардын коопсуздугунун талаптарынын сакталышы;
2) автотранспорт каражаттарынын жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү ташуу эрежелеринде каралган документтеринин бар экендиги;
3) автотранспорт каражаттарынын техникалык пайдалануунун белгиленген талаптарга шайкеш келүүсү;
4) автотранспорт каражаттарын рейске чыгаардын алдында техникалык кароону жана айдоочуларды рейстин алдында (нөөмөттүн алдында) медициналык кароо үчүн кызматтардын жана квалификациялуу персоналдын болушу жана шайкештиги, же ушундай иштерди жүзөгө ашырган тиешелүү уюмдар менен келишимдердин бар экендиги, ошондой эле айдоочулардын квалификациялык талаптарга шайкеш келиши;
5) белгиленген маршруттар боюнча жүргүнчүлөрдү туруктуу ташууну ишке ашыруу үчүн зарыл документтердин (паспорттор, күбөлүктөр, контракттар, кыймылдардын ырааттамасы, каттамдардын схемасы, автобекеттер жана автостанциялар менен түзүлгөн келишимдер) бар экендиги;
6) жүргүнчүлөрдү жана кол жүктөрүн ташууну ишке ашырууда жүргүнчүлөрдү жана кол жүктөрүн ташуунун эрежелеринин талаптарынын сакталышы;
7) Кыргыз Республикасынын аймагында автомобиль транспорту менен жүктөрдү ташууну жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында белгиленген талаптардын сакталышы;
8) жүргүнчүлөрдү, кол жүктөрүн, жүктөрдү автомобиль менен эл аралык ташууларды ишке ашырууда уруксат берүү тутумунун талаптарынын сакталышы;
9) Кыргыз Республикасынын аймагы боюнча чет өлкөлүк ташуучулар тарабынан каботаждык ташуулардын ишке ашырылышы;
10) орнотулган өткөрүү түйүндөрү аркылуу чет өлкөлүк транспорт каражаттарынын Кыргыз Республикасынын аймагына кирүүсү;
11) айдоочулар тарабынан эмгектин жана эс алуунун белгиленген режиминин сакталышы, тахографтар менен жабдылууга тийиш болгон автобустарда, жүк ташуучу унааларда, адистештирилген автомобилдерде аналог тахографтардын бар экендиги, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп эсептелген Электрондук (сан арип) тахографтарды орнотуу жөнүндө эл аралык келишимдерге ылайык электрондук (санариптик) тахографтарды орнотуу, тейлөө жана оңдоо, электрондук карточкаларын даярдоо жана берүү боюнча талаптардын аткарылышы;
12) коркунучтуу жүктөрдү ташууга документтердин бар экендиги (тиешелүү ыйгарым укуктуу орган тарабынан конкреттүү коркунучтуу жүк менен ишти жүзөгө ашырууга берилген лицензиялар, уруксаттар, коркунучтуу жүктү ташуунун маршрутунун бланкы, айдоочулардын жана адистердин даярдыгы тууралуу күбөлүктөр, айдоочунун коркунучтуу жүктөрдү ташууга уруксат берүү жөнүндө күбөлүгү, автотранспорт каражатына коркунучтуу жүктү ташууга уруксат берген документи);
13) автотранспорт каражаттары менен коркунучтуу жүктөрдү ташуунун, аларды Кыргыз Республикасынын аймагынан өткөрүүнүн эрежелеринин талаптарынын, коркунучтуу жүктөрдү ташыган айдоочуларга жана автотранспорт каражаттарына коюлган квалификациялык талаптардын аткарылышы;
14) санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл органдарынын автотранспорт каражаттарына жүргүнчүлөрдү жана тамак-аш продуктуларын, ошондой эле ташып жүрүүдө жогоруда көрсөтүлгөн мамлекеттик органдардын корутундусу талап кылынган жүктөрдү эл аралык ташууга жол берүү жөнүндө корутундуларынын бар экендиги;
15) транспорттук контролдоо субъектинин өндүрүштүк-техникалык базасынын контролдоп-өткөрүүчү түйүнүндө зарыл документтердин жана каражаттардын бардыгы;
16) жүргүзүлгөн нускоолор каттала турган журналдын, жол-транспорт кырсыктарынын алдын алуу боюнча иш-чаралар планынын, айдоочулук курам үчүн жол-транспорт кырсыктары жана Жол кыймылы эрежелерин бузуулар жөнүндө маалыматтарды ыкчам берүүнү каттаган журналдын бардыгы.

3. Эл аралык автомобилдик ташууларды ишке ашырууда
автотранспорт каражаттарынын өтүүсүн транспорттук контролдоо
15. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы аркылуу автомобилдик өткөрүү пункттарында автотранспорт каражаттарын транспорттук контролдоо Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын, эл аралык автомобилдик ташуу жаатындагы эл аралык келишимдердин талаптарына ылайык ишке ашырылат.
Транспорттук контролдоо органынын кызмат адамдары тарабынан Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы аркылуу автотранспорт каражаттарынын өтүүсүн контролдоодо төмөнкүлөр текшерилет:
эл аралык жүк ташууда:
- жол жүрүү документтери (уруксат, товардык-транспорттук коштомо кагазы, эл аралык жол менен ташуу китепчеси, айдоочунун күбөлүгү, жолго чыгуу барагы, техникалык паспорту, автомобиль транспорту менен эл аралык автомобилдик ташууларга жол берген күбөлүк, эл аралык автомобилдик ташууларды ишке ашырууга укук берген лицензия;
- тахографтын же айдоочулардын эмгек жана эс алуу режимин эсепке алуу баракчасынын бардыгы;
- автотранспорт каражаттары катталган мамлекеттин айырмалоочу белгилеринин бардыгы;
2) жүргүнчүлөрдү жана кол жүктөрүн үзгүлтүксүз эл аралык ташууларды ишке ашырууда:
- жүргүнчүлөрдү ташууга берилген лицензиянын түп нускасынын бардыгы;
- ушул маршрут боюнча жүргүнчүлөрдү ташууга берилген уруксаттын (күбөлүгүнүн) түп нускасынын бардыгы;
- аймактарынан маршрут өтө турган мамлекеттердин компетенттүү органдары менен макулдашылган, маршрут боюнча жүрүүнүн ырааттамасынын түп нускасынын бардыгы (автобустун салонунда);
- аймактарынан маршрут өтө турган мамлекеттердин компетенттүү органдары менен макулдашылган, мамлекеттик чек ара аркылуу өткөрүү түйүндөрү көрсөтүлгөн маршруттун схемасынын көчүрмөсүнүн бардыгы (автобустун салонунда);
- жүргүнчүлөрдүн автобуска жана кол жүктөрүнө алынган билеттеринин бардыгы;
3) жүргүнчүлөрдү жана кол жүктөрүн үзгүлтүктүү эмес эл аралык ташууларды ишке ашырууда:
- жүргүнчүлөрдү ташууга берилген лицензиясынын түп нускасынын бардыгы;
- Кыргыз Республикасынын аймагы менен өтүүгө берилген уруксаттын бардыгы, эгерде мындай уруксат берүү эл аралык автомобилдик каттамдар жөнүндө тиешелүү макулдашууда каралса;
- жүргүнчүлөрдүн тизмесинин бардыгы;
- чет өлкөнүн автотранспорт каражатын каттоону эсепке алуу талонунун бардыгы (уруксат берүүсүз өткөрүү тутуму белгиленген мамлекеттердин ташуучулары үчүн).
Жүргүнчүлөрдү ташууну ишке ашырууда кыймылдын коопсуздугуна коркунуч жараткан бузулуулары бар болгон учурда аларды андан ары өткөрүүгө жол бербөө максатында жүргүнчүлөрдү ташыган автомобилдик транспорт каражатынын техникалык абалы жана экипировкасы дагы текшерилет.
Уруксат берүүчү документтер жок болгон, техникалык абалы шайкеш келбеген, эмгектин жана эс алуунун белгиленген режими сакталбаган жана белгиленген талаптардын башка бузууларына жол берилген учурда транспорттук контролдоо органынын кызмат адамдары жогоруда көрсөтүлгөн бузууларга жол берген айдоочуларга карата Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана эл аралык автомобилдик ташуулар жаатындагы эл аралык келишимдерге ылайык чараларды көрүшөт.
4. Автомобиль транспорту менен жүргүнчүлөрдү жана эл аралык
жүктөрдү ташууну ишке ашырууда лицензиянын шарттарынын,
транспорт каражаттарынын белгиленген салмак-габариттик жана
линиялык параметрлеринин сакталышын транспорттук контролдоо
16. Автотранспорт менен жүргүнчүлөрдү жана эл аралык жүктөрдү ташууда лицензиянын шарттарынын сакталышын транспорттук контролдоо Лицензиялык контролдоо жөнүндө жободо белгиленген тартипте ишке ашырылат.
17. Автотранспорт каражаттарынын салмак-габариттик жана линиялык параметрлеринин сакталышын транспорттук контролдоо Кыргыз Республикасынын ченемдик актыларына ылайык жана аларда белгиленген тартипте ишке ашырылат.
5. Кыргыз Республикасынын автомобиль транспорту
чөйрөсүндөгү мыйзамдарынын башка талаптарынын
сакталышын транспорттук контролдоо
18. Транспорт процессин камсыздоочу кызмат көрсөтүүлөрдү, анын ичинде автотранспорт каражаттарын техникалык тейлөө жана оңдоо боюнча кызмат көрсөтүүлөр автотранспорт каражаттары менен жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү үзгүлтүксүз ташууга карата белгиленген талаптарга ылайык автотранспорт каражаттарынын техникалык абалын камсыздоо максатында ишке ашырылат.
Автотранспорт каражаттарын техникалык тейлөө жана оңдоо боюнча кызматтарды көрсөткөн транспорттук контролдоо субъектинин ишин транспорттук контролдоону ишке ашырууда төмөнкүлөр текшерилет:
- автоташуучулар менен кызмат көрсөтүүлөрдүн ушул түрүн көрсөтүүгө түзүлгөн келишимдин бардыгы;
- автотранспорт каражаттарын техникалык тейлөөнүн жана оңдоонун түрлөрүн жүргүзүүнүн мезгилдүүлүгүнүн сакталышы;
- автотранспорт каражаттарын сапатсыз техникалык тейлөөгө жана оңдоого коюлган рекламациялар боюнча иш.
19. Станциялык курулмалар (автобекеттер, автостанциялар, авто кассалар) тарабынан көрсөтүлгөн кызматтарды транспорттук контролдоо Кыргыз Республикасынын “Автомобилдик транспорту жөнүндө” мыйзамынын, Кыргыз Республикасында автомобиль транспорту менен жүргүнчүлөрдү ташууну уюштуруунун эрежелеринин талаптарынын сакталышы боюнча ишке ашырылат.
6. Транспорттук контролдоо органынын компетенциясы
20. Транспорттук контролдоо органы:
1) автомобиль транспорту чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана эл аралык келишимдердин сакталышын контролдоону ишке ашырат;
2) автомобиль транспортунун иштөө тартибин аныктаган Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарынын бузулууларын аныктайт жана аларга бөгөт коюу боюнча чараларын көрөт;
3) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда жана тартипте Кыргыз Республикасынын аймагында жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү ташууну ишке ашырган автотранспорт каражаттарын токтотот;
21. Транспорттук контролдоо органдарынын кызмат адамдары төмөнкүлөргө укуктуу:
1) Кыргыз Республикасынын автомобиль транспорту чөйрөсүндөгү мыйзамдарын бузуулар жөнүндө актыларды, укук бузуулар тууралуу протоколдорду түзүүгө, Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык укук бузуулар жөнүндө иштер боюнча өндүрүштү ишке ашырууга жана мындай бузуулардын алдын алуу боюнча чараларды көрүүгө;
2) жазуу жүзүндөгү жүйөлүү өтүнмөлөрдүн негизинде мамлекеттик бийликтин органдарынан, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан, ошондой эле транспорттук контролдоо субъекттеринен текшерүүнү жүргүзүү үчүн зарыл маалыматтарды жана документтерди сурап алууга;
3) Кыргыз Республикасынын мыйзам чыгаруусуна ылайык, кызматтык күбөлүгүн жана транспорттук контролдоо органынын текшерүүнү дайындоо жөнүндө чечиминин көчүрмөсүн көрсөтүү менен транспорттук контролдоо субъекттери пайдаланган аймактарга, транспорттук инфратүзүмдүн объектилерине, кыймылдуу курамга жана ташуу процессине байланышкан башка транспорттук жана техникалык каражаттарга тоскоолдуксуз кирүүгө, транспорт каражаттарын карап чыгууга, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык зарыл изилдөөлөрдү, өлчөөлөрдү, экспертизаларды жана транспорттук контролдоо боюнча башка иш-чараларды жүргүзүүгө;
4) транспорттук контролдоо субъекттерине милдеттүү талаптарды бузууларды жоюу жөнүндө, адамдардын өмүрүнө жана ден соолугуна зыян келтирүүнүн, курчап турган чөйрөгө, жеке же юридикалык жактардын мүлкүнө, мамлекеттик же муниципалдык мүлккө зыян келтирүүнүн алдын алууну камсыздоо боюнча иш-чараларды өткөрүү жөнүндө эскертүүлөрдү берүүгө;
5) ыйгарым укуктуу укук коргоо органдарына кылмыш белгилери боюнча кылмыш иштерин козгоо жөнүндө маселелерди чечүү үчүн милдеттүү талаптарды бузууларга байланышкан материалдарды жиберүүгө;
6) автомобиль транспортунун иштөө тартибин аныктаган Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын бузуулардын алдын алуу максатында, аныкталган бузуу фактылары боюнча айдоочунун жүктөрдү жана жүргүнчүлөрдү ташууга, ошондой эле транспорт каражатын башкарууга берилген документтерин алып коюуга, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда жана тартипте автотранспорт каражаттарынын жүрүүсүнө андан ары тыюу салуу боюнча чараларды көрүүгө;
7) транспорт каражатынын айдоочусунан учурдагы жуманын жана мурдагы жуманын бардык күндөрү үчүн аналогдук тахографтын таходискин (тахошайбасын) кароо үчүн көрсөтүүнү талап кылууга;
8) транспорт каражатынын айдоочусунан электрондук (санариптик) тахографтардан басып чыгарылган кагаздарды көрсөтүүнү талап кылууга;
9) тахографтарга көрүнөө кароо жүргүзүүгө;
10) контролердун жеке картасын колдонуу менен электрондук (санариптик) тахографтан кагаздарды өз алдынча басып чыгарууга;
11) электрондук (санариптик) тахографтын дисплейинен маалыматтарды карап чыгууга;
12) транспорт каражатынын айдоочусунан электрондук (санариптик) тахограф үчүн айдоочунун картасын көрсөтүүнү талап кылууга;
13) электрондук (санариптик) тахограф үчүн айдоочунун картасынан маалыматтарды окууга;
14) электрондук (санариптик) тахографтын эске тутумунан маалыматтарды окууга.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 22-сентябрындагы N 516 токтомунун редакциясына ылайык)
7. Транспорттук контролдоо субъектисинин ишин текшерүүлөрдү
жүргүзүү тартиби
22. Транспорттук контролдоо органы транспорттук контролдоо субъекттеринин ишине текшерүүлөрдү алардын ишинин Кыргыз Республикасынын автомобиль транспорту чөйрөсүндөгү мыйзамдарында белгиленген милдеттүү талаптарга шайкеш келишине карата жүргүзүшөт.
23. Транспорттук контролдоо органы тарабынан транспорттук контролдоо субъектисинин ишин пландуу жана пландан тышкары текшерүү жүргүзүлөт.
24. Пландуу текшерүүлөр транспорттук контролдоо органынын жетекчиси тарабынан бекитилген учурдагы календардык жылга транспорттук контролдоо органынын пландуу текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн жылдык планынын негизинде жүргүзүлөт.
25. Пландуу текшерүү жүргүзүү жөнүндө транспорттук контролдоо субъектисине аны жүргүзүү башталганга чейин үч жумуш күнүнөн кечиктирбестен транспорттук контролдоо органынын жетекчисинин чечиминин көчүрмөсүн тапшырылгандыгы тууралуу билдирүүсү менен почта аркылуу жөнөтүү, факсималдык байланыш же башка жеткиликтүү ыкма менен маалымдалат.
26. Текшерүүлөрдү пландоо транспорттук контролдоо органынын жетекчисинин чечиминде белгиленген тартипте жана мөөнөттөрдө жүргүзүлөт.
27. Пландан тышкары текшерүүлөр төмөнкү негиздер боюнча жүргүзүлөт:
- Кыргыз Республикасынын транспорттук мыйзамдарында белгиленген талаптарды, аныкталган бузууларды жоюу жөнүндө мурда берилген көрсөтмөнү транспорттук контролдоо субъектисинин аткаруу мөөнөтү аяктаганда;
- транспорттук контролдоо субъекттери (транспорт каражатынын айдоочулары) тарабынан жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү ташуу эрежелеринин талаптарын бузуу фактыларынын бардыгы;
- жарандарда, юридикалык жактарда, жеке ишкерлерде, мамлекеттик бийлик органдарынан, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан, жалпыга маалымдоо каражаттарынан төмөнкү фактылар жөнүндө транспорттук контролдоо органына кайрылууларынын жана арыздарынын келип түшүүсү:
1) жарандардын өмүрүнө, ден соолугуна, жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү ташуу коопсуздугуна коркунуч туудуруу пайда болгондо;
2) керектөөчүлөрдүн автотранспорттук кызмат көрсөтүүлөрдү алуу укуктары бузулганда (укуктары бузулган жарандар кайрылган учурларда);
28. Транспорттук контролдоо органына кайрылган жакты аныктоого мүмкүн болбогон кайрылуулар жана арыздар, ошондой эле ушул Нускаманын 27-пунктунда көрсөтүлгөн фактылар жөнүндө маалыматтар камтылбаган кайрылуулар жана арыздар пландан тышкары текшерүү жүргүзүү үчүн негиз боло албайт.
29. Транспорттук контролдоо субъектисине пландан тышкары текшерүү жүргүзүү жөнүндө ал жүргүзүлө баштаганга чейин кеминде жыйырма төрт саат мурда транспорттук контролдоо органы тарабынан ар кандай ыкма аркылуу маалымдалат.
30. Транспорттук контролдоо субъектисинин ишинин натыйжасында жарандардын өмүрүнө, ден соолугуна, айлана-чөйрөгө, мамлекеттин коопсуздугуна зыян келтирилсе же келтирилип жатса, ошондой эле табигый жана техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдар пайда болсо же болуп жатса, транспорттук контролдоо субъекттерине пландан тышкары текшерүүнү жүргүзө баштоо тууралуу алдын ала билдирүү талап кылынбайт.
31. Транспорттук контролдоо органынын мөөр басылып күбөлөндүрүлгөн, текшерүү жүргүзүү жөнүндө чечиминин көчүрмөсү текшерүүнү жүргүзүп жаткан кызмат адамы тарабынан транспорттук контролдоо субъектисинин жетекчисине же анын ыйгарым укуктуу өкүлүнө кызматтык күбөлүгүн көрсөтүү менен бирге көрсөтүлөт.
32. Текшерүү транспорттук контролдоо органынын, аны өткөрүү тууралуу чечиминде көрсөтүлгөн кызматтык адамдары тарабынан жүргүзүлөт.
33. Транспорттук контролдоо субъектисинин жетекчиси же анын ыйгарым укуктуу өкүлү текшерүү жүргүзүү үчүн зарыл болгон шарттарды камсыздоого жана транспорттук контролдоо органынын текшерүүнү жүргүзүп жаткан кызмат адамдарынын талабы боюнча курулуштарга, имараттарга, жабдууларга, транспорт каражаттарына кирүүнү уюштурууга, текшерүү үчүн зарыл болгон маалыматтарды жана документтерди берүүгө милдеттүү.
34. Текшерүү жүргүзүүгө негизсиз тоскоолдук кылынган, текшерүү жүргүзүүгө катышуудан качкан учурда транспорттук контролдоо субъектисинин жетекчиси же анын ыйгарым укуктуу өкүлү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартылат.
35. Пландуу жана пландан тышкары текшерүүлөр транспорттук контролдоо субъектисинин жайгашкан орду боюнча, анын иши жүзөгө ашырылган жери боюнча же бузуу жасалган жер боюнча жүргүзүлөт.
36. Текшерүү жүргүзүү учурунда транспорттук контролдоо органынын кызмат адамдары төмөнкүлөргө укуксуз:
1) эгерде транспорттук контролдоо органынын ыйгарым укуктарына милдеттүү талаптарды текшерүү кирбесе, мындай милдеттүү талаптардын аткарылышын текшерүүгө;
2) пландуу же пландан тышкары текшерүүнү транспорттук контролдоо субъектисинин жетекчиси же анын ыйгарым укуктуу өкүлү жок болгон учурда ишке ашырууга;
3) эгерде документтер, маалыматтар текшерүүнүн объекти болуп эсептелбесе же текшерүүнүн предметине тиешеси жок болсо, аларды берүүнү талап кылууга, ошондой эле мындай документтердин түп нускаларын алып коюуга;
4) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралгандан башка учурларда текшерүүнү жүргүзүүнүн натыйжасында алынган жана мамлекеттик, коммерциялык, кызматтык, мыйзам менен корголгон башка купуя сырды түзгөн маалыматты таратууга;
5) текшерүүнү белгиленген мөөнөттөрдөн ашык жүргүзүүгө;
6) транспорттук контролдоо субъекттерине контролдоо боюнча иш-чараларды алардын эсебинен жүргүзүү жөнүндө эскертүүлөрдү же сунуштарды берүүнү ишке ашырууга.
37. Транспорттук контролдоо органы тарабынан транспорт мыйзамдарынын жүктөрдү, жүргүнчүлөрдү жана кол жүктөрүн автомобиль менен ташуулардын коопсуздугун камсыздоо бөлүгүн сактоо максатында (айдоочуларды күн сайын каттамдын алдында медициналык күбөлөндүрүүдөн өткөрүү жана автомашиналарды техникалык кароодон өткөрүү, айдоочулардын эмгек жана эс алуу режимин сактоо ж.б.у.с.) линияларда, стационардык посттордо, стационардык курулмаларда автотранспорт каражаттарынын ишин дайыма контролдоо ишке ашырылат.
371. Транспорттук контролдоо органы айдоочулардын эмгек жана эс алуу режиминин сакталышына текшерүүлөрдү төмөнкүдөй уюштурат:
- ар бир календардык жылдын ичинде айдоочулар иштеген күндөрдүн жок дегенде 3%ын;
- текшерилген жумуш күндөрүнүн жалпы санынын жок дегенде 30%ы жолдордо жана жок дегенде 50%ы транспорт ишканаларынын жана ташуучулардын жайларында текшерилүүгө тийиш;

372. Жол боюндагы текшерүүлөрдүн элементтери төмөнкүлөрдү камтыйт:
- контролдон өткөндүгү жөнүндө белгилерди коюу менен тахографтын болушун, анын оң абалда иштешин, тахограммаларды толтурууну же белгиленген учурларда айдоочу тарабынан эмгек жана эс алуу режимин каттоо баракчаларынын жүргүзүлүшүн, алар тарабынан эмгек жана эс алуу режимдеринин сакталышын;
- белгиленген учурларда каттоо баракчаларында учурдагы күн жана айдоочу транспорт каражатын башкарган мурдагы 28 календардык күн үчүн айдоочулардын эмгек жана эс алуу режими жөнүндө жазуулардын болушун жана жүргүзүлүшүн;
- 1970-жылдын 1-июлундагы, Женева шаары, Эл аралык автомобилдик ташууларды ишке ашыруучу транспорт каражаттарынын экипаждарынын (ЕСТР) ишине тийиштүү Европа макулдашуусуна (мындан ары - ЕСТР макулдашуусу) ылайык башкаруунун ар күндүк жана ар жумалык узактыгын жана тыныгуунун жана эс алуунун ар күндүк жана ар жумалык узактыгын.
Жол боюндагы текшерүүлөр транспорт каражаттарын, ишканаларды жана айдоочуларды резиденттер жана резидент эместер деп бөлбөстөн жана рейстин чыккан же бара турган жерине же тахографтын түрүнө карабастан жүргүзүлөт.

373. Жолдогу текшерилүүчү элементтерден сырткары, транспорт ишканаларынын жана ташуучулардын жайларында текшерүү элементтери төмөнкүлөрдү камтууга тийиш:
- ар жумалык эс алуу мезгилдеринин жана бул эс алуу мезгилдеринин ортосунда айдоочулардын транспорт каражаттарын башкаруу мезгилдеринин узактыгын;
- эки жума транспорт каражаттарын башкаруунун узактыгына чектөөлөрдүн сакталышын;
- ЕСТР макулдашуусунун 8-беренесинин 6-пунктунун негизинде ар жумалык эс алуу мезгилдеринин узактыгын кыскартуу үчүн компенсацияларды берүүнү;
- транспорт каражаттарынын айдоочулары тарабынан каттоо баракчаларынын жана/же айдоочунун транспорт каражатынын карточкасынан маалыматтардын жана айдоочулардын жумуш убактысын уюштуруу баракчаларынын жана/же басып чыгарылган кагаздардын колдонулушун.

374. Электрондук (санариптик) тахограф үчүн айдоочунун карточкасы айдоочунун менчиги болуп саналат, аны тартып алууга эч кимдин укугу жок.

375. Айдоочунун талабы боюнча кызмат адамы таходискке (тахошайбага) же электрондук (санарип) тахографтан басып чыгарылган кагазга текшерүү жүргүзгөндүгү жөнүндө белгини коюуга милдеттүү. Белгини таходисктин (тахошайбанын) жана электрондук (санариптик) тахографтын арткы бетине же таходисктин (тахошайбанын) жана электрондук (санариптик) тахографтын ылдый жагындагы тиешелүү талаага коюуга болот. Кызмат адамынын: "Контроль. Датасын. Убактысын. Кызмат ордун. Аты-жөнүн. Колу" жазуусу жетиштүү. Мында эч кандай мөөр коюлбайт.

376. Бузуулар аныкталган учурда кызмат адамы электрондук (санариптик) тахографтан басып чыгарылган тийиштүү кагазды айдоочунун колун койдуруу менен иштин материалдарына тиркейт.

377. Электрондук (санариптик) тахографтардан басылып чыгарылган кагаздар бузуунун далилдүү базасы болуп саналат. Электрондук (санариптик) тахографтан басылып чыгарылган кагаз бузууну расмий ырастоо жана Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык протокол түзүүгө негиз болуп саналат.

378. Аналогдук тахографтардын таходисктеринде (тахошайбаларында) бузуулар аныкталган учурда, алардын көчүрмөсүн чыгаруу жана айдоочунун колу менен күбөлөндүрүү зарыл.

379. Аныкталган бузулуулар менен санариптик тахографтардан басып чыгарылган кагаздарга же таходисктердин (тахошайбалардын) көчүрмөлөрүнө айдоочу кол коюудан баш тарткан учурда, кызмат адамы күбөлөрдү тартат жана алардын жардамы менен айдоочунун катышуусуз эле бардык тийиштүү документтерди күбөлөндүрөт.

3710. Контролердун - кызмат адамынын картасынын жардамы менен санариптик тахографтан басып чыгарылган кагазды алган учурда контролдоо убактысы тахографтын эске тутумунда автоматтык түрдө катталат жана кийинки контролдоо жол-жобосуна чейин бардык басып чыгарылган кагаздарда чагылдырылат.

8. Текшерүүлөрдү тариздөө жана алардын натыйжалары боюнча
чараларды көрүү
38. Текшерүүнүн натыйжалары боюнча транспорттук контролдоо органынын кызмат адамдары тарабынан текшерүү аяктагандан кийин таризделе турган акт түзүлөт.
39. Актынын формасы транспорттук контролдоо органы тарабынан бекитилет.
40. Текшерүү актында төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
- акт түзүлгөн дата, убактысы жана орду;
- транспорттук контролдоо органынын аталышы;
- текшерүү жүргүзүү үчүн негиз болгон транспорттук контролдоо органынын чечими чыккан дата жана анын номери;
- текшерүүнү жүргүзгөн кызмат адамынын (адамдарынын) фамилиясы, аты, атасынын аты жана кызматынын аталышы;
- транспорттук контролдоо субъектисинин аталышы, текшерүү жүргүзүлгөн учурда катышкан транспорттук контролдоо субъектисинин өкүлүнүн фамилиясы, аты, атасынын аты жана кызматынын аталышы;
- текшерүү жүргүзүлгөн дата, убактысы жана орду;
- текшерүүнүн натыйжалары жөнүндө, анын ичинде талаптары бузулган ченемдик укуктук актынын пунктун көрсөтүү менен аныкталган бузуулар жөнүндө, алардын мүнөздөрү жөнүндө, бул бузууларды жасагандыгы үчүн жоопкерчилик жүктөлө турган адамдар жөнүндө маалыматтар;
- транспорттук контролдоо субъектисинин өкүлүнүн, ошондой эле текшерүү жүргүзүлгөн учурда катышкан адамдардын актысы менен таанышкандыгы же таанышуудан баш тарткандыгы жөнүндө, алардын колдору же кол коюудан баш тартуусу тууралуу маалыматтар;
- текшерүүнү ишке ашырган кызмат адамынын (адамдарынын) колу.
41. Текшерүү акты ал аяктаары менен дароо эки нускада таризделет, алардын бири тиркемелеринин көчүрмөлөрү менен транспорттук контролдоо субъектисинин жетекчисине же анын ыйгарым укуктуу өкүлүнө таанышкандыгы тууралуу же текшерүү акты менен таанышуудан баш тарткандыгы тууралуу тил кат алуу менен тапшырылат. Транспорттук контролдоо субъектисинин жетекчиси же анын ыйгарым укуктуу өкүлү жок болгон учурда, ошондой эле текшерилип жаткан жак текшерүү акты менен таанышкандыгы тууралуу же таанышуудан баш тарткандыгы тууралуу тил кат берүүдөн баш тарткан учурда, акт тапшырылгандыгы тууралуу билдирүүсү бар тапшырык кат менен почта аркылуу жиберилет, бул билдирүү транспорттук контролдоо органынын көктөмөсүндө сактала турган текшерүү актынын нускасына тиркелет.
Эгерде текшерүү актын түзүү үчүн жүргүзүлгөн изилдөөлөрдүн, сыноолордун, экспертизалардын натыйжалары боюнча корутунду алуу зарыл болсо, текшерүү акты жогоруда көрсөтүлгөн корутундулар алынгандан кийин түзүлөт.
Текшерүү актына жүргүзүлгөн изилдөөлөрдүн, сыноолордун, экспертизалардын протоколдору (корутундулары), транспорттук контролдоо субъектисинин бузууларга жол берүү үчүн жооптуу жумушкерлеринин түшүнүк каттары тиркелет.
42. Текшерүүнүн натыйжалары боюнча автомобиль транспорту чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын бузуулар аныкталган учурларда транспорттук контролдоо субъектисине акт менен бирге аныкталган тартип бузууларды жоюу тууралуу эскертүү берилет, анын формасы транспорттук контролдоо органы тарабынан бекитилет.
43. Аныкталган тартип бузууларды жоюу тууралуу эскертүүдө төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
- көрсөтмө берген транспорттук контролдоо органынын аталышы;
- түзүлгөн орду;
- көрсөтмө берилген (түзүлгөн) дата;
- көрсөтмө берилген текшерүүнүн субъектисинин аталышы жана жайгашкан орду, ошондой эле мамлекеттик каттоо тууралуу маалыматтар;
- натыйжалары боюнча көрсөтмө берүү жөнүндө чечим кабыл алынган текшерүүнүн актысына шилтеме;
- бузуулардын мазмуну жана аларды жоюу чаралары;
- Кыргыз Республикасынын талаптары менен шарттары бузулган укуктук актыларына шилтемелер;
- бузууларды жоюу мөөнөттөрү;
- бузууларды жоюуну маалымдоонун жана ырастоонун ыкмалары;
- транспорттук контролдоо органынын көрсөтмөнү түзгөн кызмат адамынын фамилиясы, аты, атасынын аты, ээлеген кызматы.
44. Бузууларды жасоо үчүн жоопкерчилик каралган милдеттүү талаптардын бузулганы аныкталган учурда, транспорттук контролдоо органынын кызмат адамы Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык транспорттук контролдоо субъекттин жоопкерчиликке тартуу боюнча чараларды көрөт.

45. Текшерүү жүргүзүлгөн учурда транспорттук контролдоо субъектисинин иши жарандардын өмүрүнө, ден соолугуна түздөн-түз коркунучун жаратса, же мындай зыян келтирсе, транспорттук контролдоо органы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте токтоосуз түрдө зыян келтирүүгө жол бербөө же зыян келтирүүнү токтотуу үчүн Транспорттук контролдоо субъектисинин ишине убактылуу тыюу салууга чейинки чараны көрүүгө милдеттүү.
46. Мыйзамдарда каралган учурларда, берилген укуктардын чегинде транспорттук контролдоо органынын кызмат адамдары зарыл болгон учурларда автотранспортту пайдаланууну (эксплуатациялоону) токтотуу чарасын көрүшөт, бул тууралуу токтоосуз түрдө текшерилип жаткан транспорттук контролдоо субъектисинин жетекчисине билдирилет.
47. Текшерүү аяктагандан кийин текшерүүлөрдү эсепке алуу журналына транспорттук контролдоо органынын кызмат адамдары тарабынан жүргүзүлгөн текшерүү тууралуу жазуу жүргүзүлөт. Текшерүүлөрдү эсепке алуу журналы жок болгон учурда текшерүү актысына тиешелүү жазуулар жазылат.
48. Транспорттук контролдоо органынын кызмат адамдарынын чечимдерине жана аракеттерине (аракетсиздигине) Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинде аныкталган тартипте даттанылышы мүмкүн.

49. Транспорттук контролдоо органынын жетекчиси 10 күндүк мөөнөттө текшерүүлөрдүн натыйжаларын карап чыгат жана төмөнкүдөй чечимдерди чыгарат:
- эскертүү берүү жөнүндө;
- жаза чарасын көрүү жөнүндө;
- лицензиянын колдонулушун токтото туруу жөнүндө;
- сот органдарына лицензияны жокко чыгаруу жөнүндө өтүнүч жөнөтүү жөнүндө;
- материалды укук коргоо органдарына өткөрүп берүү жөнүндө.

50. Жол берилген бузуулар, кемчиликтер жөнүндө аткаруу бийлигинин борбордук же жергиликтүү органдарына сунуштар берилиши мүмкүн.
51. Текшерилген транспорттук контролдоо субъектисинин жетекчисине 3 күндүк мөөнөттө кабыл алынган чечим жөнүндө маалымат берилет.
Тиркеме |
| (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 23-декабрындагы № 724 токтому менен бекитилген) |
Кыргыз Республикасынын автомобиль транспорту
чөйрөсүндөгү мыйзамдарынын сакталышын мамлекеттик
контролдоону ишке ашыруу боюнча нускама
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 22-сентябрындагы № 516, 2024-жылдын 12-апрелиндеги № 178 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын автомобиль транспорту чөйрөсүндөгү мыйзамдарынын сакталышын мамлекеттик контролдоо (мындан ары– транспорттук контролдоо), «Транспорт жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 18-беренесине, «Автомобиль транспорту жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын автомобиль транспорту чөйрөсүндөгү мыйзамдарын бузууларды аныктоо, алдын алуу жана аларга бөгөт коюу максатында ишке ашырылат.
2. Кыргыз Республикасынын автомобиль транспорту чөйрөсүндөгү мыйзамдарынын сакталышын мамлекеттик контролдоону ишке ашыруу боюнча нускама (мындан ары – Нускама) текшерүү жүргүзүүнүн тартибин, транспорттун ишин жана транспорттук процессти камсыздаган кызмат көрсөтүүлөрдү инспекциялоого алынуучу маселелер чөйрөсүн, ошондой эле текшерүүлөрдүн материалдарын ишке ашыруунун, тиешелүү чечимдерди кабыл алуунун тартибин аныктайт.
3. Ушул Нускама Кыргыз Республикасында юридикалык жактарга жана жеке жактарга, ошондой эле Кыргыз Республикасынын автомобиль транспортунда ташууну жана башка ишти жүзөгө ашырган ошондой эле чет өлкөлүк юридикалык жана жеке жактарга жана жарандыгы жок адамдарга таркалат.
4. Транспорттук контролдоо транспорт тармагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана анын аймактык органдарынын (мындан ары - транспорттук контролдоо органы) кызмат адамдары тарабынан өз алдынча да, жана башка ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар менен да бирге ишке ашырылат.
5. Транспорттук контролдоо органы аткаруу бийлигинин борбордук жана жергиликтүү органдары менен өз ара аракеттенет, биргелешкен контролдоо чараларын көрөт, маалымат алмашууну камсыздайт.
6. Транспорттук контролдоо субъекттери болуп автомобиль транспортунда жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү ташууну уюштуруу, жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү ташуу боюнча, автомобиль транспорту менен жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү ташууда транспорттук процессти камсыздай турган кызматтарды (жүргүнчүлөрдү ташуудагы стационардык курулмалардын кызмат көрсөтүүлөрү, жүктөрдү ташуудагы транспорттук-экспедициялык кызматтар, автотранспорт каражаттарын техникалык тейлөө жана оңдоо боюнча кызматтар, диагностикалык борборлордун кызматтары, электрондук (санариптик) тахографтарды орнотуу, тейлөө жана оңдоо, электрондук карточкаларын даярдоо жана берүү боюнча ишти жүргүзүүдө сервистик борборлордун (устаканалардын) кызматтары) көрсөтүү боюнча иштеген чарба жүргүзүүчү субъекттер жана жеке ишкерлер эсептелет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 22-сентябрындагы № 516 токтомунун редакциясына ылайык)
7. Транспорттук контролдоо жалпы транспорттук контролдоо субъекттеринин ишин текшерүү менен катар, түздөн-түз жүктөрдү жана жүргүнчүлөрдү ташуу процессинде алардын автотранспорттук каражаттарын өзүнчө текшерүү формасында дагы ишке ашырылат.
8. Транспорттук контролдоону ишке ашырууда транспорттук контролдоо органынын кызмат адамдары ченемдик укуктук актыларды, техникалык регламенттерди, стандарттарды, жүктөрдү, жүргүнчүлөрдү жана кол жүктөрүн ташуунун эрежелерин, автотранспорт каражаттарын техникалык кармоону, экологиялык талаптарды, жүргүнчүлөрдү, жүктөрдү, кол жүктөрүн коопсуз ташууну аныктаган жоболорду жана лицензиянын талаптарын билүүгө жана жетекчиликке алууга милдеттүү.
9. Инструменттер менен өлчөөлөрдү, ченөөлөрдү, текшерүүлөрдү, таразага тартууларды жүргүзүүдө транспорттук контролдоо органынын кызмат адамдары стандарттарда каралган жана мамлекеттик текшерүүдөн өткөн приборлорду жана инструменттерди пайдаланышы керек.
10. Транспорттук контролдоо органынын кызмат адамдары кызматтык милдеттерин аткаруу учурунда номер коюлган төш белгиси бар форма кийишет, жанында кызматтык күбөлүгү, жазуу жүзүндөгү тапшырма жана маршрут баракчасы болушу керек.
2. Транспорттук контролдоонун максаты жана предмети
11. Транспорттук контролдоонун максаты болуп транспорттук контролдоо субъекттери тарабынан Кыргыз Республикасынын автомобиль транспорту чөйрөсүндөгү мыйзамдарынын талаптарын, ошондой эле эл аралык автомобилдик ташуулар жаатындагы Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдеринин талаптарынын сакталышын камсыздоо эсептелет.
12. Транспорттук контролдоону ишке ашыруунун предмети болуп транспорттук контролдоонун субъекттери тарабынан транспорттук контролдоонун төмөнкү түрлөрү боюнча автомобиль транспорту чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдеринде жана мыйзамдарында белгиленген милдеттүү талаптардын аткарылышы эсептелет:
- эл аралык автомобилдик ташууларды ишке ашырууда автотранспорт каражаттарынын жүрүүсүнүн белгиленген талаптарын сактоо;
- автомобиль транспорту менен жүргүнчүлөрдү жана эл аралык жүк ташууда лицензиянын шарттарын сактоо;
- Кыргыз Республикасынын аймагында автотранспорт каражаттарынын белгиленген салмак-габариттик жана линиялык параметрлерин сактоо;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын, автомобиль транспорту жаатындагы эл аралык келишимдердин башка талаптарын сактоо.
13. Транспорттук контролдоо субъекттерин текшерүүлөрдү жүргүзүүдө транспорттук контролдоо органынын кызмат адамдары зарыл документтердин бар экендигин жана алардын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын тараптарына шайкеш келүүсүн аныкташат.
14. Транспорттук контролдоону жүргүзүүдө төмөнкүлөр текшерилет:
1) кыймылдуу курамдын, оңдоочу жана өндүрүштүк базанын, техникалык каражаттардын, контролдоочу-өлчөөчү аппаратуранын, жабдылган кызматтык имараттын (анын ичинде оңдоо иштеринин тиешелүү түрлөрүн аткарууга келишимдер түзүлгөн ишканалардын) бар экени жана абалы, ошондой эле транспорттук контролдоонун субъекттери тарабынан экологиялык талаптардын ченемдеринин жана автомобилдик ташуулардын коопсуздугунун талаптарынын сакталышы;
2) автотранспорт каражаттарынын жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү ташуу эрежелеринде каралган документтеринин бар экендиги;
3) автотранспорт каражаттарынын техникалык пайдалануунун белгиленген талаптарга шайкеш келүүсү;
4) автотранспорт каражаттарын рейске чыгаардын алдында техникалык кароону жана айдоочуларды рейстин алдында (нөөмөттүн алдында) медициналык кароо үчүн кызматтардын жана квалификациялуу персоналдын болушу жана шайкештиги, же ушундай иштерди жүзөгө ашырган тиешелүү уюмдар менен келишимдердин бар экендиги, ошондой эле айдоочулардын квалификациялык талаптарга шайкеш келиши;
5) белгиленген маршруттар боюнча жүргүнчүлөрдү туруктуу ташууну ишке ашыруу үчүн зарыл документтердин (паспорттор, күбөлүктөр, контракттар, кыймылдардын ырааттамасы, каттамдардын схемасы, автобекеттер жана автостанциялар менен түзүлгөн келишимдер) бар экендиги;
6) жүргүнчүлөрдү жана кол жүктөрүн ташууну ишке ашырууда жүргүнчүлөрдү жана кол жүктөрүн ташуунун эрежелеринин талаптарынын сакталышы;
7) Кыргыз Республикасынын аймагында автомобиль транспорту менен жүктөрдү ташууну жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында белгиленген талаптардын сакталышы;
8) жүргүнчүлөрдү, кол жүктөрүн, жүктөрдү автомобиль менен эл аралык ташууларды ишке ашырууда уруксат берүү тутумунун талаптарынын сакталышы;
9) Кыргыз Республикасынын аймагы боюнча чет өлкөлүк ташуучулар тарабынан каботаждык ташуулардын ишке ашырылышы;
10) орнотулган өткөрүү түйүндөрү аркылуу чет өлкөлүк транспорт каражаттарынын Кыргыз Республикасынын аймагына кирүүсү;
11) айдоочулар тарабынан эмгектин жана эс алуунун белгиленген режиминин сакталышы, тахографтар менен жабдылууга тийиш болгон автобустарда, жүк ташуучу унааларда, адистештирилген автомобилдерде аналог тахографтардын бар экендиги, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп эсептелген Электрондук (сан арип) тахографтарды орнотуу жөнүндө эл аралык келишимдерге ылайык электрондук (санариптик) тахографтарды орнотуу, тейлөө жана оңдоо, электрондук карточкаларын даярдоо жана берүү боюнча талаптардын аткарылышы;
12) коркунучтуу жүктөрдү ташууга документтердин бар экендиги (тиешелүү ыйгарым укуктуу орган тарабынан конкреттүү коркунучтуу жүк менен ишти жүзөгө ашырууга берилген лицензиялар, уруксаттар, коркунучтуу жүктү ташуунун маршрутунун бланкы, айдоочулардын жана адистердин даярдыгы тууралуу күбөлүктөр, айдоочунун коркунучтуу жүктөрдү ташууга уруксат берүү жөнүндө күбөлүгү, автотранспорт каражатына коркунучтуу жүктү ташууга уруксат берген документи);
13) автотранспорт каражаттары менен коркунучтуу жүктөрдү ташуунун, аларды Кыргыз Республикасынын аймагынан өткөрүүнүн эрежелеринин талаптарынын, коркунучтуу жүктөрдү ташыган айдоочуларга жана автотранспорт каражаттарына коюлган квалификациялык талаптардын аткарылышы;
14) санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл органдарынын автотранспорт каражаттарына жүргүнчүлөрдү жана тамак-аш продуктуларын, ошондой эле ташып жүрүүдө жогоруда көрсөтүлгөн мамлекеттик органдардын корутундусу талап кылынган жүктөрдү эл аралык ташууга жол берүү жөнүндө корутундуларынын бар экендиги;
15) транспорттук контролдоо субъектинин өндүрүштүк-техникалык базасынын контролдоп-өткөрүүчү түйүнүндө зарыл документтердин жана каражаттардын бардыгы;
16) жүргүзүлгөн нускоолор каттала турган журналдын, жол-транспорт кырсыктарынын алдын алуу боюнча иш-чаралар планынын, айдоочулук курам үчүн жол-транспорт кырсыктары жана Жол кыймылы эрежелерин бузуулар жөнүндө маалыматтарды ыкчам берүүнү каттаган журналдын бардыгы.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 22-сентябрындагы № 516 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Эл аралык автомобилдик ташууларды ишке ашырууда
автотранспорт каражаттарынын өтүүсүн транспорттук контролдоо
15. Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин аймагынан келген эл аралык автомобилдик ташуулардын автотранспорт каражаттарын транспорттук контролдоо Кыргыз Республикасынын аймагында Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасына жакын транспорттук контролдоонун ыйгарым укуктуу органы тарабынан жүзөгө ашырылат, ал эми Кыргыз Республикасында Евразия экономикалык бирлигинин бажы чек арасы аркылуу автомобилдик өткөрүү пункттарында Кыргыз Республикасынын бажылык жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актыларынын, эл аралык автомобилдик ташуулар жаатындагы эл аралык келишимдердин талаптарына жана ушул Нускамага ылайык бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жүзөгө ашырылат.
Транспорттук контролдоо органынын жана бажы органынын кызмат адамдары тарабынан эл аралык автомобилдик ташуулардын автотранспорт каражаттарынын өтүүсүн контролдоодо төмөнкүлөр текшерилет:
1) эл аралык жүк ташууда:
- жол жүрүү документтери (уруксат, товардык-транспорттук коштомо кагазы, эл аралык жол менен ташуу китепчеси, айдоочунун күбөлүгү, жолго чыгуу барагы, техникалык паспорту, автомобиль транспорту менен эл аралык автомобилдик ташууларга жол берген күбөлүк, эл аралык автомобилдик ташууларды ишке ашырууга укук берген лицензия;
- тахографтын же айдоочулардын эмгек жана эс алуу режимин эсепке алуу баракчасынын бардыгы;
- автотранспорт каражаттары катталган мамлекеттин айырмалоочу белгилеринин бардыгы;
2) жүргүнчүлөрдү жана кол жүктөрүн үзгүлтүксүз эл аралык ташууларды ишке ашырууда:
- жүргүнчүлөрдү ташууга берилген лицензиянын түп нускасынын бардыгы;
- ушул маршрут боюнча жүргүнчүлөрдү ташууга берилген уруксаттын (күбөлүгүнүн) түп нускасынын бардыгы;
- аймактарынан маршрут өтө турган мамлекеттердин компетенттүү органдары менен макулдашылган, маршрут боюнча жүрүүнүн ырааттамасынын түп нускасынын бардыгы (автобустун салонунда);
- аймактарынан маршрут өтө турган мамлекеттердин компетенттүү органдары менен макулдашылган, мамлекеттик чек ара аркылуу өткөрүү түйүндөрү көрсөтүлгөн маршруттун схемасынын көчүрмөсүнүн бардыгы (автобустун салонунда);
- жүргүнчүлөрдүн автобуска жана кол жүктөрүнө алынган билеттеринин бардыгы;
3) жүргүнчүлөрдү жана кол жүктөрүн үзгүлтүктүү эмес эл аралык ташууларды ишке ашырууда:
- жүргүнчүлөрдү ташууга берилген лицензиясынын түп нускасынын бардыгы;
- Кыргыз Республикасынын аймагы менен өтүүгө берилген уруксаттын бардыгы, эгерде мындай уруксат берүү эл аралык автомобилдик каттамдар жөнүндө тиешелүү макулдашууда каралса;
- жүргүнчүлөрдүн тизмесинин бардыгы;
- чет өлкөнүн автотранспорт каражатын каттоону эсепке алуу талонунун бардыгы (уруксат берүүсүз өткөрүү тутуму белгиленген мамлекеттердин ташуучулары үчүн).
Жүргүнчүлөрдү ташууну ишке ашырууда кыймылдын коопсуздугуна коркунуч жараткан бузулуулары бар болгон учурда аларды андан ары өткөрүүгө жол бербөө максатында жүргүнчүлөрдү ташыган автомобилдик транспорт каражатынын техникалык абалы жана экипировкасы дагы текшерилет.
Уруксат берүүчү документтер жок болгон, техникалык абалы шайкеш келбеген, эмгектин жана эс алуунун белгиленген режими сакталбаган жана белгиленген талаптардын башка бузууларына жол берилген учурда транспорттук контролдоо органынын кызмат адамдары жогоруда көрсөтүлгөн бузууларга жол берген айдоочуларга карата Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана эл аралык автомобилдик ташуулар жаатындагы эл аралык келишимдерге ылайык чараларды көрүшөт.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-апрелиндеги № 178 токтомунун редакциясына ылайык)