Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Эл депутаттарынын Кызыл-Суу айылдык кеңешинин ХХVIII акырылышынын 13-сессиясы
2022-жылдын 29-июлу № 98а
Кызыл-Суу айылындагы Комсомол көчөсүнүн атын өзгөртүү жөнүндө
2022-жылдын 10-февраль айындагы Кызыл-Суу айылындагы Комсомол көчөсүнүн жашоочуларынын кайрылууларын карап чыгып, талкуулап айылдык кенешинин 13-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.2022-жылдын 10-февраль айындагы Кызыл-Суу айылындагы Комсомол көчөсүнүн жашоочуларынын кайрылуулары эске алынсын.
2.Кыргыз Республикасынын географиялык аталыштар жөнүндөгү мыйзамынын 7-беренесинин негизинде Кызыл-Суу айылындагы Комсомол көчөсүнүнатыКызыл-Суу айылынын “Ардактуу атуулу”, районубуздун кадырлуу ак сакалы болгон Чыныбаев Садырбек Абдрасуловичдин ысымы берилсин, Комсомол көчөсү Садырбек Чыныбаев атындагы көчө болуп өзгөртүлсүн.
3.Токтомду массалык маалымат каражаттарына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын Юстиция Министрлигнин Ысык-Көл областтык башкармалыгына реестрге каттого киргизүү жагы айылдык кенештин катчысы А.Ташбаевага жүктөлсүн.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөл кылуу жагы айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Ж.Кыдевге таршырылсын.
Айылдык Кеңешинин төрайымдын орун басары |
Ж. Асаналиев |