КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН 2024-жылдын 25-мартындагы № 130 «Кесиптик аудитордук бирикмелердин окуу программаларын аккредитациялоо тартибин бекитүү жөнүндө» токтому
Бул документ орус тилинде да барОрусча
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН
ТОКТОМУ
2024-жылдын 25-марты № 130
Кесиптик аудитордук бирикмелердин окуу программаларын аккредитациялоо тартибин бекитүү жөнүндө
"Аудитордук иш жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесин ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кесиптик аудитордук бирикмелердин окуу программаларын аккредитациялоо тартиби тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Төрага | А.У. Жапаров |