Загрузка документа…
|
| 1-тиркеме |
|
| Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин 2024-жылдын 16-апрелиндеги № 59-буйругуна |
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн паспорту | ||
1 | Кызмат көрсөтүүнүн аталышы
| Пенсионерлер, майыптар жана аларга теңештирилген жарандардын категориялары үчүн пенсияларды жана жөлөкпулдарды тариздөө менен байланышкан соттук-эксперттик изилдөөлөрдү жүргүзүү - Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестри (тизмеги), 5-бап, 24-пункт |
2 | Кызматты көрсөткөн мамлекеттик органдын (мекеменин) толук аталышы | Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин ведомстволук бөлүмү жана Кыргыз Республикасында соттук-эксперттик иш чөйрөсүндө саясатты жүргүзгөн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Соттук-эксперттик кызматы (мындан ары – СЭК). |
3 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуучулар
| Пенсионерлер, майыптар жана аларга теңелген категориядагы жарандар, ошондой эле пенсия жана жөлөкпулду тариздөөчү адамдар |
4 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуунун укуктук негизи
| “Эркектер менен аялдар үчүн бирдей укуктар менен бирдей мүмкүнчүлүктөрдүн мамлекеттик кепилдиктери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
Кыргыз Республикасынын “Соттук-эксперттик иш жөнүндө” Мыйзамы;
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин “Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин ведомстволук бөлүмдөрү жөнүндө” 2021-жылдын 21-июнундагы № 33 токтому; |
5 | Көрсөтүлгөн мамлекеттик кызматтардын акыркы жыйынтыгы | Жазуу жүзүндө адистин корутундусу |
6 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн шарты
| Керектөөчүлөргө кызмат көрсөтүү: - тиешелүү санитардык ченемге жооп берген жайларда жүргүзүлөт; - бардык жарандар жалпы бөлүмдүн бирдиктүү терезесине, анын ичинде майыптыгы бар адамдар үчүн пандустар, кармагычтар менен жабдылган (имараттар, жайлар) тоскоолдуксуз кирүү мүмкүндүгү болгондо; - кызматты көрсөтүү керектөөчүлөрдүн кайрылуулары боюнча түздөн-түз жеринде жүзөгө ашырылат; - документтердин кезектүүлүк принциби боюнча; - жарандардын жеңилдетилген категориялары (Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучулары жана майыптары, тыл эмгекчилери, кош бойлуу аялдар, 1 жашка чейинки балдары бар адамдар) биринчи кезекте тейленет. |
7 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн мөөнөтү
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 25-сентябрындагы № 648 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Соттук-эксперттик кызматта соттук экспертизалар жүргүзүү жөнүндө Нускаманын 4-пунктуна ылайык, изилдөөнү жүргүзүүнүн жалпы мөөнөтү - 1 айдан ашпайт, анын ичинде иштин документтери жана материалдары менен таанышуу ж. б.; - арыздарды кабыл алууга 20 мүнөткө чейин; - корутундуну кардарларга тапшыруу 20 мүнөткө чейин. |
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуучуларга маалымат берүү | ||
8 | Керектөөчүгө көрсөтүлүүчү кызматтар (керектүү маалыматтын тизмеси) жана аларды стандартташтырууга жооптуу мамлекеттик орган жөнүндө маалымат берүү | СЭК тарабынан көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызматтарды алуу боюнча маалыматты төмөндөгүлөрдөн алууга болот: - СЭКтин расмий сайтында; - жеке жана юридикалык жактар тарабынан саат 9.00дөн 18.00гө чейин Бишкек ш., Орозбеков көчөсү, 11 дареги боюнча, ошондой эле төмөнкү даректер боюнча аймактык бөлүмдөрдө: Түндүк башкармалыгы - Балыкчы ш. Аманбаев көч., 168/2, тел.-факс 0 (3944) 3-11-08; Түштүк башкармалыгы – Ош ш., Суюмбаев көч., 12, тел.-факс 0 (3222) 7-01-94, 7-32-83 (жарандарды кабыл алуу мүмкүн болушунча күн сайын жүргүзүлөт). |
9 | Кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты жайылтуу ыкмалары (мүмкүн болгон бардык жолдорду мүнөздөө же тизмектөө) | Кызмат көрсөтүү жөнүндө маалымат төмөнкүлөр аркылуу жайылтылат: - радио, телекөрсөтүү, маалымат сайттары; - социалдык тармактарда; - гезиттер; - СЭКтин коомдук кабылдамалары жана сайттары (http://sudexpert.gov.kg); - СЭКтеги жана аймактык бөлүмдөрдөгү маалымат такталары, буклеттер жана брошюралар; - телефон аркылуу; - даректер, телефон номерлери жана иштөө режими СЭКтин расмий сайтында жайгаштырылат. |
Тейлөө жана мамлекеттик кызмат көрсөтүү | ||
10 | Керектөөчүлөр менен пикир алмашуу | Кызматкерлер тарабынан колдонуудагы мыйзамдарды бузууга жол бербеген, жарандарга карата адептүүлүктү, көз карандысыздыкты жана объективдүүлүктү камсыз кылган, кызыкчылыктардын кагылышуусун жокко чыгарган кызматтык нускамалар (функционалдык милдеттер) жана кесиптик-этикалык ченемдер сакталат. Медициналык жана социалдык көрсөткүчтөр боюнча өзгөчө муктаждыктары бар адамдар (көрүүсү жана угуусу боюнча жана таяныч-кыймыл аппараты бузулган майыптыгы бар адамдар үчүн, улгайган жарандар, согуштун жана эмгектин ардагерлери, кош бойлуу аялдар) баарлашуу жана кызмат көрсөтүү алар үчүн түшүнүктүү жана жеткиликтүү түрдө жүзөгө ашырылат. |
11 | Купуялуулукту камсыздоо ыкмалары
| Кызмат көрсөтүүнү алган жарандар жөнүндө жеке маалымат ачыкка чыкпоого тийиш жана кызматкерлер тарабынан жеке максаттары үчүн колдонууга жана үчүнчү жактарга берүүгө тыюу салынат. Керектөөчү жана ага көрсөтүлгөн кызмат жөнүндө маалымат тийиштүү мамлекеттик органдардын суроо-талабына жараша Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган негиздер боюнча гана берилиши мүмкүн. Берилген изилдөө объекттеринде баңги каражаттары же психотроптук заттар бар экендиги аныкталган учурда тиешелүү укук коргоо органдарына кабарланат. |
12 | Керектүү документтердин жана/же мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөрдүн иш-аракеттеринин тизмеси
| Изилдөө жүргүзүү үчүн керектүү документтердин тизмеси: - кызматтын түрүн көрсөтүү менен арыз; - паспорт; - эксперттик изилдөөнүн объектиси болуп саналган предметтер жана документтер түп нускалары; Зарыл учурларда салыштырмалуу изилдөө үчүн үлгү болуп саналган предметтер жана документтер, ошондой эле изилдөө предметине тиешелүү маалыматтарды камтыган документтер берилет. |
13 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн наркы | Кызмат көрсөтүү акысыз берилет. |
14 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапатынын параметрлери | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапаты төмөнкү критерийлер менен аныкталат: - колдонуучу үчүн актуалдуулугу; - кызмат көрсөтүүнүн стандартында билдирилген кызмат көрсөтүүнүн шарттарына жана мөөнөттөрүнө ылайык ишенимдүүлүгү жана өз убагында болуусу; - жынысы, расасы, тили, майыптыгы, этностук таандыктыгы, диний ишеними, жаш курагы, саясий жана башка ынанымдары, билими, теги, мүлктүк жана башка абалы, ошондой эле башка жагдайлар боюнча басмырлабоо; - жеткиликтүүлүк, кызмат көрсөтүү үчүн стандарттарда көрсөтүлгөн гана документтерди талап кылуу; - кызмат көрсөтүүнүн шарттарынын дал келүүсү: имаратка жеткиликтүүлүк, майыптыгы бар адамдар үчүн жай, жарандар үчүн ыңгайлуу кабыл алуу графиги, маалыматтык колдоонун болушу жана жеткиликтүүлүгү; - мамлекеттик кызмат көрсөтүү учурунда кызматкерлердин сыпайылыгы жана сылыктыгы, кызмат көрсөтүүнүн жүрүшүндө зарыл болгон документтерди толтурууга жардам көрсөтүү жана консультация берүү. |
15 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн ыкмалары, аны электрондук форматта көрсөтүүнүн өзгөчөлүктөрү | Кызмат көрсөтүү СЭКтин sudexpert.gov.kg@mail.ru расмий электрондук дареги аркылуу арызды кабыл алуу бөлүгүндө, ошондой эле изилдөөлөрдү жүргүзүү аяктагандыгы жөнүндө билдирүү бөлүгүндө электрондук форматка жарым-жартылай которулган. Арыз ээси электрондук почтага эксперттик изилдөө жыйынтыктарынын даярдыгы жөнүндө маалымат алат. |
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу жана даттануу тартиби | ||
16 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу
| Кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу төмөнкүдөй учурларда жүргүзүлөт: - корутунду берүү үчүн адиске көрсөтүлгөн материалдар жараксыз же жетишсиз болгондо; - документтердин белгиленген талаптарга ылайык келбегендиги (зарыл документтердин тизмеси толук берилбеген жана/же туура эмес толтурулган учурда каталарды оңдоого жана документтерди чогултууга убакыт берүү). |
17 | Даттануу тартиби
| Корутундунун тууралыгына күмөн болгон учурда, соттук-эксперттик иш жөнүндө мыйзамдарга ылайык, кайталап изилдөө башка адиске же башка адистерге дайындалышы мүмкүн. Ошондой эле, кызмат талаптагыдай көрсөтүлбөгөн учурда керектөөчү сот органдарына жазуу жүзүндө арыз менен кайрылууга укуктуу. |
18 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү стандартын кайра кароо мезгили | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты үч жылда бир жолудан кем эмес мезгилдүүлүк менен дайыма кайра каралууга тийиш. |
|
| 2-тиркеме |
|
| Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин 2024-жылдын 16-апрелиндеги № 59-буйругуна |
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн паспорту | ||
1 | Кызмат көрсөтүүнүн аталышы | Жеке жана юридикалык жактардын арыздары боюнча соттук-эксперттик изилдөөлөрдү жүргүзүү - Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестри (тизмеси), 5-бап, 25-пункт. |
2 | Кызматтарды көрсөткөн мамлекеттик органдын (мекеменин) толук аталышы | Кыргыз Республикасында соттук-эксперттик иш чөйрөсүндө саясатты жүргүзгөн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Соттук-эксперттик кызматы (мындан ары – СЭК). |
3 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуучулар | Жеке жана юридикалык жактар. |
4 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуунун укуктук негизи | Кыргыз Республикасынын “Соттук-эксперттик иш жөнүндө” Мыйзамы;
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин “Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин ведомстволук бөлүмдөрү жөнүндө” токтому 2021-жылдын 21-июнундагы № 33. |
5 | Көрсөтүлгөн мамлекеттик кызматтардын акыркы жыйынтыгы | Жазуу жүзүндө адистин корутундусу. |
6 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн шарты | Керектөөчүлөргө кызмат көрсөтүү: - тиешелүү санитардык ченемге жооп берген жайларда жүргүзүлөт; - бардык жарандар жалпы бөлүмдүн бирдиктүү терезесине, анын ичинде майыптыгы бар адамдар үчүн пандустар, кармагычтар менен жабдылган (имараттар, жайлар) тоскоолдуксуз кирүү мүмкүндүгү болгондо; - кызматты көрсөтүү керектөөчүлөрдүн кайрылуулары боюнча түздөн-түз жеринде жүзөгө ашырылат; - документтердин кезектүүлүк принциби боюнча; - жарандардын жеңилдетилген категориялары (Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучулары жана майыптары, тыл эмгекчилери, кош бойлуу аялдар, 1 жашка чейинки балдары бар адамдар) биринчи кезекте тейленет. Келүүчүлөргө ыңгайлуу болушу үчүн кызмат көрсөтүлүүчү жерде кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн зарыл болгон документтердин тизмеси жана арыздардын үлгүлөрү жайгаштырылган. |
7 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн мөөнөтү | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 25-сентябрындагы № 648 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Соттук-эксперттик кызматта соттук экспертизалар жүргүзүү жөнүндө Нускаманын 4-пунктуна ылайык, изилдөөнү жүргүзүүнүн жалпы мөөнөтү - 1 айдан ашпайт, анын ичинде иштин документтери жана материалдары менен таанышуу ж. б.; - арыздарды кабыл алууга 20 мүнөткө чейин; - корутундуну кардарларга тапшыруу 20 мүнөткө чейин. |
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуучуларга маалымат берүү | ||
8 | Керектөөчүгө көрсөтүлүүчү кызматтар (керектүү маалыматтын тизмеси) жана аларды стандартташтырууга жооптуу мамлекеттик орган жөнүндө маалымат берүү | СЭК тарабынан көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызматтарды алуу боюнча маалыматты төмөндөгүлөрдөн алууга болот: - СЭКтин расмий сайтында (http://sudexpert.gov.kg); - жеке жана юридикалык жактар тарабынан СЭКке жеке кайрылуусунда саат 9.00дөн 18.00гө чейин, түшкү тыныгуу: саат 12-30 дан 13-30гө чейин Бишкек ш., Орозбеков көчөсү, 11, дареги боюнча, ошондой эле төмөнкү даректер боюнча аймактык бөлүмдөрдө: Түндүк башкармалыгы - Балыкчы ш. Аманбаев көч., 168/2, тел.-факс 0 (3944) 3-11-08; Түштүк башкармалыгы – Ош ш., Суюмбаев көч., 12, тел.-факс 0 (3222) 7-01-94, 7-32-83 (жарандарды кабыл алуу мүмкүн болушунча күн сайын жүргүзүлөт); - оозеки түрдө (телефон аркылуу же адис менен жеке кабыл алууда). Байланыш маалыматы жана мамлекеттик кызмат көрсөтүү стандарты СЭКтин маалымат стендтеринде, ошондой эле расмий сайтында (http://sudexpert.gov.kg) жайгаштырылган. Маалыматтар мамлекеттик жана расмий тилдерде берилет. |
9 | Кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты жайылтуу ыкмалары (мүмкүн болгон бардык жолдорду мүнөздөө же тизмелөө) | Кызмат көрсөтүү жөнүндө маалымат төмөнкүлөр аркылуу жайылтылат: - радио, телекөрсөтүү, маалымат сайттары; - социалдык тармактарда; - гезиттер; - СЭКтин коомдук кабылдамалары жана сайттары (http://sudexpert.gov.kg); - маалымат такталары, буклеттер жана брошюралар; - телефон аркылуу; - даректер, телефон номерлери жана иштөө режими СЭКтин сайтында жайгаштырылат. |
Тейлөө жана мамлекеттик кызмат көрсөтүү | ||
10 | Керектөөчүлөр менен пикир алмашуу | Кызматкерлер керектөөчүлөр менен баарлашууда этиканын төмөнкү негизги принциптерин сакташат: сылык, кайрымдуу, туура, чыдамдуу, принципиалдуу болуу, маселенин маңызын терең түшүнүүгө умтулуу, маектешти угуп, анын позициясын түшүнө билүү, ошондой эле кабыл алынган чечимдерди аргументтөө. Бардык кызматкерлер тарабынан колдонуудагы мыйзамдарды бузууга жол бербеген, жарандарга карата адептүүлүктү, көз карандысыздыкты жана объективдүүлүктү камсыз кылган, кызыкчылыктардын кагылышуусун жокко чыгарган кызматтык нускамалар (функционалдык милдеттер) жана кесиптик-этикалык ченемдер сакталат. Медициналык жана социалдык көрсөткүчтөр боюнча өзгөчө муктаждыктары бар адамдар (көрүүсү жана угуусу боюнча жана таяныч-кыймыл аппараты бузулган майыптыгы бар адамдар үчүн, улгайган жарандар, согуштун жана эмгектин ардагерлери, кош бойлуу аялдар) баарлашуу жана кызмат көрсөтүү алар үчүн түшүнүктүү жана жеткиликтүү түрдө жүзөгө ашырылат. |
11 | Купуялуулукту камсыздоо ыкмалары | Кызмат көрсөтүүнү алган жарандар жөнүндө жеке маалымат ачыкка чыкпоого тийиш жана кызматкерлер тарабынан жеке максаттары үчүн колдонууга жана үчүнчү жактарга берүүгө тыюу салынат. Керектөөчү жана ага көрсөтүлгөн кызмат жөнүндө маалымат тийиштүү мамлекеттик органдардын суроо-талабына жараша Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган негиздер боюнча гана берилиши мүмкүн. Берилген изилдөө объекттеринде баңги каражаттары же психотроптук заттар бар экендиги аныкталган учурда тиешелүү укук коргоо органдарына кабарланат. |
12 | Керектүү документтердин жана/же мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөрдүн иш-аракеттеринин тизмеси | Мамлекеттик кызматты алуу үчүн арыз берүүчү СЭКтин жалпы бөлүмүнүн Бирдиктүү терезесине жана аймактык бөлүмдөрүнө төмөнкү документтерди тапшырат: - кызматтын түрүн көрсөтүү менен арыз; - паспорт (жеке адамдар үчүн); - эксперттик изилдөөнүн объектиси болуп саналган предметтер жана документтер; - көрсөтүлгөн кызмат үчүн акы төлөө фактысын тастыктаган квитанция. Зарыл учурларда салыштырмалуу изилдөө үчүн үлгү болуп саналган предметтер жана документтер, ошондой эле изилдөө предметине тиешелүү маалыматтарды камтыган документтер берилет. |
13 | Акы төлөнүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн наркы | Кызмат акы төлөнөт. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн тарифтик наркы монополияга каршы мамлекеттик жөнгө салууну жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча керектөөчү сураган СЭКтин кызмат көрсөтүүлөрүнүн түрүнө жараша эсептелет жана СЭКтин жетекчилигинин буйругу менен бекитилет. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн тарифтик наркы баалардын прейскурантында чагылдырылат, ал СЭКтин расмий сайтына, СЭКтин стенддерине жана аймактык бөлүмдөрүнө жайгаштырылат. Кызмат көрсөтүүнүн наркы жөнүндө маалыматтар жеке кабыл алуу, телефон жана электрондук почта аркылуу кайрылуу учурунда керектөөчүнүн талабы боюнча да берилет. |
14 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапатынын параметрлери | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапаты төмөнкү критерийлер менен аныкталат: - колдонуучу үчүн актуалдуулугу; - кызмат көрсөтүүнүн стандартында билдирилген кызмат көрсөтүүнүн шарттарына жана мөөнөттөрүнө ылайык, ишенимдүүлүгү жана өз убагында болуусу; - жынысы, расасы, тили, майыптыгы, этностук таандыктыгы, диний ишеними, жаш курагы, саясий жана башка ынанымдары, билими, теги, мүлктүк жана башка абалы, ошондой эле башка жагдайлар боюнча басмырлоого жол бербөө; - жеткиликтүүлүк, кызмат көрсөтүү үчүн стандарттарда көрсөтүлгөн гана документтерди талап кылуу; - кызмат көрсөтүүнүн шарттарынын дал келүүсү: имаратка жеткиликтүүлүк, майыптыгы бар адамдар үчүн жай, жарандар үчүн ыңгайлуу кабыл алуу графиги, маалыматтык колдоонун болушу жана жеткиликтүүлүгү; - мамлекеттик кызмат көрсөтүү учурунда кызматкерлердин сыпайылыгы жана сылыктыгы, кызмат көрсөтүүнүн жүрүшүндө зарыл болгон документтерди толтурууга жардам көрсөтүү жана консультация берүү. |
15 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн ыкмалары, аны электрондук форматта көрсөтүүнүн өзгөчөлүктөрү | Кызмат көрсөтүү изилдөөлөрдү жүргүзүү аяктагандыгы жөнүндө билдирүү бөлүгүндө электрондук форматка жарым-жартылай которулган. Арыз ээси электрондук почтага изилдөө жыйынтыктарынын даярдыгы жөнүндө маалымат алат. |
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу жана даттануу тартиби | ||
16 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу | Кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу төмөнкүдөй учурларда жүргүзүлөт: - корутунду берүү үчүн адиске көрсөтүлгөн материалдар жараксыз же жетишсиз болгондо; - документтердин белгиленген талаптарга ылайык келбегендиги (зарыл документтердин тизмеси толук берилбеген жана/же туура эмес толтурулган учурда каталарды оңдоого жана документтерди чогултууга убакыт берүү). |
17 | Даттануу тартиби | Корутундунун тууралыгына күмөн болгон учурда кайталап изилдөө башка адиске же башка адистерге дайындалышы мүмкүн. Ошондой эле кызмат көрсөтүү талаптагыдай болбогон учурда керектөөчү сот органдарына жазуу жүзүндө арыз менен кайрылууга укуктуу. |
18 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү стандартын кайра кароо мезгили | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты үч жылда бир жолудан кем эмес мезгилдүүлүк менен дайыма кайра каралууга тийиш |