Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН

ТОКТОМУ

2012-жылдын 25-сентябры № 648

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Соттук-эксперттик кызматта Соттук экспертизалар жүргүзүү жөнүндө нускаманы бекитүү тууралуу

(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 18-ноябрындагы № 568, КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 11-октябрындагы № 213, 2021-жылдын 30-ноябры № 285, 2023-жылдын 12-декабрындагы № 660  токтомдорунун редакцияларына ылайык)

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Соттук-эксперттик кызматынынсоттук-эксперттик ишин андан ары өркүндөтүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

 (КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 18-ноябрындагы № 568, КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 11-октябрындагы № 213,  2023-жылдын 12-декабрындагы № 660 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Мамлекеттик соттук-эксперттик кызматта соттук экспертизаларды жүргүзүү жөнүндө нускама тиркемеге ылайык бекитилсин.

(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 18-ноябрындагы № 568, КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 11-октябрындагы № 213 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Премьер-министр

 

Ж.Сатыбалдиев