Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
2025-жылдын 22-январындагы № 30
токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2023-жылдын 29-декабры № 721
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 3-июлундагы № 339 "Жалпы мамлекеттик маанидеги жер казыналарынын участокторунун реестрин бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу
Тоо-кен секторунан кирешени көбөйтүү максатында, ошондой эле сурьманы иштетүүгө туруктуу суроо-талаптын болушун эске алуу менен, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 3-июлундагы № 339 "Жалпы мамлекеттик маанидеги жер казыналарынын участокторунун реестрин бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Жалпы мамлекеттик маанидеги жер казыналарынын участокторунун реестринде:
- I бөлүмдүн 10-пунктундагы "Терек" деген сөз "Терек (17-блокту кошпогондо)" деген сөздөргө алмаштырылсын.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.У.Жапаров |